#1ladymag web

Page 1

№1 Май 2016

ЭНЕ БОЛУУ БАКТЫСЫНА ЭЭ КЫЛГАН

ЭКУ

ЇЙ-БЇЛЄЛЇК ОЧОГУЎУЗ ТУРУКТУУБУ?

Гїлнур Сатылганова жашоо, сїйїї тууралуу

INGLOT – профессионал визажисттердин тандоосу ЛЕДИ | Май 2016 | 1


2 | ЛЕДИ | Май 2016


ЛЕДИ | Май 2016 | 3


4 | ЛЕДИ | Май 2016


ЛЕДИ | Май 2016 | 5


6 | ЛЕДИ | Май 2016


Дареги: Бишкек шаары, HYATT Regencу отели, Абдрахманова кєчєсї 191. тел.:+996 770 090 024, 0312 621-343 Иштєє убактысы: 10.00-20.00 Бишкек шаары, Vefa Center соода борбору, Горький кєчєсї 27/1 тел.:+996 772 552 099, 0312 596-656. Иштєє убактысы: 9.00-21.00 ЛЕДИ | Май 2016 | 7


8 | ЛЕДИ | Май 2016


Ювелирный дом

"Кыргыз Зергер" ЛЕДИ | Май 2016 | 9


Ювелирный дом

"Кыргыз Зергер"

10 | ЛЕДИ | Май 2016


ЛЕДИ | Май 2016 | 11


Ювелирный дом

"Кыргыз Зергер" 12 | ЛЕДИ | Май 2016

ЦУМ, 3 кабат, D2-А бутиги Телефон: +996 700 502 152 www.zerger.kg


ЛЕДИ | Май 2016 | 13


Редактордон кат

Биз сиз менен беш жылдан ашуун «Леди.кg» гезити аркылуу сырдашып, кубаныч-кайгыбызды, кєйгєйїбїздї, жан дїйнєбїздє болуп жаткан ой-санаабызды бєлїшїп, бири-бирибизге кандайдыр бир деўгээлде таяныч, тирек боло алдык деген ишеничтемин. Ушул жылдар аралыгында эмне ийгиликке жетишсек, ошонун баары сиздер берген дем, эргїї менен жаралды. Ар бир кадамды сиздердин ишенимиўиздерди жоготуп албайлы деген аялуу ой менен шилтеп, жылт эткен жакшы саамалыкты сиздер менен теў бєлїштїк. Ошол сиздер берген эргїї, кєрсєткєн ишеним бизди жаўы максаттарга сїрєдї. Жаўы журналды ачуу алдында сиздерден бата сурап, дагы бир жолу ишенимиўиздерге жаўы єўїттє ээ болсок деп тилек кылдык. Бул журнал да жакшылыгыўыздарды, дил толгонууўуздарды бєлїшє аларына ишендирип кетким келет. Алдыда далай ашуу, далай тїйшїк турганын редактор катары жон терим менен туюп, бирок жалгыз эмес экенимди, артымда калдайган окурманым бар экенин эске алып ушул кадамга барып жатам. Журнал сиздин жашооўузга жаўы багытта сїўгїп кирип, сїйїктїї басылмага айланарына ишенем. Анткени биз, аялзаты канчалык назик, алсыз боло туруп ар кандай кыйынчылыкка ийилсек да пружинадай серпилип кете аларыбызды артта калган оош-кыйыш, єткєєл жылдарда далилдей алдык.

Урматтоо менен сиздин жаўы, дил шерик курбуўуз “Леди” журналынын редактору Азиза САТИМБЕКОВА.

Журнал ээси: “Нур Ази Я” ЖЧКсы. Негиздєєчїсї: Нуркамил АСАНОВ. | Башкы редактор: Азиза САТИМБЕКОВА Жооптуу редактор: Гїлайым КАЛЫБЕКОВА. | Сайттын редактору: Динара ЧОКОЕВА. Кабарчылар: Даткайым ДОСМАТОВА, Нуриса БАЯЛИЕВА, Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА, Айназик РАИМКУЛОВА, Шааркан АБДУЛЛАЕВА. | Design: Эрнис ЖЭЭНТАЕВ Дареги: ИБРАИМОВ кєчєсї, 24. 5-кабат, 501-бєлмє Телефондор: +996 312 59-15-71, +996 555 62-72-66, +996 770 00-28-31. | E-mail: aziza-10@mail.ru КР Юстиция Министрлигинен каттоодон єткєн кїбєлїгї № 2168. R – рекламалык материалдар. Рекламалык материалдын маўызы їчїн реклама берїїчї єзї жоопкер. Редакцияга келген кол жазмалар, сїрєттєр кайтарылбайт. Журнал редакциянын компьютердик басма бєлїмїндє терилип, жасалгаланды. Нускасы 3 000 14 | ЛЕДИ | Май 2016


МАЗМУНУ

18 Lady - Стиль: INGLOT – профессионал визажисттердин тандоосу

№1 Май 2016

21

ГЇЛНУР САТЫЛГАНОВА

21 Персона каарман: Гїлнур САТЫЛГАНОВА

Єзїнїн коўур їнї, олуттуу чыгармалары менен элге тегиз жагып, бир канча убакыттан бери сахнанын бийик тепкичинде турган ырчы менен чыгармачылык, карьера, сїйїї туурасында маек.

30 Персона Жеўелерден жетик кеп: Жыпара айым

36 Персона кесип: Канатбек ИМАНКУЛОВ ЛЕДИ | Май 2016 | 15


МАЗМУНУ

Май

Анвар ТУРДУБАЕВ

45

Айымдарга бактылуу мїнєттєрдї тартуулап, аларды башкалардын суктануу менен карашына себепчи болгон бир мырза бар. Ал – Кыргызстандагы їйлєнїї їлпєт жана кече кєйнєктєрїн тиккен алгачкы дизайнер мырза.

Lady стиль гардероб 52 Туура бут кийимди кантип тандоо керек?

Кожойке - ашкана 54 Пиццаны ким ойлоп тапкан?

Їй-бїлє наристе 68 Їй-бїлєлїк тарбиянын тїрлєрї жана анын баланын калыптаны­шындагы таасири

Тасма - каарман 70 “Бетме-бет” же “Келгин куштардын ыйы”

Адабият - сериал 74 Сен меникисиў, Кїдєр!

Тест 78 ЇЙ-БЇЛЄЛЇК ОЧОГУЎУЗ ТУРУКТУУБУ? 16 | ЛЕДИ | Май 2016


Ден соолук 57 Бєйрєктї тазалоо

62 Эне болуу бактысына ээ кылган ЭКУ

66 Чоргонун суусу эмнеси менен жаман?

Гїлнара АСЫМБЕКОВА

62

ЭКУ программасын Кыргызстанда ишке ашырып жаткан айым, медицина илимдеринин доктору, профессор жана “Асымбекова" клиникасынын мїдїрї Гїлнара ЇМЄТОВНА ЭКУ тууралуу маек курду.

ЛЕДИ | Май 2016 | 17


стиль

КОСМЕТИКА

– профессионал визажисттердин тандоосу INGLOT – профессионалдык косметикалардын фирмалык дїкєндєр тармагы. Европалык бул компания учурда 70 єлкєдє, анын ичинде Кыргызстанда да єз ишин жїргїзїп келет.

ТОНАЛДЫК БЕТ МАЙ zzБеттеги ашыкча майларды жок кылат; zzБетке тегиз сїртїлєт, тактарды жакшы жабат; zzТерини нурдантып, бетке табигый єў берет; zzМайда бырыштардын тїшїїсїнїн алдын алат. Баасы: 1400 сом

ТОНАЛДЫК БЕТ МАЙ (HD) zzБеттеги кемчиликтерди эў сонун жабат жана узак убакытка жетет; zzОўой коюлат, бетке табигый єў берет; zzМайлуу жана аралаш беттерге эў ыўгайлуу; zzТак калтырбайт. Баасы: 2200 сом

ЇБЄЛЄНГЄН УПА zzБетти эў сонун жабат; zzТериге жакшы жугат; zzБеттеги бет май, тоналдык бет май менен жакшы аралашат. Баасы: 1400 сом

КУРГАК БЕТТЕР ЇЧЇН ТОНИК МАЙЛУУ ЖАНА АРАЛАШ БЕТТЕР ЇЧЇН ТОНИК НОРМАЛДУУ БЕТТЕР ЇЧЇН ТОНИК zzАтайын кошулмаларынын негизинде аталган типтеги беттерге туура келет; zzБетти тазартат. Баасы: 840 сом

18 | ЛЕДИ | Май 2016


МАКИЯЖДЫ ТАЗАЛООЧУ КАРАЖАТ zzБеттеги жана кєздєгї макияжды тез, оўой кетирет. Баасы: 600 сом

КОЛГО АРНАЛГАН АНТИБАКТЕРИАЛДЫК КАРАЖАТ zzСуусуз эле колду тазалайт жана дезинфикциялайт; zzКурамындагы календуланын эсебинен колду жумшартып, нымдаштырып турат. Баасы: 300 сом

МАКИЯЖДЫ КЕТИРЇЇЧЇ САЛФЕТКА (10 ДААНА) zzСууга туруктуу макияжды кетирет; zzБетти нымдаштыруучу жана тынчтандыруучу касиетке ээ; zzСезимтал беттерге ылайык келет; zzСезимтал кєздєр жана линза їчїн коопсуз. Баасы: 500 сом

КРЕМ ТЇРЇНДЄГЇ ЭНДИК zzБетке жеўил сїртїлєт; zzУзак убакытка туруктуу. Баасы: 1100 сом

КУРГАК ЭНДИК zzБетке жеўил сїртїлєт; zzЖаактын сызыгын жакшы бєлїп кєрсєтєт. Баасы: 950 сом

ЛЕДИ | Май 2016 | 19


стиль

КОСМЕТИКА

ПОМАДА zzОозго тегиз сїртїлєт; zzОозду нымдап жана коргоп туруучу касиетке ээ; zzУзак убакытка туруктуу. Баасы: 900 сом

ПОМАДА-ГЕЛЬ zzОозго тегиз сїртїлєт; zzОозду жылтыратып турат; zzОозду кургатпайт жана туруктуулугу узакка созулат. Баасы: 850 сом

ООЗ ЇЧЇН КАРАНДАШ

СУЮК ПОДВОДКА

zzЫўгайлуу; zzТуруктуу; zzКурамындагы авокадо майынын эсебинен оозду нымдаштырып, жумшартып турат.

zzАябай учту болгондуктан сиз каалагандай сызык чийилет; zzТез кургайт; zzБулганбайт.

Баасы: 820 сом

Баасы: 840 сом

ЛАК zzТырмакка тегиз сїртїлєт; zzТуруктуу; zzТез кургайт. Баасы: 780 сом

КАРАНДАШ zzТегиз сїртїлєт; zzТуруктуу; zzКармаганга ыўгайлуу жана тез сїртїлєт; zzКурамындагы авокадо майы кєздїн тегерегин нымдаштырып жана жумшартып турат. Баасы: 820 сом

20 | ЛЕДИ | Май 2016

Дареги: ЦУМ, 2-кабат, В 25 салон "INGLOT" Телефон: +996 312 900 145, +996 557 900 145


Персона

КААРМАН

Гїлнур САТЫЛГАНОВА:

«ЖЇРЄК СОГУП ЖАТКАН ЧАКТА АЯЛ ДЕГЕН ДАЙЫМА ЄЗЇНЇН БАКТЫСЫН ИЗДЕЙТ» ЛЕДИ | Май 2016 | 21


Персона

КААРМАН

Ар бир иштин чыныгы чеберлери болуп, алар кылган эмгеги менен ошол кесиптин кєркїнє кєрк кошуп келишет. КРнын Эл артисти, мыкты ырчы Гїлнур Сатылганованы да єз эмгегинин кєркїн ачкан таланттардын бири десек болот. Єзїнїн коўур їнї, олуттуу чыгармалары менен элге тегиз жагып, бир канча убакыттан бери сахнанын бийик тепкичинде турган ырчы менен чыгармачылык, карьера, сїйїї туурасында маектештик.

22 | ЛЕДИ | Май 2016

Динара ЧОКОЕВА


– Гїлнур айым, сизде чыгармачылыктан чарчаган же кризиске тушуккан учурлар болобу?

– Албетте, болот. Азыркы учурда той-топур, кечелер, майрамдар кєп. Аларга барып ырдаш їчїн кїн сайын боёнгонго, кийингенге туура келет. Бул кайталанма нерседен тажап, чарчап баргыў келбей калат. Ошондон улам чет єлкєгє эс алганы кетип калам. Ал эми чыгармачылык кризис деле болуп турчу нерсе. Акыркы убакта да ошол нерсеге кабылдым, андан улам чыгармачылык менен такыр иштебей, ыр да жаздырбай калгам, эми кайрадан ыр жаздырып жаўы идеяларды ойлоно баштадым. Мен ырдап гана акча табам, андыктан иштешим керек. Бир-эки жолу чакан бизнес ачайын деп аракет кылып кєрдїм, тилекке каршы, бизнес кылуу менин колумдан келбейт экен. Анан мага деле жашоо керек да, бир жактан каражат тїшїп туруусу шарт. Иштебей койсом, єзїмдї бага албай калышым мїмкїн. – Профессионал ырчы айым жогорку окуу жайында окутуучу болуп иштесе болмоктур?

– Мен 1996-жылы Искусство институтунун эстрада бєлїмїндє бир жылдай студенттерге сабак берип окутуучу болуп иштегем. Ал учурда менин чыгармачылыгым жаўыдан єсїп келе жаткан кези болчу. Ошол бойдон сабак берип калсам, чыгармачылыгым аксап калмак. Себеби мугалимдик кесип тїйшїктїї, ар бир окуучу менен єзїнчє иштеш керек, убакыт талап кылынат, мугалимдердин маянасы да аз. Ошондуктан чыгармачылыгымды єстїрєйїн деп кетїїгє аргасыз болгом. Кетпей иштей бергенимде азыр тажрыйбалуу мугалим болуп калмакмын. Азыр деле окутуучу болуп иштесемби деп ойлойм, бирок єзїмє ишене албай кетип жатам. – Кыргыз эстрадасынын мыктысы болдуўуз, жетиштїї наамдарды алдыўыз, бул сиз їчїн чыгармачылыктын жеткен чегиби?

– Чыгармачылыктын тїбї жок, менин ушу менен эле токтоп калайын деген оюм жок. Дагы жаўы идеяларды ойлонуп жатам, мыкты концерттерди берем. Биздин эмгекти биринчи кезекте эл, анан єкмєт баалашы шарт. Алган наамдарым їчїн эч качан жан талашкан эмесмин, беришти, алып койдум. Элге ырларым жакты, їнїм жетти, элдин сїйїїсїнє ээ болдум. Ырчынын жїрїш-турушу да чоў роль ойнойт, мен єзїмдї татыктуу алып жїрєм деп ойлойм. Ошондуктан мага «Эл артисти» деген наамды эл берди деп эсептейм. – Бир кездеги їй-бїлєлїк турмушуўуз улана бергенде ушул деўгээлге жетмек белеўиз?

– Мен жолдошумдун кєзї тирїї кезинде эле театрда спектаклдерде ойноп алдыўкы актриса болчумун. Ырдап, бийлеп баарына катышчумун. Жолдошумдун кєзї тирїї болгондо

мен мындан да бийик деўгээлге жетмекмин деп ойлойм. Себеби экєєлєп иштемекпиз да. Даниел да актёр болчу, ыр жазчу, гитара менен ырдачу, таланттуу эле. – Жашооўуздун маўызы болгон жалгыз уулуўуз Арнас эмнеге шыктуу?

– “Энелїї жетим эрке - жетим” демекчи, мен баламды эч нерседен кем кылбай єстїрдїм. Бактыма жараша, уулум эстїї болуп эстї. Учурда Кытайда окуп жатат. Анын єз алдынча болуп калганы мени кубандырат. Студент болуп азыр єздєрї тамак жасап жешет. Кїн сайын WhatsAppтан кандай тамак жасаганын жазып турат. Уулум 7-классынан баштап тїрк лицейинен билим алып, єз алдынчалыкка їйрєндї. Ал учурда 21 гана жашка чыкты, андыктан окуп, эл-жер кєрїп, дагы да билим алышын каалайм.

Жолдошумдун кєзї тирїї болгондо мындан да бийик деўгээлге жетмекмин

– Кытай жергесинде окуу мїмкїнчїлїгїнє ар бир адам эле ээ боло бербейт, бул сиздин колдооўуз болдубу же єз тандоосубу?

– Уулум экєєбїз теў аллергиялык оору менен жабыркайбыз. Кєп убакыт жамгыр жаабай, чаў болсо чїчкїрїп калабыз. Дарыгерлер бизге кєлдїн же океандын жээгинде, нымдуу жерде жашоону сунушташкан. Уулума: «Океандын жанындагы шаарда окусаў ден соолугуўа жакшы», - деп айткам. Ал биздин Кыргыз-Россия славян университетине, Тїркиянын жана Кытайдын жогорку окуу жайларына бирдей тапшырган, Кудай буйруп їчєєнє теў єтїп кетти. Єзїнїн бул жерде калгысы келген жок, мен барып-келгенге жакын деп Тїркияда окушун кааладым. Ал єзї Кытайды тандады. Айтканымдай, окуган жери океанга жакын, башкысы аллергиясынан кутулду. Океандын жээгиндеги шаарлар чаў жок таза болот экен, мен да барганда жыргап калам. ЛЕДИ | Май 2016 | 23


Персона

КААРМАН

– Арнас эмне їчїн сиздин фамилияўызды алып жїрєт?

