Бул басылманын жасалгасы салттуу чеберлер тарабынан колго, нукура булгаарыдан аткарылган нускасы. 50 номурланган даана.
Даана № ________
КУТТУУ
КУРАН кыргызча мааниси
МОСКВА 2011
Отпечатано по заказу Российского Авторского Общества, Российского Союза Правообладателей, Всероссийской Организации Интеллектуальной Собственности и Кричевского Андрея Борисовича. Россиялык Автордук Коому, Россиялык Укук Ээлери Уюму, Буткул Россиялык Интеллектуалдык Менчик Уюму жана Кричевский Андрей Борисович тапшырыгы менен басылды.
© Алымбеков Н., 2008
БИСМИЛЛАХИР-РАХМАНИР-РАХИИМ
УРМАТТУУ ОКУРМАНДАР! Колуңуздардагы «Куттуу Куран кыргызча мааниси» аттуу көлөмдүү эмгек ыйык Куран китебинин маанилеринин кыргыз тилинде ыр түрүндө жазылганы. Анын өзгөчөлүгү, түрк элдеринин ичинен ыр түрүндө которулуп жазылган алгачкы эмгек болгондугу менен сыймыктуу. Куран аяттарынын маанилерин которуп, ыр формасына салуу китептин котормочусу болгон кыргыз элинин белгилүү акыны Надырбек ажы Алымбеков үчүн оңойго турган жок. Нечендеген күндөр, айлар, жылдар кетти. Алла Тааланын буйругу, жардамы менен беш жыл дегенде китеп акырына чыгарылды. Бул эмгектин ыр түрүндө жазылуусу кыргыз элинин түшүнүгүнө жакын болгондуктан, жалпы карапайым эл үчүн өтө пайдалуу болот деген үмүттөбүз. Котормонун дагы бир өзгөчөлүгү кошумча түшүндүрмөлөр менен жеткиликтүү түрдө чечмеленип жазылгандыгында. Албетте, бул эмгектин жеткиликтүүлүгү чыныгы ыкылас менен жалгыз гана Алла Тааланын ыраазычылыгын табуу максатында жазылгандыгы китептин ар бир сабында ачыкайкын көрүнүп турат. Бул китеп жогорудагы өзгө чөлүктөрү менен бирге, Кыргызстан эли жана келечек муундар үчүн ыйык жана баалуу байлык катары кабыл алынып, кылымдар бою көздүн карегиндей сакталып окуларына ишенебиз.
Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен!
БАШ СөЗ ОРДУНА Урматтуу окурман журт! Айткылачы, эгерде өткөндөн кабардар болсоңуздар эмне үчүн Нух пайгамбардын коому кыйрап калды? Алардын «топон суунун» алдында калышына эмнелер себеп болду? Ошондой эле байыркы доорлордо жашап өтүшкөн аад коому, мадиан эли, самуд коому, Лут пайгамбардын коому жана башка элдердин кыйрап калышынын себептери эмнеде? Эмне үчүн алар Кудайдын каарына калышты? Жооп бирөө гана. Себеп да бирөө. Чындыгында, ошол жер үстүнөн тыйпыл болгон бактысыз элдердин түбүнө бузукулук жеткен. Ыймансыздык, текеберчилик, ачкөздүк, сойкулук деген балээлер нечендеген элдерди ойрондоп келген. Булар тууралуу окуялар ыйык Куранда кеңири баяндалат. Ал эми азыркы учурда биздин кыргыз журтчулугубуз жогоруда эскертилген бузукулук апааттардан сырткары калып, чачылбай-бүлүнбөй, тынч, аман-эсен жашап жатат десек болобу? Албетте жок. өткөн советтик доордун атеисттик идиологиясы биздин элге эмнелерди гана калтырбады. Ал эми каптап келаткан бүгүнкү батыштын «чумасычы»? Учурдагы элибиздин канына, жанына сиңип кеткен ар түркүн бузукулук адаттарды көрүп туруп көрмөксөн, билип туруп билмексен болуп коюга уятыбыз чыдайбы? Айткандан айбыгып турсак, анда эртеңки күнүбүз эмне болот? Көзкарандысыз мамлекет болуп, эркин доор келди деп кубанганыбыз менен көпчүлүк элдин жан дүйнөсүн ыймансыздык ээлеп, коомду бузукулук бийлеп, элибиз ээрчиме жана жетелеме болуп бараткандыгын кимдер билбейт? Албетте, азыр элге биримдик, ынтымак керек. Бирок ынтымак деген нерсе өзүнөн-өзү орноп калбайт да. Ал үчүн эң биринчиден дилибизге ыйман керек го. Жүрөгүбүз, ички дүйнөбүз