Полноправные люди. Устойчивые страны.
ПРООНЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ I ФАЗАНЫН (2011-2014-жылдар) натыйжалары Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү Программасы жана Бириккен Улуттар Уюмунун курчап турган чөйрө боюнча Программасы
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
1
ГЛОБАЛДЫК ДЕҢГЭЭЛ
2
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
• Демилге Бельгиянын, Даниянын, Германиянын, Норвегиянын, Испаниянын, Швециянын, Улуу Британиянын, Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөттөрү жана Европа комиссиясы тарабынан финансыланат.
“Жакырчылык жана жаратылыш” глобалдык демилгесине программалык мамиле кылуу
кырч
ылы
Ушул максаттарга жетишүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү Программасы (ПРООН) жана Бириккен Улуттар Уюмунун курчап турган чөйрө боюнча Программасы (ЮНЕП) өз күч-аракеттерин бириктирди жана глобалдык программаны - “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгесин ишке киргизген. Анын негизги максаты жакырчылык жана курчап турган чөйрө маселелерин өнүгүүнүн улуттук жана региондук программаларына интеграциялоо болуп саналат.
• КМШ өлкөлөрүндө Демилге Арменияда, Кыргызстанда жана Тажикстанда жүзөгө ашырылып жатат.
коло
Потенциалды арттыруу жана институттук өзгөрүүлөр Улуттук жана сектордук пландар
Жакырычылык деңгээлин кыскартуу
Бюджеттер
Стратегиялык өнөктөштүк
Демилгенин жолдору (экономикалык, социалдык жана экологиялык талдоо)
Жаратылыш ресурстарын жана курчап турган чөйрөнү туруктуу башкаруу
гия
Жер шарынын калкынын кыйла бөлүгү өзүнүн жашоо турмушун жана бакубаттыгын кармап туруу үчүн курчап турган чөйрөгө көз каранды болот. Курчап турган чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жакырчылыктын масштабын кыскартууга, калктын жарды катмарын алга илгерилетүү жана таламдарын коргоо үчүн жана экономикалык өсүштүн кыйла туруктуу чөйрөсүн түзүүгө түздөн-түз салым кошот. Жакырчылыкка каршы күрөшүү үчүн, коопсуздукту камсыз кылууга жана экосистеманы сактоо үчүн экономикалык саясатта жана пландаштыруу системасында экономикалык өсүштүн жана экологиялык туруктуулуктун маселелери эске алынууга тийиш.
Финансылык жана техникалык жардам аркылуу долбоор Өкмөттүн экологиялык артыкчылыктарын жана жакырчылыкты кыскартууну улуттук, жергиликтүү жана тармактык өнүгүү пландарына интеграциялоо боюнча саясаттан тартып бюджетти түзүү, жүзөгө ашыруу жана мониторинг жүргүзүүгө чейинки негизги ишмердигин колдоого алат. www.unpei.org
• Демилге Африкада, Азия-Тынч Океан регионунда, Европа жана КМШ өлкөлөрүндө, Латын Америкасында жана Кариб бассейинин регионунда (25 өлкөдө) жүзөгө ашырылат.
Жа
Пан Ги Мун, ООНдун Башкы катчысы, жашыл экономикада социалдык адилеттикти камсыз кылуу: баяндама жана саясатчылар үчүн он ой пикир, МИОСР, 2014
• “Жакырычылык жана даратылыш” Демилгеси расмий түрдө 2005-жылы ишке киргизилген жана 2007-жылы ЮНЕПтин башкаруучулар Кеңешинин жыйналышында өз масштабын кыйла кеңейтти.
Э
“Биз бардыгыбыз жакшы жашоо шартына жетишүүгө умтулабыз. Бирок, өсүштүн азыркы моделин карманбасак ал азырынча мүмкүн болбой жатат... Бизге өнүгүүнүн XXI кылымдагы практикалык модели зарыл, ал биздин учурдун негизги маселелерин: жакырчылыктын масштабын кыскартууну; жумуш орундарын түзүүнү; теңсиздикти; климаттын өзгөрүшүн; курчап турган чөйрөгө келтирилген жүктү; суунун, энергетиканын жана азык-түлүк коопсуздугун карайт”.
Фактылар
к
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ ЖӨНҮНДӨ
1. Жакырчылык жана курчап турган чөйрө маселелеринин өз ара байланышын түшүнүү жана далилдик база
2. Жакшыртылган саясат, инвестициялар жана социалдык жана экологиялык артыкчылыктар үчүн өнөктөштүк
Социалдык жана гендердик теңчилик
3. Өнүгүүнүн улуттук максаттарынын МӨМгө жана туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык келиши
Булак: “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгесинин экинчи фазасынын (2014-2017-жж) долбоордук документи. ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
3
“ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ ЖӨНҮНДӨ
ФАКТЫЛАР:
Улуттук деңгээл ПРООН-ЮНЕПтин “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2011-жылдан бери жүзөгө ашырылып келе жатат жана өлкөгө экологиялык артыкчылыктарды жана жакырчылыкты кыскартуу маселелерин өнүгүүнүн улуттук, тармактык жана жергиликтүү стратегиясына жана пландарына интеграциялоого финансылык жана техникалык жардам көрсөтүү. Долбоордун I фазасы (2011-2014-жылдар) расмий түрдө 2011-жылы мартта Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри менен ООНдун Туруктуу координатору долбоордук документке кол койгондон кийин башталган. Негизги аткаруучу өнөктөр болуп Экономика министрлиги, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Улуттук статистикалык комитети, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттик, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Суусамыр айыл өкмөтү саналат.
• 2013-жылы 2 млн. 135 миң киши же 37% жакырчылык чегинен төмөн жашаган, анын ичинде 73,6% айылдыктар. Өтө жакырлар – 2,8%. • 10,6 млн. га айыл чарба жеринин 80%ы кунарсызданган жана чөлгө айланган. • Бардык өзгөчө кырдаалдардын 29%ын сел жана ташкындар түзөт. • Жыл сайын бөөдө кырсыктардын зыяны 1,5 млрд сомдон ашыкты же 37 млн долларды түзөт. • 604 миң адам же калктын 16%ы ичилүүчү таза суу менен камсыз болгон эмес. • 2100-жылга карата суу ресурстарынын жана мөңгүлөрдүн кыскарышы (64%дан 95%га чейин) күтүлүүдө. • 2017-жылга карата энергиялык ресурстардын тартыштыгы 6 млрд. кВт. саатты түзөт. • 2012-жылы курчап турган чөйрөнү коргоого чыгымдар 419,0 млн. сомду же ИДПнын 0,1%ын түзгөн.
Булак: Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө Улуттук доклад, 2006-2011-жж. 2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары.
4
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
I фазанын ичинде Демилге жакырчылык жана курчап турган чөйрө маселелеринин өз ара байланышын эске алууга, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун эсебинен адамдардын бакубаттыгын жогорулатууга багытталган зор салым кошту, ал жалпысынан социалдык-экономикалык кырдаалдын жакшырышына жана Кыргызстанда Миң жылдык өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө таасир тийгизет. Жыйынтыгында курчап турган чөйрөнүн, жакырчылыктын жана экономиканын өнүгүүнүн стратегиясына улуттук жана региондук деңгээлде, анын ичинде ООНдун программаларын аткарууда, ошондой эле туруктуу өнүгүү, жакырчылык жана курчап турган чөйрө жагында маалымдарлыкты жогорулатуунун өз ара байланышын эске алуу боюнча кырдаалга таасир тийгизген бир катар маанилүү натыйжаларга жетишилди. I фазанын алкагында Демилге төмөнкү натыйжаларга жетишүүнүн үстүндө иш алып барды:
• ПРООНдун программаларын аткарууну улуттук пландаштырууда жакырчылык жана курчап турган чөйрө маселелеринин өз ара байланышын эске алуу. • Улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде бюджетти пландаштырууда жакырчылык жана курчап турган чөйрө маселелеринин өз ара байланышын эске алуу. • Жакырчылык жана курчап турган чөйрө жагында маалымдарлыкты, потенциалды жана билимди жогорулатуу. Жогоруда аталган фактыларга негизденүү менен ПРООН-ЮНЕПтин “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгеси өз көңүлүн ушул маселелерди стратегиялык пландаштыруу процессине интеграциялоого топтоду жана Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү милдеттерин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүп жатат.