– Кєпчїлїк ошентип ойлошот экен, єзїмє да айтышат. Менин келбетим ошондой кєрїнєт окшойт деп ойлоп калам. Мен жєнєкєй айыммын, кайсы адам болбосун, баары менен жакшы сїйлєшєм. Жакындан тааныгандар менин кандай адам экенимди жакшы билишет. Єзїм дегеле бой кєтєрбєйм.

– Арнас атасынын эле фамилиясында катталуу. Кичине кезинде мен аны менен чет єлкєгє кєп чыгып калдым. Атасынын уруксат кагазы болмоюнча баланы чек арадан єткєрє албайсыў да. Мен атасынын єлїмї тууралуу кїбєлїктї жоготуп жиберип баланы убактылуу єзїмє каттатууга туура келген.

– Кандай стилде кийингенди жактырасыз?

– “Карьерадан ийгилик тапкан аялзаты сєзсїз тїрдє жашоосунда бир нерсени курмандыкка чалат” деп айтышат, бул нерсе сизге да тийиштїї болсо керек?

– Жашоодо курмандыгым ушул да, карьера деп єзїмдї бїтїндєй чыгармачылыкка арнап турмушка чыкпай, жалгыз уулум менен калдым. Ошондуктан менин чыгармачылыгым єстї. Жеке турмушту деле куруп кетсем болмок, тагдырыма жазылбаптыр. Мени тїшїнє билген, же болбосо чындап сїйгєн, мага ылайыктуу мырза жолуккан жок. Эгерде кєўїлїмдї таап, мени кєкєлєтїп, сыйлап турган адам болсо, ырахаттануу менен жашамакмын. Менин деле їй-бїлє куруп, кєп балалуу болгум келет. Биз їй-бїлєдє он бир тууганбыз, мага кєпчїлїк жагат. Эгерде бирєєгє жар болсом, ишенимдїї, їй оокаттарына тыў жакшы аял болмокмун. – Сєз айткандар арбын болсо керек?

– Болот, бирок аларды жїрєк тандашы керек да. Жїрєгїмє жага турган адам жок, болсо азыр деле їй-бїлє курууга даярмын. Мен «Аялдын чырагы кырк жерден жанат» деген кыргыз элимдин макалына ишенем. Аял канча жашта болбосун, єзїнїн тїгєйїн жолуктурса турмуш куруп кетет. Мен жолуктура албай жїрєм. Жаштыгым да єтїп бара жатат, эми кыйыныраак болот го. Же жолуктура албай каламбы, билбейм… – Тирїї адамдын жїрєгї согуп тургандан кийин сєзсїз тїрдє ал жїрєктє сїйїї жашайт эмеспи…

– Туура, жїрєк согуп жаткан чакта аял деген дайыма єзїнїн бактысын издейт, ал їчїн кїрєшїп бактылуу болгусу келет. Менин деле турмуш куруп бактылуу болгум келген, мага сєз айткан адамдардын арасынан бир адам менен турмуш куруп жашап кетем деп ишенип аракет кылгам. Мен ишенип жаткан адам кєўїлїмдї калтырды. Ортодогу мамилени сїйїї деп ойлоп жаўылыптырмын. Андан улам сїйгїў да келбей калат экен. Чынында кєпчїлїгї эле менин популярдуулугума кызыгышат. Мен болсо эч нерсеге карабай бактымды гана тапкым келет. Ошондуктан мен азыркы учурда бул нерсеге кєп деле кєўїл бурбай калган учурум. Балам їй-бїлє курса, неберелеримди баксам деп оюмдун баарын ошол жакка арнап салдым. – Сизди сыртыўыздан тааныгандар бой кєтєргєн, кежир айым деп ойлошот, бул нерсеге эмне себеп деп ойлойсуз? 24 | ЛЕДИ | Май 2016

– Мага кєбїнчє эркин стилде кийинген жагат. Классиканы кєп жактыра бербейм, тилекке каршы, кийишке туура келет. Анан кара тїстєгї кийимди кєп кием, анткени ал толук адамды арыгыраак кєрсєтєт. Ачык тїстєгї кийимдерди кийип алсам, толук кєрїнїп калышым мїмкїн. Экинчиден, кара тїс мага жагат, бардык кийим менен кийгенге да туура келет. – Сиздин їстїўїздєн стилисттер иштешеби?

Єзїмдї бїтїндєй чыгармачылыкка арнап турмушка чыкпай калдым

– Ооба, єзїмдїн стилисттерим, визажисттерим бар. Клип тартарда, же чоў концертте алар менен кеўешип турам. Учурунда мен деле айылдан келген, кєп нерсени билбеген, кєп нерсени тїшїнбєгєн жєнєкєй эле кыз болчумун. Шаарды кєрїп, окуп, адамдар менен аралашып туура кийингенди їйрєнєт экенсиў, табитиў єсєт экен дегендей. Азыркы учурда кийимди єзїм эле тандайм. – Рулда кандай айдоочусуз?

– Менин тажрыйбам чоў, тактап айтканда, 20 жылдан ашык убакыттан бери рулда олтурам. Автоунаа айдаганым башкаларга жакпашы мїмкїн, “катуу айдайсыў” деп да айткандар болот, бирок єзїм жакшы айдоочумун деп ойлойм. Кудай сактасын, жол эрежесин сактабай жол кырсыгына кабылган эмесмин. Албетте, айдоочулар сыяктуу менде деле эки жолу кырсык болгон, кїнєє тигил тарапта болчу. Экєєндє теў мас абалындагы айдоочу менин жолума каршылаш чыгып экєєбїз сїзїшкєнбїз. – Кєбїнчє Жип їлгїсїндєгї автоунаа айдайсыз, негизи сиз їчїн кандай автоунаалар ыўгайлуу?

– Жипке кєнїп алсаў, башка їлгїдєгї автоунаага олтурсаў жерге олтуруп калгандай абалда болосуў. Бул учурга чейин Киа, БМВ, Хонда, Гольф-3 їлгїсїндєгї автоунааларды айдадым. Бирок автоунааларды айырмалай алчу эмесмин. Качан гана Ренж Ровер їлгїсїндєгї автоунаалуу болгондо айырмасын билдим, аталган автоунааны бекеринен “Королеванын автоунаасы” деп аташпаптыр, кєрсє, атына жооп берет экен, ушунчалык ыўгайлуу, мага абдан жакты. Бул учурга чейин аталган їлгїдєгї автоунаа айдап келгем, жылы эски болуп калгандыктан алмаштырып жибердим. Жаўысы єтє эле кымбат турат. Азыр мен Тойота Прадо айдап жїрєм. Мага ак жана кара тїстєгї автоунаалар жагат. Бїгїнкї кїнї автоунаа айдаган мактаныч эмес, кызмат їчїн гана керектелїїчї каражат катары эсептейм.


ЛЕДИ | Май 2016 | 25


26 | ЛЕДИ | Май 2016


Дареги: Бишкек шаары, Токтогул кєчєсї 125 Отель Ventur Gallery Тел: +996 553 306 907

ЛЕДИ | Май 2016 | 27


28 | ЛЕДИ | Май 2016


ЛЕДИ | Май 2016 | 29


Персона

ЖЕЎЕЛЕРДЕН ЖЕТИК КЕП

Алмагїл БАЗАРБАЕВА

“Имарат Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Бейшенбек Иманалиевдин жубайы Жыпара айым:

30 | ЛЕДИ | Май 2016

“ЖОЛДОШУМДУН ИЙГИЛИГИНЕ КОШКОН САЛЫМЫМ – АГА ЭЧ КАЧАН ТОСКООЛ БОЛБОГОНУМ”


Эркек киши эл арасында кадыр-баркка ээ болсо, анын артында жубайы турары анык. Анткени їйїндє баары жакшы болуп санаасы тынч адам гана сыртта мырзалык милдетин аткара алат. Бїгїн бизде конокто жыйырма жылдан бери Кыргызстандагы курулуш тармагына опол тоодой салым кошуп, шаардын кєркїн ачкан заўгыраган кєп кабаттуу їйлєрдї тургузуп элдин алкышына татып келе жаткан “Имарат Строй” компаниясынын жетекчиси Иманалиев Бейшенбек Султановичтин жубайы Жыпара айым болмокчу. – Жыпара айым, “Имарат Строй” компаниясы кантип тїптєлгєн? Жолдошуўуздун ийгилигине сиздин дагы салымыўыз бар чыгар? – Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин эле байкеўерди жакшы окуган балдарга кошуп Токтогул ГЭСине жумушка жєнєтмєй болушту. “Ата-энемди карашым керек, ал жакка бара албайм”, - деп суранып жатып Ысык-Кєл МСОсунда бир жылча иштегенден кийин ал мекеме Григорьевкага кєчїп кетти. Анын ордуна Рыбачье СПМКсы жаўы тїзїлдї. Анан Жети-Єгїз районунда 20 миў баш сыя турган комплекстин курулушуна киришти. Ошол объектиге теориялык билими мыкты болгондуктан жаш бала экенине карабай байкеўерди прораб кылып дайындашты. Ошол курулушу жарымдап калганда кайнатам кайтыш болуп калып Кочкорго келгенге туура келди. Ал жерде коомдук иштерге активдїї катышып “Тянь-Шань” деп аталган 50 баладан турган комсомолдук отряд тїздї. Дароо районго, облуска атагы чыгып КПССке мїчє болду. Курулуш иштеринде да ийгиликтерди жаратып башкы инженерлик кызматка кєтєрїлдї. Бул жумушта беш жылдай иштегенден кийин “Райсельрен строй” мекемесине жетекчи болуп дайындалды. Райондук курулуш иштери токтоп, колхозсовхоздор таркап кеткенче болгон кїч-аракетин жумшап сегиз жыл эмгектенди. Буйрутма болбой калгандан кийин мекемени єткєрїп берип шаарга келе бердик да, єз компаниясын тїптєєгє киришти. Менин салымым болсо ага эч качан тоскоол болбогонум. – Компанияны ушул деўгээлге жетет деп ойлодуўуз беле? – Мен Бейшенбекке толук ишенем. Анткени

Волга їлгїсїндєгї машинанын їстїнє чоў куурчак жасатып кооздоп алып кеткен колунан келбеген жумушту жасайм деп эч качан жулунбайт. Бир ишти баштарда баарын тереў ойлонуп, кєзї жеткенден кийин гана баштайт. 1996-жылы ушул компания тїптєлдї. Албетте, башында кыйынчылыктар болбой койгон жок. Жокчулук колдон-буттан тартып турганда курулуш ишканасынын техникаларын таап ишке киргизїї їчїн талбай эмгек кылып атып ушундай ири компанияга айлантты.

– Сиздердин да батирде жашаган учуруўуздар болду беле? – Жок, биз башкалардай болуп батирлеп кыйналган деле жокпуз. Анткени 4-курсумда окуп жїргєн кезимде эле биринчи уулумду тєрєгєндєн кийин айылга кеткенбиз. – Студент кезиўиздерде эле баш кошкон экенсиздер да? – Ооба, 3-курс кезде ата-энем кыргыздын салты менен узатышкан. Волга їлгїсїндєгї машинанын їстїнє чоў куурчак жасатып кооздоп алып кеткен. Ал учурда антип алып кеткендер чанда гана болчу. Ыраматылык кайната-кайненем тун баласынын їйлєнгєнїнє жетине албай кубанып тосуп алышкан. – Жолдошуўузга тагдыр сизди каяктан жолуктурду? – Мектепти аяктагандан кийин Политехникалык институтка окууга кирсем, ал жерде байкеўер дагы окуйт экен. Толмоч, ак жуумал кыздарды жактыргандыктан мен анын табитине туура келдим окшойт. Азыр мени биринчи кєргєн кїнїн эстеп айтып калат. Окуу жайдан чыгып аялдамада турганда кєрїптїр. Ошондо эле мени жактырып, бирок мага бир ооз сєз айтпай аялдамада кала бериптир. Ал учурда ыйман абдан кїчтїї болчу да. Баарынан кызыгы, бир кїнї кочкорлук жердештер чогулуп сїрєткє тїшкєнбїз. Ошондо бир топ балдардын арасында Бейшенбек да бар экен. Бирок мени кєпчїлїктїн арасынан байкабаптыр. Кийин сїрєт чыкканда мени кєрїп сураштырса курсташынын классташы болуп чыгам. Анын жанын койбой мени менен тааныштыруусун єтїнєт. Ошентип, классташым аркылуу таанышып, кийин кыз-жигит болуп жїрїп баш коштук. Бирге тїтїн булатканыбызга 42 жылдын жїзї болду. ЛЕДИ | Май 2016 | 31


Персона

ЖЕЎЕЛЕРДЕН ЖЕТИК КЕП – Кайын журтка кызмат кылдыўызбы? – Їйлєнгєндєн кийин окуубузга байланыштуу айылда бир аз эле туруп, анан шаарга келе бергенбиз. Башында бир аз кыйналган учурлар болду. Ал кезде жакшы окугандарга 44 сомдон стипендия тєлєп берчї. Байкеўердин ыр жазган да єнєрї бар эле. Жазган ырларын гезиттерге чыгарып гонорар алчу. Ошол акчаларыбызды їнємдєп баарына жеткирчїбїз. Окуубузду аяктагандан кийин айылга барып убагында аткара албай калган кызматымды єтєдїм. Кайненем колунан бардык нерсе келген кыйын аял эле. Ал кишиден кєп нерсени їйрєндїм. Учурда тогуз абысыным бар, ушул кїнгє чейин баарыбыз ынтымактуу катышып келгенибиз да ыраматылык кайненемдин тарбиясынан. – Канча балага ата-эне болдуўуздар? – Їч уул, бир кызыбыз бар. Алардын баары їй-бїлє куруп єз алдынча очок тутантып калышты. Бир уулум “Имарат Строй” компаниясында аткаруучу директор болуп эмгектенет. Экинчи уулум болсо, “Имарат Прогрессте” аткаруучу директор болуп иштейт. Буюрса, Кудайга шїгїр, жумушун жакшы єздєштїрїп кетти. – Балдары да атасындай эмгекчилби? – Балдарыма: “Атаўар силерге даяр нерсени тїзїп берди. Мындан ары алып кетїї силердин колуўарда”, - деп айтып калам. Алар атасы экєєбїздїн айтканыбызды эки кылбайт. Атасы балдарын дайыма адамгерчиликтїї, жєнєкєй, аракетчил болууга їндєйт. Баары тынбай эмгектенишип ийгиликтерди жаратып жатышат. – Жолдошуўузду кандай мїнєздєйсїз? – Бейшенбек - абдан эмгекчил, жєнєкєй, адамгерчиликтїї, сєзїнє турган, балдарына кїйїмдїї ата. Анын ар бир кылган ишинин жыйынтыгы сєзсїз болот. Жаўыдан таанышканда эле ата-энесин абдан жакшы кєрєрїн, аларды сыйлап-урматтарын айтканда абдан ыраазы болгом. Анткени ата-энесин сыйлаган адам жубайына, балдарына дагы ошондой мамиле кылат. Мен ойлогондой адам болуп чыкты, жаўылбаптыр-

Жаш кезибизде киного кєп барар элек. Азыр киного барбасак да ошол кезибизди эстеп кыялданып калабыз 32 | ЛЕДИ | Май 2016

мын. Жолдошум тектїї жерден тарбияланыпчоўойгон. Жети атасынын арасынан Теўиз атасы болуш болуп айылдаштарына, туугандарына, бей-бечара, жетим-жесирлерге карамдуу болгон экен. Жолдошум дагы ата-бабаларын тартып абдан берешен. Колунда бар нерсесин аябайт.

– Сизге кандай кїтїлбєгєн белектерди тартуулайт? – Белектери абдан кєп. Каалаган нерсемди алып бергенди жакшы кєрєт. Эў акыркы жолу машина тартуулады. Єзїм айдаганды билбегендиктен айдоочусун да кошуп берди. – Иш артынан жїрїп сизге кайсы учурда кєўїл бєлєт? Кайсы жакка барып эс алганды жактырасыздар? – Биз кєбїнчє тынч, эл азыраак, тамакты даамдуу жасаган жайга барып чер жазып отурганды жактырабыз. Жаш кезибизде киного кєп барар элек. Азыр киного барбасак да ошол кезибизди эстеп кыялданып калабыз. – Учурда “Имарат Строй” команиясы элди мыкты їйлєр менен камсыз кылып келет. Ал эми єзїўїздєр кандай їйдє жашайсыздар? – Биз жомоктогудай їйдє жашайбыз дегенден алысмын. Буга чейин шаар ичиндеги кєп кабаттуу їйлєрдїн биринде жашачубуз. Неберелерим тєрєлгєндєн кийин ал їйїбїз чакан болуп калды. Ошондуктан шаар четинен жер тилкесин алып эки кабаттуу їй салганбыз. Азыркы тил менен айтканда, “особняк” деп коюшат го. Ичи-сыртындагы шарттарынын баарын єзїбїздїн ден соолугубузга зыян келбегендей кылып тїзїп алганбыз.


