ЭЛЕТТИК АЯЛДАР
Мазмуну
Кириш соз
4 5
Айылдык фонд – лидерликтин мектеби
6 10
Сейдикумдагы Умай-эне Сыноого салган сел
14 18 22
Меш эмес, талаа багат
26 30
Беш элдин айылы
34 38
Капустадагы йод 42
Айылды кармап турган аялдар
Кириш соз
Мен сиздердин назарыӊыздарды “Элеттик аялдар” жарыялоосуна киргизилген он окуяга бурмакчымын. Аларда Кыргызстандын түштүк облустарынын айылдык аялдары “Аялдар жетектеген аялуу жана аз камсыз болгон үй чарбаларына айыл чарба көмөгү” долбооруна катышуудагы өздөрүнүн тажрыйбалары жөнүндө айтып беришет. Ушул жеке окуялар аркылуу БУУнун бирдиктүү программасынын алкагында (Delivering As One – DAO) аялдардын гендердик теӊдигин жана укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү маселелери боюнча БУУнун түзүмүнүн (ООН Женщины) жана БУУнун Азык-түлүк жана Айыл чарба Уюмунун (ФАО) биргелешкен долбоорунун негизги натыйжалары көрсөтүлгөн, бул долбоор Кыргызстанда 2012-жылдын мартынан ноябрына чейин “Коомдоштуктарды өнүктүрүү боюнча альянс” (СDА) өкмөттүк эмес уюмдар менен өнөктөштүктө жүзөгө ашырылган. Ушул жарыялоо киреше берчү ишкердикке аялдардын күрдөөлдүү катышуусу алардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүгө шарт түзөөрүнүн ачык-айкын далили болуп саналат. Андыктан долбоорду иштеп чыгуунун жүрүшүндө биздин алдыбызда турган негизги милдет аялдар жетектеген эӊ аялуу үй чарбаларын колдоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу болуп саналууда. Ушул жарыялоодо Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын он айылында өздөрүнүн жашоо-турмушунун сапатын жакшыртышкан өз ара жардамдашуу (ӨЖТ) топторунун он мүчөсү жөнүндө чыныгы окуялар келтирилгени менен долбоордун тийгизген таасири алда канча кеӊ. Мында кеп глобалдуу экономикалык жана энергетикалык азык-түлүк кризисинин таасирине туруштук бере турган дараметти түзүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө сөз жүрүүдө, бул өз кезегинде экономикалык өз алдынчалыкты жогорулатууга жана айылдык аялдардын жигердүү эмгектенүүсүнө жардам берет. Биз ушул демилге республиканын айылдык калкы үчүн айыл жеринде экономикалык ишти жигердүү жүргүзүүнүн өрнөгү болуп кызмат кыла алат деп үмүттөнөбүз. Эӊ башкысы алар иштеп акча табууга башка өлкөлөргө же шаарларга убара тартышпастан, өз өлкөсүнүн турмушун оӊдоого салымдарын кошо алышат. Д-р Сабина Махль, Кыргызстандагы ООН Женщины Өкүлү
2009-жылы БУУ тутуму БУУ Бирдиктүү программасын түздү (DАО). Бул БУУ тутумунун калктын эӊ аялуу катмарына глобалдык экономикалык, энергетикалык жана азык-түлүк кризисинин таасирин төмөндөтүүгө болгон жообу болгон. БУУ, ФАО жана ООН Женщины бирдиктүү программасынын алкагында “Аялдар жетектеген аялуу жана аз камсыз болгон үй чарбаларына айыл чарба көмөгү” долбоорунун экинчи фазасын биргелешип жүзөгө ашырышууда. (Биринчи фазасы 2010-жылы жүзөгө ашырылган). Ушул ООН Женщины жана ФАО биргелешкен долбоор Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында кичине жер участокторуна ээ үй чарбаларын жетектеген эӊ аялуу аялдарды колдоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга багытталган. Ушул долбоордун алкагындагы иш-чаралар ФАО жана ООН Женщины башка долбоорлорунун иши менен тыгыз байланышып, айыл жергесинде жашаган кедей үй-бүлөлөрдү колдоо максатын көздөйт. Бул долбоордун натыйжалуу болушуна мүмкүнчүлүк түзүп, жыйынтыгында айылдык кедей аялдарга натыйжалуу жана туруктуу колдоо көрсөтүлүүсүн камсыз кылат. Ушундай жарды жана аялуу катмарлардын иштөөсүн жандандыруу жана алар менен бийликтин жергиликтүү органдарынын ортосунда кызматташтыкты орнотуу үчүн ООН Женщины аялуу үй-бүлөлөрдөн өз ара жардамдашуу топторун түзүү жана айылдардын деӊгээлинде айылдык фонддорду түзүү жолу менен өз ара жардамдашуу топторун (ӨЖТ) бекемдөө менен социалдык мобилизациялоо концепциясын колдонот. Ушул долбоордун алкагында ООН Женщины “Коомчулуктарды өнүктүрүү боюнча альянс” (СDА) өкмөттүк эмес уюм аркылуу социалдык мобилизациялоону жүргүзөт. БУУ ФАО долбоордун бенефициарларга жашылчанын (сабиз, помидор, бадыраӊ, түстүү капуста) үрөндөрүн, жер семирткичтерди, кичи-теплицаларды, чачкычтарды берүү, ошондой эле агротехнологиялар жана үй шарттарында жашылчаларды кайра иштеп чыгуу боюнча окууларды өткөрүү, техникалык колдоо көрсөтөт.
