Гендер, туруктуу өнүгүү доорундагы курчап турган чөйрө жана жакырчылык ENV Күз 2016 Окутуучулар: Укуева Нургуль, илимдин доктору жана Елена Ким, илимдин доктору Кабинет: 215, 310 Иш телефону: 915000 + 432 (Еxt.) Эл. почталары: ukueva_n@auca.kg; kim_el@ auca.kg Окутуунун тили: Англис тили Сабактар: Лекциялар Дш: 14:10-15:25; Семинарлар Бш/Жм: 14:10-15:25. Консультациялар: жазылуу боюнча Пререквизиттер: жок Кредиттердин саны: 6 Курстун статусу: тандама КУРСТУН БАЯНДАМАСЫ Бул курс студенттерди гендер маселелери жана курчап турган чөйрө менен тааныштыруу жана бул маселелерге терең түшүнүк берүү үчүн иштелип чыккан. Курс гендердин, региондук курчап турган чөйрөнүн ортосундагы өз ара мамилелерди жана башка темаларды карайт. Биз курчап турган чөйрөнүн, климаттык өзгөрүүлөрдүн салыштырмалуу бузулушун, ошондой эле чөйрөнүн бузулушунун аялдарга жана эркектерге тийгизген таасирин тез өзгөрүп турган көз караштан окуп-үйрөнөбүз. Биз гендер маселелерин ресурстардын үстүнөн бөлүштүрүүнүн, башкаруунун жана контролдоонун алкагында карайбыз. Гендер маселелеринин ченемдер жана программалар менен биригиши ушул курстун бир бөлүгү болуп саналат. Курстун максаттары: Гендер жана курчап турган чөйрөнүн айланасында болуп жаткан талаштарды түшүнүү үчүн зарыл, курчап турган чөйрөнү жана гендерди изилдөө жааты менен байланышкан негизги концепцияларды жана маселелерди ачып көрсөтүү. Гендерге жана курчап турган чөйрөгө, ар түрдүү тектеги адамдардын ортосундагы жана билимдер жаатындагы темага байланышкан талкууну дем берип кызыктыруу. Студенттерди гендерди жана курчап турган чөйрөнү изилдөөдөгү болгон концепциялар менен тааныштыруу. Студенттерди ой жорууларга сындап баа берүүгө үйрөтүү. Студенттерди курчап турган чөйрө, туруктуу өнүгүү жана гендердик мамилелер темасындагы заманбап теориялардын жана пикирлердин негизинде жаткан сунуштарга сын баа берүүгө үйрөтүү. Окутуп-үйрөтүүнүн натыйжалары Аяктагандан кийин студенттер төмөнкүлөрдү жасай алат: 1. Туруктуу өнүгүүгө дем берүү жана курчап турган чөйрөнү колдоо үчүн өзгөрүлмө, жооптуу катары гендердин маанилүүлүгүн түшүнөт. 2. Гендердик ролдорду курчап турган чөйрөнү башкаруунун жана пайдалануунун алкагында түшүнөт. 3. Экологиялык саясатты түзүүдө жана пайдаланууда гендер факторун эске алуу эмне үчүн мынчалык баалуу экендигин сындап тандайт жана изилдейт. 4. Стратегиялык саясатты, лидерликти жана коомго аралашууну изилдөө, талдоо жаатындагы жаңы көндүмдөрдү көрсөтүүгө жөндөмдүү болот. ОКУТУУНУН МЕТОДОЛОГИЯСЫ Бул курс окутуунун интерактивдүү жана практикага багыт алган усулга негизделген. Теориялык материал окуу мисалдары, көрмө материалдар, чакырылган адамдардын сөз сүйлөөлөрү, экскурсияга баруу ж.у.с. менен толукталат.