Сулуулук сенин тандоо

дермато-косметологдун кеўеши; безеткини, сєєлдї, чачтын тїшїшїн, тери ооруларын дарылоо; сурма чыгаруу, мурундун, кулактын формасын оўдоо, жыныстык пластика, ашыкча тердєєнї жок кылуу. уролог (простатит, тукумсуздукту, инфекцияларды дарылоо) бетти жашартуу, тартуу, арыктатуу; ботокс, пилинг, мезотерапия, плазмолифтинг, липофилинг; татуаждын бардык тїрлєрї: эрин, кєз, каш, кал.

Биздин дарек: Чїй пр. Бейшеналиева кєч, "Эне Єргєсї" соода борборунун 2-кабаты ЛЕДИ | Май 2016 | 33


оперативная полиграфия

www.rektime.kg

Офсеттик жана лазердик басуу, брошюралар, журналдар, китептер, жылнаамалар, буклеттер, баракчалар, визиткалар, А4, А3, А2 форматындагы плакаттар, афишалар

Баннер, самоклейкагаларды басуу. Маалымат такталарын, көрсөтмө белгилерди жасоо. Сувенирдик белектертер, футболка, кружка, ручка ж.б.ларга логотип же сүрөт түшүрүү.

0312 89 09 07, 0553 205 105, 0773 33 33 77 0709 89 09 07, rektime.office@gmail.com 34 | ЛЕДИ | Май 2016


фабрика корпусной мебели

кухня // спальня // прихожая шкафы-купе // детская // офисная мебель 0556 65 00 66 0778 56 46 29

biplusfacebook.com biplusok.com ЛЕДИ | Май 2016 | 35


Персона

КЕСИП

Канатбек ИМАНКУЛОВ, “Smart Design Studio” студиясынын мїдїрї:

“БИЗ КАРДАРЫ­­­БЫЗДЫН КЫЯЛЫН ОРУНДАТАБЫЗ” Даткайым ДОСМАТОВА

Єз їйїм, єлєў тєшєгїм болсо деген тилек ар бир адамда кїч. Бирок ошол їйгє жеткениў бир теў, анын ичин табит менен жасалгалоо бир теў экени да талашсыз. Бул тармакта тажрыйбаўыз жок болсо? анда атайын адистерге кайрылсаўыз болот. Єз ишин мыкты билген адистерди єз ичине камтыган “Smart Design Studio” студиясынын ар бир їйгє жагымдуу маанай орнотуп келе жатrандарына бир жарым жыл болду. Анын мїдїрї Канатбек Иманкулов менен маектешип кеўештерин уктук. – Сиздердин студия кєрсєткєн кызматтарга токтолсоўуз. – Биз їйдїн интерьери менен иштейбиз. Алгач бизге кайрылган кардар менен сїйлєшїп келишим тїзєбїз. Анан кардардын каалоосун заманбап стилдер менен айкалыштырып бир жуманын ичинде їй жасалгасынын 3D форматын иштеп чыгабыз. Даяр болгон соў їй ээсин чакырып їйїнїн дизайнын, тїстєрдїн айкалышын компьютерден кєргєзєбїз. Ошол жерден

36 | ЛЕДИ | Май 2016

єзгєртє турган жерлерин єзгєртїп, анан ишке киришебиз.

– Їй компьютердегидей идеалдуу болуп бїтпєй калган учурлар да болсо керек? – Ооба, 100 пайыз болбосо да 90 пайыз сїрєттєгїдєй болот. Себеби кээде компьютерде кєрїнгєндєй тїстєрдї таппай калышыбыз мїмкїн. Андагы кафель, обой табылбай калган


учурлар да кездешет. Мындай учурда алдын ала їч-тєрт вариантты караштырып коёбуз. Бирок ошондой тїс табылбаса да ошого їндєшкєн тїс сєзсїз табылат.

– Азыр їй жасалгасында улуттук стилди колдонгондор кєп болуп жатат го. Сиздерге да ушундай буйрутмалар тїшєбї? – Ооба, мындай буйрутмалар кєп тїшєт. Мисалга алсак, конок бєлмєсїнїн ортосуна тїндїктї же дубалдарда кыргыздын оюуларын тїшїрїп жасалгалообузду єтїнїшєт. Кыргыз эли меймандос эмеспи, кєбїнчє конок бєлмєсїнє басым жасашат. А биз кардарыбыздын кыялын орундатабыз. – Кыялдар орундалды деп коёлу, анын баасы да асманды чапчыса керек?

Конок бєлмєсїнїн ортосуна тїндїктї же дубалдарда кыргыздын оюмдарын тїшїрїп жасалгалообузду єтїнїшєт

– Мен антип деле ойлобойм. Биздин кардарларыбыздын басымдуу бєлїгїн жаўы конуш тургундары жана жаш їй-бїлєлєр тїзєт. Бааларыбыз алардын чєнтєгїнє жараша эле болот. Тактап айтсам, компьютерден интерьердин 3D форматын тїзїї єзїнчє бааланат. Анын чарчы метри 500 сомдон болот. Ал эми ошол виртуалдык дизайнды иш жїзїнє ашыруу їчїн єзїнчє акы алабыз. Мында даараткана, жуунуучу бєлмєлєр їчїн чарчы метри 2 миў сом болот, анткени ал бєлмєлєрдє майда-чїйдє жумуштар кєп болот. Калган бєлмєлєр їчїн чарчы метрине миў сомдон алабыз. Биз жасаган ишибизге їч жылга чейин кепилдик беребиз.

– Иш учурунда кардар менен тыгыз байланышта болуп турсаўыздар керек? – Албетте, курулуш материалдарын сатып аларда чогуу барып тандайбыз. Андан тышкары кєпчїлїк кардарларыбыз жума сайын келип иш процессин карап турушат. Єзїбїз да бїткєн жумуштарыбызды сїрєткє же видеого тартып WhatsApp программасы аркылуу жєнєтїп турабыз. Кээ бир объектилерге интернет аркылуу туташтырылган видеокамера коёбуз. Андай учурда кардар атайын программаны компьютерине же телефонуна жїктєп алат да, иштин кандай жїрїп жатканын їйїндє отуруп эле кєзємєлдєй берет. – Эгер башка аймактардан чакыруу тїшсє, барып кызмат кєрсєтє аласыздарбы? – Азырынча Чїй жана Ысык-Кєл облустарына барып кызмат кєрсєтє алабыз. Ал эми алыскы аймактарга бара албайбыз. Кызмат кєрсєтїїбїздї каалагандарга бекер кеўеш беребиз.

ЛЕДИ | Май 2016 | 37


Персона

КЕСИП

38 | ЛЕДИ | Май 2016


ЛЕДИ | Май 2016 | 39


Персона

КЕСИП

40 | ЛЕДИ | Май 2016


ЛЕДИ | Май 2016 | 41


Персона

КЕСИП

42 | ЛЕДИ | Май 2016


Модель: Алпейим УСЕНОВА Макияж: Айжан БАКЫТОВАныкы Чач жасалга: Чолпон АСИЛБЕКОВАныкы Фото аянтча: "Алтын Казына" тойканасы Фото: "СинемАрт" студиясыныкы

ЛЕДИ | Май 2016 | 43


Персона

КЕСИП

Модель: Алпейим УСЕНОВА Макияж: Айжан БАКЫТОВАныкы Чач жасалга: Чолпон АСИЛБЕКОВАныкы Фото аянтча: "Алтын Казына" тойканасы Фото: "СинемАрт" студиясыныкы

44 | ЛЕДИ | Май 2016


Персона

КЕСИП

Анвар ТУРДУБАЕВ:

“ТЫНЫМСЫЗ ЖАСАГАН ЭМГЕГИМДИ БОЛБОГОН АКЧАГА САТКЫМ КЕЛБЕЙТ” Айымдарга бактылуу мїнєттєрдї тартуулап, аларды башкалардын суктануу менен карашына себепчи болгон бир мырза бар. Ал - Кыргызстандагы їйлєнїї їлпєт жана кече кєйнєктєрїн тиккен алгачкы дизайнер мырза Анвар ТУРДУБАЕВ.

ЛЕДИ | Май 2016 | 45


Персона

КЕСИП

Даткайым ДОСМАТОВА

– Анвар, айтсаўыз, эмне їчїн эркектерге анча мїнєздїї эмес дизайнерлик кесипти тандадыўыз?

– Айрымдар кичинесинен эле тигил же бул кесиптин ээси болууну кыялданышат эмеспи, менде андай болгон жок. Болгону 10-класста окуп жїргєндє эмнегедир чач кыскарткан жагар эле. Бирок мектепти бїтєргє жакын капысынан эле їйлєнїї їлпєт жана кечеге кийїїчї кийимдерди тигїїчї дизайнер болууну чечтим. Эмнеге экенин билбейм, окуучулук кїндєрдє їлпєт кийимин кийип турган кыз менен баланын сїрєтїн тарта берчї элем. Бирок мектепти бїткєндєн кийин єзїм каалаган адистикти кайсы окуу жайда окутарын билбей бир жылга жакын издедим. Менин издегенимди уккан кошунам: “Сен каалаган кесип Политехникалык жогорку окуу жайда бар экен”, - деп калды. Ошентип, дизайнерлик кесиптин алгачкы чыйыр жолу башталды. Бир жыл окуган соў сырттан окууга которулдум да, кыска аралыктын ичинде баарын їйрєтє турган курска барып билим алдым. Алган билимимди иш жїзїндє аткаруу їчїн борборубуздагы ательелердин бирине жумушка кирдим. – Алгачкы тиккен кєйнєгїўїз эсиўиздеби?

Кардарым кийимди кийген соў жїзїндє жылмаюу пайда болуп, єзїн бактылуу сезип жаткан жери жагат

46 | ЛЕДИ | Май 2016

– Жумушка жыл жаўырар алдында киргендиктен алгачкы жолу кичинекейлер їчїн Жаўы жылдык балатыга арналган кооз кєйнєк тиккен элем. Ошол кєйнєгїмдї ханышанын образын жараткан кичинекей кыз кийиптир. Мындан кийин дагы кєп кєйнєктєрдї тиктим, бирок алардын ичинен дипломдук ишимди жактоо їчїн тиккен кєйнєгїм кєз алдымда сакталып калды. Ал узун, тор жеўдїї, арткы этеги жерге сїйрєлгєн “русалка” стилиндеги їлпєт кєйнєгї эле. Бул менин эў жакшы кєргєн жана кєп эмгекти талап кылган кєйнєгїм болчу. Кєйнєктїн эскизинин идеясы мага Диана Курман аттуу модель кыз менен таанышкан соў келген. – Азыр да ательеде эмгектенесизби же єз алдынча иштеп кеткенсизби?

– Ательеде иштеп жїрїп алгачкы жолу єз алдынча буйрутма алып кече кєйнєгїн 6

миў сомго тиккен элем. Ошол акчама їйгє тигїїчї машина сатып алдым. Ал кезде мен жакын туугандарым менен бир бєлмєлїї батирде жашачумун. Бєлмє тар болгондуктан керебетимдин ордуна тигїїчї машинамды коюп, єзїм жерге жатып жїрдїм. Ошентип, акырындык менен ишим жїрїшїп баштаган кезде їч бєлмєлїї батир таап, жумуштан чыгып їйдєн буйрутма алып жалгыз иштей баштадым. Мурун атайын буйрутманын негизинде гана кєйнєк тигип келген болсом, кийин коллекция кылып бир тиккенде 4-5 кєйнєктї алдын ала даярдап коюуга єттїм. Анткени кардарлар чалып даяр кєйнєктєрдї сурап таппай калышат. – Кечеге кийилїїчї бир кєйнєктї даяр кылганга канча кїн убакыт кетет?

– Эгер кездемеси даяр болсо, анда 5-7 кїн убакыт кетет. Бардыгы кєйнєктїн жана анын тигилишинин татаалдыгына, кездеменин тандалышына жараша болот. Кээде бир эле кєйнєктї жаратуу їчїн бир топ убакыт кетип калат. Себеби Бишкектеги дїкєндєрдєн таппаган кездемени Тїркиядан буйрутма берип алдырам. – Демек, баасы дагы жакшы болсо керек?

– Ооба, бир кєйнєктїн баасы 800 доллардан єйдє турат. – Жумушуўуздун кайсы бєлїгї сизге жагат?

– Жыйынтыктоочу бєлїгї. Кардарым кийимди кийген соў жїзїндє жылмаюу пайда болуп, єзїн бактылуу сезип жаткан жери жагат. Адамдарга аз да болсо бактылуу мїнєттєрдї тартуулаганым єзїмє жагып, ошол жылмаюудан энергия алып, дагы да дїйнєдє жок кайталангыс кєйнєктєрдї жараткым келип кетет. Кече кєйнєгїн кийип турган кызды таў калуу жана суктануу менен караган кєздєр жаккандыктан мен эркектердин кийимдерин эмес, жалаў гана айымдардын кєйнєгїн тигем. – Сиздин кєйнєктєрдї борборубуздун


кайсы мода їйїнєн тапсак болот?

Эў кызыгы, бир эле кєйнєк тїшїмє їч жолу кирген. Ал кєйнєктї азыр да кєз алдыма элестете алам. Бирок ушул кїнгє чейин ал кєйнєктї тиге элекмин. Кудай буйруган кїнї аны дагы ишке ашырам

– Кєйнєктєрїмдї борборубуздагы кече кєйнєктєрїн саткан дїкєнгє койсом анын ээси: “Анвар, кєйнєктєрїў бардыгына жакканы менен баасы кымбат болгондуктан эч ким сатып ала албайт экен”, - деп айтты. Арзан акчага сата албайм. Анткени кєйнєктєрїмдїн кездемеси, ага тигилген таштар да кымбат турат. Таў эртеден кечке чейин жасаган тынымсыз эмгегимди болбогон акчага саткым келбейт. А кымбат акчага сатып алгысы келгендер ишканамдан келип алса болот. – Сизди эмне эргїїгє келтирет?

– Мени курчап турган дїйнєдєгї сулуулуктун бардыгы эргїїгє келтирет. Жан дїйнємє эмнегедир Русалканын силуети жагып андан да эргїї алам. Кээде музыка угуп жатып моделим кандай кєйнєк кийип басып баратканын элестетип коём. Кээ бир кєйнєктєрдї тезинен кагаз бетине тїшїрїп койсом, айрымдары бышып жетилгиче башымда жїрє берет. Эў кызыгы, бир эле кєйнєк тїшїмє їч жолу кирген. Ал кєйнєктї азыр да кєз алдыма элестете алам. Бирок ушул кїнгє чейин ал кєйнєктї тиге элекмин. Кудай буйруган кїнї аны дагы ишке ашырам. – Ар бир дизайнердин єзїнїн стили болот эмеспи. Сиздин стилиўиз башкалардыкынан эмнеси менен айырмаланып турат?

– Чынын айтсам, мен єз алдынча стилим бар деген даражага али жете элек болушум керек. Кече кєйнєктєрїм бир гана кызыл килем їстїндє басууга ылайыктуу экенин билем. Убакыттын єтїшї менен эл єзї эле кєйнєктєрїмдї таанып калат. – Дизайнер катары чыйыр салганыўызга канча жыл болду?

– Толук эсеп менен айтсам, быйыл 9 жылдан ашты. Тикмечиликтин сырларын толук їйрєнгєн соў єзїмдїн “Анвар Турдубаев” брендимди ачууну планга киргизип эки жылдан бери анын їстїндє иштеп жатам. – Кыргызстанда єткєрїлїп жаткан

мода жумалыктарына катышып турасызбы?

– Бир жолу катышып кєўїлїм калып, ошондон кийин катышкым келбей калган. Себеби алар кєп убада берип, бирок иш жїзїнє келгенде пландалгандай болбой уюштуруу жагынан аксап калышкан. – 5-10 жылдан кийин сизди кандай деўгээлде кєрє алабыз?

– Кыргызстанда ушул кезге чейин эмгектендим. Эми Францияга барып ал жактан изденип, билбегендеримди їйрєнїп дїйнєлїк мода чєйрєсїнє аралашкым келет. – Мода дїйнєсїндє сизге жаккан дїйнєлїк дизайнерлер барбы?

– Ливан дизайнерлери Эли Сааб менен Зухаир Мураддын кийимдери таасирлентет. Алар кийимдеги тїшїрїлгєн оюм-чийимдердин ар бирин колго иштеп, саймасын сайып чыгышат. – Келечектеги атактуу дизайнер кандай їй-бїлєдє чоўойгон?

– Їй-бїлєдє їч бир туугандын эў кичїїсї болом. Байкелерим Улан менен Нурлан экєє теў їй-бїлєлїї. Улуу байкем курулуш жаатында эмгектенет. Ортончусу ата-энемдин жолун жолдоп темир жол тармагында кызмат єтєп келет. А мен учурда 27 жаштамын. Бирок їйлєнїї тууралуу азырынча ойлоно элекмин. Ата-энем жана жакын туугандарым да темир жол тармагында эмгектенгендиктенби, поездге тїшїп алып жер кыдыргым келчї. А тїгїл, жол кєрсєткїч болот окшойм деп ойлочу элем. Бирок дизайнерликти тандап алдым. Башында ата-энем каршы болуп жїрїшкєн. Кийин мени туура тїшїнїп, ал тургай, колдоо кєрсєтїп, азыр мени менен сыймыктанышат. – Реалдуу жашоодо Анвар Турдубаев деген ким?

