Фоторепортаж
Кыргыз Республикасындагы аялдар жана курчап турган чөйрө
2015. БУУнун өнүктүрүү Программасы, БУУнун курчап турган чөйрө боюнча программасы, Глобалдуу экология фонду, Борбор Азиядагы Америка университети. Текстти Елена Ким жазган. Бул окуу куралында берилген көз караштар авторлордун көз караштарын чагылдырат жана катышкан мамлекеттерди, жана БУУнун өнүктүрүү Программасын кошуп алганда, БУУнун көз караштары менен төп келбеши мүмкүн. Фотосүрөттөр: Айпери Жанызакова, Асел Мырзабекова, Елена Ким (эгерде башкача көрсөтүлбөсө) тарабынан даярдалган. Этикалык себептер боюнча бардык катышуучулардын аттары жана фамилилары башкаларга алмаштырылган. Фотосүрөттөр катышуучулардын уруксаты менен жасалган. Тартылган сүрөттөрдү жана фотосүрөттөрдү басылма материалдарда жана маалыматтын көрсөтмө каражаттарында пайдаланууга катышуучулардын макулдугу алынган.
Баяндама
Бул фоторепортаж БУУнун өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана БУУнун курчап турган чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) “Жакырчылык жана курчап турган чөйрө” демилгесин каржылоодо 2015-жылы Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучулар курамы жана студенттери жүргүзгөн изилдөөлөргө негизделген. Жакырчылык жана курчап турган чөйрө” демилгеси бул - БУУнун жакырчылык менен курчап турган чөйрөнүн ортосундагы байланыштарды улуттук өнүгүүнү пландаштыруу программасына киргизүү боюнча мамлекеттик күч-аракеттерди колдоого багытталган аракети. “Жакырчылык жана курчап турган чөйрө” демилгеси мамлекеттик өнөктөргө дараметти күчөтүүчү институциалык программаларды түзүүдө каржылык жана техникалык жардамды, ошондой эле жакырчылык жана курчап турган чөйрө менен байланышкан проблемалар боюнча ишти жүзөгө ашырууну камсыз кылат. Кыргыз Республикасында калктын 65%ынан ашыгы айылдык райондордо жашайт. (Дүйнөлүк банктын демилгеси, 2010). Бүгүнкү күндө жакырчылыктын жыйынды деңгээли 40,8%ды түзүп, ошол эле убакта айыл жеринде жашаган калктын 9,4%ы өтө жакырчылыктын шарттарында турат. Айылдык калктын жакыр бөлүгүнүн арасында аялдар жакырчылыктын жана жокчулуктун алдында кыйла жармач. Айыл жеринде жашаган жана аларды аялдар башкарган үй чарбаларынын 53 пайызы жакыр катары классификацияланат. Алардын ичинен 15%ы өтө жакыр шарттарда жашайт (Айылдык жакырчылык порталы, 2014). Айыл жеринде жашаган аялдар кыйла төмөн сапаттагы базалык кызматтарды алууга кыйла ооп, ошондой эле жумушсуздукка эркектерге караганда көбүрөөк дуушар болот. Эмгекке орношууда аялдардын эмгегине эркектердикине караганда аз акы төлөнөт. Аялдар жашоонун коомдук чөйрөлөрүндө чечимдерди кабыл алууга өтө сейрек тең катышат. Бүгүнкү күндө айыл жеринде жашаган аялдар жайыт чарбаларын уюштуруу боюнча комитеттердин мүчөлөрүнүн 6%ына (БУУӨП, 2014) гана, суу ресурстарын пайдалануучулардын ассоциациясынын мүчөлөрүнүн 18%ына, муниципалдык кеңештердин мүчөлөрүнүн 13,6%ына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын 4,65%ына өкүлчүлүк кылат. Айыл жеринде жашаган аялдар үй чарбасына көмөктөшүп жана балдарды багып эркектерге караганда убакыттын кыйла көп бөлүгүн үйдө өткөрөт. Ошол эле убакта алардын жаратылыш жана экономикалык ресурстарга жетүүсү өтө чектелүү болот жана аялдар кандайдыр бир жерге же мүлккө, мисалы, айыл чарба машиналарына же бодо малга ээлик кылышы күмөнчүлүк туудурат. Ошол эле убакта аялдар айыл чарбасындагы жумушчу күчүнүн негизги бөлүгүн түзүп, алардын экономикага жана үй чарбасындагы ишке иш жүзүндөгү салымы дээрлик көзгө көрүнбөстөн калат. «Кыргызстандын айыл жаатындагы “Гендер, жакырчылык жана курчап турган чөйрө: Жаратылыш ресурстарын башкаруу проблемалары, биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу жана айылдык калктын жакыр бөлүгү үчүн экологиянын начарлашынын кесепеттери” деп аталган изилдөө “Жакырчылыктын, курчап турган чөйрөнүн жана биологиялык ар түрдүүлүктүн таасири астында гендер жөнүндө маалыматтуулукту жогорулатуу” деп аталган “Жакырчылык жана курчап турган чөйрө” демилгеси каржылоочу кыйла ири долбоордун маанилүү бөлүгүн түзөт. Бул изилдөөнүн методологиясынын бир бөлүгү сапаттуу маалыматтарды жыйноого топтолуп, алар айылдык аялдардын иш жүзүндөгү окуяларын, алардын айыл чарбасындагы ролун жана ага кошкон салымын, алардын дараметин жана билимдерин, ошондой эле алар башынан кечирген кыйынчылыктарды жана аларда болгон муктаждыктарды көрсөтөт.