БИЗ КАЙДА ИШТЕЙБИЗ? Суусамыр а/а туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу
Улуттук деңгээлде туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу
Пилоттук демонстрациялык иш-чаралар
Министрликтер менен ведомстволордун стратегиялык пландаштыруу жагындагы потенциалын арттыруу
Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын арттыруу
Туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча маалымдарлыкты жогорулатуу
СУУСАМЫРСКИЙ АА
НАРЫНСКАЯ ОБЛАСТЬ
Пилоттук демонстрациялык микродолбоорлор Нарын облусун туруктуу өнүктүрүү программасы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын арттыруу
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
5
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНТЕКСТИНДЕ ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ МАСЕЛЕЛЕРИНИН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫ ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ
ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ
ЭКОНОМИКАЛЫК ПАЙДА АЛУУ ҮЧҮН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН КОНТРОЛСУЗ ПАЙДАЛАНУУ
ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЙЛА ЧЫГАШАЛАР ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ КАПИТАЛЫНЫН ЖАКЫРДАНЫШЫ
САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО
ЖАРАТЫЛЫШКА ТЕРС ТААСИР ЭТҮҮЧҮ ФАКТОРЛОРДУН МАССАСЫНЫН ТОПТОЛУШУ
САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО
КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮН, АТМОСФЕРА АБАСЫНЫН БУЛГАНЫШЫНЫН ӨСҮШҮ, СУУНУН, ЖЕР РЕСУРСТАРЫНЫН НАЧАРЛАШЫ, БИОАРТҮРДҮҮЛҮКТҮН КЫСКАРЫШЫ АДАМДЫН ДЕН СООЛУГУНА ЖАНА ӨНҮГҮҮНҮН КООПСУЗДУГУНА КОРКУНУЧ КЕЛТИРЕТ
САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО
КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮН ТЕРС ФАКТОРЛОРУНАН УЛАМ КЕЛИП ЧЫККАН ДЕМ АЛУУ ОРГАНДАРЫНЫН, НЕРВ СИСТЕМАСЫНЫН, ТЕРИНИН ЖАНА ТЕРИ АЛДЫНДАГЫ КЛЕТКАЛАРДЫН ООРУУСУНУН ӨСҮШҮ, ӨНҮГҮҮДӨГҮ ТУБАСА КЕМТИКТЕР ЖАНА ЖАМАН САПАТТАГЫ ТҮЗҮЛҮШТӨР
САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО
АЙЫЛ ЧАРБАСЫ
АЙЫЛ ЧАРБАСЫ
АЙЫЛ ЧАРБАСЫ
6
ЖЕР ЖАНА СУУ РЕСУРСТАРЫН САРАМЖАЛСЫЗ ПАЙДАЛАНУУ, ТАКЫРЛАНГАН АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИНИН, АНЫН ИЧИНДЕ ЖАЙЫТТАР МЕНЕН АЙДОО АЯНТТАРЫНЫН ӨСҮШҮ, КОТОРУШТУРУП АЙДООНУ ЖАНА АЙДООЛОРДУН СТРУКТУРАСЫНЫН БУЗУЛУШУ, АЙЫЛ ЧАРБА ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ТӨМӨНКҮ ДЕҢГЭЭЛИ, АР КАНДАЙ ТҮРДӨГҮ ПЕСТИЦИДДЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨГӨ ЖАНА КАЛКТЫН ДЕН СООЛУГУНА КОРКУНУЧ КЕЛТИРЕТ
ЭНЕРГЕТИКА
ЭНЕРГИЯ ӨНДҮРҮҮНҮН КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨГӨ ТЕРС ТААСИРЛЕРИ
ЭНЕРГЕТИКА
ЖЫЛУУЛУК СТАНЦИЯЛАРДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ӨНДҮРҮҮ – КЫРГЫЗСТАНДА КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ БУЛГООНУН, АБА МЕЙКИНДИГИН ГАЗ ТҮРҮНДӨГҮ КҮЙҮК ПРОДУКЦИЯЛАРЫ МЕНЕН БУЛГООНУН, ЗОР АЯНТТАРДЫ КҮЙҮҮЧҮ КАТУУ ПРОДУКЦИЯЛАР МЕНЕН ТОЛТУРУУНУН КЫЙЛА ИРИ БУЛАКТАРЫ
ЭНЕРГЕТИКА
АТМОСФЕРАГА БУЛГООЧУ ЗАТТАРДЫН ЧЫГЫШЫНЫН КӨЗГӨ КӨРҮНБӨГӨН МҮЧҮЛҮШТҮКТӨРҮ – ГЛОБАЛДЫК ЖЫЛУУЛАНУУ – БӨӨДӨ КЫРСЫКТАРДЫН ЖАНА ТУРУКСУЗ ТЕМПЕРАТУРАНЫН САНЫНЫН ӨСҮШҮ ЖАНА АНДАН КЕЛИП ЧЫККАН АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН КОРОМЖУЛУКТАРЫ
ЭНЕРГЕТИКА
КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮН САПАТЫ БАРДЫК ЖАРАНДАРГА БИРДЕЙ ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗЕТ
ДЫЙКАНЧЫЛЫКТЫН ТҮШҮМДҮҮЛҮГҮНҮН ЖАНА МАЛ ЧАРБАСЫНЫН АЗЫКТУУЛУГУНУН ТӨМӨНДӨШҮ
АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮНӨ, АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУНА, ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН КИРЕШЕЛЕРИНЕ ЖАНА ЖАЛПЫ ЭЛЕ ӨЛКӨНҮН УЛУТТУК ЭКОНОМИКАСЫНА ЖАГЫМСЫЗ ТААСИРИ
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
ЭМГЕКТИК ПОТЕНЦИАЛДЫН ЖОГОЛУШУ, ДАРЫЛООГО ЧЫГЫМДАРДЫН ӨСҮШҮ
Булак: “Жакырчылык жана жаратылыш: Кыргыз Республикасында өз ара таасир этүүнү ар тараптан эсепке алуу тенденциясы” аналитикалык отчету, 2012-ж.
КЫРГЫЗСТАНДЫ ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ: ОКУЯЛАРДЫН ХРОНОЛОГИЯСЫ
1
“Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын артыкчылыктары” өлкөлүк документти даярдоо, Рио+20 алдында Улуттук консультациялар (2012-жылдын март-июну).
2
Премьер-министр башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясынын Рио+20 саммитине катышуусу (2012-жылдын августу).
3
Глобалдык жана региондук деңгээлде туруктуу өнүктүрүүгө карай жолдо консультацияларга катышуу. “Биз каалаган келечек” (2012-жылдын августунан 2013-жылга).
I ФАЗАНЫН ИШМЕРДИГИНИН НЕГИЗГИ НАТЫЙЖАЛАРЫ
1-НАТЫЙЖА. УЛУТТУК ПЛАНДАШТЫРУУДА ЖАНА ПРООНДУН ПРОГРАММАЛАРЫН АТКАРУУДА ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ МАСЕЛЕЛЕРИНИН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫН ЭСКЕ АЛУУ. “ПРООН-ЮНЕПтин “Жакырчылык жана жаратылыш” долбоордук демилгеси Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү демилгелерин алга илгерилетүү жана ал идеяны кеңири таанытуу боюнча негизги звенолордун бири болуп калды”. Экономика министри Т.Сариевдин “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгесинин Улуттук кеңешинин жыйналышындагы куттуктоо сөзү, 2012-жылдын марты.
4
5
6
7
8
9
КР Президентине караштуу туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешти түзүү. Өлкөнүн туруктуу өнүгүүгө карай багыты жарыяланган (2012-жылдын ноябры).
КР туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны жүзөгө ашыруу үчүн КР Өкмөтү тарабынан 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программа жана план иштелип чыккан (2013-жылдын марты).
10
2014-2017-жылдарга Нарын облусун туруктуу өнүктүрүүнүн Программасы жана 2014-2017-жылдарга Суусамыр айылдык аймагын туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясы иштелип чыккан жана кабыл алынган.
8
КР Президентинин жарлыгы менен 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы бекитилген (2013-жылдын январы).
Биринчи жолу парламент тарабынан “Түзүүчүлүктүн беш жылдыгы – 2017” катары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программа жана план кабыл алынган (2013-жылдын декабры).
11
5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн региондорун туруктуу өнүктүрүү принциптерин киргизе баштайт.
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
Нью-Йоркто Кыргызстандын делегациясы ООНдун Башкы ассамблеясында 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жана Миң жылдык өнүгүү максаттарына жетишүү жөнүндө КР III отчётун сунуш кылган (2013-жылдын сентябры). Туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу башталган (КР Өкмөтүнүн буйругу, 2014-жылдын марты).
