Training module gender and biodiversitykyrg

Page 1

Гендер и биоразнообразие Кыргызская Республика Учебный модуль

Гендер жана биологиялык ар түрдүүлүк Кыргыз Республикасы Окуу модулу

1


2015. Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү Программасы, Бириккен Улуттар Уюмунун курчап турган чөйрө боюнча программасы, курчап турган чөйрөнү коргоонун глобалдуу программасы, Борбор Азиядагы Америка университети. Ушул жетекчиликте тренингдерди өткөрүү үчүн айтылган авторлордун пикирлери Бирикккен Улуттар Уюмунун, ал уюмга мүчө өлкөлөрдүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын пикирин милдеттүү билдирбейт. Түзүүчүлөр: Елена Ким Нургуль Укуева Сүрөттөр: Айпери Джанызакова

2


Мазмуну Тренингдин максаты .......................................................................................................................... 4 Тренингдин түзүмү жана методологиясы ..................................................................................... 4 Максаттуу топ ..................................................................................................................................... 5 Тренингдин узактыгы ........................................................................................................................ 5 Окутуп-үйрөтүүнүн максаттары .................................................. Error! Bookmark not defined. Негизги башаттар ........................................................................... Error! Bookmark not defined. Аял жана биологиялык ар түрдүүлүк ......................................... Error! Bookmark not defined. Гендер жана гендердик ролдор ........................................................................................................ 7 Гендер жана биологиялык ар түрдүүлүк ..................................................................................... 12 Негизги терминдерди аныктоо ...................................................................................................... 12 Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча БУУнун Конвенциясы .................................................... 13 Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүк ............................................................................. 14 Негизги гендер проблемалары ....................................................................................................... 15 Гендер жана ага баа берүү. Биологиялык ар түрдүүлүктү пайдалануу .................................. 17 Биологиялык ар түрдүүлүктүн проблемалары жана гендердик мажүрөөлүк ....................... 23 Биздин тренингге баа бериңиз ..................................................... Error! Bookmark not defined. Пайдаланылган адабияттардын тизмеси: ..................................................................................... 29

3


Тренингдин максаттары Биологиялык ар түрдүүлүк жана туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык, региондук жана улуттук гендердик эксперттик баа берүүнүн жоктугу өнүгүп бара жаткан өлкөлөр үчүн олуттуу кедерги болууда. Гендерге жана биологиялык ар түрдүүлүктү натыйжалуу башкаруу маселелерин чечүү боюнча бул тренинг жергиликтүү жамааттар үчүн арналган. Биз тренингдин максаттуу аудиториясы гендер жана биологиялык ар түрдүүлүк бирибири менен дал кандайча бөлүп алгыстыгы жөнүндө биротоло маалымат аларына үмүт кылабыз. Биз пайдаланган материалдар ар кайсы уюмдардын, илимий институттардын, ар кайсы жааттагы эксперттердин, бул тема боюнча дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө иштеп кеткендердин тажрыйбасына жана изилдөөлөрүнө негизделген. Тренингдин түзүмү жана анын методологиясы Тренингдин түзүмү катышуучуларды гендер жана биологиялык ар түрдүүлүк дал кандай түрдө бири-бири менен өз ара байланышкандыгы жөнүндө маалымат менен камсыз кылууга багытталган. Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкүлөрдү билүү алдыда турат: 1. Гендер (гендердик ролдор, гендердик мамилелер, эмгекти гендердик бөлүштүрүү, гендердик ажырым) 2. Гендердин жана биологиялык ар түрдүүлүктүн өз ара байланышы (Билим, баа берүү жана пайдалануу) Тренингдин биричи бөлүгү окутуп-үйрөтүүнүн максаттарын, чечүүчү өбөлгөлөрүн бөлүп көрсөтөтөт жана максаттык аудиторияны баяндайт. Экинчи бөлүк катышуучулардын гендер түшүнүгү менен таанышуусу болуп саналат. Үчүнчү бөлүк катышуучуларды биологиялык ар түрдүүлүк жана агро- биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө негизги маалымат менен камсыз кылат. Төртүнчү бөлүктө биологиялык ар түрдүүлүктү пайдаланууда гендер кандай роль ойной тургандыгы талкууланат. Ошондой эле гендер жергиликтүү жамааттардын тургундарынын арасында биологиялык ар түрдүүлүк менен таанышуунун жана аны сактап калуунун процесстери менен байланышкан. Биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөр урунттуу терминдерди, мисалдарды жана тапшырмаларды да камтыйт. Тренингдин катышуучулары үчүн мисалдар жана тапшырмалар кошумча мүмкүнчүлүктөр мүнөзүндө болот. Машыктыруучулар ал тапшырмаларды пайдалануу керектигин же болбосо тренингдин катышуучулары үчүн альтернативдүү материалдын мазмунун түп тамырынан өзгөртүүнүн зарылдыгын өздөрү каалагандай чечет. Ушул жетекчиликте машыктыруучулар көчүрмөлөө жана тренингди өткөрүүнүн убагында катышуучуларга таратып бериши мүмкүн болгон таратып берме материалдар да бар. Аталган таратып берме материалдарды да алмаштырууга же аудиториянын өзүнө, анын муктаждыктарына ж.у.с. жараша алмаштырууга же толуктоого болот. Бул жетекчиликтин аягында гендер жана климаттык өзгөрүүлөр жөнүндө акыркы жана жетүүгө мүмкүн болгон материалдар кирген библиографияны табасыз.

4


Максаттуу аудитория Бул тренингдик модул кеңири аудиторияга багытталган. Ал жергиликтүү жамааттар үчүн маалыматтык материал катары да пайдалуу болот. Ошентсе да машыктыруучулар айрым максаттуу топтор талкууланып жаткан тема менен алдын ала таанышууну каалоосун билдириши мүмкүн. Ошондой эле тренингдин катышуучуларынын арасында талкууланып жаткан теманы билүүнүн деңгээли төп келбеген учурда аудиторияда кунт коюуну же кызыгууну жоготуу менен байланышкан проблемалар келип чыкпагандай түрдө топторго бөлүү пайдалуу болорун белгилей кетүү керек. Ошол эле убакта тренинг катышуучулардын арасында тажрыйба жана билимдерди алмашуу үчүн негиз да болушу мүмкүн. Машыктыруучулардын бул жердеги ролу башкача болуп, алар ортомчу болуу менен бул процесс тең даражада натыйжалуу жана ашыкча убакытты коротпогондой өтүшү үчүн бардык аракеттерин жумшайт. Тренингдин узактыгы 2.5 - 3 саат Окутуп-үйрөтүүнүн максаттары  Азыркы коомдогу гендер концепциясы жана гендердик ролдор түшүнүгү.  Гендер менен туруктуу, ошондой эле агрардык биологиялык ар түрдүүлүктү башкаруунун ортосундагы байланышты түшүнүү.  Биологиялык ар түрдүүлүктүн төмөндөшү менен байланышкан практикаларды жана проблемаларды аныктоо жана талкуулоо.

5


Тренингдин негизги темалары  Гендер жана биологиялык ар түрдүүлүк.  Аялды өзгөрүүлөрдүн негизги демилгечиси катары түшүнүү. Жергиликтүү экологиялык тутумдарды натыйжалуу пайдалануу боюнча анын билимине баа берүү. Бул процесске анын катышуусу зарыл жана өтө маанилүү.  Аялдын жана эркектин муктаждыктары, алардын ресурстары, артыкчылыктары жана билимдери биологиялык ар түрдүүлүктү башкаруунун усулдарында, пландаштырууда жана каржылоодо чагылдырылууга тийиш. Белгилүү бир ишчаралар тендердик перспективаларды интеграциялоого көмөктөшүүгө тийиш.  Жаңы идеяны андан ары өнүктүрүүдө жергиликтүү тажрыйбага негизделген мисалдарды пайдалануу зарыл.  Ыңгайлашуу үчүн каражаттар жана практикалар гендердик проблемалардын негизги учурларына багытталууга тийиш. Аял биологиялык ар түрдүүлүккө, анын сакталышына жана жоготууларына тиешеси бар чечимдерди кабыл алуу процессине активдүү катышууга тийиш.