Айкөкүл: картошка өстүрүү жолу менен акча табуу
Айкөкүл отуздан бир аз ашкан жана алты баланы өстүрүп жаткан күйөөсү бар аял. Ал өз окуяларын “биз иштебейбиз, бирок беш балага мамлекеттик жөлөк пулдарды алабыз” деген сөздөр менен баштайт, бирок өзүнүн андан аркы жашоосун баяндоодон өзүн жана өз үй бүлөсүн багуу үчүн бул аял иш жүзүндө канчалык тырышып иштегени даана көрүнүп турат. Акыркы он беш жылда ал акча табуу үчүн ар кандай фермердик иштерди иштейт. Айылынын көпчүлүк аялдарындай эле ал өзү сарптаган каражаттар канчалык үзүрлүү болоруна көз каранды болуп, чыгымдарын жакшылап пландаштырат. Айкөкүлдүн жер участокторунун бири 15 гектарды түзүп, анда ар кандай сорттогу жыйырма түп алма жана жыйырма түп абрикос бар. Акчалай киреше абрикостун түшүмүн сатуудан түшөт. Бул акча каражаттарынын Айкөкүлдүн үй-бүлөсүндөгү өзүнчө милдети бар: «Жайында өз абрикосторубузду сатабыз. Ал акчаларды биздин малды жайлоого (алыскы жайыттар) кайтарган малчыларга акы төлөөгө жана тоют сатып алууга пайдаланабыз. Уйлардан алган сүттү сатуудан түшкөн чакан кирешени Айкөкүл тамак жана балдар үчүн биринчи зарыл болгон буюмдар сыяктуу күнүмдүк чыгымдарга пайдаланат. Андан тышкары ал үй-бүлөнүн тамак-ашын өз огородунда өстүргөндөр - бадыраң, помидор, капуста, сабиз, чамгыр, пияз, сарымсак ж.у.сяктуулар менен толуктайт. Күзүндө алмаларды сатуудан алынган киреше балдарга жылуу буюмдарды сатып алуу үчүн пайдаланылат. Айкөкүлдүн милдеттеринин тизмесине картошка өстүрүү кирет. Бул роль үй-бүлөдө ага гана таандык. Картошканын баасы өтө төмөн деп даттанат ал, бирок ошого карабастан өлчөмү 0,2 гектар аянтта аны өстүрүүнү жигердүү улантат. Үй-бүлөдө ал жалгаз гана жер айдайт, картошка тигет жана аны отойт. Эгерде отоо үчүн машина пайдаланууга каражаттар болсо, анда алар ошондой кылат. Калган учурларда Айкөкүл муну кол менен жасайт. Жерди семиртүү да анын жоопкерчилигинде. Ал жөн гана колунан келбеген минералдык жер семирткичтерди пайдаланууга артыкчылык бергенине карабастан, кык сыяктуу органикалык жер семирткичтерди пайдаланат. Негизинен “колорадолук коңуздар” (Leptinotarsa decemlineata) деп аталгандарга каршы инсектициддерди жөнөтүүлөрдүн белгиленген механизми бар. Жөнөтүүчүлөр айылга келүү менен инсектициддерди картошкага алмаштырат. Айкөкүл бул механизмди көп жылдардан бери пайдаланып келет. Бул жылы анын талыкпаган эмгеги үч тонна тандалма картөшкө алып ашыгы менен кайтты. Ошого карабастан анын түшүм алгандан кийинки иши бүтүп калган жок. Түшүм жыйнагандан кийин ал түшүмдү үчкө - сатууга, үрөнгө жана керектөөгө бөлүүгө тийиш: “Мен кыйла кесек картошканы сатууга бөлүп алам. Эң майдалары кийинки жылы үрөнгө кетет. Кесиктердин баарын үйгө калтырам. Биз аларды өзүбүз жейбиз”. Айкөкүл өз түшүмүн тор мүшөктөргө салып жертөлөгө жыят. “Мен мунун баарын жасаганды бала кезимден билем. Кичинекей кыз кезимде эле мындайды өз үй-бүлөмдө жасачумун. Биздин үй-бүлө картошка жана сарымсак өстүрчү. Эми муну мен өз балдарым үчүн жасайм”, - дейт ал. Фотосүрөт: Айкөкүл өзүнүн алты баласы менен огороддо.
Гүлчехра: үрөндөрдү тандап алуу жана жыйноо
Гүлчехра Ысык-Көл областынын1 айылында жашаган 66 жаштагы пенсионер аял. Анын Ленинграддагы Техникалык Институттун диплому бар жана өз өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Бишкекте иштеген. Советтер Союзу ыдырагандан кийин 1991-жылы ал күйөөсү менен фермерчилик кылуу үчүн айылга кайтып келген. Бүгүнкү күндө алардын үй-бүлөсү он гектар айыл чарбасына жарактуу жерлерге ээлик кылып, анда алар буудай, картошка жана сулуу өстүрөт. Гүлчехранын жоопкерчилиги үрөндөрдүн жогорку сапатын камсыз кылууда турат. “Мен дайыма өз үрөндөрүм менен иштейм. Аларды мен тандап алып, жыйнайм жана сактайм. Мен кайсы үррөндөр мыкты болуп саналарын көрүп турам. Бардык үрөндөрдү сепкенге чейин текшерем. Мен үрөндөрдү гуматка жайгаштырам. Гумат органикалык жер семирткич болуп саналат. Анын зыяндуулугу жок. Мына ошентип мен үрөндүрдү эки-үч күндүн ичинде гуматка салам жана андан кийин 20га жакын үрөндү кездеменин кесиндисине отургузам жана күн тийген тараптагы терезеге коём. Алардын канчасы өнгөндүгүнө көз салам. Эгерде 20 үрөндүн ичинен 17си өнсө, мен муну жакшы натыйжа деп эсептейм. Андан кийин үрөндөрдү элге таратып бере алам. Ошондо менин абийирим таза болот - мен адамдарга жакшы үрөндөрдү берем. Үрөндөрдүн сапаты артыкчылыктуу болуп саналат. Ооба, адамдар мага буудайдын, сулуунун жана кара беденин үрөндөрү үчүн келет”. Чынында эле бүткүл дүйнөдөгү аялдар өсүмдүктөрдүн каалаган мүнөздөмөлөрүн тандап алуу менен алектенет жана канча санды жана ар кандайлыкты сактап калууну, ошондой эле үрөндөрдү тандап алуунун салтка айланган процессинин аркасында аларды кандай ыкма менен сактап калууну чечет. Түшүм гүлдөгөн учурда аялдар өсүмдүктөргө көз салат жана андан ары алардын өлчөмүнө, данынын өскөнүнө жана зыянкечтер менен курт-кумурскаларга туруктуулугуна негизденүү менен үрөндөрдү жыйнайт2. Фотосүрөт: Гүлчехра өз багындагы алмуруттун түшүмүн көрсөтүүдө.