12
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча сектордук, региондук жана жергиликтүү стратегияларды жана программаларды иштеп чыгат.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ОРТОСУНДА КООРДИНАЦИЯЛОО ЖАНА ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ МЕХАНИЗМДЕРИН ЧЫҢДОО Жакырчылыкка каршы күрөшүү жана курчап турган чөйрө боюнча демилгелерди алга илгерилетүүдө жагымдуу өбөлгөлөрдүн катарына КР Өкмөтү тараптан болгон саясый колдоону кошууга болот. 2012-жылы Демилгени алга илгерилетүү боюнча
САЯСЫЙ КОЛДОО Экономика министрлигинин төрагалыгы астында түзүлгөн Байкоочу кеңеш (Министрликтер менен ведомстволордун ортосундагы кызматташтык жана өнөктөштүк жөнүндө Меморандумдун негизинде 2012-жылы 16-мартта түзүлгөн)
секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн КР Экономика министрлигинин төрагалыгы астында түзүлгөн Платформа өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
ТЕХНИКАЛЫК КОЛДОО Ведомстволор аралык жумушчу топ (Улуттук кеңештин 1-жыйналышынын чечими менен 2012-жылы 16-мартта түзүлгөн)
Айыл чарба, энергетика, өзгөчө кырдаалдар, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана илим министрликтери, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба Мамагенттиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттик, Улуттук статистикалык комитети
ЭКСПЕРТТИК ТОП
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
9
НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТӨБҮЗ Туруктуу өнүктүрүүнүн өз ара байланыштуу үч маселесин: ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ, КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ КРнын стратегиялык документтерине кошуу
2013-2017-жылдардын мезгилине КР туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы (КР Президенти 2013-жылдын 21-январындагы Жарлыгы менен бекитилген)
10
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Программасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрында бекитилген)
ИНТЕГРАЦИЯ АЛДЫН-АЛА АНЫКТАЙТ: Адамдык ресурстарды өнүктүрүү Кыргызстандын абсолюттуу улуттук артыкчылыгы
Энергия үнөмдөөчү технологияларга акырындап өтүү
Өнүгүүнүн өз ара байланыштуу үч компоненти: 1) экономикалык өсүш, 2) социалдык өнүктүрүү, жана 3) экологиялык туруктуулук боюнча комплекстүү жана баланстуу мамлекеттик башкаруу
Биоартүрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш экосистемасын калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүү шартында кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү
Экономикалык саясатты жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну эске алуу менен түзүү
Ресурстар чектелүү болгон жана аларды сарамжалдуу пайдалануу муктаждыгынын шартында жаратылыш ресурстарынын соолубастыгы жөнүндө куру кыялдан арылуу
Экологиялык факторду өнүгүүнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөр системасына кошуу. Бүгүнкү күндө салттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр (ИДП, калктын жан башына киреше) экологиялык деградацияны этибарга албай жатат
Курчап турган чөйрөнүн булганышын азайтуу үчүн мамлекеттик фискалдык жөнгө салуу мамилелерин өзгөртүү
Өнөр жай өндүрүшүндө экологиялык коопсуздукту камсыз кылууну эсепке алуу, табигый капиталды сарамжалдуу жана сарамжалдуу эмес башкарууда пайданын жана чыгымдардын эсебин чыгаруу
Экологиялык экспертизаны кошуп алганда Бюджеттик кодексти адистештирилген экспертизадан өткөрүү
Жаратылышты коргоочу экономикалык өсүш принциптерин колдонуу
Туруктуу өнүктүрүүнүн табигый артыкчылыктарын (тоо экосистемасын, суу ресурстарын, айыл чарбасын, энергетиканы, туризмди) алга илгерилетүү
Экологиялык туруктуулукту эске алуу менен айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүн камсыз кылуу
Калктын экологиялык-экономикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү
Энергия үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулук механизмдерин киргизүү, көмүртекти аз сарптоо менен өнүктүрүү жана энергиянын салттуу эмес булактарын кеңейтүү
Адамдык өнүктүрүү индекси боюнча Кыргыз Республикасынын рейтингинин кыйла жогорулашын кошуп алганда дүйнөлүк өнүгүүдө өлкөнүн экономикалык, экологиялык жана социалдык рейтингдерин жакшыртуу
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
11
СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУНУН МЕТОДОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ Кыргызстанда “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгеси Өкмөткө 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүгө өтүү боюнча программаны жана планды иштеп чыгуу үчүн методологиялык базаны камсыз кылган документтердин пакетин иштеп чыгууда колдоо көрсөттү. Мыйзамдык базаны түгөлдөө бир катар мыйзамдар иштебей тургандыгын, алардын көбү актуалдуу болбой калгандыгын жана эскиргендигин, андан тышкары, бир катар юридикалык карамакаршылыктарга ээ экендигин айкындады. Долбоордун
алкагында стратегияны, документтин структурасын иштеп чыгууга, кадамдардын ырааттуулугуна болгон стандарттуу талаптар, ошондой эле стратегиялык пландаштыруунун ар бир кадамындагы жаңылыктар аныкталган. Максаттарды, артыкчылыктарды, милдеттерди жана чараларды баяндоонун негизине туруктуу өнүктүрүүнүн үч өзөктүү концепциясы алынды, ал социалдык, экономикалык жана экологиялык аспекттердин өз ара байланышына жана өз ара көз карандылыгына негизделген.
ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ БЮДЖЕТТӨӨ
Программалык негизде 2014-жылга жана 2015-2016-жылдардын божомолуна бюджеттин долбоорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги туруктуу өнүктүрүү компоненттерин киргизүү боюнча рекомендациялар иштелип чыккан, алар министрликтердин өкүлдөрү менен талкууланган.
Жакырчылык жана айлана чөйрө компоненттерин, ошондой эле программалык негизде бюджетке туруктуу өнүктүрүү маселелерин киргизүү боюнча рекомендацияларды даярдоого көмөк көрсөтүүгө төмөнкү министрликтердин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен ырастоо-каты алынды.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруунун уюштуруу жана методологиялык базасын күчөтүү
Улуттук жана региондук деңгээлде туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу жана бюджеттөө боюнча методологиялык жетекчилик (белгиленген регламент боюнча макулдашуу жол-жобосунан өттү жана Өкмөттүн жактыруусуна жиберилген). Материалдар менен Экономика министрлигинин www.mineconom.kg сайтынан таанышууга болот.
Туруктуу өнүктүрүүнүн компоненттерин – экономикалык өсүштү, курчап турган чөйрөнү коргоону, социалдык интеграцияны жана гендердик теңчиликти эсепке алуу үчүн сектордук стратегияны түгөлдөө усулу. (Бул усул боюнча 11 сектордук стратегия түгөлдөнгөн, туруктуу жана гендер маселелерине кошуу үчүн рекомендациялар иштелип чыккан). КР Экономика министрлиги өз программаларын жана пландарын ушул усул боюнча экспертизадан өткөрөт.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде стратегиялык пландаштыруу боюнча Башкарма түзүлгөн.
12
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
Жакырчылык жана айлана чөйрө аспекттерин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен иштөө туруктуу өнүктүрүүнү эске алган чараларды программалык бюджеттерге интеграциялоодо аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ресурстардын кыйла көбөйгөндүгү байкалгандыгын көрсөттү. Бюджеттик каражаттардын чектелгендигин эске алуу менен бул демилгени бир нече бюджеттик циклдер бою программалык бюджеттерге интеграциялоо боюнча этап боюнча иштин зарылчылыгын талап кылат.
Туруктуу өнүктүрүүнү региондорду бюджеттөөгө интеграциялоо боюнча иштин алкагында туруктуу өнүктүрүү стратегияларын жана пландарын иштеп чыгуу боюнча ЖӨБ органдары үчүн Усулдук жетекчиликте финансылык ресурстарга баа берүү боюнча бөлүм даярдалган.
2014-2017-жылдарга Суусамыр айылдык аймагын туруктуу өнүктүрүү Стратегиясынын жана 2014-2017-жылдары Нарын облусун туруктуу өнүктүрүү Программасынын долбоорлору үчүн финансылоо жана бюджеттин булактары боюнча бөлүм иштелип чыккан.
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
13
ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ГЕНДЕРДИК ӨЛЧӨӨ
2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Программасын гендердик экспертиза жүргүзүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 18-декабрында бекиткен). Документ www.president.kg, www.government.kg, www.mineconom.kg сайттарына жайгаштырылган.
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Программасында биринчи жолу гендердик маселелер артыкчылыктуу багыттардын катарына кошулган. Гендердик көрсөткүчтөр да туруктуу өнүктүрүүнүн негизги индикаторлорунун катарына кошулган. Алсак, 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программада аныкталган адамдык өнүктүрүүнүн 70 максаттуу индикаторлорунун ичинен 23 индикатор гендердик сезимтал болуп саналат.
Нарын облусунда жана Суусамыр айылдык аймагында туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруунун гендердик маселелерин эске алуу.
Гендердик экспертизаны улуттук, региондук жана сектордук деңгээлде стратегиялык пландарды иштеп чыгуунун усулдук негиздерине кошуу.
16 сектордук стратегияларды гендердик сезимталдык предметине талдоо жасоо.
