Көркөм өнөр 5 класс Д. А. АКМАТОВ, А. К. ОРОЗОБАЕВ

Page 1

Д. А. АКМАТОВ, А. К. ОРОЗОБАЕВ

КЄРКЄМ ЄНЄР 5-класс Жалпы билим берїїчї мектептер їчїн окуу китеби Кыргыз Республикасынын Билим берїї жана илим министрлиги сунуштаган

Бишкек–2018


УДК 373. 167.1 ББК 85.1я721 А40

Эксперт: Амираева Л. А., И. Арабаев атындагы КМУнин «Кєркєм єнєр жана дизайн» кафедрасынын доценти

А40

Акматов Д. А., Орозобаев А. К. Кєркєм єнєр: 5-кл.: Жалпы билим берїїчї мектептер їчїн окуу китеби Б.: Билим-компьютер, 2018. – 88 б., илл. ISBN 978-9967-31-793-2 Окуу китеби «Кєркєм єнєр» предмети боюнча мамлекеттик билим берїї стандартынын жана 2016-жылы КР Билим берїї жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окуу программасынын негизинде даярдалды. Окуучулардын башталгыч класстарда алган билим, кєндїм, жєндємдєрдїн негизинде кєркєм єнєрдїн тїрдїї тармактары, табият менен жашоо-турмушубуздун байланышы аркылуу тереўдетилет. Курчап турган дїйнєнїн, кубулуштарынын сулуулугун кєркєм каражаттар аркылуу чагылдыруунун жолдору, ыкмалары єз­дєш­­тїрїлєт.

А 4306021700–18

ISBN 978-9967-31-793-2

УДК 373. 167. 1 ББК 85.1я721

© Акматов Д., Орозобаев А., 2018 © КР Билим берїї жана илим министрлиги, 2018


Урматтуу жаш достор! Силер башталгыч класстарда кєркєм єнєрдїн тїр­ дїї тармактары боюнча сїрєт тартканды, курак ку­ рап жана кєлємдїї композицияларды тї­зїїнїн айрым кєндїмдєрїнє ээ болдуўар. Бул убакыттын ичинде си­ лер, атактуу єнєр инсандарынын чыгармалары менен тааныштыўар. Кєркєм сїрєт єнєрїнїн тїрлєрїн жана жанрларын айырмалап билгенге їйрєндїўєр. Эми башталгыч класстарда кєркєм сїрєт єнєрї бо­ юнча алган билим, ык, жєндємдєрдїн негизинде кєркєм єнєрдїн тїрдїї тармактары, табият менен жашоо турмушубуздун байланышы тууралуу дагы кєптєгєн маалыматтарды алып, билимиўер тереўделет. Бизди курчап турган дїйнєнїн кубулуштарынын сулуулугун кєркєм каражаттар аркылуу чагылдыруунун жолдо­ рун, ыкмаларын єз­дєштїрїп, аткарылган иштердин кєркємдїк сапаттарын баалаганды їйрєнєсїўєр. Канча­ лык кєўїл коюп, кєбїрєєк изденип окусаўар, сабактар да силер їчїн ошончолук кызыктуу жана натыйжалуу болот. Силерге тїрдїї доорлордогу мыкты сїрєтчїлєрдїн, архитекторлордун, бедизчилердин чыгармалары ме­ нен таанышып, билимиўерди андан ары єр­кїн­­дєтїїгє мїмкїнчїлїк тїзїлєт. Урматтуу жаш достор силерге чыгармачылык ды­ мак жана ийгиликтерди каалайбыз.

Авторлор

3


Гигиена тууралуу унутпагыла! – Єздїк гигиенанын эрежелерин сактоодо эў алгач бою­ўарды тыкан кармап, тїз отурганга їйрєнгїлє. – Сїрєт тартканда же жазганда кїн нуру ка­ газга таамай тийбегендей жайгаштыр, антпесе кєздїн кєрїїсї начарлайт. – Жумушчу орундарды туура уюштура бил жана жыйнактуу болуп, тазалыкка їйрєн. Класстагы жабдууларга аяр мамиле кыл. – Коопсуздук эрежелерин туура сакта. Учу уч­ туу, курч аспаптар менен иштєєдє этият бол. Аларды башкаларга бе­рїїдє сєзсїз учтуу жагын єзїўє каратып бергенди унутпа. – Боёк болгон кыл калемдерди жууп-тазалап, идиштеги сууну тез-тез алмаштыр. – Кыл калемди сууда кєпкє калтырсаў форма­ сы бузулуп, сапаты начарлайт. Идиштеги суу кєп булганбас їчїн кыл калемдерди тазалоодо атайын чїпїрєк, кагаздарды колдон. – Иштеп бїткєндєн кийин гуашь боёктордун капкактарын тєгїлбєгєндєй кылып жакшы бекит. – Тїрдїї кєркєм каражаттарды колдонгондон кийин, колуўду самындап жуушуў керек. – Аткарылган иштерди кургатып, булганып бїктєлбєгєндєй кылып, папкаларга, атайын куту­ чаларга сакта.

4


5-КЛАССТЫН ЖЫЛДЫК ТЕМАСЫ «КЄРКЄМ ЄНЄР ЖАНА МЕЗГИЛ»

I ЧЕЙРЕК 1–2-сабактар Кєркєм сїрєт єнєрїнїн тїрлєрї жана жанрлары Кєркєм сїрєт єнєрїнїн адам баласы жаралгандан берки єсїп-єнїккєнїнє, бизге чейин сакталып жеткен тарыхый мурастар далил. Ал кереметтїї чыгармалардан ошол мезгилдеги адамдардын жашоо-тиричилигинен кабар алса болот. Кєркєм сїрєт єнєрїнїн тїрлєрї: графика, живопись, бедиз (скульп­тура), декоративдик-прикладдык єнєрї жана архитектура боюнча маалыматтарды башталгыч класстарынан алгансыўар. Ошондой болсо да окугандарды эске салып, алардын айрымдарына токтоло кетели. Графика – бул биринчи кезекте сїрєт тартуу искусствосу. Анын аталышы гректин «графо» – жазам, сызам, тартам деген сєзїнєн чыккан. Графика ак-кара жана тїрдїї тїстєр менен да аткарылат.

Саймалуу-Таш. Кыргызстан

5


Таштардын бетине чегилген сїрєттєр, їўкїрлєрдїн беттерине отундун кїлї, кємїрї жана башка каражаттар менен аткарылган сїрєттєр кандайча аталат?

Эликтерге аў уулоо. Испания

Кылымдарды карыткан улуу кыргыз эли тилин, дилин, їрп-адатын, салт-санаасын, маданиятын, єз эркиндигин кєздїн карегиндей сактап келген. Эми биз дагы ата-бабабыздын жолун жолдоп, элибиздин тарыхын окуп билип, кєркєм мурас­ тарын ыйык тутуп, учугун улашыбыз керек. Кыргыз элинин тарыхында элин, жерин ар кандай душмандардан коргоп, элин баккан адамдар улуу «Манас» эпосундай эле укумдан-тукумга 6


санжыра катары оозеки жеткирилип келген. Ал адамдардын, азыркы кыргыз элинин єз алдынча мамлекет болуп сакталып калышына кошкон салымдары зор жана тарыхта орду бар. «Манас» – кыргыз элинин кєп кылымдык уникалдуу чыгармасы жана дїйнєдєгї эў чоў эпос. Эпостун кєркємдїк кїчї – адамдын элдик идеалдарын ишке ашыруу. «Манастын» графикалык образдарынын эў сонун галереясын сїрєтчїлєр Б. Жумабаев, Т. Герцен ж. б. дагы кєптєгєн сїрєт­ чїлєр тїзгєн.

«Манасчы Саякбай Каралаев». Б. Жумабаев

Асман менен жериўдин, Тирєєсїнєн бїткєндєй, Айыў менен кїнїўдїн, Бир єзїнєн бїткєндєй. Алды калыў кара жер, Жерлигинен тїткєндєй! Ай алдында дайранын, Толкунунан бїткєндєй, Абадагы булуттун, Салкынынан бїткєндєй, Асмандагы ай-кїндїн, Жаркынынан бїткєндєй. «Манас» эпосунан

«Манас». Т. Герцен

7


Белек Жумабаев Кыргызстандагы алгачкы муундагы сїрєт єнєрїнїн графика, живопись, цинкография техникасында чыгармаларды жараткан єнєр инсаны катары таанымал. Цинкография техникасында Саякбай Карала уулунун «Тулпарлар», «Баатырлар, айымдар» – деген китептерин кєркємдєгєн. Улуу манасчылардын кєркєм образдарын жаратып, «Манас» эпосундагы негизги каармандардын портреттеринин галереясын тїзгєн. Жумабаевдин чыгармачылыгы жогорку кєркєм табити, чыгармачылык фантазиясынын байлыгы менен айырмаланган. Ал эпостук образдар аркылуу улуттук мїнєздї ачууга аракеттенген. Манас – улуу жол башчы, элдин тиреги экендиги жогоруда берилген ыр саптарынын графикалык чыгарма менен їндєшїп турган шайкештигинен кєрїїгє болот. * Искусствонун дагы кайсы тармактарында «Манас» эпосундагы образдарды билебиз? Живопись – бул кызыктуу сюжеттик тїзїлїштє, кєркєм формада тартылуучу тїстїї сїрєттєр. «Живопись – жандуу жазуу» деген маанидеги тїшїнїк орус сєзїнєн алынып, «тур-

Шове їўкїрї. Франция

8


мушту, жашоону жазуу (тартуу)» дегенди тїшїндїрєт. Живопись – боёк менен элестетїї, таасирдїї, жандуу образ тїзїїчї сїрєт єнєрїнїн тїрї. * Живопись – кєркєм сїрєт єнєрїнїн башка тїрлєрїнєн эмнеси менен айырмаланат? Бедизчилик – «скульптура» (лат. тилинен) деген сєздї ба­йыркы римдиктер ойлоп табышкан («скулпо» латынча чегем, жоном, кесем). Бедизчилик – атам замандан бери келе жаткан єнєрлєрдїн бири болуп эсептелет. Байыртадан адамдардын же жаныбарлардын келбеттеринин сїрєттєлїштєрїн ташка, чопого, металлга, мїйїзгє, сєєккє ж. б. нерселердин бетине чегип, куюп, оюп тїшїрїп келишкен. Ошондой жасалган нерселерди бедиз (скульптура), аны жасагандарды бедизчи (скульптор) деп аташат. Балбал таштарды, чоподон ар кандай кїндєлїк жашоотурмушка керектелїїчї буюмдарды, жаныбарлардын, адам келбеттерин чоподон жууруп, таштан чегип, дагы башка каражаттардан жасоо менен бедизчиликти єздєштїрїшкєн. Бедиз негизинен їч тїргє бєлїнєт. 1. Монументалдык 2. Станоктук 3. Кичине формадагы Монументалдык бедиз єзїнїн чоў єлчємї, формасы менен айырмаланып турат. Монументалдык чыгармалар кєчєлєрдїн, аянттардын, парктардын, їй­лєрдїн фасаддарынын сыртына жана кенен залдардын ичине коюлат. Бул кайсы бир атактуу адамга же бир белгилїї окуяга тїбєлїк эскерип жїрїї їчїн арналып, эстелик катары жасалган – бедиздик чыгарма. Монумент – бул кадимки эле эстелик бирок, єлчємї чоў келип, улуулукту кєрсєтїп, айкындап турат. Байыркы римдиктердин «монео» – эскертем «Бугу» б. з. ч. VI к. Енисейде табылган. деген сєзїнєн алынган. Эрмитаж. Санкт-Петербург Бишкек шаарындагы Ток9


«Манас». Т. Садыков

тогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында эстелик турат. Сол колунда калкан, оў колунда кылычын сермеп, жоокерлерди чабуулга сїрєгєн баатыр. Єз эли-жери їчїн акыркы тамчы канын берїїгє даяр инсандын эстелиги. * Бедизчи кимдин элесин чагылдырган? Станоктук бедиздин єлчємдєрї жасалып жаткан моделдин, нерсенин єлчємїнєн ашпашы керек. Монументалдык бедизден айырмаланып станоктук бедиз имараттардын ичине, жашаган їйлєр менен музейлерде, ошондой эле парк менен скверлерде коюлат. Бет алдынан гана кєрїїгє боло турган да бедиз бар. Мындай форманын бир бєлїгїнїн тегиздиктин бетине томпойтуп чыгарылган бедиздеги сїрєттєєнї рельеф деп аташат. Рельеф ич ара барельеф, горольеф, контррельеф болуп бєлїнєт. 10


Декоративдик-прикладдык єнєр – «декор» деген сєз латын тилинен кооздоо, ал эми «прикладдык» кїнїмдїк турмушта колдонуу дегенди тїшїндїрєт. Бардык кїнїмдїк турмушта колдонулуучу, кол менен жасалган кооз буюмдар декоративдик колдонмо чыгарма болуп эсептелет.