1
Одна из семи областей Кыргызстана
2
http://www.unep.org/PDF/Women/ChapterThree.pdf
Бекзада: Аялдардын арасындагы майда масштабдуу фермерлик жашоо каражатынын негизги булактарынын бири болуп саналат
Бекзада Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жашаган пенсия курагындагы аял. Анын огороду жашылчалардын жыл ичинде бүткүл үй-бүлөсүн тоюндуруу үчүн жеткендей санын берет. Бекзада өстүргөн үй канаттуулары анын үй бүлөсүнө жумуртка жана эт берет. Мындай фермерлик үй-бүлөлүк бюджет үчүн зор мааниге ээ болот. Өлчөмү жети миң сом болгон анын пенсиясы Бекзада үчүн кирешенин үзгүлтүксүз булагы болуп саналат3. “Мен өз огородумда баарын өстүрөм. Менин огородум менин менчик падышачылыгым. Мен баарын кандайча өстүрүү жөнүндө баарын билем. Менин сарымсагым, кызылчам, чамгырым, сабизим, картошкам, таруум бар. Менин алмам, абрикосум, алмурутум бар. Сарымсакты жыйнап алгандан кийин анын ордуна чамгыр айдайм. Мурдагүнү мен чамгырдын түшүмүн үздүм. Бадыраң, помидор, капуста да өстүрөм. Мунун баары биздин бакчада өсөт - анын баары биздики. Мен (тыным алып) күн караманын майын жана кант гана сатып алам, калган бардыгы бизде бар, нанды өзүбүз бышырабыз. Ар кандай кесмелерди өзүбүз кесебиз. Биздин тоокторубуз да бар, ошондуктан жумуртка сатып албайбыз. Жыл сайын январдан кийин тооктун, күрптүн ж.у.с. этин жейбиз. Жалпысынан эт да өзүбүздүкү. Болгону күч жумшоо керек, күч жумшоо менен башты иштетип иштөө керек. Ошондо баары мүмкүн болуп калат. Баары өзүңүздүкү болот, бул жерге баарын айдоого болот жана ал өсүп чыгат. Фотосүрөт: Аялдар өстүргөн тамак-аш азыктары
3
Кыргыз Республикасынын валютасы, 1 сом 1 доллардын 0.014га барабар (Октябрдагы алмаштыруу курсу, 2015)
Бурул: Cалтка айланган билимдердин жардамы менен үй канаттууларын багуу
Бүткүл дүйнө боюнча аял фермерлер ар кандай өсүмдүктөрдү, айбанаттарды жана үй канаттууларын жакшыртууда жана ыңгайлаштырууда маанилүү роль ойногон . Демейде аялдар майда үй жандыктарына көз салат. Алар малды артыкчылыктуу белгилери боюнча тандап алат жана багат. Мексиканын түштүк-чыгыш бөлүгүндө аялдар жергиликтүү тооктордун бүтүндөй тогуз ар кандай тукумун, ошондой эле күрптөрдүн, өрдөктөрдүн жана жөжөлөрдүн жергиликтүү тукумдарын багат. Мыкты тукумдарды тандап алууда алар бир мүнөздөмөнү жетекчиликке алат жана ал мүнөздөмөлөр боюнча ар бир тукумду жана түрдү айырмалай алат . Дээрлик ар бир үй-бүлөдө үй канаттууларынын бир нече саны болгон Кыргызстандын айылдарында буга окшогон иш жасалып жаткандыгын ушул изилдөө белгиледи. Бурул мындай үй-бүлөлөрдүн биринин мүчөсү болуп саналат жана ал бул изилдөөдө өз билимин бөлүштүрүүгө макул болду: “Айылдардагы аялдар үй канаттууларын кандай багууну, мыкты тукумдарды кандайча чыгарууну жана аларды кандай тамактандырууну билет. Мисалы, жазында жумуртка өндүрүүнү көбөйтүү үчүн белгилүү бир тоют берүү зарыл. Тооктор жумуртка басышы үчүн аларга башка тоют берүү зарыл. Жазында алар жумуртка баса башташы үчүн ачыткыларды камтыган тоют берем. Мен мыкты жумурткаларды тандап алам жана аларды тооктордун алдына салам. Так сан салган жакшы. Он тоокко бир короз болушу зарыл. Эң чоң жана эң кооз короздорду тандап алам. Алар кыйла жаалдуу, көзгө толумдуу жана урушчаак келет... Ошондой эле канаттууну кайсы убакта союуну билүү зарыл. Муну январда жасаган баарынан жакшы”. Фотосүрөт: Бурул сапаты жогорку жумурткаларды көрсөтүүдө.
4 http://www.unep.org/PDF/Women/ChapterThree.pdf 5 http://www.unep.org/PDF/Women/ChapterThree.pdf
Биологиялык ар түрдүүлүктү пайдаланып
Изилдөө жүргүзүлгөн жерлердин бири Ысык-Көл областындагы айыл болду. Жергиликтүү тургундар биологиялык ар түрдүүлүктү тамак-аш катары, медициналык максаттарда, жагуу үчүн материал катары жана көңүл ачууну кошуп алганда ар кандай максаттар үчүн пайдаланат. Төмөндө алардын айткандарынан айрым үзүндүлөр келтирилген: Гулайым, 66 жаш, Ысык-Көл областы: “Ит мурун чычырканак сыяктуу эле бизге жакын жерде, көлдүн жээгинде өсөт. Биз аларды жыйнайбыз жана жейбиз. Мен чөптөрдү чогултуп, аларды кургатам, сактоого алып коём жана аларды кыш убагында пайдаланабыз. Мен ал чөптөрдүн жардамы менен жөтөлдү дарылайм. Аларды мончонун буусуна пайдаланам. Мындай чөптөрдүн арасында тегерек баш чөп, каакым, четин ж.б. бар”. Гүлнара, 52 жаш, Ысык-Көл областы: “Биз кара карагатты, чычырканактын ашын кыямга чогултабыз. Мен аллергияга, ич өткөккө ж.б. каршы дары-дармек чөптөрдү да чогултам. Мен дайыма пайдаланган чөптөрдүн баары 4 - 5 чөптүн түрү болот”. Таалай, 20 жаш, Ысык-Көл областы: “Мен тутандыруу үчүн куурай чогултам. Энем менен карындашым чычырканактын ашын жана карагатты кыямга чогултат. Куурайды демейде эркектер чогултат, мөмөлөрдү улуурак жана кичүрөөк аялдар чогултат”. Жамиля, 29 лет, Ысык-Көл областы: “Биз бул жерге көлгө түшүү үчүн келебиз, бадалдан кыямга, шире үчүн жана дары-дармек катары ит мурун чогултабыз. Биздей айылдык аялдарга бадалды аралап узак сейилдөө жагат”. Фотосүрөт: Жергиликтүү аял небереси менен өз огорудунда
Биологиялык ар түрдүүлүктү пайдалануу: Кыргызстанда салтка айланган дарылоодогу дары-дармек чөптөр
Малика ысык-көлдүк айылдардын биринде 25 жыл мектеп мугалими болуп иштеген. Маликанын күйөөсү 10 жыл мурда каза болгон. Жубайы каза болгондон кийин Малика расмий медицинага ишенбей калган жана аздан соң элдик дарыгер болуп алган. Акыркы бир нече жылда дары-дармек өсүмдүктөрүн жыйноо менен алектенет. Бул билимди жана көндүмдөрдү ал өз энесинен алган, энеси өз убагында энесинен алыптыр. Зарыл өсүмдүктөрдү чогултуу үчүн Малика бийик тоолорго узакка барат. Адегенде ал кичинекей айылга чейин машина менен барып, андан кийин өзүнө керектүү жерге чейин жетүү үчүн атка минет. Буга Маликанын бир жумасы кетиши мүмкүн. Малика жакшы көргөн өсүмдүктөрдүн арасынан алтын тамыр катары кыйла белгилүү болгон радиоланы, стаггорн папоротнигин жана аталышын ал билбеген башкаларды бөлүп көрсөтүүгө болот. Ал бул өсүмдүктөрдүн пайдалуу касиеттерин өз энесинен жана таенесинен билип алган жана адамдардын жыргалчылыгына кандайча пайдаланууну билет. “Адамга, анын оорусуна жардам берүүгө жөндөмдүү беш өсүмдүк бар. Бирок мага алар кандай зыян алып келе тургандыгын да билүү зарыл. Дары-дармек өсүмдүктөрү дайым эле жардам бере албай тургандыгын мен айтып коюшум керек дейт” - Малика. Ал дары-дармек өсүмдүктөрүн үйүндө өстүрүүгө да аракет кылып көрдү, бирок баары ойдогудай болгон жок. “Баары пайдасыз болду, анткени ал өсүмдүктөрдүн касиеттери анчейин күчтүү болгон жок. Бул жерде климат да, жер кыртышы да, аба да зор роль ойнойт”. Малика өзүнүн социалдык статусу жогорулагандыгын сезет жана адамдар ага ыраазы экендигин көрүп жүрөт. Өз айылында Малика жараларга, циститке, миомага, чүчөк ооруларына, заара безинин сезгенүүсүнө жана жадагалса тукумсуздукка жардам берген. Анын адамдарга жардамы жана дары-дармек өсүмдүктөрү жөнүндө билгендери Малика өз кызматтары үчүн акыны эч качан дайындабаганына карабастан үй-бүлөлүк бюджетти толтурууга да жардам берет.