– Жашоодо мен эл катары батирде жашаган, ийгиликтїї жашоого умтулган жєнєкєй жигитмин. Эў негизгиси баарынын эле колунан келе бербеген єзїм сїйгєн иш менен алекмин.

ЛЕДИ | Май 2016 | 47


Персона

КЕСИП Модель: Аккар МАМБЕТАКУНОВА Макияж: Айжан БАКЫТОВАныкы Чач жасалга: Чолпон АСИЛБЕКОВАныкы Фото аянтча: "Алтын Казына" тойканасы Фото: "СинемАрт" студиясыныкы

48 | ЛЕДИ | Май 2016


Модель: Аккар МАМБЕТАКУНОВА Макияж: Айжан БАКЫТОВАныкы Чач жасалга: Чолпон АСИЛБЕКОВАныкы Фото аянтча: "Алтын Казына" тойканасы Фото: "СинемАрт" студиясыныкы

ЛЕДИ | Май 2016 | 49


50 | ЛЕДИ | Май 2016


ЛЕДИ | Май 2016 | 51


БУТ КИЙИМ ЖАНА СИЗДИН СТИЛИЎИЗ

стиль ГАРДЕРОБ

Туура бут кийимди кантип тандоо керек? Кийим сыяктуу эле бут кийим да келбетиўиздеги кемчилигиўизди жапканга, же тескерисинче, аны оркойтуп сыртка чыгарып койгонго жєндємдїї. Андыктан аялдын туфлиси бул жєн гана бут кийими эмес, бул - анын жашоо стили. Бут кийим баарына жєндємдїї: бойду узартат, келбеттїї кылат, бутту узун кылып кєрсєтєт, же тескерисинче, кыскартып коюшу мїмкїн. Туура эмес тандалган бут кийим їстїўїзгє эў кымбат, эў кооз кийим кийгениўизге карабай сиздин стилиўизди бїтїндєй жоготуп салат. Андыктан бут кийим тандоодо єтє кылдаттык талап кылынат. Тємєнкї кеўештер ушул жаатта сизге жардамчы болот деп ишенебиз.

КЕЛБЕТКЕ ЫЛАЙЫК БУТ КИЙИМ КЫСКА БОЙЛУУ АЙЫМДАР Бою кичине айымдардын эў кеўири тараган кемчилиги – єтє эле бийик такалуу бут кийимдерди жакшы кєргєндїгї. Бийиктиги 8 сантиметрден ашкан така аларга болбойт. Мындай така алардын келбетин бузуп, басканда алдыга жїткїнтїп коёт. Ошондой эле жалпак тамандуу бут кийим да жарашпайт. Жапыз бойлуулар їчїн эў жакшы вариант – орточо такалуу бут кийимдер. Айтмакчы, боз тїстєгї бут кийимдер жана согончогу ачык босоножкалар бутту узунураак кєрсєтєт. Ал эми кызыл ашыктан келген бут кийимдер кичинекей айымды андан бетер кичине кєрсєтєт. Такыр эле болбой кийгиўиз келип жатса, єтє бийик такалуусун кийишиўиз керек.

ЖООН БУТТУУ АЙЫМДАР

УЗУН БОЙЛУУ АЙЫМДАР Бут кийим тандоо жаатында баарынан да бою узун, келбеттїї айымдар жолдуу. Анткени аларга бардык моделдеги бут кийимдер жараша берет. Таманы жалпак балетка болобу, босоножкабы, ар тїрдїї ботинкалар, такасы бар туфлилер... Эгер сиздин боюўуз узун болуп, бирок бутуўуз жоон болсо, келбетиўиздеги бул кемчиликти платформалар менен жапсаўыз болот.

ИЧКЕ БУТТУУ АЙЫМДАР Буту єтє эле ичке айымдардын катарына кирсеўиз, платформадан качыўыз. Ал сиздин ичке, назик бутуўузда аябай орой кєрїнїп калат. Классикалык бут кийимдерге басым жасаўыз. Орточо бийиктиктеги такалуу туфлилер бутуўуздун кєркїнє кєрк кошот. 52 | ЛЕДИ | Май 2016

Эгер сиздин бутуўуз жоон болсо, кызыл ашыкты айланта курчоочу боосу, ремендери бар бут кийимдерден баш тартыўыз. Булар жоон бутуўузду андан бетер жоон кєрсєтєт. Ошондой эле “шпилька” да сиз їчїн эмес. Такасынын бийиктиги 4-5 см болгон туфлилерге жана платформа стилиндеги босоножкаларга басым жасаганыўыз оў. Баш жагы ачык бут кийимдер да бутуўузду бир топ келбеттїї кылып кєрсєтєт.


КИЙГЕН КИЙИМИЎИЗГЕ ЖАРАША БУТ КИЙИМ Тїз кыска юбка менен ичке, орточо бийиктиктеги такалуу бут кийимдер жарашат. Тумшугу учтуу бул “лодочкалар” кыска юбка менен айкалышканда классикалык фасон тїзїлїп, ал бардык айымдарга куп жарашат.

Ушул эле “лодочканын” бир аз бийигирээк такалуусу кууш шымдар менен эў мыкты айкалышат жана сиздин бутуўузду узартып кєрсєтєт.

БУЛАРДАН СЫРТКАРЫ...

Ал эми кенен шымдар орточо же бийик, калыўыраак такалуу бут кийимдерди талап кылат. Болбосо кичинекей така кенен багалектен чыгып, учтуу тумшугу єтє эле ичке кєрїнїп жарашыксыз болуп калат.

Їстїўїзгє кийген кийимиўиздин материалы канчалык калыў болсо, бут кийимиўиздин такасынын калыўдыгы да ошончолук болушу керек. Жупжука кездемеден тигилген жайкы кєйнєк менен платформа, же тескерисинче, токулган кєйнєк менен “шпилька” жарашпайт. Бут кийимиўиздин єўї шымыўыздын єўїнєн бир тонго кїўїрт болууга тийиш, эсиўизде болсун, ачык эмес. Жинсы менен ар кандай бут кийимдерди кийсе боло берет: туфли, єтїк, танкетка, кроссовка. Болгону лакталган бут кийимдер жарашпайт.

Этеги кенен, тизеден ылдый же кызыл ашыкка чейинки юбкаларга, кєйнєктєргє такалуу бут кийимдин кереги жок. Алар менен балетка кийсеўиз жарашыгына чыгат.

ЛЕДИ | Май 2016 | 53


Кожойке

АШКАНА

КЛАССИКАЛЫК ПИЦЦА Кандай азыктар керек?

Ун: 1 кг Жылуу суу: 600 мл Дрожж: 25 г Зайтун майы: 3-4 чоў кашык Помидор: 900 г Моцарелла сыры: 350-400 г Туз Райкан чєп

ПИЦЦАНЫ КИМДЕР ОЙЛОП ТАПКАН? Албетте, итальяндар. Бирок итальяндарга чейин эле грек жана римдик аскерлер пиццага окшогон тамакты колдонушкан. Тактап айтканда, алар жука бышырылган нандын їстїнє сыр, пияз жана башка тапкан нерселерин коюп жешкен. Ал эми биринчи чыныгы пиццерия 1830жылы Италиянын Неаполь шаарында ачылып “Антика” деп аталган.

Кантип жасалат? Алгач пиццанын камырын жасайсыз. Ал їчїн эленген унга тузду, дрожжду, зайтун майын кошуп, жылуу суудан аз-аздан куюп камыр жууруйсуз. Камыр жумшак, чоюлчаак болууга тийиш. Даяр болгон камырдын їстїн жаап 2-3 саат тыныктырып коёсуз. Камыр ачыганда бир жууруп туруп дагы 1 саат тыныктырасыз. Эми камырды бєлїктєргє бєлїп алып орточо калыўдыкта жаясыз да, зайтун майы менен майланган калыпка саласыз. Камырдын бетине єтє майда болуп тууралган помидорду тегиз кылып саласыз (чекелеринен 2 см боштук калтырып коёсуз). Помидорго туздан себелеп, зайтун майынан бир аз куясыз жана райкан чєптїн бир нече жалбырагын коёсуз. Даярдалган пиццаны катуу кызыган (240-260 °С) духовкага салып 15-20 мїнєт бышырасыз. Бышарына 5 мїнєт калганда пиццаны духовкадан алып чыгып, майда тууралган сырды тегиз кылып себелейсиз да, кайрадан духовкага саласыз. Сыр жарым суюк абалга жеткенде пицца даяр болот.

ЖАБЫК ПИЦЦА Кандай азыктар керек? Камыр: 1 кг Помидор: 3 даана Сарымсак: 6 тишче Райкан чєптїн майдаланган жалбырагы: 3 чоў кашык Шекер: жарым чай кашык Туз: жарым чай кашык Зайтун майы: 4 чоў кашык Шампиньон козу карыны: 500 г Моцарелла сыры: 250 г Каймакмай: 1 кесим

Кантип жасалат? Помидорду блендерде майдалап, сузгучтан єткєрїп аласыз. Сарымсактын жарымын майда чарчы кылып туурап аласыз. Зайтун майын кызытып, майдаланган сарымсакты салып саргыч тїскє келтире кууруйсуз. Сарымсактын їстїнє эзилген помидорду, майда тууралган райканды, туз, шекер кошуп жай отто 30-40 мїнєт кайнатасыз. Идиштин капкагын жабуу сунушталбайт. Соус даяр болгончо козу карынды майда туурайсыз. Калган сарымсакты да майдалап туурайсыз. Кызып турган зайтун майына алгач козу карынды, бир аздан соў сарымсакты салып кошуп кууруйсуз. Андан кийин каймакмайды салып аралаштырып, анын артынан эле помидор соусун куясыз. Бул аралашма жай отто 10 мїнєт кайноого тийиш. Эми камырды тєрт бєлїккє бєлїп алып ар бирин тегерете жаясыз да, жайылган камырдын бир капталына аралашмадан саласыз. Чекелеринен 2 см боштук калсын. Їстїнє тууралган моцарелланы саласыз. Эми муну камырдын экинчи капталы менен жаап, чекелерин жакшылап жармаштырып бекитесиз. Пергамент кагазы салынган калыпка пиццаны салып, бетин зайтун майы менен майлайсыз. 200 градус температурада кызып турган духовкага салып 15 мїнєт бышырасыз. 54 | ЛЕДИ | Май 2016


МАЙДА ПИЦЦАЛАР Кандай азыктар керек? Камыр: 1 кг Сыр: 300 г Корей сабизи: 150 г Майонез: 3 чоў кашык Томат: 1 чоў кашык Маринаддалган козу карын: 150 г Болгар калемпири: 3 даана Пияз: жарым баш Зайтун: 150 г

Кантип жасалат? Камырды чоў тегерек кылып жаясыз. Атайын калыптын же чоў чынынын жардамы менен диаметри 7-10 см тегерекчелерди кесип аласыз. Ал тегерекчелерди духовканын майланган калыбына тизип саласыз. Майонезди томат менен жакшылап аралаштырып, бул аралашманы камырлардын бетине сїртєсїз. Эми ар бир камырдын бетине корей сабизинен аз-аздан коюп чыгасыз. Анын їстїнє маринаддалган козу карын менен зайтундан бирден коёсуз. Болгар калемпиринен да бир кесимден коёсуз. Акыркы этап – майда тууралган пияз менен кыргычтан єткєрїлгєн сыр. Майда пиццаларды 200 градуста кызытылган духовкада 10 мїнєт бышырасыз.

К СЄЗнД–Їоливка

к Зайту чєп – базили ое н чн Райка май – сливо к Кайма ы їк май гычтан масло абизи – кыр мсак, єсїмд салат н с ры й Коре гєн сабиз, са улуп жасалга ш єткєрїл тымалдар ко жана та

У У Л А Р У У Т А ПИЦЦ ФАКТЫЛАР КЫЗЫКТУУ

є ул кїнг ерия уш ц ц и п кы . н эмес н алгач ачылга ышы єзгєргє п аталат. о д л о п е л д та ар 1. Неа жана а ис пиццайоло мерикалыкт д иштейт ка им л с а е к к н 0 чейин ца жасаган а є кєрг ада 35 ы д ц н ш и у к П к а . е 2 рс ўж цаны э т. Анда ар би 3. Пиц не и л е т малар п се буйрут а д болуп э тылат. я и р цце са бир пи пицца эў тез кадагы ткирилет. с я л ы А гында . а е 4 м ж р а н пиццан т е т мен иялар їч чоў л А . т самолё ino’s пиццер й иште . 5. Dom ан кызматчы елинет г а . д т л а п эсепт кыймы да жасай ал ца айы болу вада шаар иц нд ск 49 секу да октябрь п ыл мурун Мо Анын жалпы н 6. АКШ н бир нече ж а жасалган. аарыны да цц 7. Мын та єзгєчє пи їп, Москва ш кара и тїз кїнїнє чарчы метрд ан. н 2 лг 2 а италья I с ы а т аян ндє ж иццаны н Людвиг ХII ї п р т ї а т б ы м ы с н ы а к А т . . р ў т т а э а к жасай ро тур нєдєгї 8. Дїй Ренато Виола цасы 8300 ев оцарелла ц м у и с а п у н ашпозч ндагы єзгєчє анын курамы омар, , ц ы т. т ц ш с и у ы п г атал уз кире у бул л лан згылт т т баалу їч тїрї, кызы ы а к б н м ы ы К тай кранын й эле а сыры, и лар, ошондо а к кревет

ЛЕДИ | Май 2016 | 55


Денсоолук

ФАРШ МЕНЕН ПИЦЦА Кандай азыктар керек?

Камыр Фарш: 250-300 г Помидор: 1-2 даана Кыргычтан єткєрїлгєн сыр: 5-6 чоў кашык Туз Петрушка

Кантип жасалат? Даяр камырды 0,5 сантиметр калыўдыкта тегерете жайып, пергамент кагазы тєшєлгєн калыпка саласыз. Духовканы 190 градус температурада ысытыўыз. Кыргычтан єткєрїлгєн сырды камырдын бетине себелейсиз. Фаршка туз жана башка єзїўїз каалаган татымалдарды кошуп аралаштырасыз да, сырдын їстїнє тегиз кылып саласыз. Помидорду майда чарчы кылып туурап, аны да саласыз. Эми кызып турган духовкага салып 15-20 мїнєт бышырасыз. Бышкандан кийин майда тууралган петрушка менен кооздоп коёсуз.

ТООК ЭТИ МЕНЕН ЖАСАЛГАН ЖАБЫК ПИЦЦА Кандай азыктар керек? Камыр Тооктун сєєксїз эти: 300 г Сыр: 100 г Помидор: 1-2 даана Пияз: 1 баш Кєк пияз Жумуртка: 1 даана

Кантип жасалат? Тооктун этин сууга бышырып же кууруп майда туурап аласыз. Пияз менен кєк пиязды майда туурайсыз. Сырды кыргычтан єткєрїп аласыз. Помидорду майда чарчы кылып туурайсыз. Тууралган азыктардын баарын татымына жараша туз жана башка єзїўїз каалаган татымалдарды кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон камырды 3-4 мм калыўдыкта тегерете жаясыз. Бир тарабына аралашманы салып, экинчи тарабы менен жабасыз да, чекелерин бириктиресиз. Бышып жатканда кєєп кетпеш їчїн 3-4 жеринен бычактын учу менен тилип коёсуз. Жумуртканы бетине сїйкєп 200 градустагы духовкада 30 мїнєт бышырасыз. 56 | ЛЕДИ | Май 2016

У У Л А Р У У Т А ПИЦЦ ЕР Т Ш Е Ў Е К У У ПАЙДАЛ

ш її болу ширел алдында ї т с ї анын лар юу zzПицц духовкага са ачыратып ко ч н ї н ч а ї майын зайтун гана . к кере сыган ат. олук ы унуш кылын т ы н а с ц н ц у у и л П а zz н д ны ага са еўкени рїїгє р духовк и ш н у е болгон н текш о, zzДаяр п кєрїї мене кургак болс н ы а д сай е д Эгер болот. пицца даяр. , к е м е д ш алдары н капт болуп калба ы н а ц ц zzПи канда катуу н сарысын к. ере аны быш коюу к умуртк їчїн ж ырып сїртїп – р сы айланд жакшы чїн эў ї а ц ц zzПи релла. шат. моца єттє бы вканын н ї м 5 о 1 а 10е дух тин zzПиццубакыт ичинд арай бериш к л м у а Б чып ул оозун а жок. и т е каж


ДЕН СООЛУК МЕНЕН СУЛУУЛУКТУ ЄЗ КОЛУБУЗ МЕНЕН ЖАСАЙЛЫ

БЄЙРЄКТЇ ТАЗАЛОО

АЙМЭЭРИМ КУРБАНАЛИЕВА

Бєйрєктї тазалоо менен сулуулугуўузду, ден соолугуўузду узакка сактаган болосуз.