Нарын облусунун Кара-Суу жана Кара-Коюн айыл өкмөттөрүнүн айылдык аялдарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнү ООНдун Аялдары (100 катышуучу, аялдар 55%) менен кызматташтыкта колдоо. Гендердик-сезимталдык пландаштыруу жана бюджеттөө маселелери боюнча айыл өкмөттөрүнүн адистеринин жана айылдык аялдардын маалымдарлыгын жогорулатуу (42 катышуучу, аялдар 60%).
Гендердик маселелерди (инфраструктуралык, “жашылдар”, киреше алып келүүчү долбоорлор) эске алуу менен Нарын облусунда жана Суусамыр айылдык аймагында демонстрациялык долбоорлор.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА БАА БЕРҮҮ 2013-жылы мартта экономикалык кызматташтык жана өнуктуруу Уюмунун (ЭКӨУ) жашыл өсүш индикаторлоруна жатыктыруу боюнча пилоттук өлкө катары Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы ЭКӨУнун демилгеси жана ПРООН-ЮНЕПтин долбоордук демилгелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен Чыгыш Өнөктүгү жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн париж консультацияларынын алкагында көрсөтүлгөн. Чыгыш Өнөктүгү жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн париж консультацияларынын натыйжалары боюнча ЭКӨУнун протоколунан, 2013-жылдын 5-6-марты. Кыргызстан жашыл өсүш индикаторлорунун топтомун сынап баштаган региондогу биринчи өлкө болуп калган. Саясый чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде ошол топтомдун бүгүнкү күндө өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясат, атап айтканда, 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жана 2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Программасы менен таасын өз ара байланышы таанылган. Кыргызстанда жашыл өсүш индикаторлорун киргизүү үчүн негиз катары көрсөткүчтөрдүн топтому (ЭКӨУнун “Жашыл өсүш багытындагы прогресске баа берүү: ЭКӨУнун көрсөткүчтөрү” отчёту, 2011жыл) жана өкмөттөр аралык экономикалык, экологиялык жана статистикалык жамааттардын кызматташтыгынын натыйжасында, анын ичинде ЭКӨУна мүчө 34 өлкөнү кошуп алуу менен ЭКӨУ тарабынан иштелип чыккан методологияны киргизүү алынган. 2013-жылдын акырында жашыл өсүштүн төмөнкүлөрдү камтыган материалдарынын пакетинин финалдык долбоору түзүлгөн: • жашыл өсүштүн индикаторлорунун матрицасы;
Суусамырдын 5 айыл өкмөтүндө, Нарын облусунда жайыттарды туруктуу башкаруу репликирленген долбоорлору, Ош жана Баткен облустарында гендердик маселелерди эске алуу менен башталды.
• жашыл өсүштүн индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча жол картасы; • жашыл өсүштүн мониторингинин жана баасынын улуттук индикаторлору боюнча жетекчилик.
14
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
Документтердин бүтүндөй пакети негизги өнөк катары Экономика министрлигине берилген, ал аны улуттук деңгээлде андан ары илгерилетүү жана бекитүүнү камсыз кылат. Жол картасына ылайык жашыл өсүштүн индикаторлорунун матрицасына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан да жүргүзүлөт. ЭКӨУнун рекомендацияларынын негизинде иштелип чыккан улуттук индикаторлордун матрицасынын финалдык долбоору өзүнө туруктуу өнүктүрүүнүн компоненттери болуп саналган экономикалык өсүштү, социалдык өнүгүүнү жана курчап турган чөйрөнүн абалын мүнөздөгөн 65 көрсөткүчтү камтыйт. Жашыл өсүштүн улуттук индикаторлорунун матрицасы Улуттук статистикалык комитети же тийиштүү министрликтер менен ведомстволор чогулткан маалыматтарга негизделген. Жашыл өсүштүн улуттук индикаторлорунун матрицасынын маалыматтары статистикалык отчёттуулуктун бир бөлүгү болуп саналат. Бул багыттагы кийинки кадам болуп жашыл өсүштүн прогрессине мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтык системасын жана Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын алга илгерилетүүгө баа берүүнү иштеп чыгуу жана киргизүү болуп калат. ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
15
ООНДУН АГЕНТТИКТЕРИ МЕНЕН ӨНӨКТӨШТҮК ЖАШЫЛ ӨСҮШТҮН ИНДИКАТОРЛОРУНУН МАТРИЦАСЫНЫН СТРУКТУРАСЫ
1-блок. Көмүртектин жана энергетиканын үзүрлүү болушу (17 индикатор 1-блок. Табигый активдер (15 индикатор) 1-блок. Жашоонун экологиялык сапаты (12 индикатор) 1-блок. Экономикалык мүмкүнчүлүктүр жана жооп кылуу саясаты (12 индикатор) 1-блок. Социалдык-экономикалык контекст жана үсүштүн мүнүздүмүсү (9 индикатор)
Жаратылыш ресурстарын (өндүрүү жана керектөө) жана ишмердиктин натыйжасында пайда болгон калдыктарды пайдаланууну мүнөздөйт. Кыргызстан кандай маанилүү жаратылыш ресурстарынын запасына канчалык санда ээ экендигин көрсөтөт. Курчап турган чөйрө жана колдо бар инфраструктура (канализация, таза ичилүүчү суу ж.б.) адамдын жашоо турмушуна таасир тийгизишин баалоого мүмкүндүк берет. Экологиялык төлөмдөрдөн жана экологиялык товарлардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн (туризмден) алынган кирешени чагылдырат. Социалдык компонентти камтыйт. Бардык көрсөткүчтөрдү интерпретациялоонун өз ара байланышын камсыз кылат.
UNDAF: 2012-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасында ООН системасынын өлкөлүк программасында жакырчылык жана курчап турган чөйрө маселелеринин өз ара байланышын эсепке алуу.
Жакырчылык жана курчап турган чөйрө маселелери боюнча ООНдун агенттиктеринин маалымдарлыгын жогорулатуу (2 семинар). ООНдун агенттиктеринин программалык циклине жакырчылык-айлана чөйрө-климаттын өзгөрүшү маселелерин интеграциялоо боюнча жетекчиликти иштеп чыгуу.
Нарын облусунда экологиялык маселелерди эске алуу менен аялуу айылдык аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү боюнча ООН Аялдары менен кызматташтык.
ООНДУН ПРОГРАММАЛАРЫ МЕНЕН ӨНӨКТӨШТҮК
2006-2011-жылдары үчүн программанын программалык ишмердигине баа берүүнүн алкагында айылдык тургундардын бакубаттуулугуна экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн салымына баа берүү. Натыйжалар “Жакырчылык жана жаратылыш : ПРООНдун салымы” жыйынтыктоочу макаласына киргизилген. (www.undp.kg, www.unpei.org).
Климаттын өзгөрүшүн, айылдык топтордун киреше алып келүүчү жана жашыл долбоорлоруна өзгөчө кырдаалды эске алуу менен Нарын облусунда жана Суусамыр айыл өкмөтүндө микро долбоорлор аркылуу экологиялык маселелерди интеграциялоо.
Кыргыз Республикасында жайыттарды туруктуу башкаруу боюнча аспап катары “Электрондук жайыт комитети” маалымат системасын расмийлештирүү (системаны Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги балансына кабыл алды).
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аянтынын алдында туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын потенциалдарын арттыруу (статс-катчылар жана мамлекеттик органдардын басма сөз-офистери үчүн улуттук жана региондук консультациялар, семинарлар).
16
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
17
2017-жыл га чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жана 2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Программасын иштеп чыгуу процессин эксперттик коштоо.
Жакырчылык жана курчап турган чөйрөнүн өз ара байланыштуу маселелери боюнча бөлүмдү КРда МӨМгө жетишүү боюнча прогресс жөнүндө Үчүнчү Улуттук отчётко кошуу (www.undp.kg)
2-НАТЫЙЖА. УЛУТТУК ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕ БЮДЖЕТТИ ПЛАНДАШТЫРУУДА ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨ МАСЕЛЕЛЕРИНИН ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШЫН ЭСЕПКЕ АЛУУ. “Региондорду туруктуу өнүктүрүү өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү шарты болуп саналат”. 2013-2017-жылдары КР туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программасы жана планы. РЕГИОНДУК ДЕҢГЭЭЛ
2006-2011-жылдарга Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөсүнүн абалына баа берүү. Анын натыйжалары 2006-2011-жылдарга Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө биринчи Улуттук докладда көрсөтүлгөн (www.undp.kg, www.nature.kg)
Кыргыз Республикасынын лидерлеринин Рио+20 глобалдык саммитине катышуусун колдоо. “Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын келечектери” өлкөлүк документин иштеп чыгууга салым.