Фотосүрөт: Малика өзүнүн чөптөрүнүн, тундурмаларынын жана чөп суусундуктарынын коллекциясын көрсөтүүдө.
Биологиялык ар түрдүүлүктү пайдалануу: Ысык-Көлдө жапайы бадал мөмөлөрүн жыйноо
Ысык-Көлдүн жээги чычырканактын көптүгү менен кеңири белгилүү. Чычырканак жаратылышта суук региондордо өсөт жана суукка каршы туруусунун деңгээли жогору. Чычырканак мителерден сейрек жабыр тартат жана айбанаттардын көпчүлүгү бул өсүмдүктөн окчун өтөт. Ысык-Көл областында чычырканак экологиялык тутумду коргоодо чоң роль ойнойт, анткени ал кыртыштын эрозиясына тоскоолдук кылат жана ар кандай булгануулардан өз алдынча тазаланууга жардам бергендиги кыйла маанилүү. Бүгүнкү күндө чычырканак Кызыл китепке киргизилген жана мына ошентип санкцияланбаган мезгилдик жыйноодон мыйзам менен корголгон. Чычырканак тамак-аш азыгы жана медициналык максаттарда пайдаланылуучу продукт катары экономикалык ресурс да болуп саналат. Мөмө E, B1, B2 витаминдерине жана антиоксиданттардын көп санына бай. Мөмөдө камтылган жүзгө жакын пайдалуу компоненттери Жердеги эң аш болумдуулардын бири кылат. Чычырканактын жалбырактары да майлуу кислоталардын көп камтылгандыгынан пиво ачытууда да пайдаланылат. Мөмөлөрдүн кайра иштетилген жумшак эти джемдерди, кыямдарды, соустарды ж.б.у.с. өндүрүү үчүн пайдаланылат. Чычырканактын данегинен алынуучу май медициналык максаттар үчүн пайдаланылат. Чычырканактын майынын жардамы менен тери ооруларынын, кесип алган жана урунган жерлердин ар кандай түрлөрүн дарылайт. Космонавттар аны радиациядан алынган күйгөн жерлерге пайдаланат. Жети-Өгүз Ысык-Көл областынын түштүк чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Региондун бул бөлүгүндө 51 айылдын тургундары топтошуп жашайт. Жеңиш айылы алардын бири. Айылдын тургундарынын көпчүлүгү чычырканакты тамак-аш катары жана кошумча киреше алуу үчүн пайдаланат. Орто курактагы күйөөсү менен үч баланы тарбиялап жаткан Саида деген аял айылдын тургундарынын бири. Саида жергиликтүү тиричилик техникасы дүкөнүндө сатуучу болуп иштейт. Анын иштеп тапканы негизги жана бул үй-бүлөдө жалгыз үзгүлтүксүз болуп саналат. Анын күйөөсү алардын багы менен байланышкан ишти иштейт жана кийин сатуу үчүн алмаларды, алмуруттарды жана абрикосторду өстүрөт. Үй айбанаттары да бар, ошондукуктан Саида күйөөсү жана балдары менен жумуртка, сүт жана эт менен тамактанышы мүмкүн. Айылга 15 жыл мурун отурукташкан Саида көпкө иш таппай жүргөн жана үй-бүлөнүн туруктуу кирешеси болгон эмес. Дал ошол убакта ага чычырканак менен иштөө идеясы келген. 2005-жылдан тартып Саида үй-бүлөсү менен тоого үзгүлтүксүз барат жана бул баалуу жемишти чогултат. “Күйөөм жана балдарым менен биз тоого жыл сайын чыгабыз. Эгерде бизди кимдир бирөө жеткирип койбосо жөө барабыз. Биз бышкан мөмөлөрү бар бутакчаларды кыркабыз жана төмөн жакка жеткиребиз. Андан кийин мен мөмөлөрдү сабагынан үзөм. Муну мен же үйдө, же кардарлар жок болгон кезде жумушта жасайм”. Орто эсеп менен Саида жана анын үй-бүлөсү июлда башталган жана ноябрда аяктаган мезгилдин ичинде чычырканактын 100 килограммга жакын мөмөсүн чогулта алат. Өз иши үчүн Саида жыл сайын 10 миң сомго жакын пайда алышы мүмкүн. “Бул менин жеке аманатым” - дейт Саида. Ошого карабастан кийин ал бизге акчалар үй-бүлөнүн муктаждыктарына кетерин айтты. “Мен өз балдарым үчүн кышка жылуу кийим сатып алам. Мага үйүбүздү жылытуу жана тамак-аш бышыруу үчүн кышкы убакта пайдалана турган отун жана көмүр сатып алууга туура келет”. Бул айылдагы көпчүлүк башка үй-бүлөлөрдөй эле Саида жана анын үй-бүлөсү жаратылыштын белектеринен экономикалык пайда алат. Акыркы убакта чычырканактын белгилүү бир өзгөрүүгө дуушар болуп жаткандыгын да белгилейт Саида. Бул мөмөнүн сапаты төмөндөөдө, ал эми аны табуу кыйыныраак болуп баратат. Мөмөлөрдүн жана анын түптөрүнүн саны азыраак болуп калды. Мөмөлөрдүн өзү да өлчөмү боюнча кичирейип кетти”. Фотосүрөт: Саида анын мөмөлөрүн чогултканы жаткан бадалдардын бирин көрсөтүүдө
Биологиялык ар түрдүүлүктү пайдалануу: Жапайы өскөн козу карындар