6


Аял жана биологиялык ар түрдүүлүк Гендер жана гендердик ролдор Тренингдин максаты: Гендер концепциясын жана курчап турган чөйрө менен гендердик ролдордун өз ара байланышын түшүндүрүү. Тренингден күтүлгөн натыйжалар: Катышуучулар гендер концепциясы менен гана эмес, гендер менен бөлүп алгыс байланыштагы башка түшүнүктөр менен кыйла жакын таанышууга тийиш. 1. Гендер Гендер түшүнүгүнүн төмөнкү аныктамасы бар: “кабылдоонун деңгээлинде, ошондой эле даана материалдык деңгээлде эркек менен аялдын ортосундагы мамилелер. Гендер биологиялык өбөлгөлөргө негизденип аныкталбастан, социалдык жактан түзүлөт”. (FAO, 1997). Келтирилген аныктама гендер таптакыр биологиялык жактан эмес, адамдардын ортосундагы социалдык мамилелердин жолу менен калыптанарын кыйла так берет. Ар кандай маданияттарда жана жамааттарда гендердик окшоштук, түшүнүктөрдүн ролдору жана милдеттери катып калбастан дайыма өзгөрүүлөргө дуушар болуп турат. Түшүнүк катары гендер бардык жерде бар жана мына ошондуктан бардык социалдык институттарга сиңип кеткен. Гендердин маселелери жана проблемалары коомдогу эркектин жана аялдын ролуна, алардын ар кайсы жаратылыш ресурстарына жетүүсүнө жана аларга андан ары контролдук кылууга, алардын ортосунда эмгекти бөлүштүрүүгө, алардын кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына таандык болот. Гендердик мамилелердин үйбүлөлүк жагдайга, үй-бүлөлүк жыргалчылыкка, жашоону биргелешип пландаштырууга ж.у.с. зор таасири бар (Bravo-Baumann, 2000). 2. Жыныс Гендерден айырмаланып жыныстын биологиялык мүнөздөмөлөрү бар, алар адамды же болбосо эркек катары, же болбосо аял катары аныктайт. Адамдын жынысы эркекке жана аялга таандык болгон жана кандайдыр бир өзгөрүүлөргө дуушар болбогон белгилүү бир биологиялык өзгөчөлүктөр менен шартталган. 3. Гендердик ролдор Гендердик ролдор - бул өз маңызы боюнча эркектер жана аялдар үчүн социалдык аныктама. Гендердик ролдор эркектер жана аялдар тигил же бул жердин же тарыхый мезгилдин ченемдерине жана салттарына ылайык дал кандай түрдө өзүн алып жүрүүгө, ойлонууга жана сезүүгө тийиш экендигин аныктайт. Гендердик ролдор жана милдеттер үй чарбасынын түзүмү, жаратылыш ресурстарына жетүү ж.у.с. менен шартталган. 4. Гендердик мамилелер Бири-бирине карата эркектердин жана аялдардын укуктарын, милдеттерин жана окшоштуктарын биз гендердик мамилелердин жардамы менен аныктай алабыз. Демейде аялдардын укуктарына ушунчалык терс таасирин тийгизген ар кандай жыныстардын 7


өкүлдөрүнүн ортосундагы жогору туруучулук мамилелер социалдык жактан конструкцияланган жана мезгил-мезгили менен өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн. Мындай кырдаалды бардык жерден байкоого болот, бирок ал эмгекти жана жаратылыш ресурстарын бөлүштүрүү жөнүндө сөз болгондо өзгөчө байкалат 1. Социалдык ролдордун ар кандайлыгынын айынан эркектер жана аялдар өздөрүн ар башкача алып гана жүрбөстөн, курчап турган чөйрө жана мал чарбачылыгы менен айыл чарбачылык тутуму жөнүндө билимдери таптакыр ар башка. 5 . Гендердик калыптанган түшүнүктөр Гендердик калыптанган түшүнүк бул - анын жыныстык таандуулугунун негизинде гана тигил же бул адамга карата таандык кылуу керек болгон мүнөздөмөлөр, кыял-жоруктар же ролдор жөнүндө жалпыланган же үстүртөн калыптанган пикир2. Тапшырма Тапшырма: Жаңы төрөлгөн баланын генин аныктайбыз Тапшырманын максаты: Тренингдин катышуучуларынын эркектер жана аялдар үчүн коомдо кабыл алынган ар кандай маданий ченемдер жөнүндө маалыматтуулугун жогорулатуу. Процесс: 1. Катышуучуларга бул окуяны айтып бергиле: Жубайлар узак убакыт бала күтүп жүрүштү. Акыры аялдын боюна бүтүү менен бир нече убактан кийин көпкө күткөн бала жарык көрдү. Бактылуу ата-эне өз баласынын сүрөтүн Сизге жөнөттү. 2. Катышуучуларды топторго бөлгүлө. 3. Топтордун бирине “Силердин балаңар чоңоюшун жана ... болушун каалар элем” деген сөздөр менен башталган жооп жазууну өтүнгүлө. 4. Экинчи топтон “Силердин кызыңар чоңоюшун жана ... болушун каалар элем” деген сөздөрдөн башталган жооп жазууну өтүнгүлө. 5. Топтордун ар бирине өз катын окууга мүмкүнчүлүк бергиле. 6. Катышуучулар менен төмөнкүлөрдү талкуулагыла:  Өздөрүнүн жооп катын алар мындай туюндурганынын себептерин  Алардын жооптору өз коомундагы гендерге карата эмнеге үйрөтөрүн  Эркектердин, ошондой эле аялдардын гендердик ролдорун социалдык конструкциялоо жөнүндө кандай айырмалар айтып турганын.

1 2

http://www.bridge.ids.ac.uk/sites/bridge.ids.ac.uk/files/reports/re55.pdf http://www.ohchr.org/EN/Issues/Women/WRGS/Pages/GenderStereotypes.aspx

8


Тапшырма Гендердик калыптанып калган түшүнүктөр Максат: Гендердик калыптанып калган түшүнүктөр жөнүндө талкуулоого демилге көтөрүү жана аны колдоо. Кесиптик максаттарга ж.у.с. жетүүдөгү гендердик калыптанып калган түшүнүктөрдүн канчалык зыяндуу экенин талдоо. Процесс: 1. 1-таратып берме материалды таратып бериңиз. 2. Тренингдин катышуучулары менен таратып берме материалдын мазмунун талкуулагыла. Калыптанып калган түшүнүктөр канчалык конструкциялангандыгын жана табийгый эместигин да талкуулагыла. 3. Тренингдин катышуучуларынын арасында Кыргызстанда калыптанып калган пикирлердин бар экени жөнүндө чакан сурап-билүү жүргүзүңүз. Аларды тактага же флипчартка жазыңыз. 4. Бул калыптанып калган пикирлер Кыргызстандагы аялдардын жана эркектердин турмушуна кандай түрдө терс таасир тийгизип жаткандыгын талкуулагыла. 1-таратып берме материал. Жок болгон гендердик калыптанып калган пиикирлер Гендердик ролдор өзгөрүшү мүмкүн  Байыркы Грецияда эркектер элдин көзүнчө ыйлашы мүмкүн болгон. Анын “көз жаш төгүү” жөндөмү байыркы гректин кайраттуулугун далилдөөчү сапаттардын бири болгон. Эркектердин көз жашы көпчүлүк маданияттын ажыратып алгыс бөлүгү болуп калган. Европада эркектик жүрүм-турумдун бул өзгөчөлүгүн орто кылым доорунан 19-кылымдын башталышындагы романтизм жаралганга чейин көрүүгө болот. Япондук самурайлар жана скандинавиялык эпостордун орто кылымдык баатырлары өздөрүнүн укмуштуу окуяларынын убагында жаш балача ыйлаган. 19кылымда эркектердин көз жашы ар-намыстын, чынчылдыктын жана күчтүн символу болуп калган. 20-кылымдын башталышында АКШда жана Европада өспүрүм балдар жана кыздар үчүн белгилүү бир түстү бөлүп берүү керек деп чечилген. Көгүлтүр түс кыздар үчүн, балдар үчүн анын тескерисинче күлгүн түс арналган. Бул чечим бейгам көгүлтүр түстөн айырмаланган күлгүн түстүн кыйла кочкулдугу менен түшүндүрүлгөн. Анын үстүнө күлгүн түс чийки этке жана ак бирдей кийим кийген жеңилген душмандын канынын түсүнө түспөлдөш болгон. Булак: http://www.cracked.com/article_19780_5-gender-stereotypes-that-used-to-be-exactopposite.html Гендердик айырмачылык Эмгекти гендердик бөлүштүрүү Эркектер жана аялдар үчүн арналган ролдорду, жүрүм-турумду жана иштин түрлөрүн коом аныктайт. Эмгекти гендердик бөлүштүрүү демейде бир жолу жана биротоло калыптанып калган нерсе катары каралат. Иш жүзүндө мындай бөлүштүрүү социалдык 9


конструкт болуп саналат. Эмгекти гендердик бөлүштүрүү дайыма эле эркектин жана аялдын жекече ролдорунун алкагында аныктала бербейт. Аны кооперативдик кызматташууда да жана адам өзүнчө иштеп жаткан кезде да байкоого болот. Коом тарабынан кабыл алынган эмгекти гендердик бөлүштүрүүгө тиешелүү ченемдер кыйла көп учурда өзгөрүп турушу мүмкүн 3. Ресурстарга, жеңилдиктерге, көрсөтүлүүчү кызматтарга, пайдага жана чечимдерди кабыл алууга гендердик жетүү Ресурстарга, жеңилдиктерге, көрсөтүлүүчү кызматтарга, пайдага жана маанилүү чечимдерди кабыл алууга гендердик жетүү белгилүү бир жерде же тарыхый доордо болгон ченемдерге жана эрежелерге түздөн-түз көз каранды болот. Ресурстарга гендердик контроль жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу эркектердин жана аялдардын укуктарындагы айырмачылыктар менен байланышып, алар өз кезегинде тигил же бул коомдо болгон ченемдерге жана баалуулуктардын тутумуна түздөн-түз көз каранды болот.