Стратегиялык пландаштырууда жакырчылык жана курчап турган чөйрө, климаттын өзгөрүшү жана өзгөчө кырдаалдар маселелерин эске алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын потенциалын арттыруу. Окуу модулу иштелип чыгып, Финансы министрлигинин, Улуттук статистикалык комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Окуу борборлорунун окуу программаларына киргизилген жана ушул ведомстволордун кызматкерлери үчүн окутуу жүргүзүлүп жатат.
Финансылоо булактары (АКШ доллары)
Аймактын 70%га жакынын тоо кыркалары ээлейт. Облустун климаты континенталдуу, кышы суук жана узак. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча Нарын облусунда кедейлик 2013-жылы 43,8%ды түзгөн.
20 240,00
1 000,00 ЭМ. лиги
CAREC
5 591,79
1 732,50 ПФ
НПО
2 300, 00 PBF
Суусамыр айылдык аймагына алты айыл кирет, аларда 7000ге эл жашайт. Негизинен анын тургундары малчылык менен алектенет.
НАРЫН ОБЛУСУ республиканын түштүк-чыгыш тарабында, жакынкы темир жол бекетинен 180 км аралыкта жайгашкан. Облус толугу менен татаал рельефи менен бийик тоолуу болуп саналат жана деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктикте жайгашкан.
Өнөктөр
816,00
24 272,73 ГЭФ
156 024,23 TRAC
76 672,87
28 035,91 DAO
Айылдыктардын жашоо турмушу райондон алыс жайгашкандыгына улам кыйындаган, райондук борбордон 100 км, облустук борбордон 225 км, Бишкек шаарынан 165 км алыстыкта.
Тоолуу жер, начар инфраструктура калктын рынокторго жеткиликтүүлүгүн жана жашоо шартын жакшыртууну чектейт.
21 240,00 Бенефициарлар
BCPR
175 161,76
ПРООНдун долбоорлору жана программалары
ЖжЖ
ЖжЖ
43 199,18
Фонддор
464 200,00
СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда жайгашкан, бийик тоолуу жана географиялык жактан туюк болуп саналат. Кыш мезгилинде температуралык инверсиялардан улам өлкөдөгү эң суук жерлердин бири, бул жерде кыш алты-жети айга созулат, аяз Цельсия боюнча -40, -45 градуска чейин жетет.
Жыйынтыгы: 528 639,18 ПФ – Финляндиянын Өкмөтү
18
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
19
ИШМЕРДИКТИН БАГЫТЫ
ТӨ СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДАШТЫРУУ: 1) Региондук деңгээлде ТӨ СП боюнча усулдук жетекчилик. 2) 2014-2017-жылдарга Нарын облусун жана Суусамыр АА ТӨ Программанын жеткире иштеп чыгуу.
ЖАЙЫТТАРДЫ ТУРУКТУУ БАШКАРУУ: Ат-Башы жана Нарын райондорунун 5 АӨ жайыттарын түгөлдөө жана экономикалык баа берүү. АЧжММ ЭЖК балансына кабыл алуу
Өнөктөр: облустук структуралар, экономика министрлиги, ЖӨБжЭАММА, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ат-Башы жана Нарын райондорунун 5 АӨ, Суусамыр АӨ, Нарын Мамуниверситети, ПРООНдун Нарын облусун комплекстүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү программасы, ООНдун Аялдары, ПРООНдун “Курчап турган чөйрө МАКСАТТУУ ТОПТОРДУН жана энергетика” программасы
НАРЫН ОБЛУСУНУН 5 АӨ ЖАНА СУУСАМЫР АӨ ӨНҮКТҮРҮҮ ПЛАНДАРЫН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУ КОЛДОО: Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү программасы менен бирдикте 11 микро-долбоор
ПОТЕНЦИАЛЫН АРТТЫРУУ: ТӨ СП маселелерине окутуу. Жайыт комитеттери жана АӨ үчүн НМУ жана БАУ менен бирдикте окутуу. Алдыңкы тажрыйбаны иликтөө боюнча Нарын облусу менен Суусамыр АӨ ортосунда эки жактуу визиттерди алмашуу. НМУда “Жайыт адиси” адистигин киргизүү
НАРЫН ОБЛУСУНДА ЖАЙЫТТАРДЫ ТУРУКТУУ БАШКАРУУГА САЛЫМ КОШУУ Айыл жеринде жашаган Кыргыз Республикасынын беш миллиондук калкынын 60%дан ашыгы өмүр сүрүүнүн булагы катары жаратылыш ресурстарын пайдаланууга түздөнтүз көз каранды жана аларга катуу таасир тийгизет. Негизги жаратылыш ресурсу – тоолуу жайыттар, алар өлкөнүн аймагынын 40%ын түзөт, ал эми айыл чарба багытындагы жерлер 85%ды түзөт. Жайыттарга келген жүктү жөнгө салуу аларды туруктуу пайдалануунун маанилүү элементтеринин бири болуп саналат жана узак мөөнөттүү келечекте алардын жогору өндүрүмдүүлүгүн камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын аймагынын 22%ы Нарын облусу 4520 млн. га. Өлкөнүн айыл чарба аянттарынын 25%ы – Нарын облусу. • 2012-13-жылдары Ат-Башы районунун КараСуу, Кара-Коюн айыл өкмөттөрүндө жана Нарын районунун Дөбөлүү, Орток жана Сары-Ой айыл өкмөттөрүндө пилоттук беш айылдын жер фондун түгөлдөө боюнча иш жүргүзүлгөн. Жалпы аянт 360 миң га түздү, анын ичинен 107 миң га жайыт. • Түгөлдөөдө иш жүзүндөгү чек араларды, бардык участкалар боюнча аянттарды, айдоолорду, пилоттук айыл өкмөттөрүнүн өңүтүнөн жайыттарды соңку 2 жылда болуп өткөн бардык өзгөрүүлөрдү бөлүп аныктоо менен картографиялык материалдар даярдалган. • Жайыттарды геоботаникалык изилдөө, ресурстук потенциалына жана мал чарба продукцияларынан киреше түшүү мүмкүнчүлүктөрүнө экономикалык баа берүү жүргүзүлгөн жана башкаруунун оперативдүү аспабы катары мал жаюунун пландары түзүлгөн. • Колдо бар малдын санын, аларды жаюу жерлерин, мал айдоо маршруттарын жана
20
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
пайдалануу мөөнөттөрүн эсепке алуу жүргүзүлдү. Экономикалык баа берүүдө мал чарба продукцияларын өндүрүү, анын түпкү наркы жана пайдаланылган аянттардан айылдыктар алышы мүмкүн болгон киреше эске алынган. Бул иштин натыйжасында иликтенген аянт аны сабаттуу башкарууда 13 млн. АКШ долларына барабар киреше бере тургандыгы аныкталды. • Алынган материалдар райондук мамлекеттик администрацияларда бекитилген жана тийиштүү токтом менен таризделген. НАТЫЙЖАДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТАР ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ АЛДЫ:
1. Айдоолордун, аянттардын түрлөрүн, участкалардын чек араларын, түшүмдүүлүгүн, тоюттун запасын жана участкада мал жаюу потенциалын көрсөтүү менен картографиялык материалдарды. 2. Аянттарды жана айдоолорду, кунарсыз участкаларды, бөтөнчө пайдаланылган участкаларды жана бузулган жерлерди көрсөтүү менен түгөлдөө ведомостторун. 3. Ар бир участканын наркын көрсөтүү (рыноктук бааны эске алуу менен) баа берүү ведомосттору түрүндө экономикалык баалоону. 4. Мөөнөттөрүн, сезондорду, күндөрдүн санын, жайыла турган малдын санын көрсөтүү менен мал жаюу планын. 5. Чөптү кошумча себүүгө, отоо чөптөрдү жок кылууга өзгөчө муктаж болгон жайыт аянттарын сарамжалдуу пайдалануу, кунарсызданууга каршы күрөшүү, мал жаюу режимин сактоо боюнча рекомендациялык иш-чараларды. ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
21
“Нарын облусунда 3 миллионго чейинки шарттуу сандагы мал жаюуга болот, ал эми Ат-Башы району 1 миллионго чейинки мал жаюу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок азыркы учурда фермерлерге бодо малдын төлүн колдо кармаган пайдалуу. Ал эми бул экологияга зыяндуу. Быйыл апрелде эле Ат-Башы районунда чаң чыгып калган, ал эми фермерлер мындай кургакчыл жайдан кантип чыгаары Жайыт комитеттеринин жайыттарды башкаруу пландарына, мөөнөттөрүнө жана келтирилген жүктү аткарышына жараша болот”. Людмила Пенкина, «Кыргызгипроземдин» бөлүмүнүн начальниги, долбоордун эксперти. 6. «Электрондук жайыт комитети» маалыматтык системасын, ал жайыттарды оперативдүү башкаруу жана жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ушул системанын аркасында жайыттардын кунарсыздануу процессине туруктуу көз салып жана Кыргыз Республикасында жайыттарды туруктуу башкаруу үчүн өз убагында чара көрүүгө болот.