КУРСТУН ТҮЗҮМҮ Бул курстун ичиндеги ар бир жума өзүнчө темага арналат. Жуманын биринчи сабагы лекциялык болот же болбосо көрмө материал же чакырылган меймандын сөзү кирет. Жуманын экинчи сабагы окутуп-үйрөтүүнүн жана талкуулоонун ар кандай усулдарынан турган интерактивдүү болот. Студенттерге материалды сабакка чейин окуп чыгуу зарыл. Студенттер расписаниеге ылайык келген адабиятты сабакка келгенге ЧЕЙИН окуп чыккандыгы ӨТӨ маанилүү. Психология жөнүндө көбүрөөк билип канааттануу алышы бул курстун эң маанилүү максаттарынын бири болуп саналат. Бирок бул үчүн студенттерге берилген адабиятты окуп чыгууга жетишүүсү зарыл. МИЛДЕТТҮҮ АДАБИЯТ 1. Силлиман, Джаел и Инестра Кинг, эис. Опасные пересечения: Взгляды феминизма на популяцию, Окружающая среда и развитие. 2. Вандана, С. (1989). Оставаясь в живых: Женщины, Экология и Развитие. Лондон: Zed Books. 3. Альфонсо, M. (2006). “WID, WAD, WED, GAD: обзор.” СУНУШТАЛГАН АДАБИЯТ 1. Өнүгүп бара жаткан дүйнөдөгү климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу. В. Н. Аджер ж.б. 2003 2. Тиричилик кылууга туруктуу каражаттар: мурунку тажрыйбалардан сабактар. С. Эшли жана Д. Карни 1999. 3. Мозамбиктеги Лимпопо дарыясынын куймаларындагы кош таасир. Сильва ж.б. 2010 4. Глобалдык жакырчылык: жоопкерчиликтүү коргоого өтүү. Ст. Клэр. 2008 5. Өнүгүү жана жана климаттык өзгөрүүлөр. WB отчет 2010 КУРСТУН ТАЛАПТАРЫ: ЭКЗАМЕНДЕР: курстун жүрүшүндө 2 экзамен - арадагы жана тыянактоочу экзамен өткөрүлөт. Экзамендердин форматы: жооптору варианттуу тест жана ачык суроолор. Экзамендер суммаланбайт жана лекциялардын убагында талкууланган материалдарды жана берилген адабияттан главаларды өзүнө камтыйт. Аны өткөрүүнүн мөөнөтүн жүйөлүү себептер боюнча өткөрүп жиберген студенттер үчүн экзаменди кайра тапшырууга жол берилбейт. Кошумча баллдарды окутуучу менен алдын ала талкуулап бүткүл курстун ичинде топтоого болот. ЖЕКЕЧЕ ДОЛБООРЛОР: Семестрдин ичинде ар бир студент жекече долбоор аткарат. Курстун талаптарына ылайык ар бир студентке чакан долбоор дярдоо зарыл, ал гендердин, курчап турган чөйрөнүн жана жакырчылыктын ортосундагы өз ара байланышты түшүнүүнү көрсөтөт. Долбоорлор төмөнкүлөргө топтолушу (бирок бул варианттар менен чектелбестен) мүмкүн:
Чакан изилдөө Даректүү фильм Фото көргөзмө Тиешелүү стратегияны кыскача баяндоо Программанын планы Интернет ресурс Башкалар
Жекече долбоорлорго баа берүүнүн чен-өлчөмдөрүнө төмөнкүлөр кирет: 1. Курстун алкагындагы орундуулук
2. Креативдүүлүк 3. Гендер менен курчап турган чөйрөнүн ортосундагы өз ара байланышты терең түшүнүүнү көрсөтүү 4. Өзүнө стратегиянын компонентин (көз карашын жактоо, сүрөөнчүлүк) камтыйт. БАА БЕРҮҮ ТУТУМУ 1. Семестрдин ортосундагы экзамен 2. Корутунду экзамен 3. Долбоор 4. Сабактардын убагындагы катышуу ЖЫЙЫНТЫГЫ
30% 30% 30% 10% 100%
БАА БЕРҮҮ ТУТУМУ 95-100% 90-94 % 88-89 % 84-87 % 80-83 % 78-79 %
A AB+ B BC+
74-77 % 70-73 % 68 - 69 % 64 - 67 % 60- 63 % 0-59 %
САБАКТАРДЫН РАСПИСАНИЕСИ: Жумалар Тема 1-жума
2-жума
C CD+ D DF
Адабият
Курстун талаптары менен таанышуу Багыттарды баяндоо: эволюциядагы аялдар/гендер жана эволюция Гендер концепциясы: чечмелөө жана тыянактар
3-жума
Аялдык активдүүлүктүн саясий экологиясы: эволюциядагы аял жана курчап турган чөйрө
4-жума
Аялдар туруктуу өнүгүү процессинде жана ченемдер
5-жума
Айыл чарбасындагы, тамак-аш коопсуздугундагы жана иштеп табуудагы гендер маселелери
6-жума
Гендер, биологиялык көп түрдүүлүк, токой кыюу жана булгоо
7-жума
Гендер жана табийгый ресурстарды башкаруу
8-жума
Семестрдин ортосундагы экзамен
Guest lecture by Zulfia Kochorbaeva, Инновациялык чечимдер, Бишкек
10-жума
Аялдар жана климаттык өзгөрүүлөр
11-жума
Гендер и алааматтар
12-жума
Экскурсия
13-жума
Экскурсия
14-жума
Жекече долбоорлордун презентациясы
15-жума
Жекече долбоорлордун презентациясы
16-жума
Тыянак экзамен