Калима сегизинчи класста окуп жүргөн кезде козу карын чогултуучу болду. Ар бир жай сайын ал атасы экөө бийик тоолорго узакка баруу менен чатырларда жашап жана козу карын чогултуп, ал жерде болжол менен бир айга калышчу. Негизинен алар козу карындын ар кандай түрлөрүн чогултушчу. Ал атасы менен козу карынга толгон каптарды чатырларына алып келишип, ал жерден аларды тазалашып, кайнатышып жана туздашчу. Андан кийин алар козу карындарды кайрадан каптарга салышчу. Андан кийин үй-бүлө козу карындардын бир бөлүгүн эң жакын шаар Чолпон-Атага базарга жөнөтүп, ал жердеги туугандары аларды сатууга жардам беришчү. Демейде бир килограмм үчүн 200 сом төлөгөн соода ортомчулары сатып алуучулар болчу. Калима соода ортомчусу козу карындарды андан ары сатуу үчүн Казакстанга жөнөтөрүн билчү. Кээде алар козу карындардын бир нече санын кыйла кийинки мезгилге калтырчу, анткени кышка жакын калганда козу карынга баалар кымбаттачу. Калима үчүн козу карын жыйноо оор иш. Эртең мененки саат 5те туруу, жолго тамак даярдоо жана күн сайын тоого чыгуу жана түшүү керек. Алар алган киреше ар бир адамга 10 000ден 15 000 миң сомдун тегерегинде болчу, бирок Калима иштеп тапкан акчаны дал кандайча сарптоо жөнүндө чечим кабыл алууга эч качан катышчу эмес. Фотосүрөт: Ысык-Көл областындагы козу карын жыйноочу жер
Аялдар Арсланбабда грек жаңгактарын жыйноочулар, Баткен областы
Рахат Сабырбеков, Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу, 2015-жылдын ноябрында Бишкекте уюштурулган региондук Борбор Азия конференциясынын алкагында “Гендердик теңдик жана трансформациялык өзгөрүү үчүн туруктуу өнүгүү” темасында изилдөөчүлүк отчетту берген. Өз отчетунда ал өз үй-бүлөлөрүнүн экономикалык жыргалчылыгы үчүн грек жаңгактарын жыйноо жана иштетүү процессиндеги аялдардын өзгөчө ролун баса белгилеген. Фото: автору Рахат Сабырбеков
Жармачтык: айыл чарба азыктарына көз карандылык
Климаттын өзгөрүүлөрүнө жана биологиялык ар түрдүүлүктү жоготууга жармачтык адамдар табийгый ресурстарга көз каранды болгондугуна байланыштуу сезилет. Кыргызстанда айыл жергесиндеги адамдардын тамактануусу өздөрү талааларда, огороддордо жана жер участокторунда өстүргөн айыл чарба азыктарына катуу көз каранды. Мал жана канаттууларды багуу - мунун баары адамдарды кирешелер жана жашоо каражаттары менен жабдыйт. Төмөндө Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жашаган үй-бүлөнүн айтып бергендери келтирилген. Алардын үй-бүлөсү жапайы өсүмдүктөрдү пайдаланбагандыгына карабастан алардын табийгый ресурстарга көз карандылыгы даана көрүнүп турат. Фоторепортаждардын катышуучуларынын бири Жамилянын айткандары боюнча: “Айылда иш жок. Биз өзүбүздүн күнүмдүк жашообузду өз огородубуз, багыбыз жана багып жаткан айбанаттарыбыз менен камсыз кылабыз. Биздин абрикосторубуз, алмаларыбыз бар. Картошка жана арпа өстүрөбүз. Артып калгандарды сатабыз, бирок негизинен өстүргөндөрүбүздүн баарын жейбиз”. Төмөндө айылдагы жашоосу бүтүндөй айыл чарба азыктарына көз каранды болгон Тазагүл аттуу аялдын окуясы келтирилген. Тазагүл отуз жаш чамасында. Анын иши жок, алты кичине баласын расмий түрдө иштебеген күйөөсү менен бирге өстүрүүдө. Үй-бүлөнүн бир нече кою, бодо малы жана үй канаттуулары бар. Уйлары жана үй канаттуулары үчүн толук жоопкерчилик Тазагүлдүн мойнунда. Бардык азыктар үй-бүлөнүн муктаждыктарына кетет. Тазагүл өз огородун пайдаланат, ошондой эле үйүнөн алыс жердеги чоңураак участокту ижарага алып, ал жерге үй-бүлөсү үчүн жана сатууга картошка өстүрөт. Картошканы жыйнагандан кийин ал сарымсак тигип, аны кийин сатат. Акча түрүндөгү киреше Тазагүлдүн үй-бүлөсүнө кайра сатуу менен алектенген күйөөсүнүн ишинен түшөт Ал айылдан алма сатып алат жана сатуу үчүн башка жерге алып барат. Бул кирешени үй-бүлө бардык алты баласын кененирээк жайгаштыруу үчүн жакында кура баштаган үйдү кеңейтүү боюнча чакан курулуш үчүн пайдаланат. Үй-бүлө жайдын ортосунда абрикос сатуудан да киреше алат. Бирок ал акчалар демейде мал жана канаттуулар үчүн тоют сатып алууга кетет. Бодо мал үй-бүлө үчүн маанилүү роль ойнойт, анткени сүттүн жана сүт азыгынын - жергиликтүү рациондун маанилүү компонентинин булагы болуп саналат. Койлорду да алар өз муктаждыктары үчүн пайдаланат. “Биз койдун этин жейбиз. Койлорду биз өзгөчө учурларда гана сатабыз. Азыр алардын баасы өтө төмөн” - дейт Тазагүл. Үйбүлө малы жана машинасы бар болгондугу үчүн чен баалар боюнча туура келбегендигине байланыштуу балдарга мамлекеттик жөлөк пул албайт. Ошондуктан пенсия алган кайын энеси менен бирге алар балдарга билим жана бардык зарыл нерселерди берүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого далалаттанат. “Эгерде мунун баарын жасабаса, анда балдарды чоңойтууга мүмкүн эмес - дейт Тазагүл. Фотосүрөт: Сатууга терилген алмалар.