оңолмоюнча келечегибиз жарык болмок беле? Ушундай себептерге байланыштуу ушул колуңуздардагы котормонун автору Надырбек Алымбеков да бир топ жылдан бери акындык дараметин Кудай жолуна буруп, Алланын алты миңден ашуун аяттарын ыр түрүндө чечмелеп, сиздерге тартуу кылып олтурат. Акын өзүнүн машакаттуу ушул эмгегин карапайым элдин калың катмарына жеткирүүнү тилек кылып, ыр жандуу элдин жүрөгүн Куран-ыр менен байытууну көздөгөн. Колуңуздардагы китеп адегенде бир сыйра орус тилинен которулуп, кийинчерээк ал, меним жардамым аркылуу Куран Каримдин арап тилиндеги түп нускасын пайдаланып, котормонун сапатын канааттандыраарлык деңгээлге алып чыкканын баса белгилеп кетким келет. Ал, Куран Каримдин тафсирлерин (түшүндүрмөлөрүн) которуу боюнча карапайым элге арналып жазылган Мавлавий ажы Хиндистонийдин көлөмдүү китебин өзүнүн котормосуна кеңири пайдалан-ганын айтпай кетсем туура болбос. Бүтүндөй Борбордук Азияга белгилүү даанышман аалым Мавлавий ажы Хиндистонийдин көөнөрбөс зор мурасын пайдалангандык деген, бул котормочу Алымбеков үчүн чоң акыбет. Бирок кемчиликсиз иш болобу? Котормочу эми жалпы окурмандардан жана илимдүү-билимдүү мусулман бир туугандарынан калыс кеп-кеңештерди, баалуу сунуштарды күтөт. «Көч бара-бара түзөлөт» — дегендей, китептин кийинки басылышында сиздерден түшкөн сунуштарды эске алаарын максат кылат. Сөзүмдүн соңунда баарыңыздарга аманчылык жана котормочу — акын агабыз —Надырбек ажыга мындан ары да Алла жолунда чоң-чоң ийгиликтерди каалап кетмекчимин. Китептин башкы редактору
Молдо Мамасабыр Досболов.
КОТОРМО БОЮНЧА АЙРЫМ ЭСКЕРТүүЛөР Урматтуу окурман! Куран Каримдин ыр түрүндө маанилеринин котормосун окуганда төмөндөгү эскертүүлөр менен таанышып алууңузду өтүнөм. Аяттардагы кошумча сөздөрдүн көпчүлүгү атайын кашааларга алынган. Ал эми аяттын негизги сөздөрү кашаалардан сырткары. Кошумча сөздөр негизги сөздөрдүн маанилерин толуктап, ырлардын ыргагын сактап турат. Кайсы бир аяттарда негизги сөздөр менен кошумча сөздөр аралашып кетет. Бирок тексттер маанисин жоготпойт. Ошондуктан аяттарды окуганда кашааларга көңүл бурбай эле шыр окуп кете берүүнү сунуш кылам. Ошондо түшүнүктүү болот. Ал эми кээ бир аяттарда Алланын сөздөрү адамдарга карата көптүк түрдө айтылат. Ал сөздөрдү жекелик түрдө (жеке адамдарга кайрылган мааниде) которууга туура келди. Бул ыкма ыр «токууда» мен үчүн жеңилирээк болду. Алла кечирсин, бул менин чабалдыгым. Куран Каримдин өзүндө «Биз» деген сөз көп колдонулат. Чынында бул «Биз» деген сөз «Алла» деген сөздү түшүндүрөт. Куранды биринчи окугандарга бул түшүнүк абдан керек. Ырлардын түзүлүшүнө карата Жараткандын ысмын жалаң эле «Алла» же «Рабби» – «Эгеси» дебестен, кыргыз элине абалтан белгилүү болгон Алланын ысымдарын колдондум. Булар: Кудай, Теңир, Жараткан, Эгедер, күмдар жана дагы булардан башка – Билүүчү, Угуучу, Колдоочу, Коргоочу, Билим ээси, Кудурет ээси деген ысымдар да көпчүлүк аяттарда көп кайталанат. Алланын аттары бардык аяттарда чоң тамга менен башталат. Ошондой эле мындан бөлөк көптөгөн эскертүүлөрдү аяттардын төмөн жагына ыр түрүндө же кара сөз түрүндө жайгаштырып, окурмандарга ылайыктуу кыскача жөнөкөй түшүндүрмөлөрдү жазып киргиздим. Дагы айта кетчү нерсе, ушул китепке Куран Каримдин арап тилиндеги түп нускасын киргизбөөнү туура таптым. Анткени көпчүлүк адамдар Куран китебин бейдаарат кармай беришет. Ошондуктан Алланын алдында күнөөкөр болууну каалабадым. Котормочу.