Элеттик аялдар Айылдык фонд – лидерликтин мектеби
АЙЫЛДЫК ФОНД “48 аял – 48 кыял-мүнөз, андыктан ар биринин жаш курагын, алган таалим-тарбиясынын өзгөчөлүгүн жана менталитетин эске алуу менен жекече мамиле жасоо зарыл. Фонддун ишин бир калпта, калыс жана ачык-айкын алып баруу – дал мына ушул негизги принциптерди лидер жетекчиликке алууга тийиш”,- дейт адам ресурстарын башкаруу тажрыйбасы менен бөлүшө Баткен районунун Бужум айылынын “Достук” айылдык фондунун жетекчиси Сайида Садирова. А “ 48 кыял-мүнөз” деп жөн жеринен айтып жаткан жок, алар 2012-жылдын мартында долбоордун алкагында түзүлүп, Айылдык фондго биригишкен өз ара жардамдашуу сегиз тобунун (ӨЖТ) мүчөлөрү. Сайиданын айтуусунда долбоор алардын чоӊ айылынын, ошондой эле аны ишке ашырууга катышкан аялдардын күндүм турмушуна кыйла эле өзгөрүүлөрдү киргизди, чын-чынына келгенде “көздөрү умачтай ачылды”. “Мени эле алалычы, долбоорго чейин кадыресе үй кожойкеси элем. Ал турсун медициналык билимимдин болгонуна карабай, айылдан татыктуу эмгек акысы бар иш таба албадым. Калган көп аялдардай эле үйдө отурчумун, айылдык жыйындарга эч барчу эмесмин, менин сөзүм эмне чечмек эле дечүмүн. Мына эми мен айылдын активдүү аялзатынын биримин, айылдагы үй-бүлөлөрдүн ирденишине, анан да бул жардамга баарынан зарыл болгондорго жардам берген Айылдык фондду жетектейм”. Күндөлүк үй тиричилигинин түйшүгүнөн баш көтөрбөгөн үй кожойкеси менен бүгүн айылдын активисткасынын айырмасы
6
Элеттик аялдар Айылдык фонд – лидерликтин мектеби
асман менен жердей. Ага бүгүн көчөдөн жолуккан бейтааныш адамдар деле “биз да долбоор менен иштешсек болобу?” – деп сурашат. Ошондо Сайиданын бир ай бою тыным дегенди билбей өзүн өстүрүүнүн үстүндө иштегени, тренингдерде окуп жаткан мезгилде түпөйүлдөнө бергени эсине кылт эте калат. Анда “колумдан келбей калсачы” деген коркунучтан селт эте түшөр эле. А бирок жарым жыл мурун берген убадасын эстегенде чыйралчу, намыстанчу. Ошондо айылда жыйын өткөзүшүп, долбоордун максаттарын жана милдеттерин айтып түшүндүрүшүп, аялдар тобу менен иштешүүгө анын талапкерлигин көрсөтүшкөн. “Байкап көрөйүн”, - деди Сайида бир аз олку-солку боло, анткен менен эми артка чегинүүгө болбосун эӊ сонун түшүндү: “Өзүӊ суу жүрөк болсоӊ, калгандарды кантип артыӊан ээрчите аласыӊ дедим ичимден. Анан “Көз коркок, кол баатыр” дедим да шымалана иштей баштадым. Биз анда ООН Женщины менен биргеликте мобилизация жасап жаттык, ӨЖТ түзүү иши кыйынчылык менен жүрүп жаткан, анткени бири өз күчүнө ишенбесе, бири долбоордун ийгилигине көздөрү жеткен жок. Өзгөчө аялдарды ӨЖТдагы жамааттык жоопкерчилик талабы жана ай сайынкы ички фондго мүчөлүк акы төлөп туруу чочулатты. Аларды жалпы жыргалчылык үчүн бардык күч-аракеттерди бириктирүү аркылуу гана көздөгөн максатка жетүүгө болору долбоордун өзөгү экенин миӊ мертебе айтып түшүндүрүүгө туура келди. ӨЖТга ишенип киргендердин эч кимиси топтон чыгып кетишкен жок. Ал турсун аялдар өздөрүнүн кажыбас эмгеги менен айылдаштарына нукумдай жерден жакшы түшүм жана киреше алууга болорун далилдешти. Аз күн мурун эле алардын үй-бүлөсүн “кедейликтин пирамидасы ” деп аталган кирешеси аз үй чарбасына кошушчу. Айылдык фонд жана анын уставы –ӨЖТнын туруктуулугунун кепилдиги деп эсептейт Сайида. Анткени уставдын жобосу фонддун бардык мүчөлөрү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет, андыктан жалпы ишке катышуу менен бардыгы өздөрүнө жамааттык жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө милдеттенме алышат. Ал эми Садированын өзү үчүн Айылдык фонд лидерликтин чыныгы мектеби болуп калды: “Мен адамдар менен иштешүүнү үйрөндүм, өзүмө ишеничим артты, лидерлик сапатты өнүктүрдүм, - дейт оюн бөлүшүп Сайида. – Андан да жолдошум Ашимге чексиз ыраазымын, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло колдоо көрсөтүп, ӨЖТнын жана фонддун ийгиликтерине мени менен кошо кубанат”. ”Достук” айылдык фондунун куржунунда мүчөлүк акылардан чогулган 100 000 сом бар, себеби ар бир ӨЖТ