Жармачтык: базар баасын үзгүлтүккө учуратуу
Жыпар тарых боюнча жогорку билими бар мурдагы мектеп мугалими. Азыр ал пенсияда, эр жеткен беш баласы жана эки небереси менен жашап, алар дайыма аны жана анын күйөөсү менен чогуу жашайт. Анын алма, абрикос жана алмурут дарактары өскөн багы бар. Анын огороду да бар, анда ал капуста, помидор, бадыраң, сабиз, кызылча жана картошка сыяктуу жашылчаларды өстүрөт. Жыпар өз жашылчаларынын көпчүлүгүн кышка банкага жабат, ошондой эле аларды күнүмдүк тамакка даярдайт. Ал төмөнкүдөй айтат: ”Биздин огородубуз өзүбүзгө жетиштүү. Бизге эч нерсе сатып алуунун кереги жок, бирок эч нерсени да сатпайбыз. Огороддо өскөндөрдүн баарын өзүбүздүн тамак-ашыбызга пайдаланабыз. Анткени биздин кичинекей неберелерибиз бар. Жашылчаларды Бишкекте жашаган балдарыбызга жөнөтөбүз. Мисалы, картошка сатуунун кереги жок, анткени ал үчүн аз акча сунуш кылат. Бирок мурда аны саткан күндөрүбүз болгон”. Жыпар үй-бүлөнүн бюджети үчүн абрикос өстүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт. Ал мындай дейт: “Биз жайында абрикос өстүрөбүз. Абрикосту сатуудан иштеп тапканыбыз кышында жашоого жетиштүү болот. Биз абрикостордун эсебинен жашайбыз деп айта алам. Акыркы он - он беш жылдын ичинде абрикостор кирешенин негизги булагы болуп калды”. Жыпар менен күйөөсү абрикос дарактарынын түшүмдүүлүгүн колдоо үчүн мүмкүн болгондун баарын жасайт. Алар органикалык жер семирткичтерди (кык жана минералдык жер семирткичтерди (селитраны) жана инсектициддерди пайдаланат. Кумурскалар жана башка курттар бутактарды мителебеши жана чиритпеши үчүн ар бир даракты актайт: “Биз мөндүрү жана чагылганы жок жакшы аба ырайы жөнүндө сыйынабыз жана суранабыз” - деп айтат ал жылмайып. Жыпардын чарбасы окшогон үй чарбалары өз азыктарын сатуу үчүн кыйла ири базарларга жетүүсү чектелүү жана жалпысынан наркты кошуп эсептөөнүн чынжырынын ар бир звеносунда кыйынчылыктарга туш болот. Мына ошентип алар өз азыктарынын биротоло наркынын кичинекей үлүшүн гана алат. Кыйла ири же альтернативдүү базарларга жетүүсү болбогондуктан Жыпар айылдагы башка үй-бүлөлөрдөй эле сатып өткөрүүнүн бир гана каналын - соода ортомчуларын пайдаланат. Соода ортомчулар айылга жылдын белгилүү бир убагында келет (оор жүк ташуучу автомобилдер менен) жана айылдыктарда болгон азыктардын баарын сатып алып кетет. Сооданын мындай схемасы эбак эле белгиленген жана жергиликтүү фермерлерди жалпысынан канааттандырат. Бирок мындай тутумга көз карандылык ишенимсиздикке алып келет. Быйылкы жылы ал айылда дал ошондой болду. Жыпар аны мындай айтып берди: “Быйылкы жылы бизде чоң проблема келип чыкты. Жүк ташуучу машиналар айылыбызга бардык абрикостор абдан бышып кеткен кезде өтө кеч келди. Биз абрикосторубузду сата албай калдык, ошондуктан бизге айнек банкаларды сатып алып шире жасоого жана аларды кышка банкаларга жабууга туура келди. Биз 40 банка жаптык (жүз жыйырма литр). Албетте бул шире жаш балдарга Кока-Колага же Фантага караганда кыйла пайдалуу. Бирок биз кирешебиздин жарымынан айрылдык. Бизге бул кышта койлорубузду сатууга туура келет”. Фотосүрөт: Жергиликтүү аял небереси менен жемиш багында жүрөт.
Аида: биологиялык ар түрдүүлүктү салтка айланган билимдер менен коргоо
Аида Жумагул Айыл Өкмөтүндө6 жайгашкан айылдагы 56 жаштагы пенсияга чыккан биология жана химия мугалими. 2015-жылдын жайынын ортосунда Аида өзүнүн үй бизнесин баштаган. Салтка айланган рецептерди өз билимдерин жана жаңычылдык ой жүгүртүүсүн пайдаланып, ал кыргыз улуттук тамактарын жана ысылыктарын даярдайт. Аида жасаган 7 куруттардын ар кандай түрлөрү өзгөчө айырмаланат. Куруттун жыйырмадан ашык түрлөрү өзүнө классикалык салтка айланган рецептерди, өзгөчө даамды жана табийгый кошулмаларды бириктирип турат. Мисалы, Аида ойлоп тапкан жаңы даамдардын арасында бадал мөмөлөрү, кызылча, карагат, дан куурай, кулпунай, жылкы эти, май, ашкөк, кургатылган кара өрүк ж.б. кошулган куруттар бар. Аида өзүнүн жаңычылдык курутун «витаминдештирилген курут» деп атайт жана рецептерди сактап калуу үчүн жазып коёт (аларды «рефераттар» деп атайт). Ал ар бир курутту курамы боюнча (кальций, витаминдердин түрлөрү ж.у.с.) баяндап жазат. Рецептердин көп санын жана башка жаңычылдык чечимдерди издөөдө ал А. Алтымышев жазган “Кыргызстандын дары чөптөрү” аттуу китепти пайдаланат. (Проверить автора и название!!!.) Куруттан тышкары Аида акырындан өз белгилүүлүгүн жоготуп бара жаткан “чөбөгө”, “гүлазык”, “уй кымыз”, “кошкон май”, “талкан” жана башка улуттук тамактарды жасайт. Салтка айланган рецептерди жана жаңы идеяларды бириктирүү бул - Аиданы мүнөздөгөндөр. Мисалы, ал дессерттин жаңы түрүн алуу үчүн сары майга бал, кургатылган мейиз жана жаңгак кошот. “Бүгүнкү күндө сүт өтө арзан турат. Көп адамдар сүттү жерге төккөнүн жана сүт азыктарынан кандайча арылганын көргөм. Бул мага жаккан жок. Мен бул азыктарды кандай пайдаланууну билем жана сүттү кандай колдонууну жаш кыздарга да үйрөтөм. Сүттү сатуу өтө арзанга турат, ал эми курут жакшы бааны сактап турат”. Аиданын кошуналары айылдын чегинен тышкары кимдир бирөөнүкүнө барган кезде андан курут сатып алат. Анын кыздары курутту Бишкекте жайылтууда жардамдашууда. Ал өз азыктарын кичүү кызынын жардамы менен онлайн сатууну да баштады. Жакында ал Германиянын Мюнхенине 6 килограмм курут сата алды”. Фотосүрөт: Аиданын куруттарынын ар кандай түрлөрү жана анын дасторконундагы башка салтка айланган тамактар 6