Сүрө 1
ФАТ И Х А С ү Р ө С ү
Сүрө 1 АЛЬ-ФАТИХА (БЕТ АЧАР) Фатиха сүрөсү (Эки дүйнөнүн) Мээрманы, Ырайымдуу Алланын аты менен! 1. Бүт мактоолор бир Алланын өзүнө, Ааламдардын Эгесине – Ээсине.
4. Сага гана биз ибадат кылабыз, Сенден гана жардам сурап турабыз. (Сыйынуучу жалгыз өзүң турганда, Сенден бөлөк кимге моюн сунабыз?)
(Ошондуктан, Алкоо-алкыш Ага гана тийиштүү, Ал, Баарын багып, тарбиялап, өстүрүп, Ар балээден, Коргоп турат пенделерин сүйүктүү).
5–6. Бизди башта Туура жолго, Туура жолго – акыйкатка баштагын, Бир өзүңдөн Нематыңды* алгандардын жолуна. Бизди салба, Каарына** калгандардын жолуна. Бизди салба, Адашууга*** баргандардын жолуна.
2. Мээримдүүгө (мээриминин чеги жок), Ырайымдуу, Боорукерге (теңи жок). 3. Ал, Сурак Күндүн – Акыреттин Эгеси, (Бийлик кылган падышанын дал өзү).
* Алладан бак-таалай алгандар, булар: Пайгамбарлар, шахиддер жана ыйман ээлери – такыбаа момундар. ** - *** Куранды чечмелегендердин айтуусу боюнча, Алланын каарына калгандар, булар – иудейлер. Ал эми адашкандардын катарына христиандар кирет.
10
Сүрө 2
Б А К А РА С ү Р ө С ү
Сүрө 2 АЛЬ-БАКАРА (УЙ) Бакара сүрөсү (Эки дүйнөнүн) Мээрманы, Ырайымдуу Алланын аты менен! Каапырларды үндөгөндөн пайда жок. Ишенишпейт, алар үчүн баары бир, (Катып калган жүрөктөрү – айла жок).
1. Алиф, Лам, Мим! (Бул ариптер, сүрөлөрдүн башында, Маанилери, Бизге эмес, бир Аллага белгилүү, Жашап келет Куран менен асыл баа).
7. Мөөр басып, Алла алардын, Көкүрөгүн, көздөрүн да көр кылган, Укпас кылып кулактарын кер кылган. Алар үчүн даярдалган жаза чоң, (Бүт аларды, Отту көздөй шыр баруучу эл кылган).
2. Бул Куран чындык. Бул Туура жол – корккондорго Кудайдан, Шек-күмөнсүз, (жалганы жок кылайган). 3. Алар, Ишенишет кайыптарга көрбөгөн, (Качан болсо) намаздарын жөндөгөн. Кайрылышып ырыскыдан Биз берген, (Каапырдыкка жүрөктөрүн бербеген).
Эскертүү: Эми мунаафыктар (эки жүздүүлөр) тууралуу сөз кетет.
8. Эл ичинде айткандар бар: «Ыйман туттук Акыретке, Аллага», Чындыгында, Андайлардын ыйманы жок дилинде, (Туткан дини дилинде эмес, тилинде).