Тапшырма Тапшырма: Эмгекти гендердик бөлүштүрүү Максат: Кыргызстанда гендердик принцип боюнча эмгекти бөлүштүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүнүү. Эмгекти бөлүштүрүү дал кандайча үй-бүлөгө пайда алып келиши мүмкүн экендигин талкуулоо. Процесс4: 1. Катышуучулардан жуп боюнча бөлүшүүнү өтүнүңүз. 2. Таратып берме материалын таратып бериңиз. 3. Катышуучулардан таратып берме материалдарды өзү жана өз үй-бүлөсү жөнүндө маалымат менен толтурууну өтүнүңүз. 4. Катышуучулар менен талкуулаңыз:  Даана гендердик айырмалар.  Кайсы ролдор социалдык жана биологиялык жактан шартталган.  Эмгекти бөлүштүрүү кандайча түрдө үй-бүлөгө пайда алып келиши мүмкүн.  Эркектер жана аялдар кайсы жерде жана кандайча мажүрөө (алсыз) болуп саналат. 5. 5-таратып берме материалды чогуу иликтегиле. Гендердик айырмачылыктарды талдагыла. Тренингдин катышуучуларынын пикирлерин угуңуз. Убакыт 04:00 05:00

Аялдар үчүн иш

Эркектер үчүн иш

3

http://www.bridge.ids.ac.uk/sites/bridge.ids.ac.uk/files/reports/re55.pdf Inspired by http://www.umb.no/statisk/akrsp/06_publications_and_presentations/08_training_materials/2_gender_awareness.pdf 4

10


06:00 07:00 08:00 09:00 10:00 11:00 12:00 13:00 14:00 15:00 16:00 17:00 18:00 19:00 20:00 21:00 22:00 23:00 24:00 3-таратып берме материал. Жыл мезгилдери боюнча эмгекти бөлүштүрүү5 Ай Аялдар үчүн иш Эркектер үчүн иш Январь Февраль Март Апрель Май Июнь Июль Август Сентябрь Октябрь Ноябрь Декабрь 4-таратып берме материал. Гендердик айырмачылыктарды талдоо  Күн сайын доллардан бир азга барабар суммага жашагандардын 70%га жакыны аялдар болуп саналат.  Бардык жумуш сааттарынын үчтөн экисин иштеген аялдар дүйнөлүк кирешенин 10% пайызын гана алат.  Аялдар бүткүл дүйнөлүк мүлктүн 1%ына гана ээлик кылат.  Аялдар бүткүл дүйнө боюнча парламенттеги орундардын 17%ын гана ээлейт.  Бүткүл дүйнө боюнча аялдардын 8%ы гана министрлерден болуп саналат.  Бүткүл дүйнө боюнча сабатсыздардын 876 миллионунун 75%ын аялдар түзөт 5

Inspired by http://www.umb.no/statisk/akrsp/06_publications_and_presentations/08_training_materials/2_gender_awarene ss.pdf

11


 Аялдар жадагалса эркектер аткарган ошол эле жумуштагы эмгек акынын 78%ын алат. Аялдын билиминин деңгээли эркектикине караганда кыйла жогору болгон кезде да мындай болууда. Дүйнөнүн айрым бурчтарында аялдар менен эркектердин ортосундагы эмгек акыдагы мындай айырма 40%ды түзөт.  Аз эмгек акы алган 550 миллион кызматкерлердин ичинен 330 миллионун (60%) аялдар түзөт.  Дүйнөнүн 141 өлкөсүндө 1981-жылдан тартып 2002-жылга чейин жүргүзүлгөн изилдөөдө табийгый алааматтардан жана алардын кесепеттеринен эркектерге караганда аялдар көбүрөөк курман болору көрсөтүлгөн. Ошондой эле эркектерге караганда аялдар кыйла эрте куракта курман болору белгиленген. Булак: Social Watch Gender Equity Index, 2007 and 2008; Oxfam, 2007; Neumayer and Plümper, 2007; and ILO, 2008.

Гендер жана биологиялык ар түрдүүлүк Окутуп-үйрөтүүнүн максаттары: Биологиялык ар түрдүүлүк деген эмне экенин жана ал гендердик тең укуктуулукка кандайча таасир этиши мүмкүн экендигин түшүнүү. Күтүлгөн натыйжалар: Катышуучулар биологиялык ар түрдүүлүк теориясы менен таанышат. Алар ар түрдүүлүктү жоготууга алып келиши мүмкүн болгон кесепеттер жөнүндө да билет.

Урунттуу терминдер Биологиялык ар түрдүүлүк Биологиялык ар түрдүүлүк бул - жердеги жашоонун ар кандай түрлөрүнүн жыйындысы. Биологиялык ар түрдүүлүк тигил же бул экологиялык тутумдун байлыгы жөнүндө айтууга боло турган өзүнчө бир чен-өлчөм болуп саналат. Алардын жашоо ареалындагы, талаадагы же болбосо биомундагы түрлөрдүн ар түрдүүлүгүн тигил же бул экологиялык тутумдун баалуулугу деп түшүнүү керек.

Агро био ар түрдүүлүк Тамак-аш, айыл чарбасын жүргүзүү, дары-дармек препараттарын даярдоо ж.у.с. үчүн түздөн-түз же кыйыр пайдаланылуучу айбанаттардын, өсүмдүктөрдүн жана микроорганизмдердин ар кайсы түрлөрүнүн жыйындысын агро био ар түрдүүлүк деп түшүнүү керек. Буга төмөнкүлөр да кирет:  Адамдар тамак-ашка пайдалануучу айыл чарба өсүмдүктөрү, үй жаныбарлары, балыктардын түрлөрү жана жапайы айбанаттар.  Тамак-аш азыктарын өндүрүүдө пайдаланылуучу тирүү организмдердин түрлөрү: жер кыртышынын микроорганизмдери, чаңдаштыруучу чымын-чиркейлер, аарылар жана көпөлөктөр, сөөлжандар, курт-кумурскалар ж.у.с. чымынчиркейлердин башка түрлөрү.

12


 Курчап турган чөйрөдө тамак-аш экологиялык тутумундагы белгилүү бир тең салмактуулукту кармап туруучу тирүү организмдердин түрлөрү. Акыркы 100 жылда айыл чарбасында болуп өткөн згөрүүлөр 

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ар кандай түрлөрүнүн 90%дан ашыгы фермерлердин талааларынан жок болгон.  Фермерлер кыйла жогорку түшүм берүүчү өсүмдүктөрдү өстүрө баштагандан кийин 1900-жылдан тартып жергиликтүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 75%га жакыны жок Конвенция о Биологическом разнообразии болупООН кеткен.  Адамдар тарабынан колго багылуучу айбанаттардын түрлөрүнүн 30%жок болуп Конвенция ООН по биоразнообразию это международное соглашение, имеющее кетүү коркунучу астында турат. Ай сайын 6 түр жок болуп кетүүдө.  Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү тамактын 75%ы өсүмдүктөрдүн 12 жана айбанаттардын 5 түрлөрүнүн жардамы менен гана өндүрүлүүдө.  Өсүмдүктөрдүн жегиликтүү түрлөрүнүн 4 %ы гана адамдар тарабынан пайдаланылууда. 4% бул белгилүү 250 000- 300 000 түрлөрдүн 150-200 түрү. Дан өсүмдүктөрүнүн үчөө гана - күрүч, жүгөрү жана буудай адамдар тарабынан өсүмдүктөрдөн алынган бардык калориялардын жана протеиндердин 60% пайызын түзөт. аратылыш ресурстарынан пайданы адилеттүү жана тең бөлүштүрүү болгон эл аралык  Айбанаттар адамдын тамакка жана айыл чарбасына тиешелүү бардык макулдашуу. Кыйла туруктуу өнүгүүгө багыт алган иш-чараларды жүргүзө баштоо кабыл муктаждыктарынын 30%ына жооп берет. Жердин калкынын 12 %ы гана кепшөөчү алынганайбанаттардан конвенциянын негизги мактсаты болупкөзсаналат. 190дон ашык катышкан алынган азыктарга толугу менен каранды болуп жашоодо.  Үй айбанаттарынын көп түрлөрү үчүн кайрылбастан жок болду. мамлекет Рио де Жанейродогу Жербиз Саммитинде 1992-жылы Конвенцияга кол койгон,

мунун өзү аны бүгүнкү күндө курчап турган чөйрөнүн проблемаларына тиешелүү эң Булак: http://www.fao.org/docrep/007/y5609e/y5609e02.htm маанилүү документтердин бири кылат. сактап калуу, биологиялык ар түрдүүлүктү туруктуу бири кылат. БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясы

БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясы бул негизги үч максаты биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу, биологиялык ар түрдүүлүктү туруктуу пайдалануу, жаратылыш ресурстарынан пайданы адилеттүү жана тең бөлүштүрүү болгон эл аралык макулдашуу. Кыйла туруктуу өнүгүүгө багыт алган иш-чараларды жүргүзө баштоо кабыл алынган конвенциянын негизги мактсаты болуп саналат. 190дон ашык катышкан мамлекет Рио де Жанейродогу Жер Саммитинде 1992-жылы Конвенцияга кол койгон, мунун өзү аны бүгүнкү күндө курчап турган чөйрөнүн проблемаларына тиешелүү эң маанилүү документтердин бири кылат. 5-таратып берме Конвенциясы       

материал.