Кара керамика. Кытай

* Ташка, жыгачка, сєєккє, кийизге, чопо идиштерге сїрєт­ тєр, оюмдар тїшїрїлсє, ар кандай буюмдар, кооздуктар, баалуу таштардан шурулар кєркємдєлїп жасалса, бул єнєр кандай аталат? Архитектура – бул грек тилиндеги «архи» (башкы, улук) тектон» (куруу­чу, уста) – «башкы куруучу» деген сєздєрдєн куралат же болбосо адамдар їчїн кооз, жашоого ылайыктуу чєйрє тїзїїчї єнєр деп айтабыз. Биздин жашообузда архитектуралык курулуштарды кєпчїлїк жерлерде жолуктурабыз, мындайча айтканда кайсы тарапты карабайлы айланабызда кооз имараттар, кєчєлєр, аянттар, сейил бактар, стадиондор, спорт аянтчалары, айылдар, шаарлар. Адам баласы жумуш, спорт, окуу, бий ж. б. менен алектенсе, алар їчїн сєзсїз ылайыкташтырылган жакшы курулуш имараттары болушу керек. Мына ушулардын баары – архитектура болуп саналат. 11


«Боз їйлєр». Н. Рерих

«Кыргыз кєчї». В. Верещагин

12


Бардык курулушка сапаттуулугу жана ыўгай­луулугу деген эки негизги талап коюлат. Бирок, искусствонун чыгармасы болуп эсептелиш їчїн адам сезимин єзїнє тартуучу кооз­дук да болуш керек. Мисал катарында Бурана мунарасын карасак болот. Ал єз мезгилинде ХII кылымдын аягында бїткїл Борбордук Азия боюнча зор жана заманбап чеп болуп эсептелген, анын мунарасынын бийиктиги 48 м болгон. 13


Кыргызстандагы бїгїнкї кїнгє чейин сакталып бизге жеткен архитектуралык шедевр­лердин бири Єзгєн мунарасы. Єзгєн архитектуралык комплекси X–XI кылымдарга таандык. Комплекс мунарадан жана ¿ч мавзолейден турат. ªзгºн мунарасынын алгачкы бийиктиги 44 метр болсо, азыркы бийиктиги чºг¿п, урап отуруп 27,5 метрди гана т¿зºт. Ошол кездеги архитекторлордун негизги максаты мунара, чептерди бекем жана душмандан коргонууга ылайыктап куруу болгон жана кооздукту да унутушкан эмес. Бурана шаарынын єзгєчє кайталангыс сырткы кєрїнїшї, Чыгыш єлкєлєрїнє таандык стилде салынган. Бїгїнкї кїндє бизди канчалык бекем жана ыўгайлуу имараттар курчап турбасын, алар кєрксїз болуп адамды суктандыра албайт, себеби аларга сїрєткердин колу тийбегендиктен жансыз материалдарга айланган. * Адам баласынын алгачкы турак-жайлары (жер їй, алачык, боз їй), ошондой эле кїмбєз эстеликтери куруу искусс­ твосунун кайсы тїрїнє кирет? Кырк миўдеген жылдардын аралыгында бїтїндєй дїйнє жїзїндє адам баласынын кол єнєрчїлїгї єркїндєгєн. Заманга жараша, техниканын єсїшї менен колдонулган шаймандар алардын формалары, стилдери єзгєрїлїїдє. Ошондон улам кєркєм сїрєт єнєрїнїн тїрлєрї жана жанрларынын єнїгїї тарыхын ар бирибиз билишибиз керек. Азыр кєркєм сїрєт єнєрїнїн тїрлєрїнєн сырткары, силерге таанымал болгон тєрт негизги жанрга токтоло кетели: 1. Адамдардын тулку-бою, келбети (бейне); 2. Силердин айланаўардагы жансыз, кыймылсыз нерсе­лер (натюрморт); 3. Жаратылыш (пейзаж); 4. Турак-жайдын ички кєрїнїшї (интерьер). Булардан сырткары сюжеттїї сїрєттїн тїрлєрї болгон жє­ нєкєй жанрлар бар: - жаныбарлар; - тиричилик; - тарыхый; - майдан; - уламыш; - диний жанрлары. 14


Тапшырма: Темага ылайык практикалык ишти аткарабыз. Убакыт чек­­ телїї болгондуктан жогоруда кєрсєтїлгєн кєркєм єнє­рїнїн єзїўєр тандаган тїрї же жанры боюнча эркин темада болочок чыгарманын эскиздерин тїзгїлє.

Кєркєм сїрєт єнєрїнїн жанрлары Натюрморт Натюрморт – деген сєз француз тилинен тїзмє-тїз «жансыз жаратылыш» дегенди тїшїндїрєт, ал эми немис жана англисче «тынч» же «кыймылсыз жашоо» деген тїшїнїктї берет. Адам баласынын єзїнїн нерсеге (предметке) болгон кєз карашын пайдалуу же пайдасыз, кооз же жєнєкєй, жаўы же эски ж. б. у. сыяктууларды сїрєтчї натюрморт аркылуу кєрсєтє алат. Натюрморт жанр катарында XVII кылымдан баштап єнїгє баштаган, єзгєчє «Кичине голландиялыктар» деп аталган сїрєтчїлєр белгилїї. Турмуштук темада тартылган кичинекей сї­рєттєр «буюмдардын тынч жашоосун» чагылдырып, ага эч ким деле маани берген эмес. «Кичине голландиялыктар» кооз идишаяктарды, їйдєгї байлардын буюм-теримдерин, идиштерге толтурулган чїйгїн тамак-аштар толтура столдорду тартууну жакшы кєрїшкєн. Пейзаж Пейзаж – жаратылышты сїрєттєгєн искусствонун жанры. «Пайс» деген француз сєзї – «єлкє», «жер» дегенди тїшїндїрєт, XVII кылымга чейин пейзаж жєн гана картинанын, тартылып жаткан моделдин фону катары тартылып келген. Єзїнчє жанр катары голландиялык сїрєтчїлєр киргизген. Кийинчерээк сїрєт искусствосунда пейзаждын негизги эки тїрї: эпикалык жана лирикалык пейзаж пайда болгон. Жаратылыштын улуулугун жана кеўдигин, чексиз талааларын, тоо кыркаларын, деўиз мейкиндиктерин чагылдырат. Эпикалык пейзаж кєрїїчїлєрдї дїрбєлєўгє, кубанычка салса, лирикалык пейзаж тескерисинче тынчтыкты, жаратылыш єзїнчє уктап жаткандай сезим калтырат. 15


«ГЭСтин курулушу». А. Турсункулов

«Космос». А. Леонов

XXI кылымда техникалык прогресстин єнїгїшїнє карабас­ тан, сїрєтчїлєр дагы эле эпикалык, лирикалык, шаар, айыл, деўиз пейзажы, ведутаны (шаар кєрїнїшї) тартышууда. Ошол эле мезгилде пейзаждын жаўы тїрлєрї пайда болду, мисалы, заводдорду, курулуштарды сїрєттєгєн индустриалдык пейзаж. Адамдардын космоско учушу, космос пейзажын пайда кылды. Айта кетчї жагдай, ачык космоско чыккан сїрєтчї, учкуч-космонавт Алексей Архипович Леонов болгон. Ал кєзї менен кєргєн нерсени гана тартпастан, фантастикалык пейзаждарды да тарткан. Портрет Портрет жанры – адамдын же бир нече кишинин келбетин сїрєттєєгє арналган жанр. Портрет (бейне) искусствосу бир нече миў жыл мурун пайда болгон. Сїрєтчїнїн єзїн-єзї тарткан сїрєттєлїшї автопортрет (єз бейне) деп аталат. Сїрєтчїнїн негизги милдети адамдын сїрєтїн жєн гана окшоштуруп коюш эмес. Андан адамдын ички дїйнєсї, сезимталдыгы, ошондой эле анын коомдогу абалын кєрсєтїї негизги талап. Бейнечинин (портретист) моделге (сїрєттєлїїчї адам мо­ дель деп аталат) негизги мамилеси олуттуу болуп эсептелет. Сїрєткє тартылып жаткан адам єзїн башкача кєрсє дагы, сїрєтчї єзїнїн кєз карашында сїрєттєєгє укуктуу. Аллегориялык бейнелер – Байыркы Египетте фараондор Осира кудайынын келбетинде, ханайым Исида кудайынын келбетинде сїрєттєлгєн. 16


Живопись бейне жанры «Кайра жаралуу» доорунда пайда боло баштаган. Ошол мезгилде бейнелер экиге бєлїнїп, салтанаттык (параддык) жана камералык деп аталган. Салтанат бейнелери салтанат учурунда тартылган сїрєттєр. Ал сїрєттєрдї караганда кєз алдыўарга жакшынакай, кооз кийинген, бардык айырмачылык белгилерин тагынган, єзїн сыймыктанып кєрсєткєн адамдын келбетин байкайбыз. Салтанат бейнесине карама-каршы камералык бейне болуп эсептелет. Бул сїрєттєр чоў салтанат залдары эмес, чакан бєлмєгє ыла­йыкталган («камера» деген латын сєзї – «бєлмє» дегенди тїшїндїрєт).

«Арсенийдин бейнеси». В. Тропинин

«А. В. Суворов». А. Егоров

17


Камералык бейнеге кєпчїлїк учурда єзїнїн жакын адамын, сєзсїз эле туугандарын эмес, таанышын жана башкаларды жана алардын кулк-мїнєзїн, маанайын, кылык-жоруктарын тїшїнгєн адамдарды тартышат. Салтанат бейне XIX кылымдын жарымында романтизм єзїнїн ордун реа­ лизмге, ал эми салтанат бейнеси камералык бейнеге берген. Буга кєчїп жїргєн сїрєтчїлєрдїн (передвижниктердин) ролу чоў. Алар «Кєчмє кєргєзмєлєрдїн жолдошчулугу» деп єздєрїн атап алышкан. Башында белгилїї бейнечи И. Крамской тур-

«Кыргыз кинематографисттери». С. Чокморов

18


ган. Кєчїп жїргєндєр бейненин жаўы портрет-тип деп аталган тибин киргизишкен. Ал жерде адам єзїнїн ким экендигин кєрсєтїп, кайсы доордун жана бир топтогу адамдардын єкїлдєрї сїрєттєлгєнїн кєрєбїз. Бейненин дагы бир тїрї – топтук бейне деп эки же андан кєп адамдардын сїрєттєлїшїн айтабыз. Топтук бейнелер – їй-бїлєлїк же жамааттык (цехтик) болуп бєлїнєт, б. а. айтканда сїрєттєлгєн адамдарды жалпы иши менен байланыштырып турат. Интерьер

Бєлмєнїн ички кєрїнїшїн (интерьерин) деўгээл сызыгында жайгашкан бир чекит аркылуу жардамчы сызыктар менен сїрєттєп тартуунун жолу.

19


«Бєлмє». Ван Гог

Интерьер – бул француз сєзїнєн алынып, кыргызча «ичкерки», «ички»деген сєздї тїшїндїрєт. Имараттын ичиндеги бєлмєлєрдї жана мейкиндикти, буюмдарды, эмеректерди тартууга арналган жанр интерьер деп аталат. Картинанын бєлїгї катары интерьер миўдеген жылдар мурун пайда болгон. Байыркы Египет искусствосунда интерьердин фонунда таралган фигуралар кездешет. Бирок, єзїнчє жанр катары XVII кылымда гана Голландияда пайда болгон. Голландиялык интерьерлер башкалардан єзїнїн кичине єлчємдєрї жана даана чеберчилик менен аткарылгандыгы менен айырмаланат. Жєнєкєй жанрлар Кандайдыр бир окуялар жана кыймылдар менен чырмалышып, сюжеттик картиналардын бир тїрї болуп эсептелет жана алар бир-биринен сїрєтчї эмнени сїрєттєгєнї менен айыр­маланат. 20


Тарыхый жанр Єткєн замандагы окуяларды жана анын каармандарын жандандырып кєрсєткєн чыгармаларды тарыхый жанрдан кєрє алабыз. Тарыхый жанрды тартуучу сїрєтчї болуу єзгєчє талантты талап кылат. Ошол сїрєттєп жаткан замандын, мезгилдин, анын майда ийне-жибине чейин билїїгє ти­йиш. Мындайча айтканда кийген кийими, урунган шаймандары, куралдары, жасалгалары мезгилине жараша айлана-чєйрє, психологиялык абалын ж. б. у. сыяктууларды кєркєм боёк аркылуу чагылдырат.

