2016 Жылдык Отчет | Тынчтык Корпусу

Page 1

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ

Тынчтык Корпусу


ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН ДИРЕКТОРУНУН КАЙРЫЛУУСУ Урматтуу достор жана өнөктөштөр! АКШнын Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун 2016жылы жасаган иш-аракеттери жөнүндөгү жылдык отчетту сиздерге тааныштыруу мен үчүн чоң сыймык. Кыргыз Республикасы Тынчтык Корпусунун волонтерлору үчүн 24 жыл бою меймандостук менен кучак жайып тосуп алган үй болуп калды. Азыркы учурда 70тен ашуун волонтерлор өлкөнүн бардык жерлеринде өз кесиптештери менен чогуу мугалимдерге жана жаштарга кесиптик деңгээлдерин жогорулатуу тренингдерин өтүү, ошондой эле Тынчтык Корпусунун дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана достукту орнотуу миссиясын жайылтуу аркылуу жамаатты өнүктүрүү максатында иштеп жатышат. Кыргыз Республикасынын өкмөтү маанилүү деп тапкан багыттарга ылайык, Тынчтык Корпусу бул жылы үч негизги долбоорду жана бир аралаш долбоорду ишке ашырды: англис тилин чет тили катары окутуу, жамааттын туруктуу өнүгүүсү, ден cоолукту чыңдоо жана жамааттарды өнүктүрүүчү чакан гранттар. Өткөн жылдагы ийгиликтерибиз үчүн биз мамлекеттик бардык (өлкө, область, район) деңгээлдеги өнөктөштөрүбүзгө, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз. Биз волонтерлор менен чогуу иштеген кесиптештерге жана кабыл алышкан үй-бүлөлөргө дагы ыраазычылык айтабыз. Сиздер бул отчеттон өткөн жылдагы биздин жалпы жетишкендиктерибиз жана волонтерлордун ага кошкон кызматы жөнүндө маалымат аласыздар. Тынчтык Корпусунун волонтерлору жогорку окуу жайлардагы, мектептердеги жана башка уюмдардагы жергиликтүү кесиптештери менен чогуу иштеп жаткандыктан бул отчет министрликтердин жалпы улуттук максаттарын кандайча алдыга жылдырып жаткандыгы жөнүндө дагы маалымат берет. Ушул жылы Тынчтык Корпусу өзүнүн Кыргыз Республикасындагы ишмердигинин 25 жылдыгын белгилейт. Биз ушул юбилейлик жылда бүт Кыргызстан боюнча жаштардын жетишкендиктерин майрамдоону жана аларды волонтерлукка, инклюзивдүүлүккө жана күчтүү коомду курууда активдүү катышууга чакырып, алар менен бир катар иш-чараларды уюштурууну пландаштыруудабыз. Биз бардыгыбыз, Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун кызматкерлери жана волонтерлору, ушундай бай маданияты бар керемет өлкөнүн ийгиликтерине, өзүнүн жарандары үчүн мыкты келечекти курууга умтулуусуна аз да болсо салым кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз.

Урматтоо менен, Роберт Д. Гловер, Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун Директору



ТЫНЧТЫК КОРПУСУ Тынчтык Корпусу саясий жана диний болбогон көз карандысыз АКШ өкмөтүнүн федералдык агенттиги болуп саналып, ал кызыкдар өлкөлөргө окутулган кызматкерлерге муктаж болгон өлкөлөрдүн адамдары үчүн чет мамлекеттерде иштөөгө даяр жана зарыл болгон учурларда кыйын шарттарда иштөөгө даяр америкалык волонтерлорду жөнөтөт. «Тынчтык Корпусун» жаратуу идеясы 1960-жылы Мичиган университетинин студенттерин тынчтык жана достук миссиясы менен башка өлкөлөргө барып, өз мекенине кызмат өтөөгө чакырган сенатор Джон Кеннедиге тиешелүү болгон. Ошентип, 1961-жылы президент Джон Ф. Кеннеди тарабынан расмий түрдө бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди колдоо үчүн Тынчтык Корпусу уюштурулган жана бул миссия азыркы күнгө чейин өзгөрүлгөн жок: 1. Квалификациялуу адистерге алардын муктаждыктарын канааттандырууга кызыкдар өлкөлөрдүн адамдарына жардам көрсөтүү.

2. Волонтерлорду кабыл алган өлкөлөрдүн калктары тарабынан американын элин мыкты түшүнүүгө көмөк көрсөтүүгө жардам кылуу.

3. Америка эли тарабынан башка калктарды мыкты түшүнүүгө көмөк көрсөтүүгө жардам кылуу.


Тынчтык Корпусунун волонтерлору бүткүл дүйнөдө аларды кабыл алуучу өлкөлөрдүн жергиликтүү жашоочулары менен бирге иштеп жана жашоо менен өздөрүн катардагы жарандарды өнүктүрүүгө арнашат. Алар окутуучулар, бизнес-кеңешчилер, жаштарды өнүктүрүү боюнча адистер, маалыматтык технологиялар тармагындагы кеңешчилер, ден соолукту чыңдоо жана АИВ/ЖИКСТин алдын алуу боюнча тренерлер жана айыл чарбачылыгы жана курчап турган чөйрө боюнча жумушчулар катары иштешет. Алар кабыл алган үй-бүлөлөрдөн жана өнөктөштөрдөн көп нерселерди абдан зор ынтаа менен үйрөнүшөт, алар иштеген өлкөлөрдүн маданиятына жуурулушат, ошондой эле жергиликтүү жамааттар тарабынан демилгеленген өнүктүрүү боюнча долбоорлорго катышышат. Бардык волонтерлор кабыл алган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн чакыруусу боюнча иштешет жана кабыл алуучу уюм менен кызматташып иш алып барышат. Тынчтык Корпусунун бүткүл дүйнө жүзү боюнча программаларын каржылоо АКШ Конгресси тарабынан ассигнацияланган жана америкалык жарандардын салык которууларынын эсебинен жүргүзүлөт.

Кантип волонтер болсо болот? Волонтерлордун кызматы 27 айга созулат, анын ичинде кабыл алуучу өлкөдөгү үч айлык окутуу жана волонтер катары 24 айлык эмгектенүү. Талапкерлер коомдук иштерге кызыгууну, лидерлик сапатты жана жаңы тилди үйрөнүүнү каалоосун көрсөтүүлөрү керек. Волонтерлор турак жайга, тамактанууга жана майда чыгымдарга кетүүчү чыгашаларды жаба турган жана катардагы жергиликтүү жашоочулардын деңгээлинде жашоого мүмкүндүк бере турган жөлөк пул алышат. Волонтерлор техникалык ыкмаларды, жергиликтүү маданиятты жана иштеп жашаган жерине ылайыктуу болгон тилди үйрөтүүнү камтыган атайын окутуу программасын ийгиликтүү аяктоосу керек.