7. 2014-жылы «Электрондук жайыт комитети» маалыматтык системасы Министрликтин 2014-жылдын 1-июнундагы №162 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балансына өткөрүп берилген. Документке ылайык «Электрондук жайыт комитети» 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында жайыттарды башкаруунун Улуттук - системасына интеграцияланат.
МЫКТЫ ПРАКТИКАЛАР: ДЕМОНСТРАЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОРДУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ Кыргызстанда “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгесинин негизги натыйжаларынын бири болуп 215 876,44 доллар суммасындагы тандап алынган 12 долбоорду жүзөгө ашыруу саналат. “Жашыл” долбоорлор практикада калктын бакубаттыгы жогорулаганда экология үчүн ал
СУУСАМЫР АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНДАГЫ ДОЛБООРЛОР ДАН ТАЗАЛАГЫЧТЫ САТЫП АЛУУ
$13.008 ЖжЖ: $10.883 ЖС: $2.125 ТИГҮҮ ӨНӨРКАНАСЫ ҮЧҮН ЖАБДУУЛАРДЫ САТЫП АЛУУ
$9.692 ЖжЖ: $6.973 ЖС: $2.719
ЖжЖ – “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгеси БД - башка донорлор ЖПБ – Жайыт пайдалануучулар бирикмеси НОКӨП – ПРООНдун Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү Программасы ЖКП – ПРООНдун Жакырчылыкты кыскартуу боюнча 22
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
зыянсыз жүргөндө жакырчылык менен курчап турган чөйрөнүн өз ара байланышын көрсөттү. Алсак, “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгесинин биринчи фазасын жүзөгө ашырууда Суусамыр айылдык аймагында 3 долбоор жана Нарын облусунда 9 долбоор ишке киргизилди.
ТРАКТОРДУ ЭКСКАВАТОРГО ЖАНА БУЛЬДОЗЕРГЕ КАЙРА ЖАБДУУ
$18.500 СӨЖБ: $10.883 ЖПБ: $2.125
БИОТЕРМИКАЛЫК АҢДЫ КАЗУУ
$29.658 ЖжЖ: $7.921 КТБ: $21.737 Программасы ЖС – жеке салым КТБ – ПРООНдун “Климаттык тобокелдиктерди башкаруу” долбоору СӨЖБ - ГЭФ-ПРООНдун “Суусамыр өрөөнүн жайыттарын башкаруу” долбоору ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
23
НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ДОЛБООРЛОР Ак-Талаа районундагы Кызыл-Бел айылдык аймагындагы Кадыралы айылында дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын жакшыртуу жана айлана чөйрөгө терс таасирлерди жеңилдетүү
$11.639
ЖжЖ: $3.209 ЖКП: $6.113 ЖС: $2.317 Өнөк: «Кызыл Белес» КМЦ
Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу жана Дыйкан айылдарында а/ч өндүрүшүн жакшыртуу жана курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн КМЦ тармагын түзүү жана өнүктүрүү ЖжЖ: $4.038 ЖКП: $8. 847 ЖС: $3.188 Өнөк: «Эки Нарын» КМЦ
$16.073
Ташбашат айылында “Бурган суу” каналында суу бөлүштүрүү түйүнүн куруу ЖжЖ: $6.899 ЖС: $5.565 Өнөк: Орток айыл өкмөтү
$12.464
Жергетал айылында «Баркыжок Ата» коомдук сейил багын жакшыртуу ЖжЖ: $4.197 ЖС: $1.965 Өнөк: Жергетал айыл өкмөтү
$6.162
Ат-Башы районундагы Кара-Суу жана Кара-Коюн айыл аймактары үчүн үрөн берүү $9.570 Өнөктөр: Кара-Суу айыл өкмөтү, Кара-Коюн айыл өкмөтү НОКӨП: $8.180 ЖПБ: $2.500 СӨЖБ: $5.000
$9.570
24
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
Ак-Талаа районундагы Куртка жана Угут айылдарында айлана чөйрөгө терс таасирлерди жеңилдетүү менен а/ч өндүрүшүн жакшыртуу ЖжЖ: $4.548 ЖКП: $7.735 ЖС: $4.145 Өнөк: «Тендеш Заман» КБ
$16.428
Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык аймагындагы “Көлмө” участкасында насос станциясын реабилитациялоо ЖжЖ: $8.180 НОКӨП: $8.180 ЖС: $14.315 Өнөк: Кара-Суу айыл өкмөтү
$30.675
Учкун айылындагы “Суу Капчыгай” участкасында бөлүштүрүү түйүнүн куруу ЖжЖ: $12.648 ЖС: $9.341 Өнөк: Учкун айыл өкмөтү
$21.989
Дөбөлү айылында канаттуулар фабрикасын түзүү ЖжЖ: $5.670 ЖПБ: $2.963 ЖС: $1.704 Өнөк: Дөбөлү айыл өкмөтү
$10.337
13 долбоордун жалпы наркы ЖжЖ: ЖС: ЖКП: КТБ: БД
$95.736 $47.384 $22.695 $21.737 $2.963,
$206.105
“Биздин айылдык аймак көп маселелерди чечип жатат. Мисалы, ага социалдык-экономикалык пландаштыруу, калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүү кирет. Бирок, биз шаардан, райондук борбордон алыс жашайбыз, жана Суусамыр өрөөнүнүн климаты катаал, ошондуктан эң жакыр үйбүлөлөрдү колдоо биздин негизги милдеттерибиздин бири. Тилекке каршы, жергиликтүү бюджетте ар дайым эле каражат жетиштүү боло бербейт, ал түгүл билбейм биз качан дан тазалагычты сатып алып, тракторду бульдозерге кайра жабдып жана аялдар үчүн кийим тигүү цехин ачат элек. Эми биз кандай иштеп жаткандыгыбыз жөнүндө тажрыйба менен бөлүшө алабыз” Айбек Мырзакматов, Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылдык аймагынын башчысы
Суусамыр айылында дан тазалагыч түшүм жыйноо учурунда саатына 1200 тонна арпаны, 600 тонна эспарцетти тазалап жана сорттой алат, 2013-жылдын августу
“ 800 миң сом өлчөмүндө бөлүнгөн акчага биз насос сатып алдык. Ал эми айылдыктар чогулткан 650 миң сом акчага түтүк жана трансформатор сатып алдык. Келерки жылы 200 миң гектарга жакын жерди иштетип, буудай өстүрүүнү, үч миллион сомго чейин киреше алууну пландаштырып жатабыз. Мурда бул жер иштетилген эмес, суу жок болгондуктан чөл сыяктуу жаткан. Долбоордун колдоосу менен 14 жамаат түзүлдү. Ар бирине бештен үй-бүлө, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлө кирет. Мына эми алар иштин башталышын күтүп жатышат. Быйыл эле алар долбоордон 12 тонна арпа алышты, 35 тоннага жакын түшүм алууну пландаштырып жатабыз. Адамдар долбоорго ыраазы”. Канат Уметов, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы
Кара-Суу айылдык аймагындагы насос станциясы 2015-жылы айыл чарба максаттары үчүн 200 миң га жерди өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
25
ПОТЕНЦИАЛДЫ ЖОГОРУЛАТУУ, ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ, КООМЧУЛУКТУН КАТЫШУУСУ ЖАНА МААЛЫМДАРЛЫКТЫ ЖОГОРУЛАТУУ “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгесинин алкагында биз экономиканын ар кандай секторлорундагы: экономикадагы, айыл чарбасындагы энергетикадагы, туризм жана медицинадагы кырдаалды иликтеп чыктык. Алынган маалыматтардын негизинде окуу-усулдук комплекс (ОУК) иштелип чыккан жана “Жакырчылык жана жаратылыш” предмети өнүктүрүү академиясынын Кеңешинде бекитилгенден кийин окутуу процессине киргизилген. Бул предмет мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга жакырчылыкты кыскартуу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселелерин түшүнүүгө көмөк көрсөтөт. Эльвира Касымова, КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти.