«Токтогул эл арасында». А. Чуйков

Баталдык жанр Баталдык (француз тилинде «bataille» – салгылашуу, майдан) жанр – сїрєт єнєрїндє согуш жана аскердик турмуш темаларын чагылдырган жанр. Аталышы айтып тургандай майдан жанрын тарыхый жанрдын «улуу агасы» деп атап койсо болот. Анткени ал сїрєттєрдє согуш, аскер жїрїштєрї негизги орунду ээлейт. 21


«Кїтїїсїз кол салуу». А. Верещагин

Тарыхый жанр сыяктуу эле бул жанр сїрєтчїдєн ошол окуянын, салгылаштын, согуштун убагындагы жоокерлердин кийген кийимин, жоо куралдарын ж. б. у. с. мезгилиндегидей кєрсєтїїнї талап кылат. Баталист – согуш аракетин же согуш эпизоддорун (кєрї­ нїшїн) тартуучу сїрєткер. Уламыш жанр (мифология) – мифтер (миф) – Кудайлар ж. б. табигатта жок нерселердин жашоосу, алардын кїрєш­ тєрї, эрдиктери тууралуу айтылган уламыштар. Уламыштар (мифтер) – жалпы адамзаттын кєйгєйлєрї болгон – жакшылык менен жамандык, даўктуулук менен кєр-тирилик, аталар менен балдар. Сїрєтчїлєр їчїн миф – бул адам оюнун сырты келбети. Анималистикалык жанр – жаныбарлар дїйнєсїнїн сї­рєт­­ тєлїшї. Єз чыгармачылыгын жаныбарлардын сїрє­тїн тартуу­ га арнаган сїрєтчїлєрдї анималисттер деп аташат. «Анимал» деген латын тилиндеги сєздї кыргызчага которсок «жаныбар» деген тїшїнїктї берет. Анималисттерде єзгєчє байкоочулук, чыдамкайлык жана жакшы эстеп калуу сезими болушу керек. Ошондой эле алар жаныбарлардын мїнєздїї жїрїм-турумун, жашоо чєйрєсїн жакшы билїїгє тийиш. Сїрєтчї анималисттер жаныбарлардын кыймыл-аракетине жана кулк-мїнєзїнє єзгєчє кєўїл бурушат. Сїрєтчїлєрдїн кооз, ачык тїстєр менен тартылган, татынакай жаныбарлар сїрєттєлгєн китептерди кєрїп жїрєсїўєр. Алардын иштеринде кыял-чабыттар канчалык оригиналдуу болсо, сїрєттєлгєн жаныбарлар бизди ошончо єзїнє тартат. 22


Тиричилик жанры Адамдын жашоосунан, кїнїмдїк турмушунун ар тарабынан алынып тартылган: эмгек жана эс алуу, майрам жана жашоо-тиричилик, турмуш ыргактары жана олуттуу иштерди сїрєттєгєн жанр – тиричилик жанры деп аталат.

«Эне». А. Сулайманов

Тест 1. Кєркєм сїрєт єнєрїндє негизги каарман катары жаратылышты сїрєттєгєн жанр. а) бейне; б) натюрморт; в) пейзаж. 2. Живопись жанрында эмнелерди колдонуп, чыгармаларды жаратышат? а) так; б) сызык; в) тїс. 3. Графикага тиешеси жогу кайсы? а) курак (аппликация); б) сїрєт; в) бир шилтем. Тапшырма Жогоруда кєрсєтїлгєн кєр­кєм єнєрїнїн єзїўєр тандаган тїрї же жанры боюнча эркин темада болочок чыгарманын эскиздерин тїзгїлє. 23


3–4-сабактар Натюрморт. «Гїлдєр» 1-Сентябрь «Билим кїнї». Бїгїн єлкєдєгї бардык мектептерде жаўы окуу жылынын алгачкы коўгуроосу кагылып, кезектеги окуу жылы башталды. Бул кїн ар бирибиздин жїрєгїбїздє кїздїн ажайып кооз гїлдєрї менен коштолгон алгачкы коўгуроо жана досторубуздун жаўырган шаўдуу кїл­кїлєрї менен эсибизде калат. Майрамдарды гїлдестесиз элестетїї єтє кыйын, жакшы кєргєн адамдарга гїлдєн белек берээрде кимге, кандай гїлдєрдєн кандай гїлдестени кєр­ кємдєп даярдоо керектигин билїї зарыл. Мындай маанилїї ишти аткарууда сєзсїз кєркєм сїрєт єнєрї предметинен буга чейин алган билим, ык жардам берет. Кєндїмдєрдєгї жайгаштыруу, ыргак, кєлєм, єў, тїс ж. б. жєнїндєгї тїшїнїктєрдї эстен чыгарбашыбыз керек. * Алдын-ала терилген гїлдєрдєн гїлдестелерди даярдоодо эмнелер кєўїлдїн борборунда болуусу зарыл? - Гїлдестедеги гїлдєр канчалык кєп же ар тїрдїї тїс­тєр­ дєн болсо, ошончолук жарашыктуу болот деген ойдон алыс болуу керек. Ар бир гїлдїн кєркєм сулуулугу, назиктиги кайсыл тарабынан караса да мейкиндикте кєрктїї, эркин кєрїнгєндєй жайгаштыруубуз талапка ылайык. Айрыкча бул анча чоў эмес бакча жана талаа гїлдєрїнє тиешелїї. - Гїлдесте жалаў бир тїрдєгї, бир беткей гїлдєрдєн мисалы роза, пион, астра ж. б. тїзїлсє жарашыктуу болот. Аларга тємєндєгї сїрєттєрдєгї оранжереяларда єстїрїлгєн ачык тїстєгї, назик, жука їлпїлдєктїгїнєн анын арт жагындагы нерселер да кєрїнгєндєй (аспарагус, гипсофила, папоротник

Аспарагус

24

Гипсофила

Папоротник


д. у. с. ), бир эки тал жалбырак же ийил­ген талдарындагы майда їлпїлдєктєрї бар гїлдєр менен кєр­кємдєлгєнї дурус. - Ар бир тїстїн єзїнє гана тиешелїї эмоционалдык таа­ си­ри бар, ал тїстєрдїн жалпы гїлдестедеги тїстєр жана формасынын гармониялык айкалышын билїї єтє маанилїї. Ар бир тїстїн маанисин жана кандай тїстєр менен контрасттуу болорун би­лїїгє буга чейин бизге тааныш тїстєрдїн айлана­ да жайгашуусу боюнча таблицасын пайдалансак болот. - Кызыл: оттун жалысары ны сымал, сезимдерди саргыч жашыл саргыч кїрєў таасир­лентип, жылуулук тартуулоочу тїс. Ал єз алкїрєў жашыл дынчалыгы менен жашыл, ак жана ачык кїлгїн кызкызгылт гылтым тїстєр менен ай- кєгїш кїрєў калышат. - Сары: саргыч кызкызыл кєк гылт: Кїндїн, оттун, ємїрдїн тїсї. Жылуу, кызгылт кєгїш шаўдуу, жадырап-жайна- кєгїш сыя сыя кєк ган маанайды тїшїндї­ рєт. Кызыл, кєк, сыя кєгїш тїстєр менен айкалышат. - Асман кєк: кєк, муздак, назик, токтоо, капалуу, муўдуу маанайды билдирет. Бул тїстєр саргыч, саргыч кызыл, кызгылтым кєгїш, мала кызгылтым ачык тїстєр менен жакшы айкалышат. - Сыя кєк: кїчтїї сезимдерди билдирген кызыл жана кєк тїстєр менен айкалышып, кєпчїлїк учурда єкїнїчтї билдирет. Назик ачык асман кєктєн – кара кочкул сыя кєккє че­ йинки тїрдїї тїстєр менен айкалышат. - Ак тїс: єз алдынча бардык тїстєр менен кошулуп, жарашыктуу гармонияны тїзє алат. - Жашыл тїс: тынч, токтоо жагымдуу маанайды тартуулаган тїс. Жашыл тїркїн тїстєгї жана флорадагы жалбырактар гїлдестенин композициялык тїзїлїшїнїн кєркїнє кєрк кошот. Тїзїлгєн гїлдесте сєзсїз салынуучу идиш менен гармония­ лык бир бїтїндє болуусу керек. Вазалардын кыска, узун же жайпак тїрлєрї болот, алар айнек, хрусталь, фарфор, керамика же жыгач материалдардан даярдалат. 25


Тїрдїї формадагы гїл салуучу вазалар Роза, калла, гиацинт, нарцис, гвоздика, ландыш гїлдєрї хрусталь жана айнек вазаларда абдан жарашыктуу кєрїнїшєт. Талаа гїлдєрї, ошондой эле кєк, ноготки, бархат гїлдєрїн керамикадан жасалган вазаларда жарашыктуу жайгаштырса болот. Дельфиниум, гладиолус, хризантем гїлдєрїнїн сабактары узун болгондуктан алардан тїзїлгєн букеттер ичке моюндуу узун вазаларда жакшы кєрїнєт.

Хрусталь

Керамика

Айнек

Айнек

Кандай гана гїлдестени кєркємдєп жасалгалабайлы кєпкє сакталбасын жакшы билебиз, ошондон улам анын кєр­кєм сулуулугун чыгармачылык менен кагаз бетине тїшїр­сєк тїбєлїктїї болот. Буга мурунку сабакта силер таанышкан єнєр инсандарынын натюрморт жанрындагы гїлдестелер сїрєттєлгєн чыгармалары далил. Гїлдестелерди жайгаштыруу їчїн кєздїн жоосун алган дарактардын бутактары, тамырлары, ар кандай себептерден улам

Василек

26

Астра

Роза


Ромашка

Пион

Бархатцы

Нарцисс

Калла

Гиацинт

Гвоздика

Ландыш

27


Гладиолус

Дельфиниум

Хризантема

дарактарда пайда болгон табышмактуу формалар, ошондой эле саман, мажїрїм тал, жапан талдардын бутактарынан себеттерди технология сабагында же їйдєн токуп, оригиналдуу ваза катары пайдаланса болот. Мындай кєркємдєлїп даярдалган вазаларды, кєўдєйїнє суу куюлган банкаларды жыгылбагандай кылып губка, пенопласт, жумшак зым, тєєнєп бекитїїчї ийнелер менен бекитип, ромашка, фиалка, ландыш ж. б. тїзїлгєн гїлдестелерди жарашыктуу жайгаштыруу керек. Тїрдїї формада дарактын бутактарынан токулган себеттер.

28


Тапшырма - Майрамдык маанайдагы гїлдесте жасалгалагыла. - Гїл салуучу вазаларды кєркємдєєнїн ыкмаларын, себеттерди жасоо боюнча кошумча маалыматтарды Интернеттен таап, технология сабагында же їйдєн жасасаўар болот. - Майрамдык маанайдагы гїлдестелердин эў мыктыларын тандагыла. Кийинки сабакта гїлдестенин сїрєтїн тартабыз.

Натюрморт. «Гїлдєр». Кєркєм сїрєт єнєрїнїн тїрлєрї жана кєркєм каражаттары Гїлдєр бизге ар дайым кубаныч тартуулап, айлана-чєйрє­ бїздї шаўга бєлєп, кєркїнє кєрк кошуп тургандыгын жакшы билебиз. С. А. Чуйковдун «Кыргызстандын гїлдєрї» – деген чыгармасы кыргыз кыздарынын бактылуу келечегин чагылдырат. Чыгармада кєк тиреген Ала-Тоо жергесиндеги гїлдєрдїн кучагындагы майрамдык маанайды кєрїїгє болот. Жергебизде талыкпаган эмгектин натыйжасында мол тї­ шїм алуу элдерге чоў кубаныч алып келгендиктен жыл са­

«Кыргызстандын гїлдєрї». С. Чуйков

29


йын тїшїм майрамын белгилешет. Биз силер менен майрамдык маанайдагы натрюмортту тартабыз. Жер їстїндє жайнаган, Єсїмдїктїн ичинен, Кєзгє сїйкїм єзїнчє, Жыттуусу деп тїшїнєм. Аткарылуучу ишибиздин негизги максаты – майрамдык маанайды, токчулукту чагылдыруу. Сїрєттєр кєркємдїї болушу їчїн эмнелерди тандап, кантип чагылдыруу керектигин ойлонолу. Сїрєттї тартууда темага тиешелїї гана нерселерди тандап, натрюморт тїзїї їчїн алгач кандай гїлдєр, жашылча-жемиштер, эгин єсєєрїн тактап алышыбыз керек. Натюрмортко кєп эмес, мааниси аркылуу бири-бири менен байланышкан нерселерди тандап, аларды майрамдык маанайды бергидей, салтанаттуу кєрїнгїдєй кылып айкалыштыруу керек. Мисалы, тємєнкї сїрєттєрдєн кытай сїрєтчїсї Зенг Ксяо Лянгдын гїлдєрдїн ар бирин кандай чеберчилик менен сїрєттєгєндїгїн байкагыла. Силер тарта турган гїлдєр менен салыштырып кєрїп, гїлдєрдїн айрым чакан бєлїктєрїн сїрєттєп тартып, кєнїгїї аткарып, колуўарды кєнїктїр­гїлє.