Тынчтык Корпусу жөнүндө сандар жана фактылар


Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусу Америка Кошмо Штаттарынын Тынчтык Корпусу Кыргыз Республикасында 1993-жылы Кыргыз Республикасынын жана Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган өлкөлөрдүн кызматташуусу жөнүндө расмий макулдашуунун негизинде алгачкы жолу ачылгандан бери 24 жыл өттү. Ушул убакыт ичинде Тынчтык Корпусунун 1000ден ашуун волонтерлору жүз миңдеген адамдарга англис тилин үйрөнүүгө, башкаруучулук жана лидерлик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, жамааттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго катышууга жана дени сак жашоо мүнөзүн киргизүүгө жардам беришкен. Өкмөттөр аралык макулдашуу волонтерлордун негизги жумушчу орундары катары орто мектептерди, жогорку окуу жайларды, муниципалдык, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдарды, саламаттыкты сактоо мекемелерин, ошондой эле чакан жана орто ишканаларды билдирет. Ошондой эле өлкөдө иштеп кеткен волонтерлордун көп мууну мугалимдерди кесиптик даярдоо жана жаштарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ийгиликтүү аткарышты. Алар мугалимдерди окутуунун алдыңкы методдоруна, долбоорлорду пландаштыруу жана аткаруу көндүмдөрүнө, лидерликке, компьютердик сабаттуулукка, интернет-технологияларга окутуп, сын ой жүгүртүүнү жана гендердик билим берүүнү өнүк-

түрүүгө көмөктөшүү менен коомдун катышуусун чыңдоого жардам беришти. Волонтерлор жергиликтүү кесиптештери менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барышат. Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусу үч негизги долбоорду жана чакан гранттар боюнча бир аралаш долбоорду ишке ашырат: • Англис тилин чет тили катары окутуу • Жамааттын туруктуу өнүгүүсү • Ден соолукту чыңдоо • Жамааттарды өнүктүрүү үчүн чакан гранттар Тынчтык Корпусунун долбоорлорунун негизиндеги маанилүү багыттардын бири болуп жаштарды өнүктүрүү эсептелет. Волонтерлордун көпчүлүгү жайкы жана кышкы лагерлерди өткөрүүгө, жаш адамдарды турмуштук көндүмдөргө, сын ой жүгүртүүгө жана ЖОЖдорго кирүүгө окутууга катышышат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусу Жамааттардагы жаштарды өнүктүрүү боюнча долбоордун алкактарында жаштарга мыкты колдоо көрсөтүүнү камсыздоо максатында Жамааттын туруктуу өнүктүрүү жана Ден соолукту чыңдоо боюнча долбоорлордун күчтүү багыттарын бириктирүүнүн үстүндө иш алып барууда.

Тынчтык Корпусу «өнүгүү» терминин турмуштук шарттарын жакшыртуу боюнча алардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жардам берүүнү ойлоо менен адамды өнүктүрүү көз карашынан карайт. Муну менен волонтерлордун ишмердиги адамдын потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.


2016-жылдын жайында келишкен волонтерлордун тобу ант берүү салтанатында


Бүгүн волонтерлор Азыркы учурда Тынчтык Корпусунун волонтерлору 37 айылда, 10 райондун борборлорунда жана алты облустун сегиз шаарында эмгектенишет: Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй. Тынчтык Корпусу айылдарда жана шаар жерлеринде эмгектенип, чектелүү көлөмдөгү адам жана финансы ресурстары менен программалардын натыйжалуулугунун жогорку деңгээлин камсыз кылат. Өлкөгө келген учурда волонтерлор кесиптик даярдыктан өтүшөт жана алар бара турган жерге жараша, кыргыз же орус тилин, ошондой эле Кыргызстандын маданиятын үйрөнүшөт. Тынчтык Корпусунун волонтерлору жергиликтүү кабыл алуучу үй-бүлөлөрдө жашоо менен жергиликтүү жамааттарга жуурулушууга окуп-үйрөнүшөт. Волонтерлор баалуу маданий жана тил көндүмдөрүн алышат, ал эми кабыл алуучу үй-бүлөлөр америка маданияты жана салт-санаасы менен бөлүшүүгө умтулган жаңы уулдуу же кыздуу болушат.


Волонтерлордун жайгашкан жерлери


Тынчтык Корпусу Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Тынчтык корпусунун волонтерлору АКШны көрсөтүү менен II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда үч стратегиялык оюндарга – Мангала, Тогуз коргоол жана Ордо оюндарына катышты. Тынчтык корпусунун волонтерлору эки стратегиялык үстөл үстүндө ойноо оюндарында алдыңкы орундарды ээлешти, анын ичинде коло медалга ээ болушту. Ал эми татаал Ордо оюнунда Борбордук Азиянын командасы жеңишке жетишип, алдыңкы орунду ээлешти. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну волонтерлор үчүн уникалдуу маданий окуя гана болбостон, ошондой эле волонтерлор өлкөлөрдүн жана дүйнөнүн ар кыл бурчунан келишкен адамдар менен таанышып, достук мамилелерди түзө алышты.



АНГЛИС ТИЛИН ЧЕТ ТИЛИ КАТАРЫ ОКУТУУ БОЮНЧА ДОЛБООР (АЧКО)

Тынчтык Корпусунун волонтерлору методиканы жакшыртуу жана окутуунун натыйжалуу методдору жөнүндө маалымат алмашууга көмөк көрсөтүү максатында окутуучулар жана окутуучу-тренерлер катары эмгектенишет.

Тынчтык Корпусунун Англис тилин чет тили катары окутуу (АЧКО) долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин негизги өнөктөшү болуу менен мугалимдердин, окуучулардын жана жамаат мүчөлөрүнүн билимин жана кесипкөйлүгүн англис тилин окутуу ыкмаларын жакшыртуу аркылуу жогорулатууга багытталган. Тынчтык Корпусунун волонтерлору мектептерде жана жогорку окуу жайларда англис тилин командалык окутуу аркылуу англис тил мугалимдеринин деңгээлдерин жогорулатышат. Алар окуу жайларда окутуу ресурстук борборлорун түзүүгө же кеңейтүүгө жардам көрсөтүшөт, окуу программаларын жана усулдук материалдарды иштеп чыгууга шарт түзүшөт. АЧКО долбоорунун волонтерлору бекитилген окуу жайларда мугалимдер жамаатынын туруктуу мүчөсү катары эмгектенишет жана жыл сайын 150-200 окуучуну окутушат. Волонтерлор ошондой эле англис тил ийримдерин, компьютердик сабаттуулук боюнча сабактарды жана жаштарды өнүктүрүү сыяктуу класстан тышкаркы иш-чараларды дагы өткөрүшөт. 1993-жылы, долбоор жаңы башталган учурдан тартып, 600дөн ашуун АЧКО волонтерлору мугалим катары Кыргыз Республикасынын 200 мектебинде жана 15 ЖОЖунда иштеп келишти. 2016-жылы АЧКО долбоорунун 70 волонтеру 83 англис тил мугалимдер менен бирге иш алып барышты. Азыркы учурда АЧКО долбоорунун 52 волонтеру өлкөнүн алты облусунда иш алып барышат, анын ичинен 9 волонтер жогорку окуу жайларынын чет тилдер факультеттеринде жана адистештирилген лицейде жана 42 волонтер алыскы айыл мектептеринде иштешет.