4. Алар ишенишет Акыретке, Дагы, Сага түшкөн (ыйык Китеп Куранга), Жана дагы сага дейре, Түшүрүлгөн (Тоорот, Инжил – буларга). 5. Алар болсо өздөрүнүн, Эгесинин түз жолуна өткөндөр. (Азаптардан кутулушуп, Бейиш деген) улуу сыйга жеткендер.
9. Алар алдашмакчы, Алла менен момундарды жазгырып, (Билишпестен иш экенин азгырык). Чынында алар, Алданышты өздөрүнө өздөрү, Түшүнүшпөй, (келечегин ташка уруп).
6. Чындыгында, Сен аларга (динге кир деп), Коркутуп да, коркутпай да айтып көр,
10. Алар, Болгондо да дил жагынан кеселман, (Тымызындан иш кылышса эс алган). 11
Сүрө 2
Б А К А РА С ү Р ө С ү
Алла алардын «ит оорусун» ашырды, Жалган сүйлөп, (Ыймансыздар акыйкатты жашырды).
16. Мунаафыктар хидаяттын ордуна, Тандап туруп залаалатты* алышты. Ошондуктан пайда көрбөй, кур жалак, Туура жолго алар түшпөй калышты.
(Албетте), Андайларга жан чыдагыс азап бар, (Алар үчүн Акыретте мазак бар).
17. Алар, от жаккычтар сыңары, От жагышты, жарык түштү анакей, Жалп деп өчтү, капкараңгы мынакей, Кайра жанса, кайра өчүрөт Жараткан, Алар көрбөйт, (Жаккан оттон шоола барбы, канакей?).
11. «Жердин бети (талаасы эмес күнөөнүн), Сеппегиле бузуку иштин үрөөнүн!» Деген сөзгө алар: «Жер бетине жакшылыкты жайылтып, Биз оңдойбуз (адамдардын жүрөгүн)».
18. Алар дудук, алар дүлөй, алар көр, (Акыл калчап, айтаар сөздү айтпаган. Андайлардын адашканы адашкан, Азгын жолдон) Туура жолго кайтпаган.
12. Чындыгында алар, (токтотушпайт), Улантышат бузукулук иштерин. Билип койгула! Алар билбейт (буруу жолго түшкөнүн).
19. Же алар (катуу коркуп, Катуу жамгыр, караңгынын түрүнөн), Калч-калч этип чагылгандын сүрүнөн, Сөөмөйлөрү кулактарга тыгылып, (Жүрөктөрү жакшылыктан түңүлгөн). Абалы ушул каапырлардын бир кезде, Ажал десе байкуш болот бүлүнгөн.
13. Аларга айтса: «Момундардай болгула, Адамдарга ыйман тапчу жол мына!» Алар анда: «Кошулбайбыз наадандарга, пастарга, (Ошол динге силер эле тойгула!)» Түшүнүшпөс келесоо да өздөрү, (Түркөйлүктөн пайда болгон шор мына!)
(Таразалап ошолордун тагдырын), Алла өзү, (Оңбостукка) чүмкөп коет бардыгын.
14. Момундарды алар көрүп калганда: «Ишенимди бергенбиз дейт Аллага, (Шакабалап ичибизден шылдыңдап), Алдадык» – дейт өз тобуна барганда. Ишендирет башчыларын, досторун: «(Силер менен оюбуз бир таң калба!)»
20. Алардын, Каректерин көр кылчудай чагылган, (Соо калмакпы чагылганга кабылган). Алар басат жарк дей түшсө айлана, Тык токтошот «от» өчкөндө жагылган. (Кайталанат, боло берет убара, Бошой албай караңгыдан жамынган).
15. Алла аларды шылдың кылып, мазактайт, (Андайларды күтүп жаткан азапты айт). Дагы узартып адашуусун алардын, «Сокурлардын» кангыганын (азайтпайт).
(Туш тарабы болгон менен караңгы), Көрбөс кылып койгон жок го аларды.
* «залаалатты» – адашууну.
12
Сүрө 2
Б А К А РА С ү Р ө С ү
Эгерде Ал кааласа, Көргөзбөй да, угузбай да коймок го, (Жараткандын күч-кубаты чабалбы?) Бүт нерсеге жетип турса чамасы, (Бийлей албай калмак беле адамды?)