«Гїлдєр». Зенг Ксяо Лянг

30


Живописте – тїрдїї тїстєрдї туура айкалыштырып жазганда гана жандуу чыгармалар жаралат. Сїрєтчїлєр И. Миргород жана А. Шевелевдордун тємєндєгї натюрмортторуна кєўїл бєлєлї.

«Бакчадагы эртеў мененки тамак». И. Миргород

«Ак жана ачык кєк тїстєгї гїлдєр». А. Шевелев

31


Эгер биз бул натюрморттогу сїрєттєргє бир нерсе кошуп, же ала турган болсок композициянын бїтїндєй гармониясын бузуп алышыбыз мїмкїн. Єзїўєр байкагандай, сїрєтчїлєр сїйлєбєй туруп эле кєп нерсени чыгармасы аркылуу кєрсєтє алышат. Бул сїрєттєр бири-биринен кескин айырмаланып, бирок, тїстєрдїн жардамы менен биздин жан дїйнєбїзгє жаркын маанай тартуулайт. Бул натюрморттор тууралуу сїрєтчїнїн кєрїїчїлєр менен бєлїшєйїн деген оюу боюнча аўгеме тїзсєк да болот. Тест 1. Тїстєрдїн кайсы тобу кошумча тїстєргє кирет? а) кїрєў, кара, сары; б) кызыл, кєк, кочкул кызыл; в) сыя кєк, саргыч кызыл, жашыл. 2. Кайсы тїстєр негизги тїстєргє кирет? а) кызгылт сары, кєк, жашыл; б) сыя кєк, кара, мала кызыл; в) кєк, сары, кызыл. 3. Натюрморт деген эмне? а) жаныбардын сїрєтї; б) жаратылыштын сїрєтї; в) жансыз буюмдардын сїрєтї. Тапшырма Буга чейин жашоо-турмушубузда кубаныч тартуулаган жыпар жыттуу, назик, кєз жоосун алган тїркїн гїл­дєрдї сїрєттєп тартуунун жолдорун їйрєнгєнсїўєр. Ошондой болсо дагы бир жолу сїрєттєп тартуунун иретин кайталап, эске салалы. Биринчи кадам. Кєптєгєн майрамдык гїлдестелердин арасынан эў мыктысын єзїнєн кєрїп, (натурадан) кагаз бетинде жарашыктуу жайгаштыруу їчїн тїзїї иштериндеги жардамчы сызыктарды єчїрїлє тургандай кылып, жєнєкєй карандаш менен кылдат аткарабыз. Экинчи кадам. Гїл салынган вазанын геометриялык жалпы элестїї формасын, кєлємїн тегиздик бетинде тактап тарткандан кийин эў жєнєкєй бир тал гїлїн, кийин калгандарын сїрєттєп тартабыз. 32


Сїрєт тартуунун этаптары

Бул тапшырма їчїн гуашь боёгун тандоо ыўгайлуу. Анткени ал ишти кооз жана тез жасоого мїмкїндїк берет. Андан соў тиешелїї тїстєрдї таап, боё жумуштарына киришїї керек. Їйдєн єз алдыўарча кїз берекесин чагылдырган майрамдык маанайдагы натюрмортту сєзсїз тїрдє єзїнєн кєрїп (натурадан) тарткыла.

5–6-сабактар Кєркєм сїрєт єнєрї. «Саймалуу-Таш» (сызык, єў-тїс, кє­лєм) Саймалуу-Таш бул жергебиздеги байыркы тарыхый цивилизациянын тїрдїї стилдеги сюжеттери сїрєттєлгєн таш барактары. Эў алгач ар бирибиз єзїбїз жашаган жердин, элдин кєркєм маданиятын билбей туруп, башкы элдердин тили-дилин, кєркєм маданиятын тїшїнїї єтє кыйын. Ошондон улам жергебиздеги бизге чейин сакталып жеткен маданий мурас­ тарды изилдеп, Саймалуу-Таш сыяктуу таштарга чегилген сїрєттєр тууралуу так, тарыхый, географиялык маалыматтарды билїїбїз зарыл. 33


Саймалуу-Таш

Саймалуу-Таш Нарын облусундагы Кєгарт дарыясынын башындагы Кєгарт ашуусуна жакын Фергана тоо кыркаларында жайгашкан. Анда байыркы адамдар айлана-чєйрєсїндєгї кєргєн-билгендерин таштардын беттерине чагылдырышкан. Мындай таш бетиндеги сїрєттєрдї петроглифтер деп аташат. Жылмакай, ар тїрдїї кєлємдєгї таштардын бетинен негизинен адамдардын, тоо эчки, илбирс, жылан ж. б. сїрєттєрїн кєрїїгє болот. Бул байыркы мезгилдин сїрєт галереясы. Кєбїнчє жашоонун негизи болгон аў уулоо, жер иштетїї жана башка иш-аракеттер чагылдырылган. Бул сїрєттєрдє тартылган дєўгєлєктїї арабалар, адамдардын жер айдап жаткан учурларын ж. б. кєрїїгє болот. Эки миўден ашык табылган сїрєттєр болжол менен б. з. ч. эки миўинчи жылдарына таандык. Андагы дєўгєлєктїї арабалардын сїрєттєрї дїйнє жїзїнїн башка жерлеринен азырынча кездеше элек. Бїгїнкї кїндє элибиздин кєркєм сїрєт єнєрїндєгї тарыхый мурастарын кєркєм єнєрїнїн тїрдїї тармактары боюн­ча пайдубалы катары пайдалануу керек. Мисалы, Кениялык сїрєтчї Бернард Ндиху Нджугунанын бала чагындагы аска бетиндеги сїрєттєрдї элестетип аткарган уникалдуу стили кийинки дасыккан чыгармачыл инсан болуусуна негиз болгондугун анын чыгармаларынан кєрїїгє болот. 34


Саймалуу-Таштагы петроглифтер

«Аска бетиндеги сїрєттєр». Бернард Ндиху Нджугуна

35


Тест 1. Графиканын негизги кєркєм тили болуп эмне эсептелет? а) тїс; б) кєлєм; в) сызыктар. 2. Аталган каражаттардын кайсынысы графикалык иштерди аткарууда колдонулат? а) чопо; б) карандаш; в) пластилин. 3. Єзєгї грекче «жазам», «чийем», «тартам» деген сєз­дєрдї тїшїндїрєт. Кайсы сїрєт єнєрї тууралуу сєз болуп жатат? а) живопись; б) графика; в) архитектура; г) чийїї. Тапшырма Окуу китебиўердеги жана маалымат каражаттарынан алынып топтолгон Саймалуу-Таштагы сїрєттєрдїн негизинде кыр­­гыз элинин оюмдарынын айрым элементтери менен айкалыштырып, тємєндє берилген сїрєттєрдєгїдєй чакан эскиздерди иштеп чыккыла.

36


Тїзїлгєн эскиздерге жердик (фон) тандоо боюнча болжолдуу їч багытта иш алып баруу керек. - ак жердикке кара менен, кара жердикке ак менен СаймалууТаш стилинде эскиздерди тїзїї; - сїрєттєрдєн кєргєн таштардын єўїндєгї боёктор менен ак кагазды боёп, кургагандан кийин ушалап, бырыштырса кадимки таштын єўїнє окшошот, андан кийин сїрєттєлїшїн тїшїрсє болот; - айлана-чєйрєдєгї таштуу жерлерден формасы, єўї тєп келген таштарды таап, аларды жердик катары пайдаланып, эскиздеги сїрєттєлїштєрдї тїшїрсє болот. Бул тапшырманы аткарууда тїрдїї кєркєм каражаттарды колдонуу керек. - таштак жерлерден же суунун жээктеринен табышмактуу сїрєттєлїштєрї бар таштарды тапса болот. Андай сырдуу таштарды дароо эле табыш кыйын, ал їчїн талыкпастан изденїї керек. Бул тапшырмалардын ичинен эў кызыктуусу жана татаалы ар кандай таштардын бетиндеги табышмактуу сїрєттєлїштєрдїн сырларын чечмелеп, элесин, тїсїн кагаз бетинде сїрєттєп чагылдырып, чыгарманын кандай аталаарын аныктоо. Бїткєн иштерди жасалгалап, кєргєзмє уюштурса болот. 37


7–9-сабактар Курак, шырдак. Декоративдик єнєрдєгї композиция. Табигый каражаттардан эркин темада тїзїлгєн курак. Кєркєм сїрєт єнєрїндєгї композициялык сабат Кыргыз элинин байыртадан сакталып, колдонмо жасалга єнєрїнїн тїрдїї тармактарында «курак» (аппликация) ыкмасында даярдалып бизге чейин сакталган буюмдарынан кє­­ рїїгє болот. Аппликация термини латындын applikatus – деген сєзїнєн келип чыгып, кыргызча мааниси «жанаша жайгаштыруу, катар коюу» дегенди тїшїндїрєт.

Курак ыкмасында аткарылган буюмдар

Курак деген сєз куроо деген маанини тїшїндїрєт. Мисалы, аларды туш кийиз, кийим-кечелер, шырдак жана башка буюмдардан кєрїїгє болот. Байыртадан элибиз сарамжалдуу болуп, жоктон барды жаратып, тїрдїї каражаттарды даяр­ доодо артып калган їзїк, майда кесиндилерди да ысырап кылбай кураштырып, кол эмгегинин натыйжасында кєз жоо­ сун алган кєркєм буюмдарды жаратышкан. Биз алардын ичинен шырдакка токтоло кетели. Шырдак – кыргыз элинин кылым карыткан баалуу буюм­ дарынын бири. Шырдакка салган оюулардын тереў мааниси бар. Элибиздин жоокерчилик замандан бїгїнкї кїнгє че­йинки бай тарыхын камтыган мурунку жана жаўы оюуларында тїбєлїктїїлїк, Ата Мекендин ыйыктыгын, салт-санаасын, їмїт-тилегин, сїйїїсїн, жашоодогу максатын даана кєрїїгє болот. Элибизде «Кєз коркок, кол баатыр» деп бекеринен айтышпаса керек. Шырдактагы оюмдарды кураштырып, бир бїтїн 38


«Уз чеберлер». С. Чокморов

Шырдак

39


ойду тїшїндїрїї чындыгында бир караганда ушунчалык татаалдай сезилет. Эгер дитиўди коюп, тємєнкї сїрєттєгї оюмдарды тїзїїнїн иретин эске алып, бир эле элементин їлгї катары жарашыктуу тїзїп алсаў аны негизинде бїтїндєй бир композициялык чыгарманы жаратууга болот.

40


Курактын чет жагындагы оюмдар жээк оюмдары деп аталат. Курактын бурчтарындагы оюмдар колтук оюмдары деп аталат. Курактын ортосундагы оюмдар борбордук оюмдар деп аталат. Сїрєттє берилген курак оюмдарынан жээк, колтук, борбордук оюмдары кандайча жайгашкандыгын айырмалап кєрсєт. Курак иштери жогоруда берилген сїрєттєрдєгїдєй тїрдїї тїстєгї кагаз же кездемелерден эў жєнєкєй курактын элементтери менен аткарылат. Тегиздиктин бетинде жогоруда таблицада кєрсєтїлгєндєй тїрдїї тїстєгї пластилиндерди аралаштырып, керектїї тїс­ тєрдї таап, курак сымал кураштырып гїлдєрдї, жаныбарларды ж. б. сїрєттєгїлє. Кєлємдїї композиция тїзїш їчїн тїрдїї тїстєгї фонду тандап, ар кандай формадагы чакан идиштин бетине пластилинден жука катмарды чаптайбыз. Сїрєттє кєрсєтїлгєндєй алдын-ала тїзїлгєн эскиздердин негизинде жемиш бактардын жалбырактарын жана урук-данектерин айкалыштырып кєркєм чыгарма жаратылат. Курактын башка ыкмаларына окшогон «Айрис фолдинг» деп аталган ыкма да кызыктуу. Анын аталышы Голландиядан чыккан. Бул ыкма тїстїї кагаздардан жамгырдан кийин пайда болгон «Асан-Їсєн» (радуга) сыяктуу катар-катары менен тїстєрдїн айкалышында кураштырылып аткарылат. Мындай

41


ишти аткарыш їчїн ар кандай тїстєгї кагаздар, кездемелер, желим ж. б. каражаттар колдонулат. «Айрис фолдинг» ыкмасы менен сїрєттє кєрсєтїлгєн сандардын чечмелениши боюнча кеўири маалыматтарды Интернеттен тапканга аракеттенгиле. Тест 1. Буюмдарды оюмдар менен кєркємдєє єнєр тармагы кайсы? а) графика; б) бедиз; в) колдонмо-жасалга єнєр. 2. Оюмдар дїйнєсїнє тиешеси жок сєз кайсы? а) бурчтук; б) этюд; в) тордолгон. 3. Ритм деген эмне? а) перспектива; б) колорит; в) ыргак. Тапшырма Сїрєттєгї їлгїлєрдїн негизинде эскиздерди тїзїп, єзїўєргє жаккан кєркєм жана табигый каражаттарды колдонуп, курак ыкмасында композиция тїзгїлє. Бїткєн иштердин кєр­гєзмєсїн уюштургула.