1-максат.

Англис тил мугалимдеринин потенциалын командалык окутуу, аларга методикалык тренингдерди уюштуруу, жана окутуу ресурстарын өнүктүрүү аркылуу жогорулатуу.

2-максат.

ЖОЖдордун жана мектептердин окуучуларына сабакта жана сабактан тышкаркы чаралардын жардамы менен алардын англис тилде сүйлөө, сынчыл ойлоо жана өзүнө ишенүү жөндөмдөрүн өркүндөтүү.

3-максат.

Жамааттардын мектеп, ата-энелер жана окуучулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен байланышын күчөтүү.

Командалык окутуу - бул жергиликтуу мугалим менен Тынчтык корпусунун волонтерунун биргелешип пландаштыруусу жана окутуусу.

1


НЕГИЗГИ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Англис тил мугалимдеринин потенциалын командалык окутуу, аларга методикалык тренингдерди уюштуруу, жана окутуу ресурстарын өнүктүрүү аркылуу жогорулатуу, мугалимдер үчүн тренингдерди өткөрүү жана ресурстарды жакшыртуу.

ЖОЖдордун жана мектептердин окуучуларына сабакта жана сабактан тышкаркы чаралардын жардамы менен алардын англис тилде сүйлөө, сынчыл ойлоо жана өзүнө ишенүү жөндөмдөрүн өркүндөтүү.

• Волонтер менен иштешкен англис тил мугалимдердин 99% пайызы командалык окутуунун жыйынтыгында өздөрүнүн билими, англис тилинде сүйлөө жөндөмдөрү, жана кесиптик ыкмалары жакшырганын белгилешкен. Мугалимдер, волонтерлордун ишин жогору баалашат. (Булагы: Мугалимдерди сурамжылоонун жыйынтыктары, 2016-жылдын апрель айы) • 531 мугалим волонтерлор уюштурган ийримдердин, тренингдердин, семинарлардын жана жайкы лагерлердин натыйжасында өздөрүнүн окутуу жөндөмдөрүн жана ыкмаларын жакшыртышкан. • 34 англис тил мугалими волонтерлордун жардамы аркылуу тажрыйба алмашуу программаларына катышышкан. 2 мугалим үч айлык тажрыйба алмашуу программасын жеңип алышып, АКШга барып келишти. • Чакан гранттардын жардамы менен волонтерлор өз окуу жайларында 16 ресурстук борборлорду түзүштү. Окутуудагы кошумча материалдар: сөздүктөр, аңгемелер жыйнактары, доскалар, жана көргөзмө куралдар алынган. Ушул чакан гранттардын негизинде ресурстарды пайдалануу боюнча кошумча тренингдер өткөрүлгөн.

• 2016-жылы орто мектептердин жана ЖОЖдордун 1000ден ашуун окуучулары волонтерлордун жана англис тил мугалимдеринин командалык окуткан англис тили сабагына катыша алышты. • Волонтерлордун отчетторуна ылайык, 3000 миңден ашык окуучу англис тилде сүйлөө жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрү жакшырганын көрсөтө алышкан. 495 окуучу англис тили боюнча райондук жана облустук деңгээлдеги уюштурулган олимпиадаларга, тажрыйба алмашуу программасы болгон FLEX тесттерине катышышты.

• 2 волонтер күндүзгү бала бакча ачууга жана андагы шарттарды жакшыртууга жардам беришти :

Жамааттардын мектеп, атаэнелер жана окуучулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен байланышын күчөтүү.

Каракол педагогикалык колледжинде күндүзгү багуу борбору – Тынчтык Корпусунун волонтеру жана англис тил мугалиминин күчү менен ачылган. Бул жаш студент энелерге сабакка келүүгө жана колледжди аяктоого шарт түзөт. ○○

○○ Нарын облусунун Кызыл-Туу айылынын бала бакчасынын шарттары жакшыртылган.

• Волонтерлор жана англис тил мугалимдер уюштурган 10 жаштар лагерине катышкан 530 окуучу өздөрүнүн лидерлик, дени сак жашоо, жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн жакшыртышкан.


АНГЛИС ТИЛ МУГАЛИМДЕРИНИН ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ПОТЕНЦИАЛЫН ЖОГОРУЛАТУУ

Кочкор айылынын англис тил мугалими Бааркүл Солталиеванын ийгилигинин баяндамасы Кыргыз Республикасы өлкөнүн дүйнөлүк экономикасына ийгиликтүү катышуу, эл аралык байланыштарды жолго коюу жана колдоо, ошондой эле айрым жарандардын билимге, көндүмдөргө жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүү болушу үчүн англис тилинин маанилүүлүгүн тааныйт. Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусу өлкөнүн калкы англис тилин окуп-үйрөнүүгө жана окутуу методдоруна жеткиликтүү болушуна колдоо көрсөтөт. Кочкор айылынын англис тили мугалими Бааркүл Солталиева Тынчтык Корпусунун волонтерлору менен 2007-жылдан тартып иштеп, олуттуу кесиптик ийгиликтерге жетише алган. Азыр мектепте англис тилин окутуудан тышкары, ал ошондой эле окутуунун инновациялык методдору боюнча тренер катары иштейт жана райондук жана облустук деңгээлдердеги семинарларда өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүшөт. Тынчтык Корпусунун волонтеру ДеАнна Хандель менен бирге ал Нарын мамлекеттик университетиндеги мугалимдер үчүн окутуу борборунда англис тилчи башка мугалимдерге окутуу көндүмдөрүн тренингдер аркылуу жакшыртууга жардам берет. 2006-жылдын октябрь айында Билим берүү жана илим министрлиги Бааркүлгө «Биринчи категориядагы мугалим» квалификациялык категориясын ыйгарган. Анын максаты – бүт Нарын облусу боюнча мугалимдердин потенциалын жакшыртуу жолу менен мүмкүн болушунча көбүрөөк окуучуларды натыйжалуу окутуу. Бул Тынчтык Корпусунун волонтерлорунун иши мугалимдердин потенциалын кантип жакшыртып жаткандыгынын жана Кыргызстандагы англис тилин үйрөнүүчүлөргө көмөк көрсөтүүсүнүн бир мисалы болуп саналат. «Менин кесиптик ийгилигим Тынчтык Корпусунун үч волонтерунун колдоосунан улам мүмкүн болуп калды. Эң алгач өзгөчө татаал илимий тексттерди түшүнүү жаатында өзүмдүн англис тил көндүмдөрүмдү өркүндөттүм. Окуучулардын муктаждыктарына багытталган натыйжалуу окуу пландарын иштеп чыгууга жана практика жүзүндө окутуунун интерактивдүү жана инновациялык методдорун колдонууну үйрөндүм. Мисалы, окуучулардын сүйлөө жана угуу көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн аудиотексттерди, диалогдорду, видеоресурстарды, ошондой эле жаңылык материалдарын жана жаңы тема менен байланыштагы интернет-ресурстарын колдономун. Мен окутуунун ар түрдүү инновациялык методдорун, ролдук оюндарды жана дискуссияларды пайдалануу менен интерактивдүү окутууга үйрөндүм. Тынчтык Корпусу менен кызматташуудан улам, мен өзүмдүн убактымды башкаруу, ийгиликтүү пландаштыруу жана аналитикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүмдү жакшырттым, ошондой эле чет элдик маданият тууралуу көп нерсени биле алдым».