ПОТЕНЦИАЛДЫ ЖОГОРУЛАТУУ КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы менен кызматташтыкта окуу-усулдук комплекс иштелип чыккан. Анын максаты – жакырчылык жана курчап турган чөйрөнү улуттук жана региондук деңгээлде пландаштыруу жана өнүктүрүү процесстерине киргизүү маселеси боюнча өкмөттүн потенциалын жогорулатуу. Мамлекеттик кызматчылар арасында маалымдарлыкты жана потенциалды жогорулатуунун негизги механизмдеринин бири болуп бул багытта окутуу системасын түзүү саналат. Мамлекеттик органдардын адистеринин арасында Экономика министрлиги жүргүзгөн сурамжылоо аркылуу мамлекеттик кызматчылардын керектөөлөрүн баалоо туруктуу өнүктүрүү моделин эске алуу менен стратегиялык пландаштыруу негиздеринин базалык билимдерине окутуу үчүн темаларды тапты. Сурамжылоого баа берүүнүн негизинде туруктуу өнүктүрүүнү эске алуу менен стратегиялык пландаштыруу боюнча министрликтердин, ведомстволордун негизги өнөктөрүнүн потенциалдарын жогорулатуу системасы иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Экономика министрлигинин көмөк көрсөтүүсү менен министрликтер менен ведомстволордун 26
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
суроо-талаптары боюнча “Туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландаштыруу” семинары өткөрүлдү. 100дөн ашык адам окууну каалай тургандыктарын билдирди. 18 министрлик жана ведомстволор: Экономика министрлиги, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттик, Мамлекеттик бажы кызматы жана башкалар. Семинардын катышуучулары туруктуу өнүктүрүү жана стратегиялык пландаштыруу модели боюнча базалык билимдерди алышты, социалдык-экологиялык, социалдык-экономикалык, экологиялык-экономикалык байланыштарды, секторлор аралык маселелерди, ошондой эле гендердик маселелерди эске алуу менен региондук аспекттерди эсепке алууну иштеп чыгышты. Негизги убакыт максаттарды, милдеттерди, иш планын, сектордук программаларды жана стратегияларды бюджеттөө индикаторлорун жана методологиясын аныктоо боюнча практикалык иштерге бөлүндү. Семинардын катышуучулары стратегияларды иштеп чыгууда туруктуу өнүктүрүү компоненттерин эсепке алуу экономикалык потенциалга жана курчап
турган чөйрөнүн абалына тыгыз көз карандылыкта жашоонун сапатын жогорулатуу саясатын калыптандырууга мүмкүндүк берет деп эсептейт. Демилге Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыз кылуу бөлүмү менен бирдикте коммуникация жагында кесиптик жөндөмдүүлүктүн, билимдин деңгээлин жогорулатуу, маалыматтарды даярдоо жана алга илгерилетүү, көйгөйлөрдү жана тенденцияларды түшүнүү, ошондой эле мамлекеттик басма сөз кызматтарынын кызматкерлери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн туруктуу өнүктүрүү жагындагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу максатында бир катар семинарларды өткөрдү. Ошондой эле Кыргызстанда “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгесинин өнөктөрүнүн бири катары Нарын Мамлекеттик университети чыкты. Анын базасында жайыт комитеттеринин жана айылдык аймактардын өкүлдөрү окуудан өтүштү. 2013-жылдан баштап окуу планына жайыттарды башкаруу боюнча заманбап билимдерге ээ болгон адистерди даярдоо боюнча жаңы сабактар киргизилди. Жайыт ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, жергиликтүү жамааттарды уюштуруу, дандын үрөндүк айлантуу фондун түзүү жана Нарында киреше алып келүүчү ишмердикти өнүктүрүү жагында ПРООНдун мыкты тажрыйбаларынын натыйжалары жана жетишкендиктери менен таанышуу жагында окутуу визиттери билимдерди алмашуунун маанилүү процесстеринин бири болуп калды. Туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу чечимдерди кабыл алуу процессинде таламдаш топтордун,
коомчулуктун катышуусунун аркасында мүмкүн болду. Аймактардагы көпчүлүк пилоттук долбоорлор жамааттарга же жайыт пайдалануучулар Ассоциацияларына бириккен калкты көбүрөөк тартуу принциптери боюнча долбоорлонгон жана жүзөгө ашырылган. Долбоор туруктуу түрдө жергиликтүү калктын маалымдарлыгын жана потенциал жогорулатып турду. Ушундан улам көптөгөн жамааттарда киреше алып келүүчү ишмердикти жүргүзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле өнүктүрүүнүн жеке фонддорун түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бүткүл өлкө боюнча өз долбоорлорунун мыкты тажрыйбаларын жайылтуу ПРООНдун программалык ишмердигинин маанилүү принциптеринин бири болуп саналат. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы эки айылдык аймактын өкүлдөрүнүн алмашуу визиттери 2013-жылы Суусамыр айылдык аймагынын айылдык жамааттарынын иш тажрыйбасын үйрөнүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк берди. ПРООН-ЮНЕПтин “Жакырчылык жана жаратылыш” долбоорунун алкагында жакырчылык жана курчап турган чөйрө маселелеринин өз ара байланышы жөнүндө коомчулуктун кеңири чөйрөсүн маалымдар кылуу үчүн коммуникациялык стратегия иштелип чыккан. 2012-жылы Демилгенин алкагында жакырчылык жана курчап турган чөйрө маселелеринин өз ара байланышын көрсөтүү үчүн социалдык-экономикалык кырдаал, долбоордун максаттары жана милдеттери жөнүндө видеофильм тартылган http://www.unpei.org/what-we-do/peicountries/kyrgyzstan.
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
27
МАКАЛАЛАР «Демилгенин жетишкендиги деп экологиялык маселелерди Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына кошууну атоого болот. Узак жылдар бою экологиялык көйгөйлөр көңүл буруусуз калып келген. Эми алар экономика жана социалдык чөйрө менен катар жана өз ара байланышта каралып жатат. Ишканалардын курчап турган чөйрөнү булгашы үчүн акыны аныктоо методикасын иштеп чыгуу долбоорунун салымын белгилеп койгум келет. Бул экономика жана жаратылышты пайдалануу механизмдери кантип байланышууга тийиш экендигинин айкын мисалы”. Жыпаркүл Беккулова, Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин саясат башкармасынын начальниги. Демилге 2006-2011-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө Улуттук докладды даярдоодо Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигине колдоо көрсөттү, анын маалыматтары республикада экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана анын жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды камтыган социалдык-экономикалык стратегияны иштеп чыгууда пайдаланылды. Соңку жылдары биринчи жолу эл аралык талаптарды эске алуу менен экологиялык көрсөткүчтөргө негизделген ушундай доклад даярдалган. Доклад Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-августундагы №553 токтому менен жактырылган. Курчап турган чөйрөнүн абалы жөнүндө улуттук докладдар өлкөнүн негизги маалыматтык продукциясы болуп саналат. Доклад негизделген экологиялык көрсөткүчтөр курчап турган чөйрөнүн абалына баа берүүнүн негизги каражаты, экологиялык отчёттуулуктун жана жаратылышты коргоо саясатын калыптандыруунун көрсөткүчү болуп саналат. Улуттук докладды даярдоонун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясынын (ООН ЕЭК) Колдонмосуна ылайык 36 экологиялык көрсөткүч жана тогуз багыт: атмосфера абасынын булганышы жана озон катмарынын бузулушу, климаттын өзгөрүшү, суу ресурстары, биоартүрдүүлүк, жер ресурстары, айыл чарбасы, энергетика, транспорт, калдыктар боюнча орун алган кырдаалга талдоо жүргүзүлгөн. Талдоо жалпы кабыл алынган алкакка ылайык жүргүзүлгөн, ал төмөндө сыпатталган: Докладдын толук версиясы менен www.undp.kg, www.nature.kg сайтынан таанышууга болот.