42


II Ч Е Й Р Е К 1–3-сабактар Жыл мезгилдери Кєркєм сїрєт єнєрїндєгї ритм, контраст, нюанс тїшїнїк­ тєрїн бекемдейли. Контраст – бири-биринен кескин айырмаланган кєрї­ нїштєр. Мисалы, ак-кара, жарык-кєлєкє. Ритм – кєр­кєм сїрєт єнєрїндє кандайдыр бир кєрїнїштїн элементтеринин, учурларынын ырааттуу чагылдырылышы. Ритм бирде жапыз, бирде бийик, кыска же созулуп кеткен обон, кайрык сымал жан дїйнєўдї козгойт. Нюанс – тїстєрдїн билинер-билинбес айырмаларын айтабыз. Искусствонун кандай гана тїрї болбосун ар тїрдїї ритм­ дин ролу зор.

«Кєгїлтїр мейкиндикте». А. Рылов

«Кєгїлтїр мейкиндикте» деген чыгарманын аты айтып тургандай ак жана кєк тїстєр айкалыштырылган. Асманда тїрмєктєшїп каалгыган булуттарды, салкын желге термелген 43


толкундарды эркин ийкемдїї ыргакта, шаўдуу учкан ак кууларды, мажордук колорит менен жазгы маанайды чеберчилик менен сїрєттєгєн.

«Кїзгї боёктор». И. Агеев

«Кышкы симфония». И. Агеев

44


И. Агеевдин «Кїзгї боёктор» жана «Кышкы симфония» деген чыгармаларынын аталышы айтып тургандай мїнєздїї маанайдагы боёктордун нюанстарын эркин ишенимдїї сїртїм­ дєр менен бергендигин байкоого болот. Тест 1. Башкаларды кайталаган кєркєм чыгарма. а) кєчїрмє; б) тїп нуска; в) репродукция; г) сїрєт. 2. Тїстєрдїн бозомтук болушу эмнени билдирет? а) жеўилдикти; б) сезимдин тереўдигин; в) оордукту; г) караўгылыкты. 3. Палитра їчїн колдонулбаган нерсе. а) калыў кагаз; б) ак эмаль жабылган оргалит; в) керамикалык тарелка; г) кездеме. Тапшырма Жогоруда кєргєн чыгармалар боюнча кошумча маалыматтарды таап, таанышып, кєркєм сїрєт єнєрїнїн тилинде салыштырмалуу анализ бергенге їйрєнгїлє. Ритм, контраст, нюанстарды эске алып, эркин темада композиция тїзгїлє.

4–5-сабактар «Менин сїйїктїї жаныбарым» Анималисттик жанр жаныбарларды сїрєттєп чагылдырууга арналат. Бул жанрда симметрия жана ассимметрия кеўири колдонулат. Симметрия жана ассимметрия Симметрия деген сєз кандайдыр бир нерселердин бири-бирине болгон салыштырмалуу окшоштугун айтабыз. Симметрия бир єзєктїн эки жагына жайгашып, бирибирине дал келишкен бєлїктєрдєн тургандыгын буга чейин таанышкансыўар. Мисалы, жалбырак, кєпєлєк жана башка. Ассимметрия деп кандайдыр бир нерседеги симметриялуу­ луктун жоктугу же салыштырмалуу окшоштуктун бузулушун айтабыз. 45


Симметриялуулукту тїзїї їчїн эскиздер.

Кээ бир учурларда клеткалардын жардамы менен керек болгон сүрөттөлүштөрдү чоңойтуп же кичирейтип симметриялуу түзсөңөр болот.

Симметриялуу нерселерди аткарууда алгач борбордук сызыкты жүргүзүп, эки тарабын тең салмактап тартканда туура болот.

Симметриялуулуктун элементтери кайталанып, контрасттуу түстөр менен айкалышта аткарылган сүрөттөр.

46


Сїрєттєгї курулуштун элементтеринин кайсынысы симмет­ риялуу, кайсынысы ассимметриялуу экенин байкадыўар.

Архитектурадагы ассимметрияны колдонуунун классикалык ыкмасы. Аудиторио-де-Тенериф. Ассимметриялуулукту тїзїї їчїн эскиздер.

Эгер курак иштеринде канаттуулардын элесин түшүргүң келсе куштун сүрөтүн алгач карандаш менен тарт. Кийин колдоно турган түстөрдү аныктап, белгилеп ал.

47


Тест 1. Тїстєрдїн айланасы деп эмнени айтабыз? а) тїстєрдїн аралашканын; б) кыл калемдердин жайгашканын; в) тїстєрдїн катары менен жайгашуусун; г) караўгылыкты. 2. Ахроматикалык тїстїн аталышын тап? а) кызыл; б) кєк; в) ак; г) жашыл. 3. Кайсы жаныбарлардын жїнї менен кыл калем жасаганга болбойт? а) тыйын чычкан; б) ондатра; в) коён; г) мышык.

Сабактын практикалык бєлїгї Колуўарга карандашты алгыла. Жардамчы сызыктарды жїргїзїїдє карандашка басым жасабай жеўил сызышыбыз керек, анткени жардамчы сызыктарды кайра єчїрїї керектигин эсиўерден чыгарбагыла. Этаптар боюнча карандаш менен сїрєттєлїїчї жаныбардын ар кандай кыймылдагы абалын сїрєттєп тарталы.

48


Графикалык каражаттар менен аткарган сїрєттєрдї єзїнє жараша тїстєрдї тандап боёсоўор болот. Кийинки сабакта. Графикалык иштерден кийин боё иштерин аткарууда кургак кыл калем ыкмасы универсалдуу экенин эске салалы. Анткени, бул ыкманы колдонууда графикалык ыкмалар жана боёктор менен иштєє ыкмалары аралаш колдонулат. Бул ыкмада катуу кыл калемдер менен боёгондо сууну аз кошуп, кагаз бетине боёкторду сїйкєп тїшїрєбїз. Мында биз боёп жаткан жаныбарлар кєлємдїї, жїндєрї жумшак жана барпайып жакшы кєрїнєт. Тапшырма Симметрия, ассимметрияга байланышкан тїшїнїктєрдї бекем­ дєєдє жєнєкєйлєтїлгєн тапшырманы аткарып кєрєлї. - Алдын-ала сїйїктїї жаныбарыўдын же єзїўєрдїн сїрє­ тїўєрдї бет маўдайынан фотоаппарат менен тартып, А4 форматы49


нын єлчємїнє ылайыктап чыгаргыла. Сїрєттї дал ортосунан тепетеў экиге бєлїп, альбомдун барагынын жарымына чаптап, актай жагын дал єзїндєй симметриялуу аткаргыла. - Биринчи тапшырманы ийгиликтїї аткаргандан кийин ошол эле сїрєттї толугу менен кагаз бетине сїрєттєп тарткыла же темага шайкеш келген башка кєрїнїштї чыгармачылык менен аткарсаўар болот. Кимдин чыгармасы мыкты болгондугун класстагы чакан кєргєзмєдє аныктагыла.

6–7-сабактар «Кеч кїз» пейзажы. Аба жана сызыктуу перспектива, жарыктын таралышы Буга чейин силер жаратылыштагы бардык нерселердин тїстєрї болоорун, ал тїстєр табияттын тїрдїї абалдарына карата єзгєрїп турарын байкаган чыгарсыўар. Тїстєр жарыктын таралышына, табияттагы єзгєрїїлєргє, нерсенин мейкиндикте алыс же жакын жайгашышына, тїрдїї тїстєгї нерселердин бири-бирине болгон таасирине жараша єзгєргєнїн кєрїїгє болот.

«Айыл четинде». А. Орозобаев

50


«Кїз керемети» А. Алыбекова,11 жашта

* Жогоруда берилген эки сїрєт кандай кєркєм каражаттар менен аткарылган? * Аба жана сызыктуу перспектива, жарыктын таралышы, тїстєрдїн айкалышы боюнча эмнелерди байкадыўар? Сїрєт тартылуучу кагаздын бетинде эч кандай мейкиндиктин болушу мїмкїн эмес. Биз кєргєн сїрєттєрдє чагылдырылган мейкиндик жана тереўдик – бул болжолдуулук. Мындай иллюзияны тїзїї їчїн перспектива деп аталган илимди билїї зарыл. Перспектива – кєркєм сїрєт єнєрїндєгї тегиздикте мейкиндикти тїзїї жєнїндєгї илим. Тагыраак айтканда мейкиндикти сезїїнї, кантип тїзїїнї башталгыч класстарда оку­ гансыўар. Мисалы, силерге деўгээл (горизонт) сызыгы деген тїшїнїк тааныш. Бул сызык мейкиндиктин тереўдигин тїзїї їчїн негиз болуп эсептелет. Ошондой эле деўгээл сызыгы дайыма биздин байкоо жїргїзїїдє кєзїбїздїн деўгээлинде болорун билесиўер. Горизонт сызыгы бул географиялык тїшїнїк боюнча асманды жана жерди бєлїп турган сызык. Ал эми кєркєм сїрєт єнєрїндє натюрморт, интерьер жана пейзаж51


«Биринчи кар». А. Пластов

дык живопись тартууда абдан маанилїї. Жаратылыштын кєп кырдуулугун, жакынкы жана алыстагы объекттерди: жол, дарактарды, їйлєрдї, тоолорду, асманды, ж. б. чагылдырып, 52


пейзаж тартуу їчїн сєзсїз аба жана сызыктуу перспективалардын негизги закондорун окуп-билип, колдонуу керек. Буга мисал катары жайлоого баруучу жол жээгиндеги гїлдєр тартылган фотографияны карап кєрєлї. Анда бардык нерселер байкоочудан алыстаган сайын кичирейгенин, жакын жайгашкан нерселердин тїстєрїнїн так жана дааналыгын, ал эми алыс­ таган сайын єўдєрїнїн єчїп, бїдємїк кєрїнгєнї аба жана сызыктуу перспективага байланыштуу экендигин байкоого болот. Тест 1. С. Чуйковдун «Токтогул эл арасында» деген чыгармасы кайсы жанрга кирет? а) майдан; б) анималисттик; в) тарыхый; г) натюрморт. 2. Кандай чыгармаларды жаратууда деўгээл сызыгынын закону єтє маанилїї? а) курак; б) бедиз; в) пейзаж; г) чийме. 3. Бир шилтем (наброска) деген эмне? а) ыргак; б) караан; в) форма; г) бат, кыска убакытта тартылган сїрєт. Эми мейкиндиктин тереўдиги кєрїнгєндєй кылып эркин темада композицияны тїзєлї. Тапшырма Їйїўєргє барганда башталган ишти бїтїрїп, тїс бергиле.

8–9-сабактар Кагаз пластикасы, квиллинг Буга чейин кагазды кесип, бїктєп, курап, чаптап кєп эле нерселерди жасаганга їйрєндїўєр. Мисалы, япон элинин оригаммасы менен таанышсыўар. Эми батыш єлкєлєрїнє таан­ дык квиллинг деп аталган ыкма менен таанышалы. Учу эки ача кесилген куштун канаты менен ичке кесилген кагаздын тилкелеринин чекесин алтындын буусуна кармап тегеретип ороп, кєз жоосун алган кєркєм кооздуктарды жаратышкан. Квиллинг – кол єнєрчїлїктєгї анча деле кєптєгєн чыгымдарды, кымбат курал-жабдыктарды талап кылбаган тїрї. 53


Ал їчїн эки бети боёлгон тїстїї кагаздар, кагазды айлантып тегеректєє їчїн стержень, тегерек оюкчалары бар трафарет сызгычы, кайчы, пинцет, ПВА желими жана чийме аспаптардан циркуль, карандаштар керектелет. 54


Квиллинг жасоо їчїн учу учтуу жана курч аспаптар менен иштегенде коопсуздук эрежелерин сактап, єтє кылдат болуу керек. Аткаруунун ыкмасы эў жєнєкєй, негизги элементи спираль. Анын негизинде кєптєгєн жаўы элементтерди тїзїїдє силерден чыгармачылык жєндємдї, кылдат жана тырышчактык мамилени талап кылат.