Бааркүл окутуу көндүмдөрүн жакшыртуудан тышкары, ал өзүнүн мектебине жана айылына жардам бере алганын айтты: «Тынчтык Корпусунун волонтерлору менен бирге биз Тынчтык Корпусунун чакан гранттары боюнча программасы аркылуу бир нече долбоорлорду ишке ашыра алдык. Биз англис тилинин ресурстук борборун жана англис тили кабинетин жабдыдык, 5-11-класстардын окуучуларын англис тили боюнча заманбап ресурстук материалдар менен камсыздадык, окуучулардын билимдерин эс алуунун достук атмосферасында жакшыртууга багытталган жайкы лагерлерди өткөрдүк. Биз ошондой эле жергиликтүү бий тобу үчүн грант утуп алдык. Мен окуучуларыма арнаган убактым өзүн кантип актап жатканын байкоо абдан таң каларлык. Аларга мектепте алган англис тили боюнча билимдери жана көндүмдөрү кийин ийгиликтерге жетишүүгө жардам берип жаткандыгына абдан сыймыктанам. Мен өзүмдүн билимимди жана тажрыйбамды башка мугалимдер менен бөлүшүүгө ар дайым кубанычтамын жана биздин мектеп өзгөчө англис тилин окутуу көз карашынан алганда Нарын облусундагы үлгүлүү мектептердин бири болуп калганын ишенимдүү айта алам. Билим алууга эч качан кеч эмес», - дейт Бааркүл оюн жыйынтыктай.

Бааркүл жана ДеАнна грант утуп алышкан, анын алкактарында мектепти заманбап ресурстук материалдар менен жабдышып, окутуу методикасы боюнча тренингдерди өткөрүшкөн.


Нарын облусунун Ат-Башы айылынын мектеп окуучусу Улукбек Калиясовдун

ийгилигинин баяндамасы

Улукбек Тынчтык Корпусунун волонтеру Кристостон алган билим жана көндүмдөр анын алдыга койгон максатына – FLEX программасына кабыл алынышына жетишүүдө өзгөчө роль ойногонун белгилеп кетти. Ат-Башы, 2016-жыл. 2016-жылдын августунда Улукбек Калиясовдун тилеги орундалды – ал мектеп окуучулары үчүн FLEX алмашуу боюнча бир жылдык программага кабыл алынып, азыр бул программа боюнча АКШнын Канзас штатынын Винфилд шаарында жашап жана окуп жатат. Улукбек бул анын өмүрүндөгү алгачкы ири жетишкендиги экенин, бирок ал ушуну менен токтоп калбай турганын айтат. Азыр анын максаты жакшы ЖОЖго тапшырып, татыктуу билим алуу, жогорку деңгээлдеги кесипкөй болуу жана Кыргызстандын бакубатчылыгы үчүн эмгектенүү. «Бул кадимки жайдын күнү болчу. Үйүбүздө Бишкекте турушкан эжелерим конокто эле. Мен апама огороддо жардам берип жаткам. Эжем кубанып үйдөн чуркап чыкты да, мени бир жыл бою америка мектебинде окуучулардын билим алуусун каржылай турган FLEX программасына кабыл алынышым менен куттуктай баштады. Адегенде мен ишене алган жокмун, «шок» болуп калдым деп айтсам болот. Андан кийин максат-тилегиме жеткениме кыйлага кубанып жүрдүм», - дейт Улукбек.


– Улукбек, АКШдагы алмашуу боюнча программага кандайча катышып калганың тууралуу айтып берсең?

албетте, өзгөчө роль Тынчтык Корпусунун волонтеру Кристоско таандык десем болот, ал биздин айылда иштейт.

- Жыл сайын Кыргызстандан ондогон жогорку класстын окуучулары окуу жылын АКШда, кадимки америка үй-бүлөсүндө жашап, Кошмо Штаттардын жашоосу жана маданияты менен таанышуу үчүн өткөрүү мүмкүндүгүн алышат. Ал үчүн үч баскычтан турган сынактан өтүү керек. 2016-жылдагы бактылуулардын бири мен болдум. Бул программа тууралуу мага эжем бир нече жыл мурун эле айткан. Анда мен буга ишенбей мамиле кылган элем, өлкөнүн чегинен тышка чыгуудан коркчумун, АКШдагы окуу жана жашоо жеке өсүш үчүн жакшы мүмкүндүктөрдү жана жаңы билимдерди тартуулай турганын жеткире түшүнгөн эмесмин. Ошентсе да тогузунчу класста катышып көрүүнү чечип, бирок өтпөй калгам. Мен онунчу класста алдыма максат койдум – АКШга окууга барууга даярдана баштадым. Менин максатыма жетишиме англис тилинен берген мугалимдерим жардам беришти,

Кристос мага тилди гана өздөштүрбөстөн, сын ой жүгүртө, максат кое билүү жана убакытты башкаруу сыяктуу көндүмдөргө үйрөттү. Кристос биздин үйдө жашачу, экөөбүздүн ортобузда мен аны кыргыз тилине, ал болсо мени англис тилине үйрөтүү тууралуу макулдашуу бар эле. Бир үйдө жашагандыгыбызга карабастан, бизде кошумча сабактар үчүн убакыт жок эле, анткени Кристос мектепте сабак бергенден башка, англис тили курсун алып барып, айылды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырчу, ал эми мен болсо, мектепте окугандан тышкары, дүкөндө иштечүмүн. Айрым учурда мен өзүнүн англис тилин жакшыртууну каалагандардын баарын кабыл алган тил клубуна барчумун. Ошентип, мектепте окууну, ата-энеме үйдө жана дүкөндө берген жардамды жана англис тилин үйрөнүүнү айкалыштырып, мен убакытты туура бөлүштүргөнгө үйрөндүм.

– АКШдагы мектеп жашоосунан жана сен туш болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып берчи. - Мен бөлүнгөн мектеп Канзас штатынын Винфилд шаарында жайгашкан. Мен сентябрда, окуу процесси башталганда келдим, мага өзүмдүн америкалык классташтарымды кууп жеткенге туура келди. Адегенде тил жана сабактар менен кыйынчылыктар болду. Мен дайыма бардык жерде сөздүк менен жүрдүм, бирок тез эле жуурулушуп, эки айдан кийин эле тил менен болгон кыйынчылыктарды сезбей калдым. Сабактар күн сайын 8ден 15:30га чейин уланчу, алардын ичинен эки саат үй тапшырмаларына бөлүнөт. Ошондой эле кечинде үйдөн үй тапшырмаларын толук жасап, класстан тышкаркы иштер менен алектенем. Сабактардан кийин спорттук залда машыгам. Досторум менен түшкү тамак маалында жана машыгуу учурунда баарлашууга мүмкүн болот. Калган убакытта мен сабак менен алектенемин. Мектеп сезондук турнирлерди уюштурат

Улукбек өзүнүн үй-бүлө жана Тынчтык Корпусун волонтеру менен.