ЛЕДИ | Май 2016 | 57


Ден соолук БЄЙРЄК ООРУСУ КИМДЕРДИ КЄП ТООРУЙТ? Бєйрєк оорусу єтє эле арык, узун бойлуу адамдарга кєп жармашат. Мындай адамдарда бєйрєктї калыптагыдай абалда кармап турууга жардам берїїчї май капсуласы жакшы єєрчїгєн эмес. Демек, бєйрєктїн ылдый тїшїп калуу коркунучу бар. Бєйрєк оорусунун ар кандай тїрлєрї менен эркектерге караганда аялдар кєбїрєєк оорушат. Бул аялдын организминин физикалык жана анатомиялык єзгєчєлїгї менен тїшїндїрїлєт. Кєпчїлїк учурда бєйрєктїн ишинин бузулушу аял кош бойлуу кезинде башталат. Орто жаштагы жана андан єткєн эркектер да бєйрєк оорулары менен кєп жабыркашат. Эгерде кимде-ким тиш жана тамак ооруларын єз маалында дарылатпаса, бул адамдарда бєйрєк ооруларына чалдыгуу коркунучу жогору болот. Анткени кариес, тамактын сезгенїїсї бєйрєк ооруларын чакырат. Бул инфекциялардын козгоочулары кан аркылуу бїт организмди айланып жїрє беришет да, анан дал ушул бєйрєктєргє барып “отурукташып” калышат. Єзгєчє ангина коркунучтуу – ал єтїшїп кеткенде бєйрєк катуу жабыркашы мїмкїн. Эмгекчилдерге караганда жалкоолор бєйрєк ооруларына кєп чалдыгышат. Анткени кєп кыймылдоо зат алмашууну, бєйрєктєрдїн жашоосун жакшыртат. Канчалык кєп кыймылдасаўыз, бєйрєктєр кан менен ошончолук жакшы камсыз болуп, заара кєп бєлїнїп чыгат. Андыктан жалкоолорго караганда эмгекчилдердин бєйрєгїндє таштын пайда болушу аз болот, болсо да жаш курагы жогорулап калганда пайда боло баштайт. 58 | ЛЕДИ | Май 2016

БЄЙРЄКТЇН АБАЛЫН ЗААРАНЫН ТЇСЇ АРКЫЛУУ АНЫКТОО

ЭГЕРДЕ БЄЙРЄКТЄРЇЎЇЗ ООРУСА...

Эгерде заараўыз кызыл, кызгылтым тїстє болуп, тунук болбой киргилтим тартып турса, анда заараўызда кан болушу ыктымал. Бул инфекциядан же заара бєлїп чыгаруучу системадагы шишиктен кабар берет. Тезинен дарыгерге жєнєўїз!

эки кєзїўїздїн астында “мїшєкчє” пайда болуп калат; бир суткадагы заараўыздын єлчємї азаят; дааратканага тез-тез барасыз, бирок аз-аздан гана заара бєлїнїп чыгат; заара ушатуу ачышуу менен коштолот; заара тунук болбой, киргилт болуп чыгат; Эгерде заара ток сары тїстє болсо, анда тынчсыздануунун кажети жок. Эгер суюктукту аз ичсеўиз, заара тїсїн ушинтип єзгєртєт.

кєздїн кєрїїсї начарлай баштайт. Мындай учурларда тезинен дарыгерге кєрїнїї зарыл. Ал эми бєйрєктєрїўїздї мындай абалга жеткирбєє їчїн аларды маал-маалы менен тазалап туруу сунуш кылынат.

Кочкул-кїрєў тїстєгї заара - гепатиттин белгиси.

Кээде заара жашыл же кєгїш тїскє ээ болуп калышы мїмкїн. Мындан чочулоонун кажети жок. Болгону ошол учурда сиз курамына боёктор кошулган жасалма азыктар менен тамактангансыз.

Ал эми калыптагыдай зааранын тїсї ачык сары болууга тийиш. Бирок ичкен суюктугуўуздун єлчємїнє жараша єзгєрїлїп тура берет. Тактап айтканда, суюктукту канчалык кєп ичсеўиз, заараўыздын тїсї ошончолук ачык болот да, аз ичкен сайын кочкул тартып кете берет.


Бєйрєк жабыркаганда сайгылашып ооруучу аймактар Бєйрєктїн пирамида тїрїндє кесилиши, бєйрєк кортексинин бир бєлїгїн кєрсєтїлїшї

Артерия Вена

Борбор заты

Генле тїйїнї

Жїлїн заты Заара тїтїкчєсї

Артерия Артерия

Тїйдєкчє Заара тїркєк

Бєйрєк тїйдєкчєсї

Вена

БЄЙРЄКТЄГЇ ТАШ Бєйрєк - заара бєлїп чыгаруучу жуп орган. Бєйрєк аркылуу заара менен кошо суу, туздар, организмдин єзїндє пайда болгон же сырттан кирген уу заттар бєлїнїп чыгат. Заара чыгаруу тїтїкчєлєрїнїн начар иштеши, єткєрїїчї функциянын бузулушу, бєйрєктїн тубаса кемтиги жана тамак-аштын начардыгы, зат алмашуунун бузулушу сыяктуу себептер бєйрєктє кумду пайда кылып, ал бара-бара ташка айланат.

Заара тїтїкчєсї

БЄЙРЄКТЇН КАН БАСЫМЫ

БЄЙРЄКТЇН РАГЫ

БЄЙРЄКТЇН КИСТАСЫ Тукум куучулук, єнєкєт суук тийген оорулар, бєйрєк жаракат алып жабыркоосунан жана шамалдап калганда бєйрєктє киста пайда болот. Кєбїнчє УЗИге тїшкєн учурда аныкталып билинет. Киста чоўоюп органдарды кыса баштаганда гана белгилери байкалат.

Эки же бир эле бєйрєктє пайда болгон залалдуу шишик рак деп айтылат. Аталган илдет жайылышы боюнча 10-орунда турат. Єзгєчє шаар жеринде жашаган 50-70 жашка таяп калгандар жабыркайт. Бєйрєктєгї рак клеткаларынын єсїшїнє ашыкча салмактуулук, тамекти тартуу, жогорку кан басымы, химикаттарга аралашып жїрїї, кант диабети, вирустук инфекциялар шарт тїзїп берери дарыгерлер тарабынан айтылып келет. Бєйрєк рагынын 50 пайызы капысынан башка ооруларды текшерїї маалында билинет. Себеби оору кєпкє чейин єзїнєн кабар бербегендиктен белгилери билинбей жїрїп кїчєп кетет.

Дїйнєдє бєйрєктїн кан басымы оорусу менен ар бир бешинчи жаран жабыр тартат. Аталган илдеттин азабын кєбїнчє 40 жашка чейинкилер тартып келет. Ал тез аранын ичинде дарыланууну талап кылат. Бєйрєктїн артериясынын иши бузулганда, киста чыкканда, суук тийгенде жана функциясы бузулганда, бєйрєктє кан басымы пайда болот.

ЛЕДИ | Май 2016 | 59


Ден соолук

БЄЙРЄКТЇ ЇЙ ШАРТЫНДА ТАЗАЛОО Бєйрєк – организмге зыяндуу заттарды жолотпой, аны тазалап туруучу фильтр. Ошондой эле бєйрєктєрдїн жардамы менен зат алмашуу туура жїрєт, жалпы организм ичиндеги теў салмактуулук сакталат жана жаўы эритроциттердин пайда болуу процесси жїрєт. Бирок тємєнкї бєйрєктєрдї їй шартында тазалоо ыкмалары курч кармаган жана єнєкєт бєйрєк оорулары жокторго гана сунушталат. ДАРБЫЗДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН

ЖАШЫЛЧА ШИРЕЛЕРИНИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН Бєйрєктї тазалоого жайында бадыраў ширеси, кїзїндє ашкабак ширеси жардамга келет. Бир стакан ширени тамактанууга жарым саат калганда бир кїндє 3 жолудан ичишиўиз керек. Бул эки жашылчанын ширесин аралаштырып ичсеўиз да болот.

Бєйрєктєгї таштардан арылуунун эў жагымдуу жана жєнєкєй ыкмасы. Бул ыкманы жыл сайын дарбыз жакшы бышкан маалда колдонсоўуз болот. Ал їчїн бир нече даана дарбыз жана кара нан сатып аласыз. Бул азыктар менен бир жума бою тамактанасыз. Дарбыз тамактын да, суусундуктун да ролун аткарат, ал эми нанды єтє ачка болуп кеткенде жейсиз. Мындай диета алсыздыкты, жїрєктїн оорушун чакырышы мїмкїн. Заара болсо киргилт тартып кетет, булардын баары бєйрєктєн кумдардын чыгып жаткандыгынын белгиси. Бєйрєктєр кечинде активдїї иштейт. Андыктан кїн сайын кечинде мындай ыкманы колдонсоўуз болот: жылуу суу толтурулган ваннага отуруп, ошол эле калыбыўызда ашказаныўызга батышынча дарбыз жейсиз. Жылуу суу заара бєлїп чыгаруучу жолдорду кеўейтет, ал эми дарбыз болсо бєйрєктєгї кум менен кичинекей таштардын заара аркылуу сыртка тез чыгышын шарттайт.

ИТ МУРУНДУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН Ит мурундун курамындагы заттар бєйрєктєгї таштарды майда кумга айландырып жибергенге жєндємдїї. Андыктан бул ыкмада ит мурундун маўызын пайдаланасыз. Маўыз мындайча жасалат: ит мурундун 2 чоў кашык мємєсїнїн їстїнє 1 стакан (200 грамм) суу куюп, 15 мїнєт кайнатасыз. Муздагыча кїтє турасыз да, андан кийин тундуруп аласыз. Маўыздын тїсї канчалык кочкул болсо, анда пайдалуу заттар ошончолук кєп болот. Стакандагы маўызды теў їчкє бєлїп, эртеў менен биринчи бєлїгїн, тїштє экинчи бєлїгїн, кечинде їчїнчї бєлїгїн ичесиз. Бєйрєктї ит мурун менен тазалоо мєєнєтїнїн узактыгы – 2 жума. 60 | ЛЕДИ | Май 2016

КАРАГАТТЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН Карагаттын бир нече даана жалбырагын таза жууп, їстїнє 0,5 л кайнак суу куясыз. 15-20 мїнєт демделип тургандан кийин жалбырактарды сыгып, ыргытып жибересиз. Алынган маўызды отко коюп, дээрлик кайнаганга чейин ысытасыз. Анын їстїнє 2 чоў кашык жаўы же кургатылган карагаттын мємєсїн салып, дагы демдеп коёсуз. Андан соў маўызды жарым стакандан иче бересиз. Бул диетаны колдонуунун чеги жок, карагаттын маўызынын организмге эч кандай зыяны жок, тескерисинче, ал ден соолукту бекемдейт.

АЛМАНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН Алма диетасы 3 кїнгє эсептелинген. Эртеў мененки тамактын ордуна 1 стакан алма ширесин ичесиз да, анан ортолорунда эки сааттан тыныгуу кылып кїн бою 2 стакандан ичесиз. Бул 3 кїн ичинде алма ширесинен башка эч нерсе жебешиўиз да, ичпешиўиз да керек.


Клиника профессора Асымбековой Кыргызстан, г. Бишкек, мкр. Джал-29, ул. Тыналиева Тел.: 0557 111 402, 0707 111 402 - регистратура; 0776 111 403 - родильный зал. http://www.clinic-a.in.kg ЛЕДИ | Май 2016 | 61


Ден соолук Даткайым ДОСМАТОВА

ЭНЕ БОЛУУ БАКТЫСЫНА ЭЭ КЫЛГАН 62 | ЛЕДИ | Май 2016


Азыр Кыргызстандагы ар бир тєртїнчї аял жана эркек тукумсуздук дартынан жапа чегишет. Алар балалуу болууну каалап дарыгерлерге, кєзї ачыктарга, бакшыларга, мазарларга барганын айтып келишкен. Эми антип балалуу боло албай жїргєн замандаштарыбыз заманбап ЭКУ аркылуу бул тилектерине жетип жатышат.

1. ЭКУга ДАЯРДЫК КЄРЇЇ

Алгач аялдардын урук безин гормоналдык жактан стимулизациялап даярдоо керек. Тактап айтканда, аялдардын ар бир айызында бир-эки урук клеткасы єсїп жетилет. Ал эми ЭКУ їчїн бир канча урук клеткасын алуу керек. Себеби кээ бир урук клеткалары уруктанууга жєндємї жок. Учурда аялдардын урук безин стимулизациялап ЭКУга алыш їчїн атайын дарылар колдонулат. Гормоналдык жактан стимулизациялап туруучу дарыны аял ичкенден кийинки бардык процесс УЗИ аркылуу кєзємєлдєнїп турат.

2. УРУК КЛЕТКАСЫН АЛУУ Кыргызстанда биринчи жолу профессор Асымбекованын клиникасында экстрокорпоралдык уруктандыруу боюнча программа иш жїзїнє ашып, натыйжада жїздєн ашуун їй-бїлє балалуу болуу бактысына ээ болушту. 2003-жылдан бери Кыргызстанда иштеп келе жаткан бул программа тууралуу кенен маалымат тємєнкї макалада.

Урук бези бышып жетилгенден кийин кийинки баскыч каралат. Аялдын бышып жетилген урук безин жатындан алып, пробиркага салышат. Бул учурда эркек да спермасын тапшырышы керек. Аныкы єзїнчє пробиркага салынып, экєє теў лабораторияга жєнєтїлєт.

3. ЭКУ УРУКТАНДЫРУУ

Лабораторияда аялдын урук клеткасы менен сперманы бир пробиркага жайгаштырат. Пробиркада кєптєн кїткєн тїйїлдїк пайда болот. Андан кийин уруктандырылган урук клеткасын атайын инкубаторго салат. Бул жерде тїйїлдїктїн єсїп жаткан процесси кєзємєлдєнїп турат. Эреже боюнча, тїйїлдїк инкубатордо 2-5 суткага чейин кармалат. Тїйїлдїк даяр болгондо аялдын жатынына салынат.

4. ЭКУдан КИЙИНКИ КОШ БОЙЛУУЛУК ЭКУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

ЭКУ - бул экстракорпоралдык уруктандыруу (extra - сырттан, тышкары, ал эми corpus - дене, денеден сырткары уруктандыруу)тєрєбєстїктї дарылоо їчїн колдонулган медициналык технология. Тактап айтканда, “пробиркада уруктандыруу” же “жасалма жол менен уруктандыруу” деп тїшїндїрїлєт.

Заманбап стандарттын эрежеси боюнча жатынга 2-3тєн ашык тїйїлдїк салынбайт. Тїйїлдїк жатынга тїшкєндєн кийин ийгиликтїї имплантация болуш їчїн аны гормоналдык терапияда кармап турат. Кош бойлуулукту эки жумадан кийин кан аркылуу аныктайт. Боюнда бар экени аныкталса, анда болочоктогу ымыркай кадимкидей эле ичтен єсїп, тогуз айга толуп, кадимки тєрєт менен жарык дїйнєгє келет. ЛЕДИ | Май 2016 | 63


Ден соолук

Гїлнара АСЫМБЕКОВА:

«ЭКУ АРКЫЛУУ ТЄРЄЛГЄН БАЛДАРДЫН АЛДЫ ЖЕТИГЕ ЧЫГЫП КАЛДЫ»

Э

КУ программасын Кыргызстанда ишке ашырып жаткан айым, медицина илимдеринин доктору, профессор жана “Асымбекова" клиникасынын мїдїрї Гїлнара Їмєтовна ЭКУ тууралуу суроолорубузга жооп берет.

– Гїлнара Їмєтовна, тїйїлдїктї жатынга салгандан кийин аял єзїн кандай алып жїрїїсї керек? – Тїйїлдїк жатынга тїшкєндєн кийин анын кош бойлуулугу аныкталмайынча аял колдон келсе 3-4 кїн їйдє жатуусу керек. Эгер ага мїмкїнчїлїк жок болсо, анда иштей берсе болот, бирок оор жумуштарды кылганга тыюу салынат. Мончо, сауна, ысык ванна жана бассейнди пландан чыгаруу керек. Эгер жатындан кан келсе, сєзсїз дарыгерге кайрылуусу зарыл. Аял єзїн жакшы карап, жатындан кан келбесе, анда эки жумадан кийин анын кош бойлуу экенин кан аркылуу аныктайбыз. – Кээде ЭКУ ыкмасы ийгиликтїї болбой да калышы мїмкїнбї? – Ооба, мындай ыкма бардык эле учурда ийгиликтїї боло бербейт. Маселен, дїйнє жылдыздарынын бири Селин Дион ЭКУ аркылуу уулдуу болгон. Он жыл єткєндєн кийин ал бул аракетин алты ирет кайталаган соў гана кайрадан ЭКУ аркылуу экинчи баласын жарык дїйнєгє алып келген. – Эгер аялдын тєрєєгє ден соолугу жол бербесе, сиз ЭКУнун кайсы тїрїн сунуштайт элеўиз? – Ден соолук жол бербесе, аял тукумсуз деп аныкталган учурда биз тємєндєгїлєрдї сунуш-

64 | ЛЕДИ | Май 2016


тайбыз. Аялы менен кїйєєсї кеўешип никеде турбаган аялдын каалоосу менен, тактап айтканда карын энени жалдайт. Карын энеден тєрєлгєн бала юридикалык жактан єзїнїн генетикалык ата-энесине гана тиешелїї. Жасалма жол менен бойго бїтїрїїдє аял менен эркектин уругу башка їчїнчї аялдын жатынына салынат. Бизде бул ыкма да колдонулуп жїрєт.