БУУнун

биологиялык

ар

түрдүүлүк

БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясы. Фактылар жана цифралар: Конвенция Рио де Жанейродо Жер Саммитинде 1992-жылдын 5-июнунда кол коюлган жана 1993-жылдын 29-декабрында күчүнө кирген 193 катышкан мамлекет документке кол койгон. Жердин биологиялык ар түрдүүлүгүнө экологиялык тутумдар, айбанаттар, өсүмдүктөр, козу карындар, микроорганизмдер ж.у. сыяктуу жашоонун ар кандай түрлөрү кирет. Бул конвенция туруктуу өнүгүү үчүн урунттуу эл аралык аспап катары каралат. Экологиялык тутумдар, түрлөр жана генетикалык ресурстар адамдардын жыргалчылыгына, бирок андан ары бул биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскарышына алып келбегендей пайдаланылууга тийиш. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу үчүн кошумча каржылык колдоо зарыл. Мындай сарптоолор коом, экономика жана курчап турган чөйрө үчүн пайда түрүндө жакынкы болочокто өзүн өзү актарын белгилей13 кетүү керек. Экологиялык тутумдук мамиле бул - жаратылыш ресурстарын башкаруу үчүн интеграцияланган стратегия. Конвенциянын шарттарын аткаруу боюнча ишти да экологиялык тутумдук мамиленин алкагында кароо керек.

жөнүндө


Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүк Кыргызстан Жердин аймагынын болгону 0.13%ын ээлейт. Бул жерде тирүү организмдердин ар кандай түрлүрүнүн саны 1%ды түзөт. Дүйнөлүк флоранын өкүлдөрүнүн 2%ын жана фаунанын 3%ын да бул жерден табууга болот. Жалпысынан жана бүтүндөйүнөн Кыргызстанда төмөнкүлөр бар: өсүмдүктүн 3,786 түрү балыктын 75түрү суу-кургакта жашоочулардын 4 түрү байыркы жаныбарлардын 33 түрү канаттуулардын 386 түрү сүт эмүүчүлөрдүн 83 түрү (алардын ичинен жергиликтүү тургундар үчүн ыйык мааниге ээ болгон кар леопардын (илбирс) өзгөчө белгилей кетүү керек) Кыргызстанда экологиялык тутумдардын 22 түрү, тоо жана түздүк ландшафттарынын 160 түрү бар экендигин да белгилей кетүү керек. Жапайы тамырлуу өсүмдүктөрдүн жалпы санынын ичинен 200 ар кандай түрлөрүнөн ашыгы өнөр жайда пайдаланылып, жапайы өсүмдүктөрдүн 400 түрү медицинанын муктаждыктары үчүн пайдаланылат, бул жерден расмий фармакологиялык документтердин маалыматтары боюнча 200 түр гана дары-дармек өсүмдүктөрүнүн реестрине киргизилгендигин да белгилей кетүү зарыл. Өлкөнүн экологиялык тутумдарынын көпчүлүгү кыйын абалда турат. Экологиялык тутумдарды жайыттар катары артыкча пайдалануу, бак-дарактарды активдүү кыюу, браконьердик жана аңчылык муну негизги себептери болуп саналат. СССР ыдырагандан кийинки экологиялык кризис да өлкөдөгү биологиялык ар түрдүүлүктүн абалына таасир көрсөттү.

14


Биологиялык ар түрдүүлүктү калыбына келтирүү жана сактоо боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик агенттиктердин, министрликтердин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын ортосунда активдүү кызматташуу зарыл. Бүгүнкү күндө мындай кызматташуу жөнүндө айтууга болбойт. Экономикалык демилге чараларынын санынын жетишсиздигин, өкмөт жана коом тарабынан биологиялык ар түрдүүлүк өлкө үчүн кандай маани ээлегендигин түшүнбөө жана жөнгө салуучу механизмдердин жөнөкөй эле жоктугун да башка терс факторлордун арасынан бөлүп көрсөтүү керек. Ошондой эле бүгүнкү күнгө карата биологиялык ар түрдүүлүктүн абалы боюнча илимий маалыматтын жетишсиздигин да белгилей кетүү керек 67. Кыргызстан биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенцияны 1996-жылы ратификациялаган. Дал ошол убактан тартып биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча улуттук стратегияны жана активдүү планды өнүктүрүү жана жүзөгө ашыруу башталган. Улуттук стратегия өлкөдө биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун урунттуу маселелери боюнча негизги чаралар берилген алгачкы мамлекеттик документ болуп саналат. Бул документтин негизги максаты катары Кыргыз Республикасында туруктуу социалдыкэкономикалык өнүгүү үчүн биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону жана сарамжал пайдаланууну бөлүп көрсөтүү зарыл. Ар түрдүүлүктүн негизги гендердик маселелери 1995-жылы Пекинде БУУнун Төртүнчү Бүткүл дүйнөлүк аялдар конференциясы уюштурулган. Пекин Декларациясын жана Аракеттердин Платформасын конференциянын жүрүшүндө алынган негизги натыйжа деп эсептөө керек. Бул документ аялдардын укуктарынын эл аралык декларациясы болуп саналып, анда гендердик теңдикке жана аялдардын укуктарын алгалатууга багытталган чечимдерди жана кийинки чараларды кабыл алуу менен байланышкан учурлар өзгөчө белгиленген. Аракеттердин Платформасын этап боюнча жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө турмуштун экономикалык, социалдык жана саясий чөйрөсүндөгү аялдардын ээлеген орду кандайча түрдө күчөтүлөрүн көрүүгө болот. Аялдарды медициналык тейлөөнү жакшыртуу, алрдын билим алууга жетиши жана репродукциялык укуктарын алгалатуу жөнүндө да эстен чыгарбоо керек. Бул демилгени толугу менен колдоп, БУУнун башкы Ассамблеясы бардык мамлекеттерди, БУУнун агенттиктерин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарды, ошондой эле менчик секторду да мурда туюндурулган сунуштамаларды жүзөгө ашырууда көмөктөшүүгө чакырган. Бүгүнкү күнгө карата Пекин Аракеттенүү Платформасы аялдардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык программа болуп саналат. Платформа анын негизинде Кыргызстан аялдардын укуктарын жакшыртууга жетишүү үчүн улуттук стратегияны түзө баштаган документ болуп калды. 1996-жылдан тартып гендердик теңдикке жетишүү үчүн беш мамлекеттик программа - «Аялзат» мамлекеттик программасы, «Гендердик теңдикке жетишүү үчүн Аракеттердин мамлекеттик программасы (2002 - 2006), (2007 - 2010), (2012 - 2014) жана 2020-жылга чейин» кабыл алган. 6

State Agency of Environmental Protection and Forestry under the Government of Kyrgyz Republic (2009). Kyrgyz Republic State of Environment Review. Bishkek 7

https://www.cbd.int/countries/profile/default.shtml?country=kg#status

15


Аракеттер үчүн Пекин платформасынын артыкчылыктуу чөйрөлөрү 1. Аялдар жана жакырчылык 2. Аялдарга билим берүү жана окутуп-үйрөтүү 3. Аялдар жана саламаттык сактоо 4. Аялдарга карата зомбулук 5. Аялдар жана куралдуу чыр-чатактар 6. Аялдар жана экономика 7. Бийликтеги аялдар жана чечмдерди кабыл алуу процесси 8. Аялдардын өнүгүшү үчүн институттук механизмдер 9. Аялдардын укуктары 10. Аялдар жана жалпы коммуникация каражаттары 11. Аялдар жана курчап турган чөйрө 12.Жаш кыздардын проблемалары

Пекин Аракеттердин Платформасы төмөнкүлөрдү сунуш кылат: • Климаттык өзгөрүүлөргө тиешелүү табийгый катмарынан чыккан аялдарга зор таасир көрсөтөт.

алааматтар

калктын

• Суу ресурстарына жана заманбап энергетикалык кызматтарга жоктугунан гендердик теңдиктин жоктугу ого бетер байкаларлык болот.

жакыр

жетүүнүн

• Башталган программалар климаттык өзгөрүүлөрдүн, алааматтардын экологиялык тутум жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоготуулары менен байланышкан проблемалардын терс таасирин жумшартуу үчүн көп күч-аракеттерди талап кылат. Мындай биргелешкен күч-аракеттердин натыйжалары аялдарга жерге жана ресурстарга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аялдар бардык деңгээлдердеги кыйла курч проблемалар боюнча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн алат. Пекин Аракеттер Платформасы Бириккен Улуттар Уюмунун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Конвенциясына түздөн-түз тиешеси бар экендигин да белгилей кетүү керек. Конвенциянын 8-беренесинде ушул документке кол койгон ар бир тарап төмөнкүлөрдү жасоого милдеттенме алат деп айтылган: ««Өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу үчүн мааниси бар жашоонун салтка айланган ыңгайын чагылдырган түпкү жана жергиликтүү жамааттардын билимдерин, жаңы киргизүүлөрүн жана практикасын сыйлоону, сактоону жана колдоону камсыз кылат, алардын мындай билимдерди, жаңы киргизүүлөрдү, практиканы алып жүрүүчүлөрдүн жактыруусу жана катышуусу менен аларды кыйла кеңири колдонууга көмөктөшөт, ошондой эле мындай билимдерди, жаңы киргизүүлөрдү жана практиканы колдонуудан келип чыгуучу пайдалардын негизинде адилеттүү биргелешип пайдаланууга дем берет”.