– баскетбол, футбол жана башка. Мен ал жакта да ойнойм жана жаңы америкалык досторум менен убакытты жакшы өткөрөмүн. – Америкада мектепте окуган учурда кандай билимдерди жана көндүмдөрдү алдың? – Мен көп нерсени АКШдан үйрөндүм, бирок, балким, эң башкы жетишкендик жеке мүнөзгө тиешелүү болот: мен тартынчаак болбой калдым, өз ойлорумду жана идеяларымды жакшы айтууну үйрөндүм. Мурда идеяларым мыкты болсо дагы өз пикиримди айтуудан тартынчумун. Мен көптөгөн өзүм ишенген максаттарды алдыма койдум. Ошондой эле мен өз алдынча болуп калдым, өзүм менен өзүм жеке калуу жана белгилүү чечимдерди кабыл алуу мүмкүндүгүм бар. Мен мектептеги сабактардан тышкары, алмашуу боюнча кел-

ген окуучулар үчүн ар түрдүү долбоорлорго активдүү катышамын. Бир аз мурун мен шаардын башкы дарыгери тууралуу класстан тышкаркы ишимди жаздым, ага чейин герман маданияты тууралуу жазганмын. Мындай долбоорлор өнүгүүгө жардамдашат. Азыр мен документтерди толтуруп, ушул эле FLEX программасынын алкагында университетке кирүү үчүн экзамендерге даярданып жатамын. Ушунун баарын мен өз алдымча жасап жатам. Мен кабыл алуучу үй-бүлөдөн да жолдуу болдум. Менин америкалык апамдын аты Карла, атам – Роберт. Биз көп убакытты чогуу өткөрөбүз, бир аз мурун, каникул маалында АКШны кыдырдык. Алар абдан жакшы адамдар, меймандос, дайыма мени колдошот, бирок өз максаттарыма жетишүү үчүн мен өзүмө гана ишенүүгө үйрөнүп жатамын.

Улукбек кабыл алган үй-бүлөсү менен АКШда, Канзас, 2017-ж.


ЖАМААТТЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮ БОЮНЧА ДОЛБООР (ЖТӨ)

Жамааттын туруктуу өнүгүүсү боюнча долбоордун волонтерлору жамааттардын мүчөлөрү менен иштеп, жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтөт.

Жамааттын туруктуу өнүгүүсү боюнча долбоордун волонтерлору коомдук уюмдардын, чакан бизнестин жана жергиликтүү жаштар демилге топторунун өкүлдөрү менен иш алып барышат. Алар жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Долбоор жергиликтүү жамааттар жана уюмдардын өкүлдөрү ортосунда кызматташууну бекемдейт, аларга жергиликтүү калктын жашоо сапатын жогорулатууга жардамдаша турган социалдык олуттуу долбоорлорду натыйжалуу баалоого, пландаштырууга жана жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. 2016-жылы өлкөдө Жамааттын туруктуу өнүгүүсү боюнча долбоордун 15 волонтеру иштешкен, алар уюштуруучулук өнүктүрүү жана ресурстарды башкарууда 35тен ашуун уюмдарга колдоо көрсөтүшкөн, 1500 мектеп окуучуларын жана студенттерди кесиптик турмуштук көндүмдөргө жана ишке орноштуруу көндүмдөрүнө окутушкан.

1-максат. Чакан бизнести башкаруу жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча көндүмдөрдү жакшыртуу жолу менен өнүктүрүү.

2-максат. Сунушталып жаткан кызматтардын сапатын уюштуруу түзүмүн күчөтүү, пландаштыруу жана ресурстарды башкаруу көндүмдөрүн жогорулатууга көмөк берген уюштуруучулукту өнүктүрүү.

3-максат. Жаштардын потенциалын жогорулатуу максатында алардын профессионалдык, жашоого керек болгон, жумуш издөө жана ишкерлик жөндөмдөрүн өөрчүтүү.


НЕГИЗГИ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР 25ке жакын жергиликтүү бизнес ишканалары Тынчтык Корпусунун 12 волонтерунун жардамы менен ишмердиктин финансылык башкаруу, ички башкаруу, продукттарды жана кызматтарды иштеп чыгуу, керектөөчүлөрдү тейлөө жана маркетинг сыяктуу аспектилерин жакшыртышкан.

Жергиликтүү социалдык багыттуу бизнестин жана ишкердиктин өкүлдөрүнүн потенциалы жакшыртылган.

Жергиликтүү коомдук уюмдардын потенциалы жогорулатылган.

• Элеттик аялдар үчүн аялдарга киреше алып келе турган ишмердикти баштоого жардам берүү максатында ишкердик боюнча тренингдер өткөрүлгөн. • Караколдогу Тынчтык Корпусунун волонтеру «Мыкты келечек үчүн бышырабыз» аталышында долбоор иштеп чыккан. Үй зомбулугунан жабыр тарткандарга финансылык сабаттуулук боюнча жана кекс, банан наны жана шоколад пирогу сыяктуу уникалдуу азыктарды бышыруу боюнча тренингдер өткөрүлгөн. Долбоордун максаты аялдар күн сайын бышырган азыктарын жергиликтүү дүкөндөргө жана кафелерге сата алуусуна багытталган. 50гө жакын жергиликтүү коомдук уюмдар Тынчтык Корпусунун 14 волонтерунун колдоосу менен башкаруу жана уюштуруучулук туруктуулук аспектилерин жакшырта алышкан. Ошондой эле стратегиялык пландаштырууну жана кызматкерлердин потенциалын кеңейтүүнү жакшыртуу максатында волонтерлорду кабыл алуучу уюмдарга уюштуруу диагностикасынын аспаптарын колдонуусуна техникалык колдоо көрсөтүшкөн, бул аларга грантка карата билдирмелерин тапшырууга мүмкүндүк берген. 12 жергиликтүү уюм Тынчтык Корпусунун 9 волонтерунун жардамы менен каражаттарды тартуу стратегиясын, анын ичинде кирешесине көз салууну жана гранттык колдоону жакшырта алышкан. 75 жаш адам өздөрүнүн ишкердик көндүмдөрүн Тынчтык Корпусунун волонтерлору тарабынан өткөрүлгөн бизнес-лагерлердин, тренингдердин жана жеке кеңеш берүүлөрдүн жыйынтыгында жакшырта алышкан. 1850 жергиликтүү окуучулар ишкердик, гранттарды жазуу, ишкер англис тили, сын ой жүгүртүү, волонтерлук, эссе жана резюме жазуу, интервью көндүмдөрү, лидерлик, чыр-чатактарды жөнгө салуу жана алдыга максаттарды коюу боюнча Тынчтык Корпусунун волонтерлору уюштурушкан кружокторго катышуунун натыйжасында жаңы көндүмдөрдү жана билимдерди ала алышкан.