– “ЭКУ аркылуу тєрєлгєн балдар патология менен тєрєлєт жана башка балдардан айырмасы бар” дегендерге кандай жооп бересиз? – Жок, мындай пикирге толук кошулбайм. Мындай ойлонуунун єзї туура эмес. ЭКУ бул болгону аялдын бойго бїтїшїнє жардам берет. Ал эми калган учур кадимки эле кош бойлуулуктун єзї. – Демек, жети айлык тєрєлїїсї, бойдон тїшїп калышы да ыктымал экен да?.. – "ЭКУ аялды жасалма кош бойлуу кылганы гана болбосо, кош бойлуулуктун калган процесси кадимкидей жїрєт" дебедикпи. Ошондуктан андай кокустуктардын болуусу дагы ыктымал. – Эгиз балалуу, їч эмдїї болгусу келген айымдар да бул ыкманы колдонушабы? – Андайлар да болот. Бирок биз ага 100 пайыз кепилдик бере албайбыз. Себеби азыр бизге кайрылган энелердин кєпчїлїгїнїн ден соолугу начар, витамин жетишпейт. Тїйїлдїктї кєтєрїп жїргєн эненин ден соолугу начар болсо, анда ал энеден ден соолугу начар балдар тєрєлєт. Эгер ден соолугу жакшы болсо, ага уруксат. Кээде бизге “эгиз балалуу болгубуз келет” деп келишет. Бул учурда биз макул болуп аракет кылабыз. Бирок чындап эгиз балалуу болуу тїйїлдїккє жараша чечилет. Мисалы, биз аялга 2-3 тїйїлдїк салабыз, алардын ичинен экєєсї теў кїчтїї болуп жашап кетсе, анда алар эгиз балалуу болууга жетише алышат.

кєндєн кийин 3 жылга чейин балалуу боло алышпаса, анда текшерилип, єздєрї аракет кылышы керек. Канчалык жаш болсо, мисалы, 20дан 30 жашка чейинкилердин балалуу болуу мїмкїнчїлїгї ошончо жогору болот. Ал эми 30 жаштан єйдєўкїлєрїнїн балалуу болуу мїмкїнчїлїгї эки эсе азыраак.

– Бул кызматтын баасы канча турат? - Бул программанын негизинде балалуу болууну каалагандар їчїн билдире кетсем, ЭКУнун баасы баланы кєтєрє турган аялдын ден соолугуна жана анын жашына байланыштуу болот. Эгер баланы кєтєрє турган эненин ден соолугу чыў болуп, эч кандай гинекологиялык оорулар менен оорубаса , анда анын баасы ага жургїзїлгєн процедураларга жараша болот. ЭКУнун єзїнє кеткен чыгым 2200 долларды тїзєт. Ал эми дары-дармек, жумуртканы стимуляция кылып даярдоого 800-1500 доллар керектелет. Аялдын жумурткасын стимуляциялоонун баасы аялдын жаш курагына жана гормоналдык жактан дарылоосуна кєз каранды болот. Жалпы эсеп менен тїгєйлєргє 3000-3200 доллар кетет.

Карын энеден тєрєлгєн бала юридикалык жактан єзїнїн генетикалык ата-энесине гана тиешелїї

– Кыргызстанда ЭКУ аркылуу тєрєлгєн балдардын алды канча жашка чыгып калды? – Бизде ЭКУ аркылуу 200дєн ашуун бала жарык дїйнєгє келди. Балдарыбыздын алды бешке чыгып калды. – Бул ыкма аркылуу тєрєйм деген айымдар кайда кайрылышса болот? – ЭКУ ыкмасы менен балалуу болууну каалаган їй-бїлєлєр бизге кайрылышсын. Биздин дарек: Бишкек шаары, Исанов кєчєсї 42. Балалуу болуу бактысына ээ болууну каалагандар їчїн ар дайым кызматтабыз. Бизди интернет аркылуу http://www.clinic-a.in.kg/ сайтынан тапсаўыз болот.

– Жогоруда сиз айткан ашыкча тїйїлдїктєрдї тоўдуруп, кийин кайра колдонсо болобу? – Ооба, болот. Биз бул ыкманы колдонуп жатабыз. Уруктандырылган урук клеткалары бизде 1-2 жылга чейин сакталат. Кээ бир аялдар ЭКУ программасына келип биринчи баласын тєрєш їчїн урук клеткасын уруктандырат. Ашыкча урук клеткаларын тоўдуруп, биринчи баласы экиге чыкканда мурунку тоўдурулган урук клеткасын колдонсо болот. – ЭКУнун жардамы менен канча жашка чейин тєрєгєнгє болот? – 40-45 жашка чейин тєрєгєнгє болот. Кошумчалай кетїїчї нерсе, тїгєйлєр їй-бїлє кїтЛЕДИ | Май 2016 | 65


Ден соолук

ЧОРГОНУН СУУСУ ЭМНЕСИ МЕНЕН ЖАМАН? Суу бул суусундук гана эмес, организм їчїн єтє зарыл болгон минералдык туздардын да булагы. Андыктан адам суусуз жашай албайт, ал биздин їйїбїздєн їзїлбєшї керек. Бирок шаарларда чоргодон чыккан суу тиричилик керектєєлєрї їчїн гана: ага идиш жуусак болот, кир жуусак болот, жуунсак болот... А ичїї їчїн аны колдонбой эле койгонуўуз оў.

66 | ЛЕДИ | Май 2016

АЙМЭЭРИМ КУРБАНАЛИЕВА


ЭМНЕ ЇЧЇН? Анткени мындай сууга андагы микробдорду жана вирустарды єлтїрїї їчїн хлор кошушат. Тилекке каршы, хлор да организмге бир топ олуттуу зыян келтирет. Мисалы, ал табарсыктын рагын, ашказандын рагын, боордун рагын, ичегинин рагын чакырышы мїмкїн. Булар менен эле чектелбей, хлор жїрєк оорусунун, аз кандуулуктун, кан басымынын жогорулашынын да себепчиси болот. Айта берсе хлордун зыяндары тїгєнбєйт: ал терини кургатат, чачты кургатып, тїшїрєт, кєздїн былжыр челин бузат. Чоргонун суусуна жасалган тамак менен тазартылган сууга жасалган тамактын єтє чоў айырмасы бар. Чай менен кофенин да канчалык мыкты сорту болбосун, эгер алар хлорлонгон сууга жасалса, даамынын бузулганы дароо эле байкалат.

Айтмакчы, сууда хлор да єлтїрє албаган айрым бактериялар бар. Чийки сууну ичїї менен биз аларды илештирип алышыбыз толук мїмкїн. Андыктан сууну тазалоонун жок дегенде эў жєнєкєй жолдорун билсеўиз, ден соолугуўузду сактаган болосуз.

СУУНУ ТАЗАЛООНУН ЫКМАЛАРЫ Сууну кайнатуу Бул ыкма суудагы вирустар менен микробдорду єлтїрєт, бирок хлор кошулмаларын эмес. Мындан тышкары суу кайнаганда андагы бизге керектїї туздардын кайсы бир бєлїгї идиштин капталдарына жармашып калып калат.

Сууну тыныктыруу Бул - сууну хлордон тазалоонун эў жєнєкєй жана эч чыгымсыз ыкмасы. Хлор – учуучу кошулма, сууну идишке алып тыныктырып койгондо 6-8 сааттан кийин ага кошулган хлор бїт бойдон учуп кетет. Бул убакыт аралыгында сууну бир нече жолу аралаштырып коюу хлордун суудан бєлїнїп чыгышын тездетет.

Сууну тоўдуруу Їй шартында сууну тазалоонун эў натыйжалуу ыкмасы. Суунун бети катмарланып тоўо баштаганда аны колдоно берсеўиз болот. Мындай суунун жалгыз кемчилиги – анда пайдалуу туздардын аз эле бєлїгї калып калат. Андыктан иче турган тоўдурулган 1 литр сууга 100 грамм минерал суусун кошуп коюу керек.

Кємїр менен тазалоо Бул – дарыканада сатылган кадимки эле активдештирилген кємїр менен тазалоо. Ал їчїн 1 стакан сууга марлиге оролгон 1 таблетка кємїрдї салып коюу керек. 15 мїнєттєн кийин сууну тундуруп, иче берсе болот. Мындай суунун даамы жагымдуу болот жана эч кандай жыты

болбойт. Тилекке каршы, кємїр вирустар менен микробдорду єлтїрбєйт. Ошондуктан мындай ыкма менен тазаланган сууну кошумча дагы кайнатуу керек.

Кїмїш менен тазалоо Кїмїш да сууну микробдордон тазалайт. Сууну мындай ыкма менен тазалоо їчїн идиштеги сууга тїнї менен кїмїш кашык же дагы башка буюм салып коюуга болот.

Магниттин жардамы менен тазалоо Бул элдик ыкманын натыйжалуулугуна кепилдик бере албайбыз, ошентсе да ал мындайча тазаланат: идиштеги сууга магнитти салып бир нече саат коюп коюу керек. Дагы бир башка варианты: ашканадагы суу чыккан чоргого айланта магнитти жармаштырып коюу. Албетте, магнит сууну микробдордон да, хлордон да тазалабайт, болгону суунун ашыкча темирлерин жана туздарын єзїнє тартып алат.

Заманбап ыкмалары Бїгїнкї кїндє илимдин єнїгїї процесси тездегенден-тездеп отурат. Андыктан сууну тазалоонун заманбап техникалары бар. Кааласаўыз, баасы кымбат эмес фильтр-кувшиндер бар, кааласаўыз, їйдєгї жалпы суу тїтїктєрїнє орнотулган сууну тазалоочу атайын техникалык каражат бар. Экинчисинин баасы кымбатыраак, анткен менен сиз єз ден соолугуўузга салым кошуп жатпайсызбы.

ЛЕДИ | Май 2016 | 67


Їй-бїлє

НАРИСТЕМ

ЇЙ-БЇЛЄЛЇК ТАРБИЯНЫН ТЇРЛЄРЇ ЖАНА АНЫН БАЛАНЫН КАЛЫПТАНЫ­ШЫНДАГЫ ТААСИРИ Баласын ар ким ар кандай ыкма менен тарбиялайт. Анан туура эмес нерсе жасап койгон баласын «эмнеге баланчанын баласы мындай, сен андай эмессиў?» деп жемелейт. Чындыгында бала кандай болсо, ал тїздєн-тїз ата-эненин єзїнєн кєз каранды экенин кєпчїлїк ата-энелер капарына ала беришпейт.

68 | ЛЕДИ | Май 2016

АЙНАЗИК РАИМКУЛОВА

КАРАМАКАРШЫ ТАРБИЯ Їй-бїлєдє кээде эки башка тарбия орун алышы мїмкїн. Ата єзї каалагандай тарбиялоого аракет кылат, эне єз билгениндей ошого карама-каршы тарбия бергенге умтулат. Анын айынан їйдє ачык эле карама-каршылыктар, єчєшїїлєр кєп орун алат. Мисалы, атасы уруксат берген нерсеге апасы кайра тыюу салып коёт. Мындай тарбиянын жыйынтыгы баланын єзїнє ишенимсиз болуп калышына алып келет. Мындан тышкары ал бала єзїнїн ички дїйнєсї менен келише албаган, бардык иште туруксуз, эў негизгиси калпычы болуп калыптанып калат.


жасаганга аракет кылышат. Бара-бара бала да ушундай мамилеге биротоло кєнїп алат. Эмнеге жетишпей калса, анын баарын оорусуна шылтайт. Кийин оорусунан айыкканда деле айланасындагылардын аёосуна, кам кєрїїсїнє кєнїп алат да, анда єзїмчїлдїк сапат пайда болот. Ошондой эле мындай балдарда єз алдынча бир нерсеге умтулуу аракети болбойт.

КАТУУ МАМИЛЕ Айрым їй-бїлєлєрдє ата-эне балдарын катуу кармоого аракет кылат. Бул адатта чегинен чыгып кетет, балдарынын туура эмес кылган майда нерселери же укпагандары їчїн катуу жаза колдонулат. Мындай їй-бїлєдє чоўойгон балдар уруп-согууга эле дуушар болбостон, психологиялык жактан да басынышат. Башкача айтканда, катуу сєздєрдї угушат. Мунун натыйжасы баланын агрессивдїї болуп чоўоюшуна алып келет.

СЇЙЇЇ

ЭМОЦИЯСЫЗ ТАРБИЯ Тарбиянын бул тїрїндє муздактык басымдуулук кылат. Башкача айтканда, балага ата-эненин кєўїл буруусу, кам кєрїїсї жетишсиздик кылат. Натыйжада ата-эне менен баланын ортосунда эмоция жок болот. Мындай тарбияда чоўойгон бала эмоцияга жарды, єзїн баалоосу тємєн болуп калат жана єзїн жалгыз сезе берет. Бирок мындай балдардын кєпчїлїгї окууда ийгиликтерге жетишет.

КАМ КЄРЇЇНЇН ЖЕТИШСИЗДИГИ Кээ бир їй-бїлєлєрдє балага ата-эненин кам кєрїїсї, кєзємєлї жетишсиздик кылат. Баланын кызыгуусуна, жасаган иштерине маани берилбей кала берет. Мындай тарбияда чоўойгон балдар єз алдынчалуулукка эрте жетишет. Мунун жаман жагы – тарбия жетишсиз болуп калат да, айланасындагы адамдардын терс таасирлеринин тийип калуу коркунучу жогору болот.

АЁО Тарбиянын бул тїрї баласы кєпкє созулган же єнєкєт оорудан жапа чеккен їй-бїлєлєрдє кездешет. Анткени їй-бїлє мїчєлєрїнїн баары ооруган баласынын кєзїн карашат, анын айтканын айткандай

Ата-энелер балдарын сїйїшєт, анын кызыкчылыктарын тїшїнїїгє аракет кылышат. Ага туура жана калыс мамиле жасоого умтулушат. Баласынын демилгесин колдойт, бала татаал абалга туш келип калса, андан чыгууга жардам берет. Ата-эне эмоционалдык жактан сабырдуу болуп, бардык нерсени акыл калчап тынч чече билет. Їй-бїлєдєгї башкаруу стили демократиялуу. Мына ушундай тарбияда чоўойгон баланын келечеги кеў болушуна толук негиз бар. Анткени бул бала туура тарбияда чоўойду.

АШЫКЧА КАМ КЄРЇЇ Мындай учурда балага кам кєрїї, аны кєзємєлдєє, жасаган иштерине аралашуу єтє эле чектен чыгып кетет. Адатта бул иштебей їйдє отурган кожойкелердин бала тарбиялоо стили болуп эсептелинет. Алар муну менен єздєрїн «идеалдуу эне» кєрсєткїсї келет, бирок кемчилик кетирип жаткандарын єздєрї сезишпейт. Кемчилик болгонунун себеби: такай ата-энесинин кєзємєлїндє жїргєн баланын єз алдынча болууга їйрєнїшї кыйын болот. Мындай ата-энелер кичинекей кыйынчылыктардан баласын бошотуп, аны єз моюндарына алышат, баланын бардык талаптарын аткарышат. Убагында жакшы сезилгени менен бала чоўойгондо мындай тарбиянын бир топ эле зыяны тиет. Анткени бул балдар кєпчїлїк менен тил табыша албай кыйналышат, єз алдынча бир нерсени жасай алышпагандыктан жашоодо ийгиликке жетїїлєрї кыйын болот.

БАЛДАРГА АЙТУУГА БОЛБОГОН АЙРЫМ СЇЙЛЄМДЄР

Балдарыбызды тарбиялоодо колдонуп жїргєн айрым фразаларды психологдор балдарга карата колдонбоону сунушташат. “Агаўдан (эжеўден) їлгї ал”. Башка бирєє менен салыштыруу баланы єзїнє ишенбєєчїлїк сезимге алып барат. Ошондой эле бул нерсе кызганчаактыкты жана балдар арасындагы атаандаштыкты жаратат. “Атаўдан (апаўдан) сурайбыз, коё тур”. Жоопкерчиликти тїгєйїўїзгє тїртє коюу балаўыздын сизди укпай калышына себеп болот. “Эгер мени укпасаў, желмогузду чакырам”. Коркуу баланын психикасына жаракат келтирип, коркунучтуу тїштєрдї кєрїїсїнє алып келет. Мындан тышкары мунун баары жалган экенин билгенде балаўыз сизге ишенбей калат. “Бол батыраак, болбосо, таштап кетип калам”. Балдар жалгыздыктан коркушат. Аларды тынчсыздандыруу туура эмес. “Бул оўой эле. Эмнеге сен жасай албай жатасыў?” Бала­ўыздын єзїнє-єзї баа берїїсїн бузбаўыз. Мындай суроо алардын кыжырын келтирип, “мен эч качан эч нерсе жасай албайм” деген єзїнє ишенбєєчїлїк сезимди туудурат. ЛЕДИ | Май 2016 | 69


Тасма

КААРМАН

ДИНАРА ЧОКОЕВА

“БЕТМЕ-БЕТ” ЖЕ “КЕЛГИН КУШТАРДЫН ЫЙЫ” Чыныгы жашоодон алынган «Бетме-бет» повестин сїйїп окубаган же чыгарманын негизинде тартылган «Келгин куштардын ыйы» тасмасын суктанып кєрбєгєн кыргыз баласы жок чыгар. Бул тасма чыныгы окуя болгон жерлерде, тактап айтканда, Талас облусунун Кєк-Сай, Шекер айылдарында жана Суусамыр жайлоосунда, Ташкентте тартылган. Бусурман Одуракаев, КРнын Эмгек сиўирген артисти, эл аралык "Ч. Айтматов" сыйлыгынын лауреаты:

«ДЕНЕМ КЫЧЫШЫП ЧЫДАБАЙ КАЛГАНДА БИТТЕП КЕТПЕЙИН ДЕП СУРАНЫП МОНЧОГО БАРЫП ЖУУНГАМ» – Бул тасмадагы баш каармандын ролун жаратуу сизге кантип буйруп калды?