16


Ошол эле убакта БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Конвенциясында гендердик теңдикти алгалатуу менен байланышкан учурлар даана бөлүп көрсөтүлгөн. Катышуучулардын конференциясы 2011-2020 биологиялык ар түрдүүлүк боюнча стратегиялык планда гендердик теңдикти алгалатуу менен байланышкан артыкчылыктарды да бөлүп көрсөткөн. БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясынын аткаруучу катчысы жакырчылыкты жоюу жана туруктуу өнүгүүнүн принциптерин алгалатуу үчүн зарыл шарт болуп саналган гендердик теңдиктин маанилүүлүгүн өзгөчө бөлүп көрсөткөн. Айылдык жамааттардын үй-чарбалары көпчүлүк учурда биологиялык ар түрдүүлүктү пайдалануу жана сактоо менен тыгыз байланышкан. Бул жамааттарда аялдарга негизги роль таандык кылынган. Аялдар өз үй-бүлөлөрүнө көз салат, алар өз жамаатынын жашоосуна активдүү киришүү менен интеллектуалдык жана социалдык капиталды кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн жоопкер болот. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана аны натыйжалуу башкаруу да аларга жүктөлгөн. Көпчүлүк жамааттардагы аялдар эркектер менен бирдей социалдык өзгөртүүлөрдүн жүргүзүүчүлөрү болуп саналат, бирок, тилекке каршы, жалпы ишке алардын кошкон салымы тиешелүү арзууга татыбайт. Гендердик теңдик жамааттагы биологиялык ар түрдүүлүктү натыйжалуу башкаруу жана жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу менен түздөн-түз байланышкан. 13-параграфта аялдардын маанилүү ролу баса көрсөтүлгөн. БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Конвенциясы боюнча Преамбуласы төмөнкүдөй: «… ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу ишиндеги аялдардын турмуштук маанилүү ролун жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган саясатты бардык деңгээлде иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга аялдардын толук масштабдуу катышуусунун зарылдыгын ырастап...” Ушул программанын 4-тапшырмасында бизден төмөнкүлөрдү өтүнөт: “Тараптар иштин программасынын бардык элементтерине аялдарды тартуу менен түпкү жана жергиликтүү жамааттардын толук жана натыйжалуу катышуусун алгалатуу үчүн туура келген механизмдерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө тийиш. Төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл буруу керек: a. Алардын билиминин негизинде аракеттерди пландаштырууга; b. Биологиялык ар түрдүүлүккө түздөн-түз жетүү зарыл болгон учурда алардын абалын чыңдоого; c. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо, колдоодо жана коргоодо алардын билимдерин чыңдоого; d. бул маселе боюнча тажрыйба жана билимдерди алмашууга көмөк көрсөтүүгө; e. Аялдардын тигил же бул маданияттын принциптерине жана гендердин принциптерине негизделген биологиялык ар түрдүүлүк боюнча билимдерин сактоого көмөктөшүүчү ыкмаларды алгалатууга”. Гендер жана биологиялык ар түрдүүлүктүн этият мамилеси 17


Гендер жана биологиялык ар түрдүүлүктү билүү Айылдык аялдар жана эркектер, аны пайдаланууда жана тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн жана алуунун процессинде ар кандай тапшырмалардын жана милдеттенмелердин аркасында биологиялык ар түрдүүлүктү башкарууда, аны пайдаланууда жана сактоодо зор роль ойнойт. Анткени эркектердин жана аялдардын ролдору бири-бириникинен айырмалангандыктан алардын табийгый жаратылыш ресурстарын пайдалануусу жана жалпысынан биологиялык ар түрдүүлүккө карата мамилеси таптакыр ар башка. Милдеттердин ар түрдүүлүгү эркектерди жана аялдарды тажрыйбаны кабылдоону жана көндүмдөргө үйрөнүүнү таптакыр башкача кабылдоого мажбурлайт. Мисалы, эркектер бак-дарактардын кайсынысы тактай тилүү үчүн кыйла жарактуу экени жөнүндө көптү билиши мүмкүн, ал эми аялдар кыйла аш болумдуу жана пайдалуу жемиштер, мөмөлөр, дары-дармек өсүмдүктөрүн ж.у.с. аныктоодо көбүрөөк тажрыйбалуу. Буга окшогон билимдер көптөгөн кылымдардын ичинде топтолгон жана муундан муунга өткөрүлүп берилип турган. Буга окшогон көндүмдөр айыл жеринде жашаган муктаж болгон эркектер жана аялдар үчүн жакшы өбөлгө да болуп саналат. Ресурстарга жетүү жана контролдоо, билим алууга, окутуп-үйрөтүүгө жана жыргалчылыктарга жетүү да айыл жериндеги аялдар жана эркектер жыйынтыгында дал кандай билим жана тажрыйба алып жаткандыгында зор мааниси бар. Тажрыйба жолу менен алынуучу билим маданий баалуулуктар менен өз ара тыгыз байланышкан. Ал тез өзгөрүп жаткан курчап турган чөйрөнүн аркасында туруктуу өнүгүп турат. Эркектердин жана аялдардын билими менен тажрыйбасы, алардын көндүмдөрү менен жаңы киргизүүлөрү фермерлердин укуктарын таануу жана коргоо жөнүндө маселени көтөрөт. Табийгый ресурстарды башкаруудагы аялдардын ролу көпчүлүк учурларда тиешелүү көңүл бурууга арзыбагандыгын жана жөн гана жеткире бааланбагандыгын эстен чыгарбоо керек. Айрым изилдөөлөр туруктуу деңгээлдеги билим бара-бара жок болорун жана аялдар мындан ары аларды өз кыздарына өткөрүп бербей жаткандыгына, ал эми өз кезегинде эркектер өз уулдарына өткөрүп бере албай жаткандыгына да кабатыр болууну билдирүүдө. 6-таратып берме материал. Күрүчтүн ар түрдүү түрлөрүн Малиде өстүрүүнү билүүдөгү гендердик өзгөчөлүктөр Малидеги Бафулабе регионунда талаадагы күрүчтү демейде аялдар өстүрөт. Аны суулардын жанында же жаандар мезгилинде суу баскан жерлерди табууга мүмкүн болгон жерлерде өстүрөт. Аялдар күрүчтү өздөрү өстүрөт же болбосо кызматкерлердин атайын топторун түзөт. Күрүч жана аны өстүрүү жөнүндө Малилик аялдар ээ болгон билимдер өтө кеңири. Малилик аялдар күрүчтүн 30дан ашык сортун оңой эле айырмалайт. Бышуу убагы, жалбырактардын саны, түшүм жыйноо убактысы, күрүчтүн өлчөмү, турпаты, түсү, даамы, сактоо шарттары - мунун баарын ал аялдар эсепке алат. Аялдардан айырмаланып эркектер күрүч жөнүндө билимдердин мынчалык бай жактарына ээ эмес. Ошого карабастан бул райондун тургундарына өстүрүү үчүн сунуш кылынган күрүчтүн 3 сорту үчүн эркектер жооптуу болот. Булак: Synnevag in Building on Gender, Agrobiodiversity and local knowledge 18