Жаштардын ишкердик жана кесиптик көндүмдөрү жакшыртылган.

395 катышуучу чечимдерди кабыл алуу жана көйгөйлөрдү чечүүдө өз көндүмдөрүн жакшыртышкан. • Волонтерлор алты облусту кыдырып, ишке орношуу көндүмдөрү жана лидерлик боюнча 800 катышуучуга тренингдерди өткөрүшкөн «Билим кербени» долбоору мыкты долбоорлордун бири болгон. Тренингге чейин жана кийин өткөрүлгөн тесттерге ылайык, өз көндүмдөрүн жакшыртууга ишенген катышуучулар тренингден кийин 50%га көбөйүшкөн. • Тынчтык Корпусунун волонтёру жана өнөктөш коомдук уюм тараптан жогорку класстагылар үчүн бизнес-лагерь уюштурулган. Бирге иштөө менен жаш катышуучулар балмуздак саткан күркөдөн ролик катогуна чейин практикалык бизнес-пландарды иштеп чыгышкан. Ошондой эле волонтерлор катышуучуларга баштапкы чыгымдарын жаба турган инвесторлорду табууга көмөктөшүшкөн.


Ийгиликтин баяндамасы

Fat Cat Karakol – Каракол шаарындагы социалдык ишкердик боюнча долбоор

2016-жылдын жайында Жамиля Сыдыгалиева Fat Cat Karakol кафесин Тынчтык Корпусунун волонтеру Алекс Симмонстун жардамы менен ача алган. Бүгүнкү күндө Жамиля кафеден алынган кирешени үйү жокторго, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана үй зомбулугунун курмандыктарына жардам берүү менен маанилүү социалдык долбоорлорго жумшоодо. Тынчтык Корпусунун волонтеру менен иштеп, Жамиля өз жамаатында чечүүнү талап кылган бир нече олуттуу маселелерди тапкан. Мисалы, көпчүлүк үй-жайсыз адамдар өз кыйынчылыктары менен өздөрү калышып, жашоо үчүн күрөшүшөт; айрым балдар мектепти эрте таштап кетүүгө аргасыз болушат, анткени алардын үйбүлөлөрүнүн балдарына китеп-дептер алууга каражаты жок. Алекс жана Жамиля мындай маселелерди чечүү үчүн социалдык ишмердикти ачуу жана муктаждарга жардам берүү боюнча долбоорду иштеп чыккан. 10 ай ичинде алар ийгиликтүү бизнес-планды иштеп чыгышып, Indiegogo порталы аркылуу каражат топтошкон жана тез эле Fat Cat Karakol кафесин ачышкан, ал аймакта жок болгон интернационалдык ашканага адистешкен. Fat Cat Karakol 2016-жылдын августунан бери туруктуу иштеп келе жатат жана Жамиля өз коому, өзгөчө мектеп жашындагы балдар үчүн көп нерсени жасай алды. Кафеден түшкөн киреше үйү жокторго, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана үй зомбулугунун курмандыктарына жардамы тийүү менен маанилүү социалдык долбоорлорду ишке ашырууга пайдаланылууда. Ошондой эле Жамиля Тынчтык Корпусунун волонтерлору менен чогуу аялдарга бизнес-тренингдерди өткөрүү жолу менен мүмкүндүктөрүн кеңейтүү боюнча иш-чараларга тартылган. Тренингдер киреше булагын кантип түзүү керек, өз бизнесин кантип баштоо керек, ошондой эл кактап бышыруу сабактарын камтыйт. Жамиля андан ары ишти илгерилетүүнү ойлоп, башка ишкерлерди жана жеке адамдарды аярлуу адамдарга жардам көрсөтүүдө ага кошулууга шык бергиси келет. Кыска мөөнөттүү келечекте муктаж болгондор түздөн-түз жардам алышат,

ал эми кайрымдуулук кылгандар башкалардын жашоосу жакшыра баштаган фактыны көрүп ыраазы болушат. Узак мөөнөттүү келечекте бул идея коомдоштукта активдүү жактырылып, бирине бири кам көргөн адамдардын санынын көбөйгөнүн көрүүгө мүмкүндүк бермекчи. Көп учурда Fat Cat Karakol кафесинин коноктору Жамилянын жакырларга жардам берип жатканын көрүп шыктанышат. Жергиликтүү жашоочулардын көбү мындай демилгеге кошулууга ынтызарлыкты билдиришкен. Ийгилик сага, Жамиля! Сен сыяктуу адамдар дүйнөгө көбүрөөк керек.



ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО БОЮНЧА ДОЛБООР

Волонтерлор Тынчтык Корпусунун мугалимдерди, окуучуларды жана жаштарды окутуу жана жөндөмдөрдү үйрөтүү боюнча иш-чараларына катышышат. Алар балдар учун лагерлерди уюштуруп, мектептер, жаштар болборлору жана жамааттар менен иштешип, алардын ден соолук тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу максатында тренингдерди өткөрүшөт.

2007-жылдан тартып Тынчтык Корпусу Саламаттыкты сактоо министрлиги менен айыл деңгээлинде ден соолукту бекемдөө боюнча иш-чараларга колдоо көрсөтүп кызматташып келет. Ден соолукту чыңдоо боюнча долбоордун волонтерлорунун ишмердиги жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин жана жамааттардын лидерлеринин потенциалын баланын ден соолугу жана бакубаттыгы, репродуктивдүү ден сооолук, жүрөк-кан тамыр оорулары, кургак учуктун алдын алуу жана АИВ/ЖИКС тууралуу маалымат алууну жогорулатуу сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга топтолгон. Ден соолукту чыңдоо боюнча долбоордун волонтерлору бүткүл өлкө боюнча ар түрдүү уюмдарда: жергиликтүү деңгээлде шаарлардын же айылдардын Ден соолукту чыңдоо борборлорунда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, жергиликтүү медициналык окуу жайларында же саламаттыкты сактоого багытталган башка коомдук уюмдарда иштешет. Волонтерлор тарабынан жергиликтүү кесиптештери менен бирге ишке ашырыла турган бардык иш-чаралар Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ден соолукту чыңдоо боюнча стандарттарына шайкеш келет жана ден соолукту чыңдоо боюнча узак мөөнөттүү, туруктуу өнүгүүгө жана маалымат жана кызматтарды алууга жеткирет. 2016-жылы Ден соолукту чыңдоо боюнча долбоордун 19 волонтеру жергиликтүү кесиптештери менен Саламаттыкты сактоонун айыл комитеттеринде, Ден соолукту чыңдоо борборлорунда, жергиликтүү мектептерде жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү өкмөттүк эмес уюмдарда иш алып барышкан. Тынчтык Корпусунун волонтерлору муктаждыктарга баа беришкен жана уюштуруу өнүгүүсүн жакшыртууга жана кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга багытталган иш-чараларды демилгелешкен. Жергиликтүү кесиптештери менен бирге волонтерлор жамааттардын мүчөлөрүнүн дени сак жашоо мүнөзү тууралуу маалымат алуусун жогорулатууга саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин жана педагогдордун потенциалын жогорулатуу аркылуу көмөк көрсөтүшөт. Алар медициналык-санитардык маалыматты жогорулатуу боюнча чогуу иш алып барышат, жамааттардын маалымат алуусун жогорулатуу боюнча программаларды иштеп чыгышат жана ден соолукту коргоо тармагындагы алдын алуу чараларын белгилешет. 1-максат. Жамааттардын мүчөлөрү А гепатитинин жана ашказан-ичеги ооруларынын алдын алуу максатында санитардык-гигиеналык көндүмдөрдү жакшыртышат.