Квиллингдин жардамы менен тїрдїї интерьердеги нерселерди, белектерди єз колуўар менен кєркємдєсєўєр болот. Тапшырма Эми эў жєнєкєй элементтерди колдонуу менен Жаўы жылдык жасалгаларды даярдоону їйрєнєлї. Бул иштерди аткарууда офис­ тик ак кагаз керектелет. Анын бир нечесин каттап, жайгаштырып, 5 мм тилкелерди єлчєп, канцеляриялык бычак менен сызгычты коюп кесебиз. Алдын-ала негиз катары даярдалган схема сїрєттєлїштєргє даярдалган квиллинг элементтеринен жайгаштырып чаптап чыгабыз.

55


Эми сїрєттє кєрїп тургандай кєркєм кооздуктарды даярдап, єзїўє жаккан сїрєттєрдї, куттуктоо баракчаларын жайгаштыра турган тїрдїї тїстєгї калыў кагаздарды жердик (фон) кылып, ар кандай єлчємдєгї алкактарды даярдагыла. Кимдин чыгармасы мыкты болгондугун аныктагыла.

56


III Ч Е Й Р Е К

1–2-сабактар Жаныбарлар дїйнєсїнє арналган чыгармаларга иллюстративдик композиция тїзїї Бїгїнкї сабакта анималисттик жанрда тегиздиктин бетинде кєлємдїї композиция тїзїїнїн жолдорун єздєштїрєлї. * Тегиздик бетинде кєлємдїї композиция тїзїї дегенди кандай тїшїнєсїўєр? * Биз кандай каражаттар менен иштейбиз? * Кєркєм сїрєт єнєрїнїн кайсы тїрлєрї, жанрлары боюнча иштерди аткарабыз? Адамдар байыркы мезгилдерде жаныбарлардын элесин таштын бетине чегип, сїрєттєп, тїшїрїп келишкен. Анималист деген сєз латынча animal – «жаныбарларды сїрєттєп кєрсєтїї» дегенди тїшїндїрєт. Жаныбарлар (анималистика) жанры алгачкы коомдо эле пайда болгонун ага жергебиздеги таштын бетине чегилип, бизге чейин сакталып жеткен жаныбарлардын сїрєттєрїн мисал келтирсек болот.

57


Ал эми жаныбарларды сїрєттєп тарткандарды, кєлємдїї, сомдоп жасаган бедизчилерди сїрєтчї, бедизчи-анималисттер деп атаганбыз. Анималисттердин аткарган чыгармалары кєрїїчїлєр їчїн так, кызыктуу болушу їчїн алар сєз­ сїз жаныбарларга этият мамиле кылып, байкоо жїргїзїїнїн натыйжасында сїрєтїн тартышат. Сїрєтчї анималист їчїн тынымсыз кыймылда болгон жаныбарлардын сїрєтїн алгач єзїнєн кєрїп тартуу, андан соў кєлємдїї чагылдырыш їчїн ыкчам жана талыкпаган аракет керек. Мисалы, белгиялык сїрєтчї-анималист Карл Брендерстин чыгармасын карайлы. Бєжєктєр жана алардын айланасындагы жаратылыштын сулуулугу дал єзїндєй жандуу тартылган. Чыгарманы аткарууда сїрєтчї аралаш техниканы колдонгон. Алгач карандаш менен бир шилтемдерди аткарып, андан соў тунук акварель боёгу менен боёгон. Ачык тїстєгї сїйкємдєрдїн їстїнєн коюу гуашь боёгу менен майда-чїй­

«Бєжєктєр». Акварель, гуашь, кагаз. Карл Брендерс

58


дєсїнє чейин кылдат, жандуу аткарылгандыгы чыгарманын кєркїнє кєрк кошуп турат. Чыгарманын фотографиялык тактыкта аткарылганына таў берсек болот. Мындай чыгармачылык ийгиликтерге чыдамдуу, талыкпай изденип эмгектенип жетїїгє болот. Эми биз сїрєтчї, бедизчи-анималист болуп кєрєлї. Алгач чакан топторго бєлїнїп, ким кандай жаныбарды сїрєттєп тартаарын, кимдер биргелешип кєлємдїї композиция тїзєєрїн аныктайлы. Иштин жїрїшїндє сїрєттєєчї жаныбарларды реалдуу сїрєттєє їчїн аларды туура аткаруунун эрежелерин, ыкмаларын анализдеп кєрїїбїз зарыл. Алар: - єзїўєр тандаган жомоктогу жаныбарларды кєлємдїї чагылдырууда алардын бири-бирине салыштырмалуу єлчємї; - тегиздикте жайгашышы; - жаныбардын тулку-боюна салыштырмалуу башы, буттарынын ж. б. пропорциясы.

Чыгарманын мазмунуна жараша жаныбардын турпатынын, кулк-мїнєзїнїн кандай абалда берилишин аныктагыла. «Бремендик музыканттар» мультфильминин каармандарын сїрєттєгєн композициясына жана А. Белашовдун «Элик чаарчыгы менен» деген чыгармасына мїнєздємє бергиле. 59


Тапшырма Єзїўєргє жаккан адабий чыгармалардын каармандарынын образдарын чагылдырган кєлємдїї композицияга эскиздерди тїзгїлє.

3–5-сабактар Китептер їчїн иллюстрация Китеп бул адам баласынын жаралгандан берки тарыхын баяндаган эў керектїї каражаттардын бири болуп саналат. Китепсиз биз алгачкы коомдогу адамдардын єнїгїї деўгээлиндей караўгы, сабатсыз бойдон кала бермекпиз. Адамзаттын илим, искусство жана маданият тармагындагы бардык жетишкендиктери китепке байланыштуу. Азыр дагы силер ушул китептин жардамы менен кєркєм єнєр чеберчилигине їйрєнїп жатасыўар. Китепсиз бул ишти жасоо мїмкїн эмес эле. Мурдагы сабактарда єтїлгєн материалдарды бышыктоо максатында тесттик тапшырмаларды аткаралы. 1. «Советтик Кыргызстандын кызы» картинасынын автору ким? а) Г. Айтиев; б) С. Чокморов; в) Т. Герцен; г) С. Чуйков. 2. Бейне (портрет) деген эмне? а) адамдын сїрєтї; б) сїрєттєр; в) жаратылыштын сїрєттєлїшї; г) жаныбардын сїрєтї. 3. Кайсы орус сїрєтчїсї жомоктор темасында їзїрлїї эмгектенген? а) В. Е. Маковский; б) К. А. Савицкий; в) В. М. Васнецов; г) А. К. Саврасов.

Китеп байыркы заманда колго жалгыз нускада жасалган. Аларга падышалар жана эў бай адамдар гана ээ болушкан. Китепти басмаканаларда басып чыгаруу єнєрї єнїккєндєн кийин бир китепти бир нече нускада даярдоого мїмкїнчїлїк тїзїлгєн. Ошентип китеп аркылуу адамдар бири-бирине тажрыйбаларын, илим-билимдерин болочок муундарга сактап келет. Китеп бир гана автордун чыгармачылыгынын натыйжасы эмес ал кєптєгєн адамдардын: жазуучу, сїрєтчї, дизайнер, мукабачы, басмакана кызматкерлери ж. б. эмгегинин натыйжасы. Алар китептин мазмундуу, кооз, сапаттуу жана колдонууга ыўгайлуу болушун камсыздайт. Бул иште 60


сїрєтчїнїн эмгеги да єзгєчє. Сїрєтчї китептин мукабасын даярдап, сїрєттєрдї, иллюстрацияларды аткарат. Мунун бардыгы кєркєм сїрєт єнєрїндєгї чыгарма катары келечектеги китептин жїзїн аныктайт. * Тємєнкї сїрєттєр кайсы жомокторго карата аткарылган иллюстративдик чыгармалар?

Станоктук графикада сїрєтчї єзїнїн каалаган оюн кагаз бетине тїшїрєт. Ал эми китеп графикасында ал жазуучунун авторлошу катары кейипкерлердин образдарын сїрєт аркылуу окурмандарга ачып берїїдє кємєк кєрсєтєт. 61


Китепте текст менен катар сїрєттєр, фото сїрєттєр жана кєптєгєн графикалык материалдар жайгаштырылат. Бул материалдардын бардыгын биз иллюстрациялар деп атайбыз. * Кайсы китептеги сїрєтчїлєрдїн кандай чыгармага карата аткарган иллюстрациялары эсиўерде бар? * Кыргыз жазуучуларынын кайсы китептеги иллюстрация­ луу сїрєттєрї жагат? Тємєндє берилген иллюстрациялуу чыгармалар кайсы чыгарма їчїн аткарылгандыгын аныктагыла.

Станоктук графиканын чыгармалары кабинеттерди, галереяларды, їйлєрдїн дубалдары кооздоп турат. Тапшырма Мурунку сабакта єзїўєргє жаккан адабий чыгармалардагы каар­мандардын образдарын чагылдырган кєлємдїї композицияга эскиздерди тїзїп келїї сунушталган. Бїгїн єзїўєргє жаккан китептерге буга чейин їйрєнгєн ыкмалар менен иллюстративдик иштерди аткаргыла. А4 форматтагы эки-їч баракты экиге бїктєп, китептин болжолдуу макетин даярдап алгыла. Бир сїрєт мааниси боюнча экинчисин уланткыдай болсун. Сїрєттї каалаган техника менен (карандаш, акварель же гуашь) тартсаўар болот. Эгер кєлємдїї композиция тїзсєўєр ишти иреттїї, этап-этабы менен аткарып, аягына чыгаргыла.

62


6–8-сабактар Табияттын табышмактуу кєрїнїштєрї кєркєм сїрєт єнєрїндє. Монотипия ыкмасы Кыргыз жергесинин табышмактуу сырларын, сулуулугун сїрєттєє абдан кызыктуу. Жакшылап байкасаўар салыштырмалуу ар кандай оюмдарды, жаныбарлардын, ошондой эле дагы кєп нерселердин элесин туюнткан окшоштуктарды тоо, таштардын элесинен кєрїїгє болот. Жер-суулардын аттары да жердин шартына жараша єзгєчє айырмаланган мїнєздїї кєрїнїштєрдєн улам ошондой аталганына ынанасыў. Миса-

63


лы, Ысык-Кєлдїн тескейиндеги Жети-Єгїз аймагын сїрєттєн кєрсєўєр керек. Андагы тоо кыркаларынан єгїздєрдїн элесин байкоого болот. Ал эми Ош жергесиндеги Таш-Кємїр шаарчасын бойлото кеткен тоо кыркаларынан табияттын єзї тартуулаган «ак-кара» – деп аталган їч бурчтук оюмдарды кєрїїгє болот.

64


Ушул эле жерден тоо кыркаларынан ашып тїшїп Нарын дарыясынын жээги суу ичип жаткан крокодил сыяктуу жаныбардын элесине окшоштугун кєрїїгє болот. Таштардагы элести сїрєттєгї чыныгы крокодилдин сїрєтї менен салыштырып карап кєрсєўєр ынанасыўар. Ушул сыяктуу табияттын табышмактуу кєрїнїштєрїн жергебиздин ар бир аймагынан тапса болот. Эми мурунку єтїлгєн темалар боюнча тесттик суроолорго жооп берели. 1. Живопись деген тїшїнїк кайсы тилден алынган? а) латын тилинен; б) француз тилинен; в) англис тилинен; г) орус тилинен. 2. Акварель деген сєз эмнени тїшїндїрєт? а) аба; б) суу; в) от; г) топурак. 3. Тємєндє айтылган тїшїнїктєрдїн кайсынысы кєр­кєм сїрєт єнєрїнїн жанрларына кирбейт? а) натюрморт; б) бейне; в) бедиз; г) фреска.