Тапшырма Тапшырма: Гендер жана биологиялык ар түрдүүлүктү билүү Тапшырманын максаты: Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүктү гендердик билүүнү аныктоо жана талдоо биздин алдыбызда турат. 1. Тренингдин катышуучуларын 4 - 6 адамдан турган чакан топторго бөлүңүз. 2. Анда Малилик аялдар жана алардын Бафулабе районунда күрүч өсүмдүгүн өстүрүүдөгү билимдери айтылган 6-таратып берме материалды таратып бериңиз. 3. Ар бир топтун катышуучуларынан Кыргызстандагы тигил же бул өсүмдүктү өстүрүү билимдериндеги окшош гендердик айырмачылыктар жөнүндө кунт коюп ойлонууну өтүнүңүз. Мунун негизинде ар бир топтон чакан параграф түзүүнү өтүнүңүз. 4. Ар бир топ өз тобунун талкуулоосунун жыйынтыктарын берүүгө тийиш. 5. Салтка айланган кайсы билим бара-бара жок болуп бара жаткандыгын жана аны кандайча болтурбоону чогуу талкуулагыла. Гендер жана биологиялык ар түрдүүлүккө баа берүү Бүгүнкү күнгө карата бүткүл дүйнө боюнча дал айылда жашаган аялдар биологиялык ар түрдүүлүк жана курчап турган чөйрө менен өтө тыгыз байланышкан. Аял жегенге боло турган өсүмдүктөрдү чогултат жана сактайт. Тамак даярдоо үчүн куурай терет, дары чөптөрдү же кийин курулуш үчүн жыгач жыйнайт. Аял айыл чарбасын жүргүзүү үчүн да жоопкер болот. Ал жашылчаларды жана жемиштерди өстүрүү менен өзүнүн короо алдындагы участогуна күн сайын көз салат. Ал өз участогунда көп сандаган ар кандай өсүмдүктөрдү жакшыртууга жана ыңгайлаштырууга да аракет кылат. Селекциянын татаал процессинин аркасында аял түшүмдү кийинки, кыйла ийгиликтүү сактоо үчүн тигил же бул өсүмдүктүн зарыл мүнөздөмөсүн көрсөтүшү мүмкүн. Аял ал гүлдөгөн учурдун өзүнөн тартып өсүмдүккө көз сала баштайт. Кийин ал өлчөмүнө, түрүнө көңүл буруп, түшүм жыйноо убагында андан үрөн чогултат. Ал үрөндөр ар кандай мителерден канчалык жабыр тарткандыгына да көңүл бурат. Аял өсүмдүктөрдүн жергиликтүү сортторунун селекциясы жана ыңгайлаштыруусу боюнча зор ишти аткарат. Ал үрөндөргө көз салууну да жүргүзөт. Тамак бышырууда гана эмес, медицинада да пайдаланылуучу жашылчалардын, чөптөрдүн жана татымалдардын салтка айланган түрлөрү өсүп жаткан чарбактар жана бакчалар дал анын контролу астында болот. Мына ошентип аял биологиялык ар түрдүүлүктү колдоодо маанилүү роль ойнойт, ал эми кирешеге багыт алган айыл чарба практикасы бар эркек болсо көпчүлүк учурда анын кыскарышына көмөктөшөт. Аял үй чарбасында өстүрүлбөгөн жемиштерди жана тамырларды жыйноочу да болуп саналат. Бул тамак жетишпеген же ачарчылык убагында өзгөчө зор мааниге ээ. Бул пайда алууга да көмөктөшүшү мүмкүн. Калахари чөлүндө Кунг элинин аялдары тарабынан чогултулуучу жемиштердин, мөмөлөрдүн, тамырлардын жана чайырлардын ар кандай түрлөрү күн сайын керектелүүчү коллориялардын 60 %ына чейинкини түзүшү мүмкүн. Лаосто аялдар токой азыктарынын 141 түрүн чогултат. Айылдык калктын өзгөчө аз камсыз болгон катмарларынын аялдары 19


буга окшогон азыктарда өтө кеңири билимдерге ээ болот, мунун өзү түшүмсүз жылдардын убагында ачкачылыктан арылууга жардам берет. Кыргызстандан мисал. Ысык-Көл областында жапайы чычырканактын ашын жыйноочу аялдар Ысык-Көлдүн жээги чычырканактын көптүгү менен кеңири белгилүү. Чычырканак жаратылышта суук региондордо өсөт жана суукка каршы туруусунун деңгээли жогору. Чычырканак мителерден сейрек жабыр тартат жана айбанаттардын көпчүлүгү бул өсүмдүктөн окчун өтөт. Ысык-Көл областында чычырканак экологиялык тутумду коргоодо чоң роль ойнойт, анткени ал кыртыштын эрозиясына тоскоолдук кылат жана ар кандай булгануулардан өз алдынча тазаланууга жардам бергендиги кыйла маанилүү. Бүгүнкү күндө чычырканак Кызыл китепке киргизилген жана мына ошентип санкцияланбаган мезгилдик жыйноодон мыйзам менен корголгон. Чычырканак тамак -аш азыгы жана медициналык максаттарда пайдаланылуучу продукт катары экономикалык ресурс да болуп саналат . Мөмө E, B1, B2 витаминдерине жана антиоксиданттардын көп санына бай. Мөмөдө камтылган жүзгө жакын пайдалуу компоненттер Жердеги эң аш болумдуулардын бири кылат. Чычрканактын жалбырактары да майлуу кислоталардын көп камтылгандыгынан пиво ачытууда да пайдаланылат. Мөмөлөрдүн кайра иштетилген жумшак эти джемдерди, кыямдарды, соустарды ж.б.у.с. өндүрүү үчүн пайдаланылат. Чычырканактын данегинен алынуучу май медициналык максаттар үчүн пайдаланылат. Чычырканактын майынын жардамы менен тери ооруларынын, кесип алган жана урунган жерлердин ар кандай түрлөрүн дарылайт. Космонавттар аны радиациядан алынган күйгөн жерлерге пайдаланат. Жети-Өгүз Ысык-Көл областынын түштүк чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Региондун бул бөлүгүндө 51 айылдын тургундары топтошуп жашайт. Жеңиш айылы алардын бири. Айылдын тургундарынын көпчүлүгү чычырканакты тамак-аш катары жана кошумча киреше алуу үчүн пайдаланат. Орто курактагы күйөөсү менен үч баланы тарбиялап жаткан Саида деген аял айылдын тургундарынын бири. Саида жергиликтүү тиричилик техникасы дүкөнүндө сатуучу болуп иштейт. Анын иштеп тапканы негизги жана бул үйбүлөдө жалгыз үзгүлтүксүз болуп саналат. Анын күйөөсү алардын багы менен байланышкан ишти иштейт жана кийин сатуу үчүн алмаларды, алмуруттарды жана өрүктөрдү өстүрөт. Үй айбанаттары да бар, ошондукуктан Саида күйөөсү жана балдары менен жумуртка, сүт жана эт менен тамактанышы мүмкүн. Айылга 15 жыл мурун отурукташкан Саида көпкө иш таппай жүргөн жана үй-бүлөнүн туруктуу кирешеси болгон эмес. Дал ошол убакта ага чычырканак менен иштөө идеясы келген. 2005-жылдан тартып Саида үй-бүлөсү менен тоого үзгүлтүксүз барат жана бул баалуу жемишти чогултат. “ Өзүмдүн күйөөм жана балдарым менен биз тоого жыл сайын чыгабыз. Эгерде бизди кимдир бирөө жеткирип койбосо жөө барабыз. Биз бышкан мөмөлөрү бар бутакчаларды кыркабыз жана төмөн жакка жеткиребиз. Андан кийин мен мөмөлөрдү сабагынан үзөм. Муну мен же үйдө, же кардарлар жок болгон кезде жумушта жасайм”. Орто эсеп менен Саида жана анын үй-бүлөсү июлда башталган жана ноябрда аяктаган мезгилдин ичинде чычырканактын 100 килограммга жакын мөмөсүн чогулта алат. Өз иши 20


үчүн Саида жыл сайын 10 миң сомго жакын пайда алышы мүмкүн. “Бул менин жеке аманатым” - дейт Саида. Ошого карабастан кийин ал бизге акчалар үй-бүлөнүн муктаждыктарына кетерин айтты. “Мен өз балдарым үчүн кышка жылуу кийим сатып алам. Мага үйүбүздү жылытуу жана тамак-аш бышыруу үчүн кышкы убакта пайдалана турган отун жана көмүр сатып алууга туура келет”. Бул айылдагы көпчүлүк башка үй-бүлөлөрдөй эле Саида жана анын үй-бүлөсү жаратылыштын белектеринен экономикалык пайда алат. Акыркы убакта чычырканактын белгилүү бир өзгөрүүгө дуушар болуп жаткандыгын да белгилейт Саида. Бул мөмөнүн сапаты төмөндөөдө, ал эми аны табуу кыйыныраак болуп баратат. Мөмөлөрдүн саны жана анын түптөрүнүн саны азыраак болуп калды. Мөмөлөрдүн өзү да өлчөмү боюнча кичирейип кетти”. Булак: Ким жана Укуева, 2015 Сүрөт: Саида өзүнүн дүкөнүндө иштөө убагында чычырканактын мөмөлөрүн үзүп жатат.

Биологиялык ар түрдүүлүк менен тыгыз байланышкан аялдар ишинин башка түрү бул дары-дармек өсүмдүктөрүн чогултуу, алар өз кезегинде ар кандай ооруларды дарылоо үчүн, же болбосо мал үчүн тоют жана отун катары, же жадагалса компост жана пестициддер катары пайдаланылат. Дал ушул жааттагы мынчалык баалуу билим айылдык жамаатта зор мааниге ээ жана биологиялык ар түрдүүлүктү колдоого да көмөктөшөт. Өсүмдүктөр жана айбанаттардан алынуучу продукттар кийим тигүүдө, үй курууда ж. у. с. көпчүлүк учурда алмаштырылгыс болот. Мисалы, Түндүк Америкадагы Тынч океандын түндүк-чыгыш жээгиндеги якутат уруусунун аялдары аларга тиричиликте зарыл болгон ар кандай буюмдарды токуу өнөрү менен атагы чыккан. Чынылардан жана себеттерден тартып матрастарга, килемдерге жана шляпаларга чейин дээрлик баарын согууга болот. Согулган себеттер диний мааниге да ээ. 21