– 1990-жылы «Кыргызфильмде» аталган тасма тартылмак болуп режиссёр Бакыт Карагулов мени кастингге чакырып калды. Кєп деле їмїт кылбай барып сїрєткє, кинопробага тартылып коюп кеткем. Ал жерде менден башка да таланттуу бир топ балдар бар болчу, арасынан мени тандашыптыр. Тандоо тууралуу кийин “кєркєм кеўеш карап жатканда Чыўгыз ага єзї келип кєрїп сени жактырган экен” деп укканым бар. Бир дал келген кызык нерсе, мен да Талас жергесинен болом, бала кезден бул чыгарманы сїйїп окуп, дал ушул Ысмайылдын монологун айтып Алматыдагы кино институтуна єткєнмїн. 70 | ЛЕДИ | Май 2016

Съёмка январь айында башталмак болуп,башталар алдында режиссёр Бакыт Карагулов бизди Таластын Кєк-Сай айылына чыныгы Ысмайылга жолуктурганы алып барды. Ысмайыл аксакал ошол учурда аттан жыгылып тєшєктє экен. Єзї сексен экиге чыкса да кайраттуу, тамашакєй Ысмайыл атаны карап отуруп тїн жамынган ууру, коркок, саткын образды элестете албай койгом. Їч аялын, алардан тєрєлгєн балдарынын баарын бири-биринен кем кылбай караган камкор ата экен. Балдарын болсо: «Силер эки аял, їч аялды ойлобой, бир аялыўарды эптеп багып алгыла», - деп тамашалап каларын айтып кїлдїргєн эле. – Согуштан качып келген себебин єз оозунан уга алдыўызбы?


– Ооба, окуянын чоо-жайын бїт айтып берди. Карыянын айтымында, анын согуштан кача турган ою болгон эмес экен. Бул тууралуу: «Немистердин курал-жарагы толтура, биздикилер тараптагы колунда беш атардан башка куралы жок кырчындай жаш балдарды кырып атып жатышат. Атышып жатып єлїшсє да бир жєн, тез эле огу тїгєнгєн аскерлер немистин огунан чымындай кырыла баштады. Анан “ушинтип жєн жерден єлгєндєн кєрє айылга барып єлєлї» деп єлїп жаткан немистердин сааттарын тагынып, бут кийимдерин кийип алып мен, анан тєрт казак улутундагы киши болуп Сталинграддан качып 2-3 ай жол жїрїп туулган жерге келдик”, - деген эле. Келип їўкїрдє жашаганын да айтты. Уурулук кылганын эскерип: «Мен малды їйїрї менен уурдап келип айылдагы ачка олтургандарга таштап, єзїм мага жеткидей эле эт алып кетчїмїн. Айылдагылар малды мен уурдап келгенимди билсе да билмексен болуп органдарга айтышчу эмес. Мени менен кошо уурулукка барган жаш бала бар эле, бир кїнї ошол баланы айылдан милициялар кармап алып сабаса корккон жаш бала «Ысмайыл экєєбїз уурдаганбыз» деген тїшїнїк кат жазып бериптир. Анан милициялар їўкїр жакка келишти, бир сыйра атыштык. Анан аларга «уурулук кылганымды кимиў далилдеп бересиў? Мен силердей жаш балдар менен сїйлєшпєйм, жетекчиўер келсин» деп чыкпай койдум. Бир кезде жетекчиси келип «Эй Ысмаке, эми болбой калды, колго тїшїп бер» деп мени менен уурулук

кылып жїргєн баягы баланы кєрсєттї. Ошондо тигинин баарын айтып койгонун тїшїнїп айла жок колго тїшїп бердим», - дейт. Ошентип, он жети жылга эркинен ажыратылыптыр. Таў калычтуусу - экєєбїздїн кыял-жоругубуз, боюбуз, келбетибиз окшош экен. Режиссёр Бакыт Карагулов да Ысмайылды ошондо биринчи жолу кєргєн экен, ушундай дал келїї болуп калганына абдан кубанды. Ысмайыл ата узатарда: «Менин ролумду ойноп жаткан экенсиў, балам, менин жаман жагымды эмес, жакшы жагымды ал», - деп батасын берген. – Дезертирдин ролун аткаруу баары бир жеўил болбосо керек?

Аталышы: «Келгин куштардын ыйы» Тартылган жылы: 1990жыл Режиссёру: Бакыт Карагулов Сценарийин жазгандар: Чыўгыз Айтматов, Бакыт Карагулов, Марат Сары уулу Узактыгы: 1 саат 20 мїнєт Ролдордо: Бусурман Одуракаев (Ысмайыл), Шайыр Касымалиева (Сейде), Сабира Кїмїшалиева (Ысмайылдын апасы), Гїлназик Омарова (Тотой), Бакирдин Алиев (табып) ж.б.

– Анда 25 жаштагы кїчкє толуп турган кез экен, бир жагынан киного тартылуу кызык болуп кїнїмдїк кыйынчылык кєп билинген эмес. Ташкентте тартылып жїргєн учурубузда кинонун бир кадры абдан жакшы тартылып калды. Ошондо ыраматылык Сабира Кїмїшалиева: «Сен аябай эле берилип алыптырсыў, чындап ууру болуп кетпе», - деп тынчсызданган эле. Бир гана кыйынчылык - кыштын кычыраган суугунда їўкїрдїн ичинде їшїдїм. Їўкїрдє жашаган адамдын жїдєє образын берїї їчїн айлап жуунган жокмун. Качан денем кычышып чыдабай калганда биттеп кетпейин деп суранып мончого барып жуунгам. Жуунган менен кайра эле топурак менен чачтарымды уйпалап Ысмайыл кейпиме тїшїрїшєт...

ЛЕДИ | Май 2016 | 71


Тасма

ТАРЫХ

72 | ЛЕДИ | Май 2016


Бакыт КАРАГУЛОВ, КРнын Эл артисти:

«Їшїгєн балдардын баары шымдарына сийип салышыптыр» – Бул тасманын тартылып жатканын эстесем эле кєз алдыма кыштын суугунда кєк муштум болуп суу кечкен кичинекей балдар элестейт. Тасмада Ысмайылдын апасынын балдарды ээрчитип отун алып келе жатканын тоодон жашынып карап отурган жери бар. Ошол жерден сценарий боюнча баары жылаўайлак Беш-Таштын суусун кечип єтїшмєк. Кыштын кычыраган учуру, февраль айы болчу. Сєєк какшаткан суукта балдар менен Сабира эже шыргалаў сууну кечип єтїштї. Суудан чыккандан кийин балдарды кийинтип бир сыйра жылытып, анан кайра бир дубль тартып алалы деп карасак эле балдардын баары їшїгєнїнєн шымдарына сийип салышыптыр. Байкуш балдар ашып кетсе 3-4-5-класста окушкан айылдын балдары эле. Анан чочулап 3 литр спирт алып келип денелерине шыбап чыкканбыз. Азыр ойлоп ошол балдардын тасмага кызыгып ызгаардуу кышта суу кечкендерине таў калып, бир чети ыраазы болуп кетем. Дагы бир кызыгы, чыныгы жашоодогу Ысмайыл тїрмєгє тїшкєндє Чыўгыз Айтматов абдан баалаган орустун гений жазуучусу Достоевский жатып чыккан тїрмєгє тїшкєнїн мага єзї айткан. Болгондо дагы ал жаткан керебетке жаткан экен.

Шайыр КАСЫМАЛИВА, КРнын Эмгек сиўирген артисти:

«Бусурман экєєбїз чылапчындын кырына туруп тартылганбыз» – Тасмада Ысмайыл менен Сейденин согушка чейинки учурун эстегенде экєє кызгалдактардын арасында чуркап, анан экран алдында айланган жери бар эмеспи. Ошол жерин тартканда диск коюп, дисктин їстїнє тактай коюп аны айлантып тартышы керек болчу да. Бирок диск таппай калышты. Айласыздан анын ордуна чылапчын алып келип коюшуп, Бусурман экєєбїз ошол чылапчындын кырына турдук, балдар чылапчынды айландырып турушкан. Ошол учурду эстесем азыр дагы бир жылмайып алам. Тасманы эстеген сайын элестеген дагы бир учур, їйдїн ичиндеги окуяларды Ташкентте павильондун ичинен тартканбыз. Биздин кийген кийимибиз - калыў кєйнєк, чапан, жоолук. Ал эми Ташкенттин ысыгы 40 градус. Ысыктан дем ала албай тумчугуп абдан кыйналганым эсимде.

Бакирдин АЛИЕВ, КРнын Эл артисти:

«Эшек арыктан аттаганда ыргып барып жерге жатып калгам» – Тасмада мен Ысмайылдын апасы ооруп калганда барып тамырын кармаган табыптын ролун аткаргам. Съёмка башталды, мен табып болуп эшекке минип алып Ысмайылдын апасын кєргєнї жєнєп калдым. Кетип баратсам жолдо арык бар экен, ошол жерден эшек катуу аттаганда їстїнєн ыргып кетип жерге оонап калсам болобу. Кєргєндїн баары каткырышкан. Уялып кетип тура калып, анан єзїм дагы аларга кошулуп кїлїп кайра башынан аткарганым алигече эсимден кетпейт. ЛЕДИ | Май 2016 | 73


Адабият

САНДАН-САНГА

Айжаркын ЭРГЕШОВА

СЕН МЕНИКИСИЎ,

КЇДЄР! (Башталышы)

Жерден кєтєрїлгєн буу каалгый жымыраган толкун калтырып абага сиўип кетип атты. Жол бойлой жалгыз келе жаткан орто бойлуу, бир аз толук жаш кыз бутуна оролгон буу менен ойной кыялдуу кїлїмсїрєп єзї менен єзї. Анын кыялын артынан топурай келип кызды коюп кеткен боз балдар бузду. Жолго тизелей жыгылган кыз эмне болуп кеткенин тїшїнбєй ордунан тура калууга ашыкты. Бирок тизеси катуу ооруп кетти окшойт, алакандары менен бутун кучактай отуруп калды. – Катуу тийдиби ээ? - деди боорукер їн. Кыз жооп бере албай ооруксуна онтоду. – Кечирип койчу, байкабай эле, артым менен басып келе жаткам да, - деди ошол эле їн актанып. – Эл буту менен басса, силер артыўар менен басып деги кызык экенсиўер, - деди кыз ызалуу. Боз улан бырс кїлїп жиберди да, кайра кїнєєкєр кебете кийип кызды тургузууга кол сунду. – Єзїм эле, - деди кыз кабак чытый. Кыздын тизеси сыйрылып кеткени апакай шымынын сыртына чыга тїшкєн кандан билинип, боз улан отура калып кыздын тизесин кармалап жиберди. – Канап кеткен го, кел, ачып кєрєйїн, - деди астейдил. – Кереги жок, эмне, доктур белеў, - деди кыз бутун тартып. Боз улан топураган теўтуштарынан бєлїнє берип аксап бараткан кызды ээрчий басты. – Їйїў каерде? – Ошто. – Ош алыспы? Ал каерде? – Ош Ошто да. – Ии, андай жерди укпапмын. – Кандай укпайсыў? Ошту билбеген да киши болот экен ээ, - деди кыз бутун да унутуп калгандай тїзєлє берип. Боз улан ууртунан кїнєєкєр мулуюп койду. – Сулайман-Тоону уккан белеў? Боз улан дагы кїнєєкєр мулуйду, демек, аны да укпаптыр. Кыздын эми чындап ачуусу келгендей, кичинекей кабактарын тырыштыра “сїйлєшпєйм” дегенсип катуулай басты. Бирок буту ооруп атты окшойт, сылтый кадамы арбыбай койду. – Тамашаладым, кантип эле укпайын? Уккам, бирок барган эмесмин. Баргым келгени менен ал жакта бир дагы таанышым жок. Ырас болбодубу, эми сеникине барам. Болобу? – Билбейм, апамдар ким десе не дейм? – "Бул Кїдєр, менин жакшы таанышым" дейсиў да? – Кїдєр деген эмне маанини билдирет? – Апам "їмїт" дейт го. А сен кимсиў? – Мен Жарыкмын. Єз атым Жаркынай, баары Жарык дешет. – Жарык, сен жакшы кыз экенсиў, мага жагып калдыў, - деди Кїдєр басыўкы їн менен. – А сен мага жаккан жоксуў... - Кыздын да їнї єзгєрє тїштї. 74 | ЛЕДИ | Май 2016

– Неге? – Мага арты менен эмес, алдын карап баскандар жагат. Кїдєр чын дилден каткырды. Кїлкїсї абдан тунук, анан жагымдуу экен. Жигит кепти улантмакка суроо жаўыртты: – Бишкекке эмне жумуштап келдиў эле? – Окууга тапшырып жатам. Экєє кїн бою Жаш гвардия гїлбагында сейилдеп жїрїштї. Жарык бир кезде аппак жумуру билегиндеги саатын карап алып: – Жакшы кал, мен кетейин, - деди санааркагандай алагдыланып. Боз улан кызды байкесинин їйїнє чейин узатып келип кыйылып коштошту. Жарык таў куланєєк тартканда сыртка чыкты. Айылда жерге таманы тийип жашаган кызды шаардагы кирген бойдон сыртка чыкпаган кабат їйлєр кысып жиберген эле. Бир чети тапшырган сынактарынын жыйынтыгы сарсанаа кылган Жарык эрте эле барып упайын кєргїсї келди. – Кандайсыў, Жарык? Кыз капилет чыккан їндєн чочуп артына жалт бурула берди да, Кїдєрдї кєрїп адатынча кызарып кетти. – Сен каякка? – Улан тартына суроо узатты. – Университетке, упайымды билейин дегем. Экєє окуу жайга келгенде жан адам жок болчу. Кыз упайлар илинген тактага жакын калганда токтоп калды. – Эмне болду? - деди Кїдєр акырын. – Сен карап келчи, мен коркуп жатам, – Жарык чын эле калчылдап турган. – Макул, – боз улан ушу азыр кыз ажалга жиберсе да ойлонбой макул болууга даярдай шыр басып кетти. – Фамилиямды сурап койсоў боло, - деди кыз калдаўдаган Кїдєргє ууртунан жылмая. – Сенин фамилияўдын тушунда жїз элїї упай деп жазылып турат, - деди Кїдєр кыздын кабаккашын карап. – Чын элеби?! Єтїптїрмїн, Кїдєр! – кыз жигитти кучактай кїлїп жиберди. Кїдєр не кыла-


рын билбей солдоюп тура берди. Кыздан бир ажайып жыт келди. Бул жыт жигиттин эсин алып койгондой жалдырап, колун кайда катарын билбей апкаарыды. Жарык жигитти кандай кучактаса, ошондой боюн тартып кызарып кетти. – Кечирип кой, мен кубанып эле... – кыз кеп акырын жута албырды. Алар тїшкє жакын жол боюндагы кичинекей кафеге киришти. Жарык ар столдо экиден, їчтєн отурган адамдардан тартына босогодо туруп калды. – Кир, - деди улан артынан. – Элдер бар экен, - деди кыз шыбырап. – Тамак ичип жатышат да. – Бизди карап жатпайбы. – Эч ким караган жок, – Кїдєр кызды чыканагынан кармай алдыга жетелейин деди эле, кыз калчылдай артка кетенчиктеди. – Кирбей эле коёюнчу, элдер кєп экен. Мындай эле отуруп пирожки жеп албайлыбы? – деди кыз кїнєєкєр карап. Кїдєр чуркап барып жол жээгиндеги кїркєдєн пирожки сатып келди. Алар жол бойлой басып баратып пирожки жешти. Ушул майлуу, бир аз кїйїк даамданган пирожкинин даамын качандыр бир кезде сагынышарын, мындан кийин эч качан ушинтип жол бойлой басып чогуу жешпесин анда билишкен жок. Окууну канчалык кєксєп келсе да Жарык оболу шаарга кєнє албай єгєйлєнїп, ошол кїндєрї караан тутканы эле Кїдєр болуп калгансыды. Жигит бир аз жок болуп калса элеўдеп издеп, жалгызсырай бозоруп калчу болду. Жарык быйыл экинчи курс. Кыз ушул жазда суйсалып бой жетти. Бул жаздын дагы бир керемети – Кїдєр ушул жазда кызды алгач жїзїнєн сїйдї. Оболу уяў сагынычка, купуя арзууга толгон тартынчаак жолугушуулар аялуу, ысык тартты. Жарык каникулга кетерде кайра кєрбєй калчудай кыйылды. Айткандай эле, Жарык ошол каникулдан кайтып келген жок. Жарыктан кабар болбогонуна їч айдын жїзї болду. Тайпалаштарынан сураштырса бири да ал тууралуу билишпейт. Кїдєр Ошко, кыздын туулган айылы Єзгєнгє барып келїїнї чечти. Бей-