Кандай гана сїрєт тартпайлы кєркєм сїрєт єнєрїнє тиешелїї мыйзамдар, эрежелер кєўїлдїн борборунда болуусу керек. Алардын ичинен кайталап, бышыктоо максатында ритмге токтоло кетели. Ритм – кєркєм сїрєт єнєрїндє теманы ачып берїїдє чыгарманын айрым элементтери кайталанып, окуянын жїрїшїнє жараша ырааттуу чагылдырууга жардам берет. Ритм бирде жапыз, бирде бийик, кыска же созулуп кеткен кайрык, обон сымал жан дїйнєўдї козгойт. Буга мисал катары К. П. Брюлловдун «Помпейдин акыркы кїнї» – деген чыгармасын карап кєрєлї. Сїрєтчї бири-бири менен кайчылашкан сызыктардын жана жарык караўгы тїстєрдїн кайталанышы аркылуу дїрбєлєўгє тїшкєн элдердин тобун кєрсєтє алган. Чыгарма боюнча дагы кошумча маалыматтарды таап, кунт коюп карасаўар элдердин арасынан сїрєтчїнїн єзїн да табасыў. Ушул чыгарманын негизинде кыргыз элинин кєрїнїктїї композитору, академик Муратбек Бегалиев «Помпейдин кыйрашы» деген симфониялык поэмасын жараткан. Пейзаж тартууда жаратылыштагы тїрдїї кубулуштар ар бир мезгилге жараша єзгєрїп турарына байкоо жїргїзїї керек. Мисалы, табият да адамдардын мїнєзїндєй болуп бирде ачык, кєўїлдїї же тїнт, капалуу болот. Ошондуктан ар 65


«Помпейдин акыркы кїнї». К. Брюллов

бир кубулушту єз учурунда єзїндєй кылып чагылдырууга аракеттенїї талапка ылайык. Азыр жаратылыштын ар кандай табигый кєрїнїштєрїн, сулуулугун кєрїп туруп же эсте калганы боюнча элес­тетип монотипия ыкмасында сїрєттєп тарталы. Монотипия – мonotype грек сєзїнєн алып которгондо «моно» тартып деген маанини тїшїндїрєт. Айнек же кагаз бетинде тїрдїї боёктордон кандайдыр бир нерселердин элесин тїшїрїп, анын їстїнє башка кагазды беттештирип коюп, бастыргандан кийинки тїшкєн элестин тагын монотипия ыкмасы деп айтабыз. Андан тїшкєн тактагы элести эмнеге окшоштугун баамдап, сїрєттє кєрсєтїлгєндєй айрым жерлерин толуктоо менен ар кандай нерселерге окшоштурабыз. Мындай ыкма окуучулардын ой-чабыттарын єстїрїїгє жардам берет. Эсиўерде болсун, натурадан сїрєт тартууда сїрєттєлїїчї нерсе канчалык жакын болсо ошончолук чоў жана даана кєрїнєт. Ал эми алыстаган сайын тескерисинче ошончолук кичирейип, агыш, кєгїш, муздак бозомтук тїстєр кєбїрєєк кездешет. 66


Тапшырма 1-сабак: Єзїўєр жашаган жердеги табияттын табышмактуу кєрїнїштєрїн баяндаган сїрєттєрдї графикалык каражаттар менен аткаргыла. 2-сабак: Графикалык сїрєттєрдїн негизинде монотипия техникасын колдонуп, чыгармадагы тїрдїї маанайларга шайкеш, тиешелїї тїстєр менен айнектин бетин боёп, андан алынган элес­ тердеги окшоштукту таап, айрым жерлерин толуктап тартып, китептин макетин бїтїргїлє. 3-сабак: Єзїўєргє жаккан жаратылыштын кєрї­нїшїн буга чейин їйрєнгєн каалаган техникада аткаргыла. Бышыктоо їчїн суроо: Монотипия ыкмасы «А-ля-прима», лессировка, пуантилизм деген ыкмалардан эмнеси менен айырмаланат? Аткарылган иштердин чакан кєргєзмєсїн уюштуруп, бири-биринин ишин баалап, эў мыкты аткарылган иштерди алкакка (рамкага) салып, бєлмєлєрдїн же залдын интерьерин жасалгалагыла. 67


9–10-сабактар Жаз майрамы. Майрамдык маанайды тїшїндїргєн композиция: белектер, куттуктоо баракчалары, дубал гезити Нооруз («Жаўы кїн») – Орто Азия,Чыгыш элдеринде ба­ йыртадан кеўири белгиленип келе жаткан майрам. Бул кїнї кїн менен тїн теўелет. Арча, чекенди, адырашман тїтєтїп, їй ичин, мал-жанды аласташып, токчулукту, мол тїшїмдї, ырыскыны тилешкен. Нооруз жаз майрамы катары белгиленип келет. Ноорузда жаўы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана кєрккє бєлєнєт. Жаш-карынын баары чогулуп, улуттук оюн-зоокторду ойношот. Жаўырган жылда адамдар эл-журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелїї болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган. Арпадан, буудайдан кєжє, сїмєлєк кайнатып, ар бир їй-бїлє сый тамагын жасап, айылапасы менен чогуу ичишкен. Окуучулардын кыял-чабыттарын кєркєм каражаттарды пайдалануу менен улуттук колориттеги чыгармаларды жаратуу. Кээде сєз менен айта албаган нерсени музыка, бий, сїрєт менен жеткирїї оўой болот. Сїрєт искусствосунда ачык, жылуу тїстєр кєўїлдї кєтєрїп, майрамдык маанай тартуулайт. Кїўїрт, муздак тїстєр сырдуу, кайгы-капаны тїшїндїрєрїн куттуктоо баракчаларын даярдоодо эске алалы.

68


Тємєнкї берилген куттуктоо баракчаларынын айрым элементтерин тандап, єзїўдїн ой-чабыттарыўдын негизинде композиция тїзїп, буга чейин їйрєнгєн ыкмаларды колдонуп, белекчелерди даярда. Чыгармачылык иштерди жєнєкєй элементтерди аткаруу менен кєнїктїрїї. Дубал гезит кандай жасалат? Жыл сайын жыл ичинде боло турган майрамдарга арнап дубал гезитти даярдоо, кызыктуу жана чыгармачыл иш экенин жакшы билесиўер. Балким, силердин мектепте мыкты дубал гезиттер їчїн жылда конкурс уюштурулуп, анда жеўип чыккан гезиттер їчїн баалуу белектер берилсе керек. Ишти эмнеден баштоо керек? Эў алгач жалпы класс менен бирге 69


ЖАЎЫЖЫЛЫЎЫЗДАРМЕНЕН!

мурдагы чыгарылып жїргєн гезиттерден жаўысы эмнеси менен айырмаланарын, кандай маалыматтарды ичине камтый турганын тизмектеп жазып, болжолдуу эскизин тїзїп келїїўєр керек. Андан кийин топтолгон маалыматтарды иргеп, жалпы талкуудан кийин редакциялык жамаатты тїзїп, бир окуучуну гезиттин редактору кылып дайындагыла. Дубал гезитиўер жалаў эле сїрєттєр менен чектелип, кєркємдєлсє кызыксыз болуп каларын билесиўер. Буга сєзсїз башка сабактардан алган билимиўерди, эмнеге жєндємдїї экениўерди кєрсєтїп, аўгемелерди, ырларды, жакшы тилек, каалоолорду жазсаўар эў жакшы болот. Мындай иш-чараларга активдїї катышып, чыгармачылык менен изденсеў балким, сенин келечекте сїйгєн кесибиўди тандооўо єбєлгє болот. Тест 1. Кыргыз Республикасынын гербинин авторлору? а) А. Абдраев, Б. Жайчибеков; б) С. Дубанаев, А. Абдраев; в) Б. Жайчибеков, М. Сыдыков; г) Ж. Матаев, С. Иптаров. 70


2. Боз їй деген эмне? а) турак-жай; б) там; в) курулуш; г) чатыр. 3. Орнамент кыргызча эмне дегенди тїшїндїрєт? а) оюм-чийим; б) шуру-шакек; в) уз-чебер; г) кооздук.

Сабактын практикалык бєлїгї Майрамдык маанайды билдирген дубал гезитке єзїўєр тїзгєн эскиздердин негизинде композициялык ишти жасагыла. Аткарылуучу иштерди чакан топторго бєлїштїрїп, дубал гезит даярдагыла. Тапшырма 1-сабак: Жаз мезгилиндеги майрамдык маанайды тїшїн­дїргєн композиция тїзїї. 2-сабак: Майрамдык маанайды билдирген графикалык ишти тїстєр менен боёп бїтїрїї. 3–4-сабактар: Жаз майрамдарына карата чакан топторго бєлї­ нїп, белектерди, куттуктоо баракчаларын жана дубал гезиттерин даярдоо. Атайын даярдалган дубал гезитин мектебиўердин интерьериндеги кєрїнїктїї жерине жайгаштыруу, мазмунун жана жарашыгын талдап, айрым толуктоолорду киргизїї. Май­рамдык белектердин кєргєзмєсїн уюштуруп, аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу. Активдїї эмгектенген классташтарыўардын эмгектерин белгилегиле.

71


IV Ч Е Й Р Е К 1–2-сабактар Кєркєм єнєрїндєгї жаз мезгилинин сулуулугу Балдар акыны Байтемир Асаналиев агайдын «Жаз боёгу» деген ырын окуп чыгып, эмнелер баяндалганын чечмелеп кєрєлї. Жаз боёгу Дарак жашыл, жер жашыл, Гїлдєр жайнап ачылган. Байкап кєрсєм баарына, Жаз боёгу чачылган.

Жаратылыш кєркємї, Жазда башка артыптыр. Мекенимди сулуулап, Мезгил сїрєт тартыптыр ... Байтемир Асаналиев

«Жаз» (фрагмент). С. Бакаев

72


«Гїлдєгєн бакча». С. Чокморов

* Жаз мезгили башка мезгилдерден эмнеси менен айырмаланат, айтып бергилечи? * Жазгы жаратылышта кандай єзгєрїїлєр байкалат? * Бул сїрєттє жыл мезгили кандай сїрєттєлгєн? Пейзаж – сезимдерди чагылдырган искусство болгондуктан аны жогорудагыдай ыр саптары жана палитрадагы тїркїн тїстєрдї туура айкалыштыруу аркылуу сезимдерди сїрєттєп берсе болорун баамдадык. Биз силер менен болгону искусствонун эки гана тїрїнє токтолдук. Пейзаж ар бирибизге ар башкача (кубанычтуу, кайгылуу, жана сырдуу) болушу мїмкїн. Ошондуктан пейзаждагы поэтикалык элестин жеткиликтїї берилиши єзгєчє мааниге ээ. Мурунку єткєн материалдарды бышыктоо максатында тесттик тапшырмаларды аткаргыла: 1. Силуэт термини кєркєм сїрєт єнєрїнїн кайсы тїрїнє кирет? а) живопись; б) скульптура; в) графика; г) архитектура. 2. Кыргыздар кайсы тїстєрдї негизги деп эсептешкен? а) ак, кара; б) кызыл, сары, кєк; в) кїрєў, сыя кєк; г) ак, сары, кызыл, кєк, кара. 73


3. Натюрморт кайсы тилден алынган? а) латын; б) грек; в) француз; г) орус.

Эми силер жазгы кєрїнїштї сїрєттєєдє эмнелерге кєўїл бурушуўар керек? Тапшырма Эгер жакын аралыкта жазгы жаратылыштын сулуулугун сїрєттєп тартууга ылайыктуу жерлер болсо сыртка чыгып пленэрлик иштерди аткаруу. Пленэр – (француз тилинен которгондо – эркин аба) салкын абада, жаратылышка чыгып сїрєт тартуу дегенди тїшїндїрєт. Мїмкїнчїлїк болбосо эсте калган жаратылыш сулуулугун элес­ тетип, эскиздерди тїзїї. Кийинки сабакта сїрєттєп тартуу боюнча топтолгон материал­ дардын негизинде кєрїнїштєрдї тегиздик бетине туура жайгаштыруу. Боё иштерин ирети менен жїргїзїп, бїткєн чыгармаларды баалоо.

3–4-сабак Космос мейкиндигине саякат Мурда адамдар куш сымал учсак экен деп кыялданышса, азыркы учурда космоско чейин жетишти. Техника єсїпєнїктї, кыялданып ойлогон ойлордун кєпчїлїгї ишке ашып жатат. Илгери адамдардын асманда учуусун сїрєтчї В. Васнецовдун «Учуучу килем» деген чыгармасындагыдай элестетип, кыялданышкан. Адам баласы дагы эмнелерге жетишсе, мындан да жакшы, кызыктуу болоор эле? Келгиле, биз да кыялданып, фантастикалык чыгармаларды жараталы. Балким, биздин ойтилектерибиз да ишке ашып, элибизге пайдасы тиер. Азыр бизге мїмкїн эместей кєрїнгєн татаал нерселер бир нече жылдардан кийин ишке ашаар. 1961-жылдын 12-апрель кїнї советтик космонавт Юрий Гагарин «Восток-1» корабли менен учуп, космос­ко биринчи жол ачкан. Ошондон бери 12-апрель кїнїн «Космонавтика кїнї» деп белгилеп жїрєбїз. Кыргыздардан да космоско учкан космонавт болор бекен деген ой да ишке ашты. 74


«Учуучу килем». В. Васнецов

Кыргыз Республикасынын биринчи космонавты Салижан Шарипов болду. Балким кийинки космонавттар силердин ара­ ўарда жїрсє керек.