Айылдык администрация. Ошондой эле администрациялык, аймактык бирдик
7
Шар сымал жаңы жасалган сыр
Жармачтык: курчап турган чөйрөнүн өзгөрүүлөрүн кабыл алгычтык
Азиза “абрикостордун борбору” катары белгилүү болгон айылда мектеп мугалими болуп иштейт. Анын үй-бүлөсүндө өз багынан абрикосторду сатуу кирешелердин негизги булагы болуп саналат. Сатуудан алган акчалар бүткүл үйбүлөнү багууга жетет. Бирок быйылкы жылы жыйнап алган мөмөлөрдүн саны кыйла кыскарды. Азиза муну климаттагы өзгөрүүлүрдүн кесепеттери менен байланыштырат. “Быйылкы жылы биз түшүмдү (абрикостордун) аз чогулттук. Бул жылы биз проблемаларга - кеч маалдагы үшүккө (2015, май) же болбосо жетишсиз чаңдашууга туш болдук. Мен кирешеден айрылдым. Мурда мезгилдин ичинде 150дөн 200 миңге чейин тапчубуз. Быйыл болгону 80 миңди гана таптык. Быйыл биз алманы да аз жыйнадык. Өткөн жылы баары кыйла жакшы болгон, бирок биз аба ырайын контролдой албайбыз. Мөндүрдү же кеч түшкөн үшүктү токтото албайбыз”. Үй- бүлө күтүлгөн кирешени албай калгандыгына байланыштууу ага өз аманаттарын жана малын пайдаланууга туура келди. Абрикосторду сатуудан аз акча алгандыгыбыздын айынан бизге койлорубуздун бир бөлүгүн сатууга туура келди. Биз контракт үчүн(үч баласын университетте окутуу үчүн акы) акы төлөө керек болгондуктан койлорубузду саттык. Үй-бүлө картошканы көбүрөөк айдап жоготуулардын ордун толтургусу келген, бирок бул үчүн алардын жери жетишсиз болду. Бирок кийинки жылы Азиза менен анын күйөөсү чоңураак участокту ижарага алууну, абрикосту сатуудан мүмкүн болуучу жоготуулардын ордун толтуруу үчүн картошканы көбүрөөк айдоону пландаштырууда. Картошка менен байланышкан жумуштар Азизанын милдеттерине киргендигине байланыштуу ага жумушту көп жасоо керектигине карабастан, бул үй-бүлө үчүн жетишерлик сарамжалдуу чечим. “Картошканы айдоо, өстүрүү жана албетте отоо үчүн мен жооптумун” - дейт ал. Азыркы учурда Азиза картошка өстүрүү үчүн 0,5 гектар жерди пайдаланууда. Эгерде үй-бүлө участоктун өлчөмүн көбөйтө алса, анда кошумча жумуш анын ансыз деле кыйын жашоосуна оор жүк болот. “Мунун баарын мен мектептеги сабактар бүткөндөн кийин жасайм, анткени мугалимдер сабактарды калтыра албайт” – дейт Азиза бизге интервьюда. Азизанын жашылчаларды өстүргөн огороду бар экенин, ошондой эле кайын атасы жана 4 жылдан бери шал болуп калган кайын энеси жана Азиза ал жөнүндө негизги кам көрүүчү болуп саналгандыгын да эске алуу керек. “Айылдык аялдын жашоосу оор. Өз жашообузду камсыз кылуу үчүн биз таң эртеден тартып иштөөгө мажбурбуз, - дейт ал. Климаттык өзгөрүүлөр тереңдеп гана кете береринин фактысын эске алып анын жоготуулардан көрүнгөн кесепеттери аялдардын иш менен камсыз болушунун көбөйүшү жана ден соолугунун начарлашы менен эсеси кайтышынын коркунучу бар. Фотосүрөт: Айылдагы демейки бак
Кыйынчылыктар: технологияларга жетүү
Тазагүл, Ысык-Көл областы: “Өтө олуттуу кыйынчылыктардын бири бул - жабдуулардын жоктугу. Тракторлор жеке менчикте жана алардын ээлери өз кызматтары үчүн акы алат. Фермерлер бензинге да кошумча акы төлөөгө тийиш. Ал кызматтан пайдалануу үчүн кезекке туруунун керек болгондугу трактор табуунун кыйла татаал экендигинде». Жыпар, Ысык-Көл областы: “Мен баарын кол менен жасайм Менин техникам жок. Картошканы отоо үчүн кетмен, ал эми казып алууга күрөк пайдаланууга тийишмин. Картошканы жыйноо үчүн комбайн пайдаланам, бирок биздин айылда бир гана комбайн бар. Бул жерде жер айдоо үчүн бир нече трактор бар. Бирок ошондой болгону менен трактордун кызматына акы төлөө үчүн менде баары бир акча жетишсиз. Баары акчадан көз каранды. Эгерде сенин акчаң жетиштүү болсо, трактор менен комбайн үчүн акы төлөй жана жакшы түшүм ала аласың”. Мээрим, Нарын областы: “Менин жабдууларым жок. Жеке менчик кызматтар өтө кымбатка турат. Жазында трактор табуу мүмкүн эмес. Эгерде бирди тапсаң, анда анын ээсинин артынан жүгүрүү жана аны биздин заказды эртерээк алууга көндүрүү керек. Ага жумшак мамиле жасоо, тамеки ж.у.с. сатып берүү керек. Мунун баары өз кызматтары үчүн алган акыга кошумча болот. Андан тышкары дизель табуу, сатып алуу жана аны алып келүү керек”. Назима, Нарын областы: “Мен 1200 сом төлөөгө жана ар бир гектарга 25 литр май сатып алууга тийишмин. Трактор үчүн1400 сомду да төлөшүм керек. Эгерде акчам болгон күндө да кызматтарды биринчилердин биринен болуп алуу үчүн көптөгөн чыр-чатактар аркылуу өтүүгө тийишмин. Ага тамеки сатып берип, тамак даярдап, пиво ж.у.с. менен майлап, трактордун айдоочусун да өзүңө тартуу керек”. Фотосүрөт: Аял Нарында өзү өстүргөн буудайдан бышырылган нанды көрсөтүүдө.