Даярдашып койгондур сүрөлөрдү). 24. Кайдан силер кылмаксыңар болбосту, (Жазгылачы, силерде эмне кол жокпу? Сүрө жазыш колдон келбейт эч качан, (Толтура албай койгон сындуу толбосту).
21. Эй, инсандар! Сыйынгыла Раббиңерге! өткөндөрдү, Силерди да Ал жараткан (керекпи), Мүмкүн силер коркоорсуңар Кудайдан, (Таппасаңар Андан өткөн жөлөктү?)
Корксоңорчу, Ал тозокто отун болуп таш күйөт, (Тартаңдаган) дене күйөт, баш күйөт. Каапырларга даярдалган чоң Отто, (Канчалаган кары күйөт, жаш күйөт)...
22. Ал (Алла), Жердин бетин окшоштуруп килемге, Көктүн астын үйгө окшотуп түнөөргө, Асмандан суу, жерден берди ырыскы, Мөмө-жемиш бышып турса мөлтүрөп, (Дагы эмне керек экен силерге?)
25. (Эй, Мухаммад!) Кабарлап кой сен дагы, Угуп койсун ыйман туткан эл дагы. Бейиш күтөт, өзөнүндө тунук суу, (Тээ башынан, Момундарга тилектешмин Мен дагы).
Андыктан билип туруп, Кудайга шерик кошпой жүрсөңөрчү, (Кудайдын жалгыздыгын билсеңерчи, Бешкүнчөлүк өмүргө курсант болбой, Бейишке, Кирип алып, андан соң күлсөңөрчү).
(Жаман деген мөмө болбойт бир дагы), Көргөн айтат: «Мөмөгө окшош мурдагы». Алар үчүн көрсөтүлүп сый-урмат, (Кулпунат оо, кең бейиштин гүл багы). (Арбап турган назиктиги үнүндө), Аруулугу, сулуулугу дилинде, Жубайлар бар силер үчүн бейиште, (Мындай жыргал) түбөлүктүү, (түңүлбө!)
23. Эгерде силер шектенсеңер, Биздин пендебиз, (Мухаммадга) түшүрүлгөн Куранга, (Ак, караны ажыраткан куралга),
26-27. (Чиркей чыны,чаккан жерин зыяндайт, Канга кумар уу тумшугун тыялбайт.) Алла болсо ошол чиркей тууралуу, Андан да чоң нерселер тууралуу Мисал кылып сөз айтуудан уялбайт.
Анда силер ошого окшош, Бир сүрөнү чиймелеп бергилечи, (Же берээр бекен, силер дагы, Алла менен сүйлөшүп көргүлөчү?) Эгерде сөзүңөрдө чындык болсо, Анда чакыргыла, Алладан бөлөк, өзүңөргө тийиштүү күбөлөрдү* (Балким силер үчүн,
Ыймандуулар түшүнүшөт мындайды, Алла сөзү өтө сырдуу турбайбы. Каапыр коом бул мисалга ынанбайт, «Алла эмне деп жатат?» – деп чунаңдайт.
* «күбөлөрдү» – жасалма бут-кудайларды.
13
Сүрө 2
Б А К А РА С ү Р ө С ү
Алла бирок ушул мисал аркылуу, Канчаларды адаштырат, зыяндайт. Канчалардын жолун ачып, сый арнайт.
Нерселер көп силер билбей Мен билген». 31. Ал Адамга бардык-бардык, Нерселердин ысымдарын үйрөттү. Анан айтты периштелерге бул кепти: «Эгерде сөзүңөр ырас болсо, Силер дагы Мен жараткан заттардын Айткылачы мен угайын аттарын?
(Алла ошентип) адаштырат, Убадалашкандан кийин, Алла менен алмустакта, Түзүлгөн келишимди бузгандарды. Ар кандай, Байланышты үзүшкөн (душмандарды). Жер бетине, Жайылтышып бузукулук иштерди, Алар эми зыянды тартуучулар. (Азаптарды моюнга артуучулар).