2-максат. Жамааттардын мүчөлөрү жугуштуу эмес оорулардын коркунучун төмөндөтүүгө шарт түзө турган жүрүм-турумду өзгөртө башташат.

3-максат. Жамааттардын мүчөлөрү дени сак жашоо мүнөзү тууралуу өз билимдерин кеңейтишет жана АИВнин таркалуу коркунучун коопсуз эмес жыныстык жүрүм-турумду азайтуу аркылуу төмөндөтүшөт.


НЕГИЗГИ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР Жамааттардын мүчөлөрү гигиена жана санитария, ошондой эле таза сууга жана санитардык шарттарга жеткиликтүүлүк боюнча билимдерин жакшыртышкан.

Жамааттардын мүчөлөрү жүрүм-турумун жугуштуу эмес оорулардын коркунучун төмөндөтүү тарапка өзгөртүшкөн.

Жамааттардын мүчөлөрүнүн дени сак жашоо мүнөзү тууралуу билимдери жакшыртылган.

459 мектеп окуучусу жана жамааттардын мүчөлөрү волонтерлор жана жергиликтүү кесиптештери тарабынан өткөрүлгөн сууга жана санитарияга жеткиликтүүлүктү жайылтуу боюнча тренингдерге, семинарларга жана иш-чараларга катышышкан. 54 мектепте таза суу, гигиена жана санитария боюнча иш-чаралар сабактарын жүгүртмөгө киргизүү боюнча тренингдер өткөрүлгөн. 3 905 жамааттардын мүчөлөрү 18 волонтердун жана жериликтүү кесиптештеринин күчтөрү менен өткөрүлгөн жугуштуу эмес оорулардын коркунуч факторлорун төмөндөтүүгө багытталган тренингдерге, семинарларга, ментордук программаларга жана маалыматтык кампанияларга катышышкан. Мурда дене тарбия активдүүлүгүн практикалашпаган 173 адам Тынчтык Корпусунун жети волонтерлорунун жардамы менен физикалык жактан активдүү болуп калышкан.

900 мектеп окуучусу жана жамааттардын мүчөлөрү 17 волонтер жана алардын жергиликтүү кесиптештери тарабынан уюштурулган семинарлар, жайкы лагерлер, жеке кеңеш алуулар жана спорттук кружоктор аркылуу туура чечимдерди кабыл алуу, эрте кош бойлуулуктун, жыныстык жол менен берилген оорулардын (ЖЖБО) жана алкоголдук жана баңгизаттык көз карандылыктын алдын алуу тууралуу билимдерди алышкан.


Ийгиликтин баяндамасы

Кара-Коо айылындагы ден соолукту чыңдоо боюнча маалымат алууну жакшыртуу Айылдык дарыгер Жаңыл Кара-Коо айылында Тынчтык Корпусунун волонтеру Тереза Тауэрдин колдоосу менен ден соолукту чыңдоо ресурстук борборун ачты. Алар биргелешип ден соолукту чыңдоо боюнча тренингдерди жана ден соолукту чыңдоо, аз кандуулук, балдардын тамактануусу, баланын өнүгүүсүнүн курактык баскычтары жана колдун гигиенасы боюнча билим сыяктуу темалардан маалымдар болууну жогорулатуу иш-чараларын өткөрүштү. Кара-Коо – Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагынын административдик борбору, Каракол шаарынан 160 чакырым аралыкта тоолордун арасында жайгашкан кооз айыл. Тынчтык Корпусунун волонтеру Тереза Тауэр Кара-Коо Үйбүлөлүк дарыгерлер тобунда (ҮДТ) иштейт жана жергиликтүү Ден соолук комитетине колдоо көрсөтөт. Кара-Коо ҮДТсы айыл округун тейлейт, анын курамына Кара-Коо менен биргеликте жакын жерде жайгашкан чакан алты айыл кирет. Терезанын максаты – жергиликтүү медициналык кызматкерлерге жамааттардын гигиена жана санитария маселелери, инфекциялык оорулар коркунучун кыскартууга көмөктөшүүчү сергек жашоо мүнөзү жана жүрүм-туруму боюнча маалыматын жогорулатуудагы алардын аракеттерин колдоо. Дарыгер Жаңыл ден соолукту чыңдоо боюнча ресурстук борбор ачуу зарылчылыгын аныктап чыкты, анын базасында ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чараларды жана жергиликтүү жашоочулар үчүн тренингдерди өткөрүүгө болот. Жаңылдын пикиринде, маалымдуулукту жогорулатуу үчүн маанилүү темалардын бири - кош бойлуу аялдардын жана жаш энелердин тамак-ашы болуп саналат. Аз кандуулуктун алдын алуу оңой, бирок ошого карабастан ал айыл жергесинде, анын ичинде анын жамаатында кеңири жайылган. Эненин туура тамактануу тууралуу тиешелүү билими аз кандуулук менен күрөшүү жана аялдардын бүтүндөй ден соолугу жана репродуктивдүү саламаттыгы, ошондой эле алардын балдарынын ден соолугу, жашап кетүүсү жана өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт. Тереза Жаңылдын демилгесин колдоду жана алар биргеликте ҮМБда Ден соолукту чыңдоо борборун түзүү жана ден соолукту чыңдоо маселелериндеги маалымдуулукту жогорулатуу боюнча грантты Тынчтык Корпусунан алышты. Ресурстук борбор үчүн бөлүнгөн бөлмө сыналгы, керебет, эмерек менен жабдылып жана ресурстук материалдар менен камсыздалды. Бүгүнкү күндө ресурстук борбор ырааттуу иштейт жана жамаатка пайда алып келүүдө. Дарыгер Жаңыл жана Тереза ден соолукту чыңдоо маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу иш-чараларын биргеликте өткөрүп жатышат. Алар мезгил-мезгили