Минтип эрбейип жалгыз эмес, бїтїндєй Кєлдїн элин ээрчитип барсаў да алып келе албайсыў эми, їка

тааныш, эски, Жарык айтканчалык кооз шаар тїн бою жол жїрїп келген Кїдєрдї суз тосуп алды. Кайда басарын, кимден сураарын билбей элеўдеген жигит жергиликтїї элдин тилине да анча тїшїнбєй апкаарыды. Кїдєр Ошту го шаар элестеткен, бирок Єзгєндї мынчалык чоў элестетпептир. Бири-бирин беш колдой тааныган єзїнїн айылын элестеткен. Качан табарынан їмїтї їзїлїп баратканда кыздын: “Апам Мырзаке деген айылда мектепте иштейт”, - дегенин эстеди. Такси менен кечке маал айылга кирип барды. Жарык мына-мына алдынан чыга калчудай ашыгып барган жигит ар кимден кыз жайын сурай берип суй жыгылды. Чарчап, курсагы ачканда жол боюндагы сунала жыгылган чоў даракка отура кетти. Суз отурган Кїдєргє эки жигит келди да: – Сен кимди издеп жїрєсїў, їка? - деди бири. – Жарыкты издеп жїрєм, - деди Кїдєр бейтааныш жигиттерге їмїттїї тигилип. – Бизде Жарыктар кєп, комуз черткен Жарык, сїрєт тарткан Жарык, сага кимиси керек? – деди узун бойлуу кубакайы. – Сїрєт тартканы керек, байке. Бекболсунова Жарык. Апасы мектепте мугалим болуп иштейт, - деп жиберди кубана. – Аа, директор Бїбї эжекенин кызы тура. Эки жигит бирин-бири жалт карап алышты. Анан кубакай жигит маанилїї бир кеп айтчудай олуттуу тарта шадылуу колун сунду: – Менин атым Кубан, бул акаў - Осмон, - деди токтоо. – Кїдєр, - деди жигит экєєнї алмак-салмак їмїттїї карап. – Кайдан болом дедиў? – Кєлдєн, байке. – Ошол жактан издеп келдиўби? – Ооба. – Жигитчиликте нелер болбойт, їка, сен Жарыкка таарынба. Анын турмушка чыгып кеткенине їч айдай болуп калды. Бекер убара болупсуў. Кїдєр бирєє башынан ылдый муздак суу куюп жибергендей селейди. – Кантип? - деди уккан кулагына ишенбей. Чарчаганы, курсагынын ачканы эми билингендей шалдырады. – Ушинтип эле. Бизде кыз баладан эмес, эркектен да “кимди аласыў?” деп сурабайт. Ата-эне айттыбы, бїттї, макул дей бермей, - деди єзїнїн да бир єктєєсї бардай муўайым. Кїдєр эч макул боло албай, бирок макул болбоско чарасы да жок шалдайып отура берди. Боюндагы кайратын гана эмес, жашоосундагы бар кубанычын алып койгондой ичи аўылдап ээнсиреди. – Мен барсам болобу? – деди дагы эле ишене албай. – Сен барсаў эле Жарык кїтїп алат дейсиўби. Минтип эрбейип жалгыз эмес, бїтїндєй Кєлдїн элин ээрчитип барсаў да алып келе албайсыў эми, їка. Жакшысы бїгїн биздикине тїнє да, эртеў менен кетип кал, - деди Кубан жигитти далыдан таптай. – Азыр эле кетем, рахмат, - деди акырын. Жигиттин жалгыз болгусу келгенин туйдубу, экєє унчукпай басып кетишти. Кїдєр канча отурду, ким билет, бир кезде ордунан турду да, таксилер тарапка басты. Баары кїбїлїп калган бош денени кєтєрїп бараткансып ыйлагысы да, кыйкыргысы да, урунуп-берингиси да келбеди, тек гана максатсыз акыл жетегинде кете берди. (Уландысы кийинки санда) ЛЕДИ | Май 2016 | 75


Гороскоп

май 2016-ЖЫЛДЫН

АЙЫНА ГОРОСКОП

76 | ЛЕДИ | Март Май 2016 2016


Кой

Букачар

Май айынын башында Койлорду жумушунда да, жеке жашоосунда да жагымсыз окуялар кїтєт. Бирок муну олуттуу кабыл албаўыз, аз убакыттан кийин баары жакшы жагына єзгєрєт. Мисалы, эгерде бойдок болсоўуз, єзїўїзгє жаккан адам менен мамиле куруп баштоого мїмкїнчїлїк тїзїлєт. Ошондой эле айдын ортосунда маянаўыздан тышкары кошумча акча табасыз. Бул айда кандай гана сунуш болбосун коркпой кабыл алыўыз. Андан сиз акча да табасыз, ошону менен бирге убакытты да жагымдуу єткєрєсїз. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 2-май, 11-май, 20-май, 28-май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 7-май, 13-май, 16-май.

Букачарлар май айын жакындары менен сїйлєшїїдєн ырахат алып єткєрїшєт. Айдын ортосунда сизди жумушуўузда жагымдуу кабар кїтєт. Кєптєн бери кандайдыр бир кызмат ордун мээлеп же кошумча акы сурап жїргєн болсоўуз, дал ушул айда максатыўызга жетесиз. Андыктан аракетиўизди кїчєтїўїз. Бирок айдын аягында бир аз чарчоону сезесиз. Андыктан бош убактыўызда диванда чалкалап жаткандын ордуна сыртка чыгып таза абада сейилдеўиз. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 4-май, 13-май, 23-май, 29-май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 9-май, 14-май, 18-май.

Арстандарга бул айда жєн гана телевизор кєрїп же китеп окуу, уктоо кийинки ийгиликтерди багынтуусуна жакшы кїч болуп берет. Айдын ортосунда жагымсыз кабары менен жашооўузда бир кыз пайда болот. Ал сизге таптакыр тааныш эмес болушу мїмкїн, же єзїўїздїн эле чєйрєўїздєн да болушу мїмкїн. Аны їйїўїзгє киргизбеўиз, жаныўызга жакын жолотпоўуз. Жашооўузга кедергиси тийип калышы мїмкїн. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 3-май, 11-май, 25-май, 29-май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 5-май, 12-май, 31-май.

Жаачы

Арстан

Тїгєйлїї жаачыларга бул айда этиет болуу керектигин жылдыздар эскертишет: аларда тїгєйїнїн кызганычын жаратуу коркунучу бар. Бул кїтїлбєгєн жерден болуп кетет жана олуттуу уруш-талашка жеткирет. Андыктан жеўил ойлуулукка алдырбаўыз, сїйїктїї адамыўыздын сезимин аяўыз. Ошондой эле бул айда кїтїлбєгєн жерден жаракат алып калышыўыз мїмкїн. Андан алыс болуунун эў жєнєкєй жолу – коопсуздук эрежелерин дайыма сактап жїрїї. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 1-май, 10-май, 18-май, 27-май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 8-май, 15-май, 16-май.

Эгиздер

Бєйєн

Жылдыздар май айында диета тууралуу таптакыр унутууну сунушташат. Коркпоўуз, жылдыздар кепилдик беришет, бул айда бир грамм да салмак кошпойсуз. Айдын орто ченинде жумушуўузда кандайдыр бир окуя болот, кимдир бирєєнїн тагдыры сизден кєз каранды болуп калат. Оор басырыктуу болуп єзїўїздї кармай билиўиз. Кесиптештериўизге эки жїздїї кєрїнїп калуудан сак болуўуз. Май айынын жыйырмаларында жакын адамдарыўыздан болуп кєрбєгєндєй жагымдуу жаўылык угасыз. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 8-май, 17-май, 22-май, 27-май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 1-май, 13-май, 30-май.

Буга чейин башыўызда бир топ кїчтї жана эмоцияны талап кылган їйїлгєн иш бар болсо, акыры май айында ошолордун баарынан кутуласыз. Жумушуўузда убактылуу тынчтык єкїм сїрєт. Бул болсо сиздин кызматыўызга сурооталаптын токтоп калгандыгына же жетекчиўиздин алыска кеткенине байланыштуу болот. Бєйєндєргє кыймылсыз мїлккє байланыштуу маселелерди чечїї їчїн май айы - эў ылайыктуу ай. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 3-май, 13-май, 21-май, 24-май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 10-май, 15-май, 17-май.

Май айында сизге бир нече маанилїї чечимдерди кабыл алганга туура келет. Єзїўїздїн жїрєгїўїздї угуўуз, ал сизге туура жолду кєрсєтєт. Бойдок бийкечтердин жїрєгїн тааныштарынын арасынан бирєє багынтат. Айдын аягында каржы жаатындагы иштериўиз оў жагына оойт. Бул їчїн атайын деле кїч жумшабайсыз, баары оўой эле болуп калат. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 9-май, 14-май, 23-май, 30-май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 1-май, 22-май, 26-май.

Кошунаўыз сатып алган жаўы машина, курбуўуздун жаўы кийими же таанышыўыздын ийгиликтїї жашоосу сизди кєз артууга аргасыз кылат. Бирок ага жол бербеўиз. Сизде азыр жок нерсе бир айдан кийин пайда болот. Айдын ортосунда тєлєнбєгєн карыздарыўыз кыстай баштайт. Айдын аягында кимдир бирєєгє єзїўїздїн купуя сырларыўызды айткыўыз келет. Бирок жылдыздар тилиўизди тишиўизге катууну сунушташат. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 10-май, 13-май, 23-май, 25-май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 2-май, 17-май, 26-май.

Єзїўїздїн убактыўызды баалаўыз. Аны башкалардын уурдашына жол бербеўиз жана єзїўїз да текке кетирбеўиз. Курбуларыўыз менен маанисиз сїйлєшїїлєргє кетирген убактыўызды сїйїктїї адамыўызга, балдарыўызга бєлїўїз. Май айы кєп кубанычтарды тартуулайт: жагымдуу жаўылыктар, акчанын кєбєйїшї жана башка. Айдын аягында жумушта єзїўїздї кєрсєтїїгє жакшы мїмкїнчїлїк тїзїлєт. Аны пайдалана алсаўыз, жыйынтыгы эў сонун болот. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 5-май, 16-май, 24-май, 30-май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 9-май, 10-май, 13-май.

Текечер

Суукуйду

Балыктар

Бийкеч

Май айында олуттуураак болууну жылдыздар сунушташат. Тагдыр менен тамашалашпаўыз, анын арты кайгылуу бїтїп калышы мїмкїн. Жумушуўузда болгон окуяларга єтє берилбей, боло турчу кєрїнїш катары гана карап коюўуз. Жетекчиўизден адилетсиз мамиле кєрїшїўїз мїмкїн, же болбосо кесиптешиўиз єз кызыкчылыгы їчїн сизди пайдаланып кетет. Жеке жашооўузда сизди жагымдуу жаўылыктар кїтєт. Сїйїктїїўїз кїтїлбєгєн белек тартуулайт. Эгерде бойдок болсоўуз, тїгєйїўїздї жолуктурасыз. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 4-май, 15-май, 23-май, 30-май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 2-май, 14-май, 19-май.

Тараза

Бул айда кыймылсыз мїлккє байланышкан маселелер кєпчїлїк Суукуйдулардын негизги маселесине айланат. Алар їчїн насыя алганга ылайыктуу учур да ушул ай. Айдын аягында ден соолугуна байланыштуу маселелер чыгышы мїмкїн. Бул алкоголдук ичимдиктерге байланыштуу болушу ыктымал. Андыктан ичимдик ичкен абалыўызда рулга отурбоону жылдыздар катуу эскертет. Ошону менен катар кирешеўиздин єсїїсї орун алат. Бирок бул оўой менен болбойт, бардыгы єзїўїздїн аракетиўизден кєз каранды. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 2-май, 7-май, 15-май, 25май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 11-май, 14-май, 16-май.

Чаян

Балыктар жылдызынын алдында тєрєлгєндєр бул айда айланасындагы адамдарды угууга тийиш. Эгерде ар бир айтылган сєзгє маани берген болсоўуз, бул айда сизди кєптєгєн кызыктар жана ийгиликтер кїтїп турат. Айдын ортосунда бир нерсеге кайгырып ыйлашыўыз мїмкїн. Ал эми май айынын аяк жагында эч кимге убада бербеўиз, убадаўызды аткара албай калуу коркунучу бар. Кандайдыр бир ишти баштоого ылайыктуу кїндєр: 3-май, 14-май, 27-май, 30-май. Этиеттикти талап кылган кїндєр: 5-май, 12-май, 26-май.

ЛЕДИ ЛЕДИ||Март Май 2016 | 77


Тест

ЇЙ-БЇЛЄЛЇК ОЧОГУЎУЗ ТУРУКТУУБУ? Ар бир нике ар кандай. Кимдир бирєєлєрдїкї ажырагыс бекем болсо, дагы бирєєнїкї андай эмес. Ал эми сиздин їй-бїлєлїк очогуўуз кандай курулган? Аны тємєнкї тест аркылуу аныктоого болот. 1. Сиз тамак жасоодо...

А) кїйєєўїздїн табитин эске аласыз – 6 Б) єз табитиўиз боюнча жасайсыз – 2 В) бир жумалык белгилїї бир менюнун негизинде жасайсыз - 4

2. Кечинде бир жакка барууну пландагансыздар. Бирок акыркы саатта жолдошуўуз чарчаганын, эч жакка барбастыгын айтты. Сиз: А) єзїўїздїн да чарчаганыўызды айтып, їйдє эле калууну туура кєрєсїз – 5 Б) їйдє эле майрамдык дасторкон даярдайсыз – 6 В) жиниўиз келип, жолдошуўуздан кантип єч алуу тууралуу ойлоно баштайсыз - 2

3. Кичине кезиўизде сизге баарынан кайсы оюн жакчу? А) куурчак менен ойноо - 2 Б) балдар менен ойноо - 5 В) кээде балдар менен, кээде куурчак менен ойноо – 4

4. Ойногондо єзїўїздї кандай алып жїрчїсїз?

А) дайыма лидер болчусуз – 2 Б) башкалардын ою менен болчусуз – 6 В) дароо эмес, бирок оюндун жїрїшї менен лидер болуп калчусуз - 4

5. Кичине кезиўизде кандай кийинчїсїз? А) кыздардын кєйнєгїн – 5 Б) спорттук кийимдерди – 4 В) шым жана шортик - 1

6. Досторуўуздар менен жолугушууга сєз берип койгонсуздар. Бирок жолдошуўуздун маанайы жок. Сиз...

А) жалгыз кете бересиз – 4 Б) досторуўузга чалып, жолугушууну кийинкиге калтырасыз – 6 В) кїйєєўїз эмне десе, ошого макул болосуз – 3

7. Эгерде жолдошуўуздун эс алууга їй-бїлєсї менен барууга мїмкїнчїлїгї болбой калса...

А) єзїўїз балдарыўызды алып кете бересиз – 4 Б) сиз дагы барбайсыз – 5 В) барбайсыз, бирок эстеген сайын кїйєєўїздї жемелегениўизди койбойсуз – 2

8. Кїйєєўїз жумуштан маанайы жок келди. Сиз...

А) себебин тїшїнїїгє аракет кыласыз – 6 Б) їйдє да жумушу тууралуу ойлонгонуна жиниўиз келет – 2 В) эмне болгонун айттырбай тїшїнїп, ар кандай суроолор менен башын оорутпайсыз – 5

9. Эгерде ортодо карама-каршы пикир жаралса...

А) сиз єз оюўузда каласыз – 5 Б) чатак чыгып кетїї коркунучу турса да єз кєз карашыўызды коргооўуздан жазбайсыз – 1 В) жолдошуўузга жол бересиз, бирок жумшактыгыўыз їчїн єзїўїздї кїнєєлєй бересиз – 2

10. Жолдошуўуздун кєзїўїзгє чєп салаарынан шекшип калсаўыз... А) дароо эле “єзїм кїнєєлїї эмесминби?” деп ойлойсуз - 6 Б) єч алууга даярдана баштайсыз – 1 В) маани берїїнїн кажети жок деп эсептейсиз – 3

78 | ЛЕДИ | Май 2016

ЖЫЙЫНТЫК 23кє чейинки упай: Сизди єтє бактылуу деп айтууга болбойт. Кїйєєўїздїн ою менен эсептешпей, оюўузга эмне келсе кыла бересиз. Ортодо карама-каршылыктар тез-тез болуп турат. Эгер мамилени оўдоону колго албасаўыз, мунун аягы ажырашуу менен бїтїшї мїмкїн. 24тєн 48ге чейинки упай: Єз жаныўыздын тынчтыгы сиз їчїн баарынан маанилїї. Талаш-тартышта тынчтыкты сактоо їчїн гана жолдошуўузга оўой жол бошотуп берип койгонуўуз менен єз пикириўизден баш тартпайсыз. Кокус никеўиздердин бузулуп кетїї коркунучу жаралса, дипломатиялык жол менен аны калыбына келтирип алуу жєндємїўїз бар. 48ден ашык упай: Сизде аялга тиешелїї болгон сапаттардын баары бар, чечкиндїїсїз. Кээде никеўиздерге болгон нааразычылыктар жаралганы менен аны бекемдєє їчїн болгон кїч-аракетиўизди жумшайсыз.


ЛЕДИ | Май 2016 | 79


80 | ЛЕДИ | Май 2016


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.