32. Алар айтат: «О Жараткан, Сага даңк! өзүң бизге, Амал бердиң, акыл бердиң (чамалап. Биз ыраазы өзүң берген жөндөмгө, Биз Адамды не кылабыз табалап?)
28. Силер эмне , Аллага ишенбейсиңер? А дегенде силер өлүк элеңер. Андан кийин жанды берди (жан Ээси). Кайра өлтүрүп, кайра баштан тирилтип, Бир өзүнө Кайтаруучу Ал өзү.
Чындыгында, (Аты угулган алыстан да жакындан), Сен өзүңсүң Даанышман да, Акылман. 33. Алла Таала Адамга да сөз берет, Нерселердин атын айт дейт чечмелеп. Ачык, даана жоопторду уккан соң, Алла өзү дагы минтип эскерет:
29. Силер үчүн, Ошол өзү жердин бетин (мол) кылды, Андан кийин көктү карай обдулду, Жаратты да, жети кабат асманды, (Жасалгалап кереметин зор кылды).
«Эй, периштелер! Мен жакшы билем, Асмандардын жана жердин сырларын. Ал гана эмес купуя иштериңди, Ойлоруңдун жалган жагын, чын жагын.
(Ал деген бир тирүүлөрдүн Тирүүсү), Бардык, бардык нерселерди Билүүчү.
өзүм гана баардыгына Эгемин, Мен билбеген эч нерсе жок дегенмин».
30. Ошондо сенин Раббиң периштелерге: «(Толтурсам да жандыктарды ар кайсы, Жер үстүндө Мага керек жардамчы). Мен Адамды орун басар кыламын» (Сөзүн тактайт периштелер таң калчу).
34. Ошондо, Биз айттык: «Жүгүнгүлө Адамга периштелер!» Периштелер саждага баш коюшат, (Бир Алланы ызаттап келишкендер).
(Эч күтпөгөн бул сунушка кабылып), Периштелер минткен экен (жабылып): «Жерде болот бузукулук, кан төгүү, А биз болсо бир өзүңө табынып...»
Бой көтөрүп, ошондо, Таазим кылбай Иблис жалгыз калат, (Кайтпай турган Алладан каргыш алат). Ошол күндөн (үмүтсүз) каапыр болуп, (Ыйманынан бүтүндөй алсызданат).
(Алла болсо): «(Эч кимиң жок телегейди тең билген), 14
Сүрө 2
Б А К А РА С ү Р ө С ү
(Жин – Иблис ошондон бушман болуп, Ишин баштайт адамга душман болуп).
(Көрөт анда далай-далай балээни). (Топурашып) Отко кирет, качуу жок, Тозок болуп түбөлүктүү дареги.
35. Анан Биз айттык: «Эй, Адам! Эми өзүң менен аялың, Каалаганча жегин, ичкин, Кең бейиштен жай алгын. Эскертебиз, бул даракка жолобо, (Эркин кылдык, абийириңе таянгын). Эгер тийсең заалим болуп кетесиң, (Айткан сөздү эске туткун, аяр кыл)».
40. О бани Исраил! – Исраил балдары! (Элиңердин мага барбы арманы?) Жол көрсөттүм, далай кылдым жакшылык, (Жоо куудалап кетиргенде арганы). (Эстегиле өткөндөрдү жалпыңар, Эстегиле убаданы, шарты бар). Осуятты так аткарып жүргүлө, (Ойлонгула, эмне болот артыңар?).
36. Аларды анан шайтан деген азгырды, (Азгырууга качан болсо дайын ал. Адаштырып ал экөөнү) чыгарды, (Бейиш деген) байырлаган жайынан.
Мен айныбайм убададан, сөзүмдөн, Айбыккыла жалгыз гана өзүмдөн. 41. Ыйман келтиргиле, Китепке (Тооротту) тастыктадым (Куран) менен, (Куранды окугула чыдам менен).
Биз (аларга) айттык: «Мына, Силерге жер, (мээнет кандай билүүгө), Бири-бириңе душмандашып жүрүүгө. Анан, Белгиленген мөөнөт бүтсө бир күнү, (Кайра баштан өмүрлөрдү сүрүүгө)».
Дагы биринчилерден болуп, Ага каршы чыкпагыла, (макулбу)? Аяттарымды, (Тоороттогу), Арзан баага сатпастан, (Иш кылгыла, кенен бычып акылды).