менен жаш энелер үчүн ден соолук, баланын өнүгүүсүнүн курактык баскычтары, төрөлгөндөн баштап беш жашка чейинки балдардын туура тамактануусу жана колдун гигиенасы темаларында тренингдерди өткөрүп келишет. Кош бойлуу аялдарга, ошондой эле энелердин ден соолугу жана тамактануусу, кош бойлуу кездеги кооптуу белгилер, аз кандуулук коркунучу жана анын алдын алуу ыкмалары маселелери боюнча тренингдер өткөрүлөт. Кара-Коо айылындагы сергек жашоо мүнөзү боюнча демилгелер тренинг жана маалыматтык иш-чаралар менен эле чектелбейт. Айылдын аялдары үчүн Терезанын жумасына төрт жолу өткөрүп жаткан йога жана аэробика сабактары көнүмүш болуп калган. Андан тышкары Тереза ҮМБнын кызматкерлери үчүн англис тили боюнча сабактарды жумасына бир жолу өтүп турат. «Мен өзүмдүн жамаатыма көбүрөөк пайда алып келе турганыма жана аялдардын жыргалчылыгына, анын жыйынтыгында бүткүл жамааттын жыргалчылыгына көмөктөшө алаарыма абдан кубанычтамын. Биз Тынчтык Корпусунун волонтеру Терезага анын аракеттери жана колдоосу үчүн ыраазыбыз. Анын аты өзүнө жана жеке сапаттарына дал келет – ал биздин Тереза Апабыз. Мен өзүм аны менен кызматташуунун жардамы аркылуу өзүмө ишенимдүү болуп калдым жана өзүмдүн билимдеримди башкалар менен бөлүшүүнү үйрөндүм. Мен маалыматты интерактивдүү ыкмалар менен берүүгө жана аялдарды ден соолук тууралуу билимдерге кызыктырууга үйрөндүм, бул ден соолук менен болгон көйгөйлөрдүн алдын алат жана бизге алар менен натыйжалуу күрөшүүгө жардам берет», – дейт дарыгер Жаңыл.


Жамааттарды өнүктүрүү үчүн чакан гранттар Тынчтык Корпусунун волонтерлору жергиликтүү кесиптештери менен биргеликте жергиликтүү жамааттарга потенциал жана туруктуулукту жогорулатууга басым жасоо аркылуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө жардам беришет. Ден соолукту чыңдоо, жашоо ыкмаларын жакшыртуу, билим берүү, искусство жана лидерлик боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатат. 2016-жылы Тынчтык Корпусунун волонтерлору жергиликтүү кесиптештери менен кызматташтыкта 41 чакан грантты ийгиликтүү ишке ашырышкан. 1995-жылдан тарта программанын алкагында жамааттар тарабынан демилгеленген 500дөн ашык чакан долбоорлор ишке ашырылган. Волонтерлор долбоорлорду ишке ашырууда техникалык жардам көрсөтүшүүдө жана жергиликтүү өнөктөштөр менен тажрыйба жана билим алмашып келишүүдө. Чакан гранттар мугалимдер үчүн тренингдерди, мектептер жана жамааттар үчүн ресурстук борборлорду, ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иш-чараларды, жайкы лагерь, сергек жашоо мүнөзүн илгерилетүү боюнча иш-чараларды, жаштардын лидерлигин, тренерлер үчүн тренингдер жана спорттук иш-чараларды кучагына алат. Чакан гранттарды каржылоо USAID Программасы тарабынан чакан долбоорлорду колдоо жана Тынчтык Корпусунун өнөктөштүк боюнча Программасы тарабынан ишке ашырылат. Каржылоо булагына карабастан, бардык чакан гранттар жалпы максатты – жергиликтүү жамааттардын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүнү көздөйт.


Ийгиликтин баяндамасы

Мобилдүүлүк үчүн велосипеддер

Бул велосипеддер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго аралаштыруу максатында атайын жасалып чыккан. “Бала кыялы” коомдук уюму ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн алардын коомго жуурулушуусу үчүн жылып жүрүүчү каражат модификацияланган велосипед жасап чыгарууга грант алды. Тынчтык Корпусунун волонтерлору Джон Бланчард жана Джон Вилкинсон коомдук фондго билдирме даярдоо жана долбоорду ишке ашыруу процессине колдоо көрсөтүштү. «Бала кыялы» КУ өкүлдөрү жаштар үчүн ден соолук маселелери боюнча программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып жатканда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын (ДМЧ) катышуусунун төмөн экендигин белгилешти. Бул ДМЧларда жылып жүрүүчү каражаттын жоктугу менен байланыштуу болду. Долбоордун командасы адистештирилген велосипеддерди жасоого макул болгон жергиликтүү механик Нават Мамакеев менен байланышты. Бирок анын адистештирилген жабдуусу жок болчу. Гранттык каражаттар адистештирилген тренинг өткөрүү, аспаптарды жана запастык бөлүктөрдү сатып алууга багытталды, бул жергиликтүү механикке үч дөңгөлөктүү велосипеддердин үч түрүн даярдоого мүмкүнчүлүк түздү. Бул велосипеддердин дизайны

ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын дене тең салмактуулугун сактоо, буттардын кыймылдоо функцияларынын чектелүүсү менен жүрүүсү жана башка чектөөлөр сыяктуу ар кандай керектөөлөрүнө жооп берет. Долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү жамаат дагы четте калган жок, ал имаратты ижарага алууну камсыздап, буюм чыгаруучу жерди даярдады жана негизги өндүрүштүк жабдууну алып келди. Биринчи үлгүлөрдү даярдагандан кийин 10 велосипед чогултулуп, алар дагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарга берилди. «Биздин велосипеддер боюнча долбоорубузга башка уюмдардан чон кызыгуу болуп, өлкөн үн ар кайсы бурчунан кызматташуу боюнча суроо-талаптар келуудө. Биз кызыкдар уюмдар менен тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө жана аларга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго аралаштыруу максатында жылып жүрүүчү каражаттарын касмыздоодо жардам беруугө кубанычтабыз», – дейт Тамара Балкибекова.


Багытта! Жаштар үчүн лидерлик боюнча жайкы лагери Тынчтык Корпусунун волонтеру Тоби Кокс чакан гранттар боюнча программанын алкагында лидерликтин жайкы лагерин уюштурду. Лагерь Чүй облусунун жаштарынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, аларда лидерлик жөндөмдү, пландаштыруу жана шыктандыруу ыкмаларын калыптандырууга багытталган. Борбордук Азиянын Америка университетинде (АУЦА) бир жумалык лагерь өтүп, ал катышуучуларга күн бою иш-чараларга катышууга жана АУЦАнын жатаканасында калууга мүмкүндүк берди. Катышуучулар гендердик теңдик, адам укугу, ден соолук мамилелери, үй-бүлөнү пландаштыруу, ВИЧ-инфекциясынын жугуу жолдору, тамактануу, фитнес, технология жана ыктыярдуулук сыяктуу темаларды талкуулашты. Лагердин аягында катышуучулар Бишкек шаарында жайгашкан ар кыл уюмдарда күн бою волонтер болуп иштешип, социалдык пайдалуу ишмердик менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул чакан гранттар боюнча Тынчтык Корпусунун программасы аркылуу ишке ашырылган көп долбоорлордун бири гана.

Волонтерлордун көпчүлүгү жайкы жана кышкы лагерлерди өткөрүүгө, жаш адамдарды турмуштук көндүмдөргө, сын ой жүгүртүүгө жана ЖОЖдорго кирүүгө окутууга катышышат.


Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусу 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чокморов көч., 304 E-mail: KG01-Info@peacecorps.gov Тел.: 0312650494 Facebook.com/PeaceCorpsKG


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.