Кыргызстандан мисал. Салтка айланган медицина үчүн жапайы дары-дармек өсүмдүктөрүн чогултуу Малика ысык-көлдүк айылдардын биринде 25 жыл мектеп мугалими болуп иштеген. Маликанын күйөөсү 10 жыл мурда каза болгон. Жубайы каза болгондон кийин Малика расмий медицинага ишенбей калган жана аздан соң элдик дарыгер болуп алган. Акыркы бир нече жылда дары-дармек өсүмдүктөрүн жыйноо менен алектенет. Бул билимди жана көндүмдөрдү ал өз энесинен алган, энеси өз убагында энесинен алыптыр. Зарыл өсүмдүктөрдү чогултуу үчүн Малика бийик тоолорго узакка барат. Адегенде ал кичинекей айылга чеийин машина менен барып, андан кийин өзүнө керектүү жерге чейин жетүү үчүн атка минет. Буга Маликанын бир жумасы кетиши мүмкүн. Малика жакшы көргөн өсүмдүктөрдүн арасынан алтын тамыр катары кыйла белгилүү болгон радиоланы, стаггорн папоротнигин жана аталышын ал билбеген башкаларды бөлүп көрсөтүүгө болот. Ал бул өсүмдүктөрдүн пайдалуу касиеттерин өз энесинен жана таенесинен билип алган жана адамдардын жыргалчылыгына кандайча пайдаланууну билет. “Адамга, анын оорусуна жардам берүүгө жөндөмдүү беш өсүмдүк бар. Бирок мага алар кандай зыян алып келе тургандыгын да билүү зарыл. Дары-дармек өсүмдүктөрү дайым эле жардам бере албай тургандыгын мен айтып коюшум керек дейт” - Малика. Ал дарыдармек өсүмдүктөрүн үйүндө өстүрүүгө да аракет кылып көрдү, бирок баары ойдогудай болгон жок. “Баары пайдасыз болду, анткени ал өсүмдүктөрдүн касиеттери анчейин күчтүү болгон жок. Бул жерде климат да, жер кыртышы да, аба да зор роль ойнойт”. Малика өзүнүн социалдык статусу жогорулагандыгын сезет жана адамдар ага ыраазы экендигин көрүп жүрөт. Өз айылында Малика жараларга, циститке, миомага, чүчөк ооруларына, простатитке жана жадагалса тукумсуздукка жардам берген. Анын адамдарга жардамы жана дары-дармек өсүмдүктөрү жөнүндө билгендери Малика өз кызматтары үчүн акыны эч качан дайындабаганына карабастан үй-бүлөлүк бюджетти толтурууга да жардам берет.

Булак: Ким жана Укуева, 2015

22


Сүрөт: Малика өзүнүн чөптөрүн көргөзүүдө.

Биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу. Biodiversity loss and gender-based vulnerability Biodiversity loss Айыл чарба тутуму жана тамак-аш коопсуздугу биологиялык ар түрдүүлүк менен өтө бекем байланышкан. Биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуунун терс натыйжалары түшүмү же кармаган балыгы түздөн-түз тигил же бул регионго көз каранды болгон жер ээлерине, фермерлерге жана балыкчыларга таасирин тийгизиши мүмкүн. Айыл чарбасын жүргүзүү 12, 000 жыл мурда башталган. Бул убакыттын ичинде 7 миң ар кандай түрлөргө жакыны бакмага айландырылган. Бүгүн биздин тамактын 90%га жакыны өсүмдүктөрдүн 15 түрүнөн жана айбанаттардын 8 түрүнөн турат. Биздин тамактын “жапайы түпкү аталарын” сактап калуу келечекте өзүнчө бир тамак-аш альтернативасынын болушуна жардам бермек. Тилекке каршы, бул топтун өсүмдүктөрүнүн жана айбанаттарынын ичинен көпчүлүгү жок болуу алдында турат. Мисалы, жапайы картошканын бардык түрлөрүнүн чейреги жакынкы 50 жылда жок болуп кетиши мүмкүн. Өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн айылдык райондорунун тургун аялдары үй-бүлөнүн дасторконуна тамак-аш азыктарын “жөнөтүүлөр” түздөн-түз көз каранды болгондордон болуп саналат. Дал айылдык райондор биологиялык ар түрдүүлүк төмөндөгөн учурда тамактын жетишсиздигин башынан өткөрөт. Өсүмдүктөрдүн жана айбанаттардын тигил же бул түрлөрүнүн өлүп жок болушу жана жок болуп кетиши, симбиотикалык байланыштардын курутулушу, түшүмдүн сапатынын жана санынын өзгөрүшү ж.у.с. экологиялык тутумдардын милдетинин солгундашына алып келиши мүмкүн. Буга окшогон терс кесепеттер айыл жериндеги калктын жыргалчылыгына, ошондой эле сапатына таасир тийгизиши мүмкүн. Дал аялдар түшүмдүн ар түрдүүлүгүнө баарынан мурда таянат, бирок туруктуу температуралык өзгөрүүлөр түшүмдү тамак-аш азыктарынын арасында, ошондой эле элдик медицинада пайдаланылуучу продукциялардын арасында төмөндөтөт. Биологиялык ар түрдүүлүк жоголгон учурдагы гендердик айырмачылыктар Мажүрөөлүк бул - тутумдун биологиялык ар түрдүүлүккө зор таасир тийгизүүчү климаттык өзгөрүүлөрдүн жагымсыз кесепеттерин жеңүүгө мүмкүн эместигин көрсөтүүчү өзүнчө бир индикатор. Мажүрөөлүк бул - инсандын милдети, климаттык өзгөрүүнүн чоңдугу менен ылдамдыгы жана барган сайын байкалып бара жаткан тутумдун кыйшайышы. Мажүрөөлүк бул - тутумдун кабыл алгычтыгы жана анын тез ыңгайлашууга мүмкүнчүлүгү да8. Биз мажүрөөлүктү талкуулаган кезде эркектер менен аялдар ага кандайча таасир көрсөтүшү мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо керек. Эркектер жана аялдар курчап турган чөйрөгө ар башкача мамиле жасайт жана мунун себеби бир нече: • Жаратылыш ресурстарынан көз карандылыктын деңгээли; 8

Булак: IPCC, 2007

23


• Жыргалчылыктарды башынан адилетсиз бөлүштүрүү. Жаратылыш ресурстарына жана аларды контролдоого жетүүдөгү айырма. • Ресурстарга ээ болуу, коргоо жана ээлөөгө болгон укук. • Жаратылыш ресурстары жана курчап турган чөйрө менен байланышкан проблемалар жөнүндө ар кандай билимдер. Биологиялык ар түрдүүлүктү жоготууга эркектер жана аялдар үчүн маңызы боюнча ар кандай кесепеттер кирери айдан ачык. Бул терс кесепеттер адамдын жашоосунун социалдык, продуктивдүү жана репродукциялык тараптарына таасир көрсөтүшү мүмкүн. Аялдар менен эркектердин ортосундагы социалдык-экономикалык ажырымды аныктоо бар, анын себеби бүткүл дүйнө боюнча коомдун социалдык түзүмүндө жатат 9. Буга окшогон айырмаларды жер, насыя, билим берүү сыяктуу ресурстарга жетүүдө же тигил же бул маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууда өз пикирин айтуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан да көрүүгө болот. Мына ошентип аялдар кара күч жагынан чабал болгондуктан гана эмес, алар башынан эркектер менен салыштыруу боюнча таптакыр башка социалдык ролдору бар экендиктен кыйла мажүрөө болот. Көпчүлүк аялдар “социалдык эрежеден сырткары катары” шарттарда жашап жатат. Бул, мисалы, сууда сүзүүгө жана жүгүрүүгө тыюу салуудан көрүнүшү мүмкүн. Мунун өзү өзүнчө алганда өтө эле олуттуу болуп саналбайт, бирок, эгерде ойлоп көрсөк, бул аялдын ийкемдүүлүгүнө тыюу салуу эмеспи. Бул жерге атасынын, агасынын же көйөөсүнүн уруксаты жок жүрүүгө тыюу салууну да кошууга болот. Мунун өзү психологиялык чектөөнүн мисалы болуп саналат. Мажүрөөлүк ыңгайлашууга жана өзгөрүүлөргө жөндөмдүүлүк аялдын жүргөн жерине гана эмес, анын жашаган жерине, билимине, технологиясына, мүнөзүнүн күчтүүлүгүнө, натыйжалуу чечимдерди кабыл ала билгичтигине, алган билимине, ден соолугуна ж. у. с. көбүрөөк даражасына жараша болот. Адамдарда саналып өткөндөр канчалык көбүрөөк болсо, алар ошончолук мажүрөө, жана анын тескерисинче азыраагы болсо, алардын социалдык абалы ошончолук ишенимсиз болот. Бүткүл дүйнө боюнча чогултулган маалыматтар боюнча аялдардын мүлккө жана активдерге чектелген жетүүсү бар экендигин көрсөтүүдө. Биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу адамдардын кадимкидей иштеп жашоосун камсыз кылуу үчүн тамак-аш коопсуздугу жана ресурстардын булактарынын кыскарышы менен байланышкан проблемаларга алып келет. Бул ресурстар айыл жериндеги калктын жакыр катмары үчүн өтө маанилүү, анткени ресурстар аларды тамак, мал үчүн тоют, турак-жайын жылытуу үчүн отун ж. у. с. менен камсыз кылат, б. а. материалдык жыргалчылыктын кыйла маанилүү булагы болуп саналат 10. Коммерциалашкан айыл чарбасы жергиликтүү өсүмдүктөрдү жана малдын түрлөрүнүн кыйла көп түшүмүн, сүттүн же эттин кыйла көп санын берүүчү жаңы түрлөргө жана сортторго алмашуу менен өтө көп байланышкан. Бул өсүмдүктөрдүн жана малдын жаңы түрлөрү көпчүлүк учурларда жергиликтүү өсүмдүктөрдүн кыскарышына жана кийин жок болушуна жана малдын мурдагы түрлөрүнүн сүрүп чыгарылышына алып келет. Айыл чарбасынын коммерцияланышынын жогорулашы менен технологиялык жаңылыктар 9

Food and Agriculture Organization of the United Nations (2005 ). Building on gender, agrobiodiversity and local knowledge. A training manual. FAO. 10 Food and Agriculture Organization of the United Nations (2005 ). Building on gender, agrobiodiversity and local knowledge. A training manual. FAO.