37. Андан кийин, Адамдын да маселеси чечилди, Раббиси адашканды кечирди. Кечиримдүү, Алла кандай боорукер?! (Кектебестен Ал бекитти өкүмдү).
(Мээримге жык, китеп бул, байлык мына), Менден гана корккула, айбыккыла! 42. Билип туруп, (Аруулуктун актыгын танбагыла), Акыйкатты чүмбөттөп салбагыла! Жашырам деп чындыкты жалган сүйлөп, (Жараткандын каарына калбагыла!)
38. Биз аларга айттык: «Бириң калбай чыккыла эми, бейиштен!» Эгерде, Мен тараптан Китеп түшүп, Ээрчисеңер жүрөк тынчыйт өйүткөн, (Оолак болуп коркунучтан, кейиштен).
43. Аткаргыла намазыңар бар болсун, Закят* үчүн колдор ачык шар болсун. Сыйынгыла, сыйынгандар бир болуп, (Сыйыңарга ыйманыңар жар болсун).
39. Биз түшүргөн аяттарды жалган деп, Жүрүшсө алар бир Кудайга ишенбей,
* «Закяат» – «зекет» – деп да айтыла бермекчи мындан ары.
15
Сүрө 113
ФАЛАК СүРӨСү
Сүрө 113 АЛЬ-ФАЛАК (Таң) Фалак сүрөсү (Эки дүйнөнүн) Мээрманы, Ырайымдуу Алланын аты менен! 1–2–3. (Эй, Мухаммад!) Айткын: «Сактануу үчүн таң Эгесинен суранам: Өзү жараткан нерселердин, Балээсинен (жакшылыкты торогон), Дагы караңгынын, Балээсинен, жылчыгы жок орогон.
4–5. Дагы төлгөчүнүн, Сыйкырынан, түйүндөрдү үйлөгөн. Көрө албастын жамандыгынан, (Көкүрөгүн бузукулук бийлеген)».
766
Сүрө 114
АН-НААС СүРӨСү
Сүрө 114 АН-НАС (Инсандар) Ан-Наас сүрөсү (Эки дүйнөнүн) Мээрманы, Ырайымдуу Алланын аты менен! хис-саламга көрө албастык кылган душманы Лабид ибн аль-Асам деген жөөт адам жаанын жибине 11 түйүндү жасап, аны дубалап, пайгамбардын үйүнө жакын жердеги кудуктардын бирине ошол жипти таштап кетет. Пайгамбар алейхис-саламга ыңгайсыз абал түзүлөт. Ал эми Жебирейил периште болсо бул тууралуу пайгамбарга өз учурунда кабарлайт жана жиптин жаткан жерин көрсөтүп берет. Ар кандай сыйкырчылыктын балээлеринен коргонуу үчүн ага ушул эки сүрөнү үйрөтөт. Пайгамбар алейхис-салам айрыкча уктаар алдында ушул эки сүрөнү жана «Ихлас» сүрөсүн кошуп, ар бир сүрөнү үч иреттен кайталап, алакандарына үйлөп, денесинин колу жеткен жерлерине чейин сылап жана сүрткөнү тууралуу анын жубайы Айша (р.а) баяндап бергени хадисте айтылат.