Кыйынчылыктар: Сууга жетүү
Жумагүл, Ысык-Көл областы: “Биздин сугат менен проблемабыз бар. Биз айына бир жолу гана сугара алабыз. Дарактар (абрикостор жана алмалар) айына жок дегенде үч жолу сугарылууга муктаж. Суу бизден алыста агат жана суу тоолордон бизге келиши үчүн убакыт талап кылынат. Күтүп туруу үчүн кезек өтө чоң. Суу топтомдорундагы сууну пайдаланууга болбойт, анткени анда хлор бар”. Жыпар, Ысык-Көл областы: “Биз сууга келгенде тоолорго көз карандыбыз. Менин жадагалса сууну кошуналардан уурдаган күндөрүм болгон. Кээде суу таптакыр жетпей калат. Быйылкы жылы буудай айдалган талаамды сугаруунун кезегин өткөрүп жибердим... Ошондуктан 70 каптын ордуна 40 гана кап алдым”. Асел, Нарын областы: “Жемиш отургузууга аракет кылбай койсо деле болот, антени бизде сугат суусу жок. Мен жашылчаларды көп өстүрө албайм, анткени суу жок...” Айна, Нарын областы: Мен жыл сайын70 соткадан (0.7 га) 17 тонна картошка алам. Бир кезде мен бул талаага арпа жана мал үчүн тоют өстүрчүмүн. Биз өстүргөндөр жетиштүү болот, бирок кыйынчылык сууда. Бул жерде суу таптакыр жок. Фотосүрөт: Нарын областынан аял өзүнүн капустасынын түшүмүн көрсөтүүдө.
Аялдар жана климаттын өзгөрүшү
Изабель Кемпф, Кениянын Найробисиндеги ЮНЕП-БУУӨПнын жакырчылык жана курчап турган чөйрө боюнча теңжетекчиси 2015-жылдын ноябрында Бишкекте өткөрүлгөн “Гендердик теңдик жана туруктуу өнүгүү аркылуу өзгөрүүлөргө карай жолдо” темасы боюнча региондук борбор-азиялык конференцияда бет ачар жасаган. Өз бет ачарында ал төмөнкүлөрдү баса белгилеген: “Аялдар эркектерге караганда климаттык өзгөрүүлөрдүн алдында кыйла жармач, анткени алар климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу коркунуч алдында турган табийгый ресурстарга көз каранды эң жакыр катмарлардын көпчүлүгүн түзөт. Бирок аялдар курчап турган чөйрөгө таасир көрсөтүүнүн азайышында, ошондой эле ал өзгөрүүлөргө ыңгайлашууда өзгөрүүлөрдүн натыйжалуу демилгечилери болуп саналат. Алар чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө карата ыңгайлашкан чарбадагы стратегияга карата өз салымын кошууга жөндөмдүү”. Фотосүрөт: Изабель Кемпф конференцияда сөз сүйлөөдө
Жаңычылдык айыл чарба технологиялары
Лорен Фледжор, Италиянын Риминдеги БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы Программанын координатору 2015-жылдын ноябрында Бишкекте уюштурулган “Трансформациялык өзгөрүүлөр үчүн гендердик теңчилик жана туруктуу өнүгүү” темасындагы региондук борбор-азиялык конференциянын алкагында гендер жана токой чарбасы жөнүндө отчет берген. Ал Кыргызстандагы Тоо өнөктүгү альянсынын катчылыгынын ишин баяндап берген. Бул иштин алкагында кыргыз аялдары айыл чарбасын жүргүзүүнүн климаттык натыйжалуу усулдарына окутуп-үйрөтүлүүдө, ошондой эле алдардын климаттын өзгөрүшүнө карата ыңгайлашуусунун алкагында тамак-аш жана айыл чарба тутумдарынын туруктуулугу менен дараметин күчөтүү үчүн зарыл маалыматка жетүүгө карата мүмкүнчүлүк алууда. Фото: Бул фотосүрөт Лорен Фледжордун бет ачарынан алынган. Бет ачарга шилтеме: www.mountainpartnership.org/our-work/communications/photostories/en
Университеттин студенттери жакырчылыкка, курчап турган чөйрөгө жана гендерге карата пикирин айтууда
2015-жылдын күзүндө ар кайсы жождордун студенттери Борбор Азиядагы жакырчылык, курчап турган чөйрө жана гендердик теңчилик проблемаларынын ортосундагы өз ара байланышты түшүнүү жөнүдө мыкты эссе сынагына катышкан. Мыкты иштер 2015-жылдын ноябрында Бишкекте уюштурулган “Трансформациялык өзгөрүүлөр үчүн гендердик теңдик жана туруктуу өнүгүү” жөнүндө региондук борбор-азиялык конференцияда бет ачар үчүн тандалып алынган. Асель Калдыбаева, студент: Кыргызстанда жакырчылыктын капканынан чыгуу курчап турган чөйрөнүн эсебинен болууда. Бирок айыл чарбасында аялдар Кыргызстандагы курчап турган чөйрөнүн туруктуулугун сактоо жөнүндө чечимдерге таасир көрсөтүүгө жөндөмдүү. Эгерде аларда айыл чарба жумуштары үчүн жоопкерчилик болгон учурда аялдар курчап турган чөйрөнүн узак мөөнөттүү туруктуулугуна жана элдин жыргалчылыгына инвестицияларды киргизиши мүмкүн. Алар Кыргызстанда химикаттарды ашыкча пайдаланууну чектей алат. Ал аз келгенсип билимдердин тиешелүү базасы бар аялдар аны келечектеги муундарга өткөрүп берүүгө, ошондой эле региондо иштөө менен глобалдуу ой жүгүртүүгө жүндөмдүү. Жамиля Айтакунова Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гендердик теүчиликти курчап турган чөйрөнүн начарлоо жана жакырчылыкты четтетүү алкагында жана өзгөчө гендер - курчап турган чөйрө - жакырчылык/өнүгүү өз ара байланыштарынын алкагында түшүнүү дагы эле жок. Өлкөнүн калкы дагы эле экологиялык аң-сезимге ээ боло элек жана экологиялык жагдайдын начарлашынын терс кесепеттерине толук мерчемде баа бере албайт. Тилекке каршы, калк курчап турган чөйрө жөнүндө ойлой жана ошол эле убакта экономикалык кыйынчылыктан чыгууга умтула албайт. Мамлекет ушундай эле көз карашта болгон кезде кырдаал ого бетер начарлайт. Климаттын өзгөрүшүнүн проблемаларынын алкагында аялдардын тең укуктуу добушун колдоо үй чарбачылыгынан баштап коомдук, улуттук жана глобалдык деңгээдерге чейинки бардык этаптарда жасалышы керек болгон эң зарыл жана маанилүү кадамдын дал өзү. Стратегияны иштеп чыгуунун процессинде аялдар стратегияга жетүүнүн максаты гана эмес, ошондой эле ал стратегиянын маанилүү өкүлдөрү жана ишке ашыруучулары катары каралууга тийиш. Фотосүрөт: Студенттер өз темаларын 2015-жылдын ноябрында Бишкекте уюштурулган “Трансформациялык өзгөрүүлөр үчүн гендердик теңдик жана туруктуу өнүгүү” жөнүндө региондук борбор-азиялык конференцияда өз темаларына бет ачуу жүргүзүүдө.