Государственное агентство охраны окружающей среды и лесного хозяйства Инициатива ПРООН-ЮНЕП «Бедность и окружающая среда» в Кыргызской Республике
НАЦИОНАЛЬНЫЙ ДОКЛАД О СОСТОЯНИИ ОКРУЖАЮЩЕЙ СРЕДЫ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ЗА 2006-2011 ГОДЫ
ЭКОЛОГИЯЛЫК ПРОДУКЦИЯЛАРДЫН ЖАНА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТАРДЫН ЖАШОО ДЕҢГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТУУГА КОШКОН САЛЫМЫН БААЛОО (ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН КОРУТУНДУСУ) Изилдөөлөрдүн натыйжалары үй чарбаларынын экосистемалык продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө көз каранды экендигин далилдеп турат, ал 2006-жылдан 2011-жылга чейинки соңку беш жылда көбөйүп кеткен. Курчап турган чөйрөдөн алар тамак-аш азыктарын жана киреше алып келүүчү ишмердиктин булактарын, жылуулукту жана сууну, анын ичинде сугат үчүн сууну алышат, алардын кээ бирлери жаратылыш капиталынын рекреациялык өзгөчөлүктөрүнүн аркасында өздөрүнүн туристтик бизнесин өнүктүрөт. Үй чарбалары кыйла көп мал жайып, чөп чаап, ошондой эле сата башташты. Жапайы өскөн өсүмдүктөрдү, мөмөжемиштерди жана жаңгактарды өз керектөөлөрү, ошондой эле сатуу үчүн көп чогултуп, бак-дарак жана бадалдарды, анын ичинде сатуу үчүн көп кыя башташты. Респонденттер өз керектөөлөрү жана сатуу үчүн балык уулап, ошондой эле көп учурда таштандыларды өздөрүнүн жер участкаларына же ага жамаатташ аймактарга көмүү практикасы көп байкала баштады. Экологиялык продукцияларды пайдалануунун эң көп топтом кирешеси Баткен облусунда – анын үлүшү үй чарбаларындагы жалпы кирешелердин жалпы санынын 49 пайызын түзөт. Талас менен Ысык-Көлдө ал үлүш тийиштүү түрдө 40 жана 30 пайызды түзөт. Нарында, Жалал-Абад жана Ошто жаратылыш ресурстарын пайдалануу үлүшү орточо жалпы кирешенин 28ден 22 пайызына чейинкини түзөт. Кыргызстанды социалдык өнүктүрүүдө экономикалык жактан пайдалуу катары экологиялык продукцияларды пайдалануу стратегиясы жокко эсе, ошол эле учурда айыл жеринде жашаган калктын 60 пайызы өмүр сүрүү каражатынын маанилүү булагы катары жаратылыш ресурстарын пайдаланууга түздөн-түз көз каранды жана аларга катуу таасир көрсөтөт. Экологиялык маселелер программанын бенефициарлары жана бенефициар эместери үчүн турмуштук мааниге ээ болду. Айылдыктар эчак эле өздөрүнүн курчап турган чөйрө менен байланышын түшүнгөн жана өздөрүнүн келечеги жана келечектеги балдары үчүн жаратылышка
инвестициялоого даяр. Бирок көп учурда айылдыктар кайда кайрылышты билишпейт. Респонденттер жаратылыш ресурстарын пайдалануунун жаңы практикаларын белгилешкен – бул экологиялык дарылоо самындарын, чыгаруу, мажүрүм талдан себет токуу, козу карындарды чогултуу жана кургатуу ж.б. Респонденттер туристтик бизнести өнүктүрүү, атап айтканда, туристтик турларды уюштурууну, туристтерди конок үйлөр режиминде жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүнү белгилешкен, ал 3797 сомдон 8000 сомго чейинки киреше алып келет, бирок кызмат көрсөтүүнүн мындай түрүн бирин-серин үй чарбалары гана жүргүзөт. Докладдын толук версиясы менен www.undp.kg сайтынан таанышууга болот
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИНИН ПЛАНДАРЫ: ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУН ЭКИНЧИ ФАЗАСЫ 2014-жылы долбоордун экинчи фазасын жүзөгө ашыруу башталды, ал 3,5 жылга (2014-жылдан 2017-жылга чейин) созулат. Ал курчап турган чөйрөнүн адамдардын жыргалчылыгына, калктын жакыр катмарынын экономикалык өсүшүнө жана МӨМгө жетишүүгө салымды жогорулатууга багытталган. Жакырчылык жана курчап турган чөйрө маселесин өнүктүрүүнүн улуттук, региондук, жергиликтүү жана тармактык процесстерине, ошондой эле ООНдун жана ПРООНдун документтерине интеграциялоо улантылат. Пилоттук региондордо жайыттарды башкаруу ишине жана натыйжаларына баа берүү, мисалы, экономикалык жана социалдык пайда берген жайыттардын сапатынын жакшыруу даражасын аныктоо пландаштырылууда. Кыргызстанда “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгеси ГЭФ финансылаган ПРООНдун аяктаган “Суусамыр өрөөнүндө тоо жайыттарын туруктуу башкарууну демонстрациялоо” долбоору менен бирдикте Ош, Баткен жана Нарын облустарында жайыттарды туруктуу башкаруунун мыкты тажрыйбаларын жайылтууну улантат. “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгеси Финляндия финансылаган “Соодага көмөк көрсөтүү” долбоору менен бирдикте ишкерлер арасында “жашыл” бизнес-долбоорун жүзөгө ашырууну пландаштырууда. Улуттук деңгээлде соода саясатында экологиялык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча рекомендациялар анын натыйжасы болуп калат. Ошондой эле ГЭФ финансылаган долбоор Демилге менен бирге курчап турган чөйрөгө жана маалыматтарды башкарууга мониторинг жүргүзүү 30
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
жагында улуттук потенциалды күчөтүүнүн үстүндө иштөө пландаштырылып жатат. Ырааттуу жана туруктуу мониторинг жүргүзүү, маалыматтарды изилдөө жана талдоо өз убагында мамиле кылып, улуттук жана глобалдык деңгээлде чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп кызмат кылат. Айылдык алыскы жамааттардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Жакырчылык жана жаратылыш” долбоору Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) “Бир кыштак – бир продукт” долбоору менен кызматташат. “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгеси ООНдун жана ПРООНдун программалары менен тыгыз иштөөнү пландаштырып жатат. ФАО менен өнөктөштүктө “ООНдун Аялдары” Программасы менен биргелешкен кызматташтык жүзөгө ашырылат. ПРООНдун курчап турган чөйрө жана бөөдө кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча Программасы, анын ичинде ПРООНдун климаттын өзгөрүшүнүн тобокелдиктерин башкаруу боюнча долбоору менен кызматташтык улантылат.
ЭЭЭСти – экологиялык жана экономикалык эсепке алуу системасын киргизүү үчүн база даярдалган. “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгесин бюджеттөө процессине интеграциялоо үчүн усулдук жетекчилик даярдалат. Ушул максаттар үчүн Финансы министрлиги, Экономика министрлиги, ошондой эле башка профилдик министрликтер жана ведомстволор менен бир катар консультациялар жана семинарларды өткөрүү пландаштырылууда. Экологиялык эсепке алуу боюнча практикалык рекомендациялар иштелип чыккан, Кыргызстанда экологиялык эсепке алуу системасын өнүктүрүү үчүн жол картасы даярдалган. Курчап турган чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын статистика боюнча маалыматтарды чогултуу жана таркатуу үчүн жооптуу министрликтер менен ведомстволордун арасында байланышты күчөтүү пландаштырылууда. Дагы бир күтүлүп жаткан натыйжа - экологиялык туруктуулукту туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук жана Борбордук Азиялык региондук процесстерине киргизүү. “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгеси өлкөнүн улуттук, региондук жана жергиликтүү деңгээлинде өкмөт, парламент, ООН, ПРООН, жарандык коом,
билим берүү мекемелери, ЖМК жана жеке сектор менен өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүүнү пландаштырып жатат. Борбордук Азия региондук деңгээлде, атап айтканда, Тажикстандагы Борбордук Азия университети, Казакстандагы “Жашыл академия”, Борбордук Азия региондук экологиялык борбор, гендер, курчап турган чөйрө, жакырчылыкты кыскартуу жагында иштеген коомдук-мамлекеттик уюмдар менен жаңы өнөктөштүк мамилелер орнотулат. Гендердик мамилелерди киргизүүгө жана ООНдун Аялдарынын коммуникациялык командасы менен тыгыз кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулат. Жалпысынан коммуникациялык иш, ошондой эле маалыматтык-түшүндүрүү иши “Жакырчылык жана жаратылыш” Демилгесин интеграциялоо максатында улуттук жана Борбордук Азиялык региондук кызматташтыкты алга илгерилетүүдө негизги факторлордун бири болуп саналат. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү принциптерин кеңири таанытуу долбоор тарабынан Экономика министрлиги жана башка өкмөттүк жана өкмөттүк эмес мекемелер, ошондой эле жергиликтүү башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.
Демилге Улуттук стратегиянын жана туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча өкмөттүн Программасынын негизги артыкчылыктарын жүзөгө ашырууда колдоо көрсөтөт. Эксперттердин күчаракети бюджеттөө маселесине жана экономикалыкэкологиялык эсепке алуу системасына көңүл топтоо менен “экологиянын экономикасы” маселеси боюнча потенциалды жогорулатууга багытталат. Экинчи фазаны жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргызстан үчүн туруктуу өнүктүрүү индикаторлорун иштеп чыгууну аяктоо пландаштырылып жатат, “жашыл өсүш” индикаторун пайдалануу сунуш кылынат. Улуттук статистикалык комитет менен бирдикте ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ
31
ПРООНдун социалдык-экономикалык багыты, ПРООН-ЮНЕПтин Кыргыз Республикасындагы “Кедейлик жана курчап турган чөйрө” Демилгеси, Бишкек шаары, Манас проспекти, 101/1 (5-кабатж, 616-бөлмө.) Тел. +996 312 69 43 80 Полноправные люди. Устойчивые страны.
32
www.unpei.org www.kg.undp.org
ПРООН-ЮНЕПТИН “ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ” ДЕМИЛГЕСИ