1–2–3. (Эй, Мухуммад!) Айткын: «Сактануу үчүн суранамын, Бардык инсандардын Раббисинен (Алладан), (Адилеттүү бийлигинен жанбаган). Инсандардын Кудайынан, (Алар үчүн Туура жолду тандаган). 4–5–6. Жүрөктөргө азгырык салып, Жиндерден жана адамдардан чыккан, (Алланын ысмы аталганда), артка качуучу, Шайтандардын балээсинен сактай көр! (Өткөн-кеткен күнөөлөрдөн актай көр!)» Кошумча түшүндүрмө: Бул эки сүрөнүн (113,114) түшүшүнө мындайча окуя себеп болгон: Пайгамбар алей-
767
СүРӨНүН АТЫ
НОМЕРИ
БЕТИ
СүРӨНүН АТЫ
НОМЕРИ
БЕТИ
ФАТИХА
1
10
РУМ
30
435
БАКАРА
2
11
ЛУКМАН
31
443
ААЛУ ИМРАН
3
56
САЖДА
32
448
НИСА
4
83
АХЗАБ
33
453
МАИДА
5
109
САБА
34
465
АНЪААМ
6
129
ФАТИР
35
474
АЪРААФ
7
151
ЙАСИН
36
481
АНФААЛ
8
175
АС-САФФАТ
37
489
ТООБО
9
185
САД
38
501
ЖУНУС
10
205
ЗУМАР
39
510
ХУД
11
218
ГААФИР
40
522
ЖУСУП
12
233
ФУССИЛАТ
41
533
РААД
13
246
АШ-ШУУРА
42
541
ИБРАХИМ
14
253
ЗУХРУФ
43
549
ХИЖР
15
260
ДУХАН
44
559
НАХЛ
16
267
ЖАСИЯ
45
564
ИСРА
17
282
АХКАФ
46
569
КАХФ
18
296
МУХАММАД
47
576
48
582
МАРИАМ
19
309
ФАТХ
ТААХАА
20
318
ХУЖРАТ
49
589
АНБИЯ
21
332
КАФ
50
593
ХАЖ
22
344
АЗ-ЗААРИЯТ
51
598
МОМУНДАР
23
355
АТ ТУР
52
603
НУР
24
365
ВА-Н-НАЖМ
53
607
ФУРКАН
25
377
КАМАР
54
612
ШУАРА
26
386
РАХМАН
55
617
НАМЛ
27
402
ВААКИА
56
623
КАСАС
28
413
ХАДИД
57
628
АНКАБУТ
29
426
МУЖААДАЛА
58
634
СүРӨНүН АТЫ
НОМЕРИ
БЕТИ
СүРӨНүН АТЫ
НОМЕРИ
БЕТИ
ХАШР
59
640
ГААШИЯ
88
731
МУМТАХАНА
60
646
ФАЖР
89
733
САФ
61
650
БАЛАД
90
736
ЖУМА
62
653
ШАМС
91
738
МУНААФИКУН
63
655
ЛАЙЛ
92
740
ТАГААБУН
64
658
ЗУХАА
93
742
ТАЛАК
65
661
ШАРХ
94
744
ТАХРИМ
66
664
ТИЙН
95
745
МүЛК
67
667
АЛАК
96
746
КАЛЕМ
68
671
КАДЫР
97
748
АЛЬ ХААККА
69
676
БАЙЙИНА
98
749
МААРИЖ
70
680
ЗАЛЗАЛА
99
751
НУХ
71
684
ААДИЙААТ
100
752
ЖИН
72
687
АЛЬ-КААРИА
101
753
МУЗЗАММИЛ
73
691
ТАКААСУР
102
754
МУДДАССИР
74
694
АСР
103
756
КЫЯМАТ
75
698
ХУМАЗА
104
757
ИНСАН
76
701
ФИЛ
105
758
МУРСАЛААТ
77
704
КУРАЙШ
106
759
НАБАА
78
708
МААУУН
107
760
НААЗИАТ
79
711
КАВСАР
108
761
АБАСА
80
714
КААФИРУН
109
762
ТАКВИР
81
716
НАСР
110
763
ИНФИТАР
82
718
МАСАД
111
764
МУТАФФИФУУН
83
720
ЫКЛАС
112
765
ИНШИКАК
84
723
ФАЛАК
113
766
БУРУУЖ
85
725
АН-НААС
114
767
ТААРИК
86
727
ААЛАА
87
729
КУТТУУ
КУРАН кыргызча мааниси
Колдонулган китептер: 1. Тафсир Ал-Жалалайн. 2. Тафсир Мунир. 3. Тафсирил Фуркон фи байанил Куран 4. Тафсир Мавлавий ажы Хиндистоний. 5. Абд ар-Рахман Саади. Толкование священного Корана. (Перевод с арабского Кулиев Э. Р.) 6. Значение и смысл Корана (V томник) Которгон: Надырбек Алымбеков Башкы редактор: Молдо Мамасабыр Досболов Көркөм редактор: Шайдулла Мамажанов Мукаба жасалгасы: Дмитрий Шишко 70х100/16 Кагаз: Olin Regular