24


фермердик тутумдарды түзүп, алар химикаттар сыяктуу тышкы салымдарга көз каранды болот. Ал аз келгенсип бул жаңы тутумдар айыл чарбасындагы аялдын ролун толугу менен олуттуу этибарга албайт. Каржы ресурстарына жетүүнүн чектелгендигинин айынан аялдарга үрөндөрдү, зарыл техниканы жана жер семирткичтерди алуу кыйындыкка турат. Аларга зарыл маалыматты алуу же болбосо тигил же бул тренингден өтүү дайыма эле оңунан чыкпайт. Жаңы процесстер чакан фермер чарбаларына, жана өзгөчө, буга чейин биологиялык ар түрдүүлүккө курчап турган чөйрөнү натыйжалуу пайдалануу боюнча стратегиянын ажыратып алгыс бөлүгү катары таянып келген аялдарга өтө терс таасирин тийгизет 11. Биологиялык ар түрдүүлүктү жоготууну болтурбоо боюнча чаралар Биологиялык ар түрдүүлүктү жоготууну болтурбоо боюнча стратегиялар аялдарга ошондой эле эркектерге да азыр гана эмес, бул чөйрөдөгү кийинки кыйынчылыктарда кыйла аз мажүрөө болууга мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш. Калктын жакыр катмарларынан чыккан айылдык аял жана орточо статистикалык чакан фермер жергиликтүү өсүмдүктөрдү жана жергиликтүү экологиялык тутумга көнгөн малды багууну улантуу менен өздөрүн тобокелдикке дуушар кылат. Биологиялык ар түрдүүлүктү жоготууну болтурбоо боюнча чара болуп саналган диверцификация аларды климаттык өзгөрүүлөрдөн гана эмес, жердин чөлгө айланышынан жана курчап турган чөйрө менен байланышкан башка проблемалардан коргошу мүмкүн. Аялдардын жана фермер эркектердин биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана натыйжалуу башкарууга багытталган программалар менен долбоорлорго толук баалуу жана тең катышуусу гендер маселелеринде оң натыйжалардын пайда болушуна да таасир көрсөтөт. Изилдөөчүлөр жана заводчулар көп убакта аялдардын жана фермер эркектердин муктаждыктарын аңдап түшүнбөй иштейт. Ал аз келгенсип айыл чарба маселелери боюнча консультанттар жана изилдөөчү уюмдар көп учурларда өсүмдүктөр менен айбанаттардын жергиликтүү түрлөрүн натыйжасыз жана аз натыйжа берүүчү, демек бүгүнкү күндө керексиз катары карайт. Насыя менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясаты айбанаттардын жаңы түрлөрүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун киргизүүгө жана пайдаланууга багытталган каржылык колдоо биологиялык ар түрдүүлүктү жоготууну тереңдетет жана салтка айланган гендердик ролдорго таасирин тийгизет 12. Тапшырма Көнүгүү: Биологиялык ар түрдүүлүктү кыскартууга алып келүүчү тобокелдиктерди төмөндөтүү Максат: Эркектердин жана аялдардын биологиялык ар түрдүүлүктү кыскартууга алып келүүчү тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча салымын түшүнүү жана кайрадан ойлонуштуруу.

11

Food and Agriculture Organization of the United Nations (2005 ). Building on gender, agrobiodiversity and local knowledge. A training manual. FAO. 12 Food and Agriculture Organization of the United Nations (2005 ). Building on gender, agrobiodiversity and local knowledge. A training manual. FAO.

25


Процесс: 1. Катышуучуларды топторго бөлүңүз. 2. Аларды катышуучулар мурда толтурган 2 жана 3-таратып берме материалдарды таратыңыз. 3. Ар бир тапшырма биологиялык ар түрдүүлүктү кыскартууга жана сактоого кандайча көмөктөшөрүн талкуулоону катышуучулардан өтүнүңүз. 4. Катышуучулардын өз талкуулоосунун натыйжаларын берүүнү өтүнүңүз. 5. Негизги багыттарды талкуулагыла.

Тапшырма Фильм көрсөтүү  UNDP-GEF “Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгөн сактоо менен” долбоору. (Preserving biodiversity of Issyk-Kul Lake) (https://www.youtube.com/watch?v=o7T0c3k5GOQ)  UNDP-GEF “Суусамырдагы жайыттарды туруктуу башкаруунун мыкты практикалары“ (Sustainable pasture management in Suusamyr: Best practices) (https://www.youtube.com/watch?v=jWeKj3ClvbA) долбоору.  Фильмди чогуу көрүү. 1. Фильмди тренингдин катышуучулары менен талкуулоо.

Тренингдин аякташы Машыктыруучулар тренингдин жыйынтыгын чыгарат, катышуучуларга баа берүү баракчаларын таратат.

26


Биздин тренингге баа бериңиз Сиздин комментарийлериңиз жана каалоолоруңуз биз үчүн өтө зарыл жана кийинки ишибизди жакшыртууда бизге жардам бериши мүмкүн. Аты*_________________________________________________________________________ ________________________ Гендер_______________________________________________________________________ __________________________ Иштеген же окуган жери *_______________________________________________ * Сиз келтирген маалымат купуя калат. Биздин тренингге өзүңүздүн канааттанууңузду көрсөтүңүз: 1. Өткөрүлгөн тренинг мага төмөнкүлөр эмне экенин жакшыраак түшүнүүгө жардам берди: Макул эмесмин

Кайсы бири Айтылганд менен макул арга эмесмин кайды-гер калдым

Кайсы бири менен макулму н

Толугу менен макулмун

Гендер Биологиялык ар түрдүүлүк Гендер менен биологиялык ар түрдүүлүктүн ортосундагы айырма Гендер жана биологиялык ар түрдүүлүк маселериндеги маалыматтуулук Биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу алдындагы гендер жана мажүрөөлүк

2. Биздин тренингден Сиз өзүңүз үчүн пайдалуу эмнени алдыңыз?

3. Өткөрүлгөн сабактар Сиздин күнүмдүк турмушуңузду өзгөртүүгө кандай жардам берет?

27


4. Биз тараптан эмне айтылбай калды?

5. Биздин тренингде Сиз эмне купулуңузга толгонун жана эмнени өзгөртүүгө же толуктоого мүмкүн болмогун көрсөтүңүз Бардыгы эң Жакшы сонун өттү!

Орточо!

Мындан көптү Эң начар! күткөм

Маалымат Талкуулоо Тапшырмалар Таратып берме Материал (таратып берме материал) Уюштуруу учурлары Өзүңүздүн комментарийлериңиздерди жана сунуштарыңыздарды биз менен бөлүшүңүз. Эгерде мындайга зарылдык болсо Сиз барактын арткы бетин да пайдалана аласыз.

28


Колдонулган адабияттар:

Ahmad, N., Aqil, G., & Nybord, I. (2002). Training manual for gender awareness/sensitisation workshop for community representatives. NLH/AKRSP High Altitude Integrated Natural Resource Management Program. NMBU, Norway. Beijing

Declaration and Platform of Action. http://www.un.org/womenwatch/daw/beijing/platform/

Retrieved

from:

Food and Agriculture Organization of the United Nations (2005 ). Building on gender, agrobiodiversity and local knowledge. A training manual. FAO. Food and Agriculture Organization of the United Nations (2005). Women and Biodiversity: The core of existence. Retrieved from: http://www.unep.org/PDF/Women/ChapterThree.pdf Kyrgyzstan: Status and trends in biodiversity. Retrieved https://www.cbd.int/countries/profile/default.shtml?country=kg#status

from:

Reeves, H. & Baden, S. (2000). Gender and development: Concepts and definitions. Report # 55, prepared for the Department of International Development (DFID) for its gender mainstreaming intranet resource. Bridge: University of Sussex. State Agency of Environmental Protection and Forestry under the Government of Kyrgyz Republic (2009). Kyrgyz Republic State of Environment Review. Bishkek The World Bank, Food and Agriculture Organization, and International Fund for Agricultural Development (2008). Gender and agriculture. Sourcebook. The World Bank: Washington, DC. United Nations Human Rights (2015). Gender stereotypes and stereotyping. Retrieved from: http://www.ohchr.org/EN/Issues/Women/WRGS/Pages/GenderStereotypes.aspx United Nations Convention on Biological Diversity. Retrieved from: https://www.cbd.int/ United Nations Convention on Elimination of all forms of Discrimination against Women. Retrieved from: http://www.un.org/womenwatch/daw/cedaw/

29


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.