Юрий Гагарин

Салижан Шарипов

75


«Космос мейкиндигинде». А. Леонов

Алексей Архипович Леонов ачык космоско биринчи чыккан космонавт. Ошондой эле таланттуу сїрєтчї экендигин космосту сїрєттєп тарткан пейзаждарынан кєрїїгє болот. Мындай сїрєттєр – космостук пейзаждар деп аталат. Эмгек менен эл кєгєрєт, Жамгыр менен жер кєгєрєт. Макалдын мааниси эмнеде экендигин чечмелеп бер. * Биз Кїн системасында жашайбыз. Анда канча планета бар? Кандай гана кесиптин ээси болбосун чыгармачылык менен алектенген адам ар дайым ойлогон ой-максатына жетип, нарктуу, барктуу болушат. Буга мисал, ушунчалык бекем ден соолукту, илим-билимди талап кылган тїрдїї кесип ээлерин кєркєм єнєрдїн тїрдїї тармактарында да иштерин байкаган чыгарсыўар. Сен алгач космоско байланышкан кызыктуу теманы тандап, сїрєттєй турган планетада жашаган жаныбарды жана фантастикалык архитектураны ойлоп тапсаў чыгармаў абдан кызыктуу болот. 76


Єтїлгєн темаларды тест аркылуу бышыктайлы. 1. Сїрєтчї боёк менен сїрєт салардын алдында кендир кездемеге (холст) эмнени сїйкєйт? а) олив; б) грунт; в) гуашь; г) колер. 2. Сїрєтчїлєрдїн тїстєрдї айкалыштырып, кєркєм образдарды тїзїїсї эмне деп аталат? а) колер; б) жанр; в) колорит; г) топтоштуруу. 3. Таш, айнек же керамика ж. б. тїзїлгєн сїрєттєлїш эмне деп аталат? а) витраж; б) мозаика в) панно; г) коллаж. Тапшырма Космоско байланыштуу тандаган тема боюнча ой-чабыт­ тарыбызды эскиз тїзїїдє эске алалы. Кийинки сабакта тїзгєн эскиздердин арасынан єзїўє жакканын тандап, тїстїї боёктор менен боёп бїтїргїлє.

5–6-сабактар «Эч ким, эс нерсе, эч качан унутулбайт!» 9-май – Улуу Жеўиш кїнї согуштун ардагерлерине таазим этип, алардын баа жеткис эрдигин эскерїїчї кїн. Жергебизде каргашалуу Улуу Ата Мекендик согуштун азабын тартпаган бир да айыл, бир да їй-бїлє болбосо керек. Буга ар бир айылдагы согуштан кайтпай калган жоокерлерге арналган эстеликтер жана алардын аты-жєнї жазылган тизмелери далил. Ар бир жылы Жеўиш кїнїн белгилеп жатканыбыз биз їчїн улуу сыймык. Биз согуштан кийин тєрєлїп, анын запкысын тартпадык, бизге эркин жашоону алып келген аталарыбызга таазим этебиз. Дїйнєдє ар дайым тынчтык болсун. Каардуу согушту баяндаган канчалаган мыкты чыгармалар бар, алардын ичинен Тїгєлбай Казаковдун «Эстелик» – деген ырына токтоло кетели. Ырдын текстин окуп талдоо жїргїзєлї. Эстелик Биз турмушка аталардан кеч келип, Тээ батыштан согуш отун кечпедик. А аталар тєрєлє элек биз їчїн, Кала берди танк алдында тепселип. 77


Биз турмушта агалардан кеч келип, Тээ алыстан адам канын кечпедик. А агалар жаўы баскан биз їчїн, Кала берди танк алдында тепселип. Єткєн согуш кан майдандан сес берип, Турат бїгїн бардык жерде эстелик. Гїл ордуна койдум ушул ырымды, Аталарды, агаларды эскерип. Тїгєлбай Казаков Автор ыр саптарында эмнелерди баяндаган?

Согуш темасын сїрєттєп чагылдырса жана аскер турмуштагы окуялар баяндалса, аны майдан (баталия) жанрындагы чыгармалар дейбиз. Мындай чыгармаларды тарткандарды сїрєтчї-баталисттер дейбиз. А. Дейнеканын «Севастополду коргоо» деген чыгармасын карап кєрєлї. * Бул сїрєттєн душмандар кайсы экендигин билсе болобу? * Алдыўкы пландагы жоокердин жїзїнєн эмнелерди байкоого болот? * Жоокерлердин кийимдери кандай? Эмнелер менен куралданган? Сїрєттїн арткы планынан эмнелерди кєрїїгє болот? 78


«Севастополду коргоо». А. Дейнека

Азыр терезеден асманды карап кєрїп, сїрєттєгї асман менен салыштыргыла. Терезеден кєргєн асмандан сїрєттєгї асман кескин айырмаланат. Сїрєтчї чыгарманын мазмунун ачып берїїдє кандай тїстєрдї колдонгон? Сїрєт 1942-жылы тартылган. Сїрєтчї советтик жоокерлер фашисттерди сєзсїз же­ўээрине ишенген. Тест 1. Г. Айтиев сїрєт єнєрїнїн кайсы жанры менен кеўири таанымал болгон? а) пейзаж; б) анималисттик; в) тарыхый; г) натюрморт. 2. Силуэт деген эмне? а) кїзгїдєгї элес; б) бир шилтем; в) сєлєкєт; г) тїс. 3. Негизги каарманы аскер, согуш тууралуу жанр? а) бейне; б) пейзаж; в) майдан; г) анималисттик. Бышыктоочу суроолор: - Аскердик темада тартылган сїрєт кандай аталат? - Согуш темасын чагылдырган кайсы сїрєтчїлєрдї би­лесиў, алардын чыгармалары кандайча аталат? 79


Тапшырма Улуу Жеўиш кїнїнє карата алган маалыматтардын негизинде болочок чыгарманын эскизин тїзєбїз. 1-сабак: Улуу Жеўиш кїнїнє карата чакан белектерди берилген їлгї­лєрдєй кылып даярдоонун ыкмаларын їйрєнєбїз. 2-сабак: Башталган иштерди аягына чыгарып бїткєрєбїз. Чакан кєргєзмє уюштуруп, пикир алмашабыз.

Китепте берилген їлгїлєрдєн сырткары єзїбїздїн кыялчабыттарыўар боюнча белектерди даярдап кєркємдєсєк болот.

80


81


7-сабак Кыргыз жери – керемет

Кыргызстандын ар бир аймагына арналган кереметтїї ырлар, обондор бар. Алардын ичинен Ч. Айтматовдун «ЫсыкКєлдї сагынуу» деген ырынын сєздє­рїн талдайлы. Ырга М. Бегалиев обон чыгарган. Г. Сатылганованын аткаруусунда бул ырды угуп кєргїлє. Ысык-Кєлдї сагынуу Обону М. Бегалиевдики, сєзї Чыўгыз Айтматовдуку

Кыялымда ак куу болуп, Учуп жїрєм кєл їстїнєн. Кєк асмандын мейкининде, Балык сымал эркин сїзєм.

Байыркынын, бабалардын, Сєзї калды кєл бетинде, Балалыгым эстен чыкпайт, Изим калды кєл четинде.

Кайырма: Алыс кетсем куса болуп, Сагынам салкын тєрїў. Алтын кєлїм, Ысык-Кєлїм, Сагындым мен толкун кєркїн.

Кайырма: Кыялымда учуп барам, Бийик чокунун їстїнєн. Кылым карып, кырлар ашкан, Кыргыз кєлї чєкпє дейм.

* Чыгарма силерге кандай таасир калтырды? 82


Ар бир сїрєтчї пейзажда єзїнїн кєз-карашын чагылдыруу аркылуу бир маанини тїшїндїрєт. Табияттагы кєрїнїштї окшоштуруп, кєчїрїї менен чектелбестен ар кандай маанайын табууга умтулуп, кайгы-капа, кубаныч, сагынуу, кусалык сезимин чагылдырганын кєрїїгє болот. Кыргыз сїрєтчїлєрї Г. Айтиев, С. Чуйков, Ж. Їмєтов жана башкалардын аткарган пейзаждарынын негизги идеялары туулуп-єскєн жердин кєркєм сулуулугуна арналган. Силер сїрєтчї, акын, музыкант­чыгармаларында эмнелерди ачкысы келгендигин тїшї­нгїлє. Єз оюўарды, сезимиўерди сїрєткє чагылдырганга аракеттенгиле. Сїрєттєгї жаратылыштын маанайы ар кандай сызыктар, тїркїн тїстєр аркылуу тїрдїї кєркєм каражаттар менен чагылдырылат. Ар бирибиз буга чейин їйрєнгєн билим ыкмаларды колдонуп, туулуп-єскєн мекенибиздин кєркєм кооздугун сїрєт­ тєгєн композиция тїзєлї. Тапшырма Эў алгач сїрєттєп тартуу їчїн тандалган баракты туурасынан жайгаштырабыз. Жаратылышты сїрєттєп тартуу їчїн эскиздерди тїзїп алуу маанилїї. 83


Эскиз – кандайдыр бир нерсени сїрєттєєдє аткарылган бир шилтемдер. Туура атка­рылган сїрєттєр тємєнкї талаптарга жооп бериши керек. 1. Сїрєт тартуучу баракка деўгээл сызыгын жїргїзїп, жогору жагына ичке сызыктар менен алыста кєрїнгєн нерселердин элесин чагылдыр.

2. Жайгашкан нерселер канчалык жакын болсо, ошончолук чоў, даана, контрасттык айкалышта аткар.

84


3. Алыс жайгашкан нерселер алыстаган сайын кичине, агыш, бозомтук тондо экенин байкоого болот. Сїрєттєлїїчї чєйрє канчалык алыс болсо, чыгармадагы мейкиндикти ошончолук кеўири сїрєттєєгє мїмкїн болот.

4. Графикалык каражаттар же тїстєр менен иштєєдє, нерсени сїрєттєп аткарууда, жарыктын таралышы сїрєт тартып бїткєнгє чейин кєўїлдїн борборунда болуусу зарыл.

85


5. Аткарылган чыгармада перспектива жана аба мейкиндигин эсиўден чыгарба.

Натурадан сїрєт тартууда 5 касиет дайыма эсиўде болсун.

86


МАЗМУНУ 5-класстын жылдык темасы:«Кєркєм єнєр жана мезгил» I ЧЕЙРЕК 1–2-сабактар. Кєркєм сїрєт єнєрїнїн тїрлєрї жана жанрлары . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 5 3–4-сабактар. Натюрморт. «Гїлдєр» . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 24 5–6-сабактар. Кєркєм сїрєт єнєрї. «Саймалуу-Таш» (сызык, єў-тїс, кєлєм) . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .33 7–9-сабактар. Курак, шырдак. Декоративдик єнєрдєгї композиция. Табигый каражаттардан эркин темада тїзїлгєн курак. Кєркєм сїрєт єнєрїндєгї композициялык сабат . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 38 II ЧЕЙРЕК 1–3-сабактар. Жыл мезгилдери . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 4–5-сабактар. «Менин сїйїктїї жаныбарым» . . . . . . . . . . . . . . 6–7-сабактар. «Кеч кїз» пейзаж. Аба жана сызыктуу перспектива, жарыктын таралышы . . . . . . . . . . . . 8–9-сабактар. Кагаз пластикасы, квиллинг . . . . . . . . . . . . . . . .

43 45 50 53

Ш ЧЕЙРЕК 1–2-сабактар. Жаныбарлар дїйнєсїнє арналган чыгармаларга иллюстративдик композиция тїзїї . .. . . . . . . . 57 3–5-сабактар. Китептер їчїн иллюстрация . . . . . . . . . . . . . . . . . 60 6–8-сабактар. Табияттын табышмактуу кєрїнїштєрї кєркєм сїрєт єнєрїндє. Монотипия ыкмасы . . . . . . . . . . . . . 63 9–10-сабактар. Жаз майрамы. Майрамдык маанайды тїшїндїргєн композиция: белектер, куттуктоо баракчалары, дубал гезити . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .. . . . . 68 IV ЧЕЙРЕК 1–2-сабактар. Кєркєм єнєрїндєгї жаз мезгилинин сулуулугу . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 72 3–4-сабактар. Космос мейкиндигине саякат . . . . . . . . . . . . . . . . . 74 5–6-сабактар. «Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!» . . . . . . . . 77 7-сабак. Кыргыз жери – керемет . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 82

87


Окуу басылмасы

Акматов Дамирбек Абыласанович, Орозобаев Алайбек Керимович КЄРКЄМ ЄНЄР 5-класс Жалпы билим берїїчї мектептер їчїн окуу китеби Редактору С. С. Дуулатова Корректору К. А. Мамыркулова Техн. редактору В. В. Крутякова Дизайнери Д. Тимур Терїїгє 10.01.2018-ж. Басууга 25.06.2018-ж. кол коюлду. Форматы 70х100 1/16. Офсет кагазы №1. «Мектеп» ариби. Кєлємї 5,5 ф. б. т. Нускасы 68 200. Заказ № «Билим-компьютер» басмасында даярдалган. 720031, Бишкек ш. , С. Ибраимов көчөсү 24, каб. 409.


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.