долбоордун алкагында берилген жардамдан 30 пайызын кошуп турушат. Бул каражат жаӊы топтордун өздөрүнүн андан аркы өнүгүшүнө жумшалат. Мына эми келерки жылы ӨЖТ өз каражатынын эсебинен үрөн менен камсыз болуп алды. Жетекчиден сырткары фонддун ишин катчы менен казначей арымдатып турушат. Топтун бардык мүчөлөрү такай акча каражатынын кыймылы тууралуу отчет алышат, бардыгы ачык-айкын, ансыз адамдардын ишенчинен чыгып калуу оӊой эле. “Эмитен эле топтун мүчөлөрү жашылчадан сырткары жүгөрү жана картошка өстүрүүнү суранып жатышат, - дейт Сайида. – Анан да долбоордун ийгилигин көрүшүп, алардын арасында да ӨЖТ түзүү өтүнүчү менен 17 айылдашыбыз кайрылды. Андыктан алдыда дагы чети оюлбаган иштер арбын. Бирок биз буга жан дилибиз менен кубанабыз, тажрыйбабыз менен бөлүшкөнгө даярбыз”.
ФАО
1
1
Кедейликтин пирамидасы – айылдын керектөөсүн биргелешип иликтөө ыкмасы жана үй чарбаларынын абалына баа берүү
7
Элеттик аялдар
Элеттик аялдар
! СDA
8
9
Элеттик аялдар
Элеттик аялдар
“Бүсайда эженин огородун карап туруп көзүӊ жайнайт, жашылчалар каз катар тизилген аскерлерден беш бетер какайышып, түптүз өсүшкөн, дал анын ӨЖТсы айылдык округда бардык көрсөткүчтөр боюнча алдыда десе таӊ калбай койсо болот. Анын жигердүүлүгү жана бир нерсени тез илип алгычтыгына суктанасыӊ, андан да көп балалуу эне жана чоӊ эне бардыгына кантип үлгүрөт?” Баткен облусунун Кадамжай районунун Охна айылынын ийри-буйру көчөсүндө Бүсайда Үсенованын үйүнө кетип баратканда “Полотхан” Айылдык фондунун жетекчиси Гүлбара Нажиева ушинтип кеп кылып баратты. Бүсайда Үсенова лидери болгон “Учкун” ӨЖТнын ийгилиги таасирлентпей койбойт. Долбоордун шарты боюнча топтун ар бир мүчөсүнүн 10 сотук жери болуп, сабиздин үрөнүнөн 150 грамм, помидордун үрөнүнөн 6 грамм, түстүү капустанын үрөнүнөн 4 грамм, бадыраӊдын үрөнүнөн 20 грамм жана парник бадыраӊынын үрөнүнөн 30 даана алышат. Ошентип ӨЖТ сезон маалында өздөрүнүн 80 сотугунан бай түшүм алышты – 9 тонна помидор, 7 тонна сабиз, 3 тонна бадыраӊ жана түстүү капустанын жалпы салмагы бир тоннага барабар болгон 500 ири башын алышты, бул аялдардын үй-бүлөлүк бюджетин сезилерлик толуктоого мүмкүндүк берди. Бүсайда долбоор биринчи кезекте өзү сыяктуу көп балалуу үй-бүлөлөргө арбын пайда алып келерин белгилейт. “Менин 6 балам жана 8 неберем бар. Өстүргөн жашылчаларыбызды сатуудан түшкөн кирешенин аркасында чоӊ үй-бүлөбүздүн турмуштиричилик жана жашообуздун кыйла күндөлүк маселелерин чече алдык: той өткөрдүк, жаӊы окуу жылында балдарыбызды баштан аяк кийинттик, кышка көмүр жана ун сатып алдык. Консерваларды жапкандан сырткары ушундай пайда көрдүк. Эӊ башкысы жай бою менин балдарым огороддон жаӊы жашылчаларды жеп жатышты. А сабизди эле алалы, мурда палоо жасаарда эле сатып алчубуз. Азыр болсо сабизден салат жасачу болдук, анткени мурдагыдай сатып албайбыз. Таттуу да, пайдалуу да. Биз үчүн бул долбоордун биринчи жылдагысы. Келерки жылы алган тажрыйбабыздан пайдаланып, мындан да көп түшүм, демек
көп киреше алабыз деп ниеттенип турабыз”. Долбоорго чейин аялдар өзүнүн үй-бүлөсүн малина өстүрүп, сатуунун эсебинен багышчу, анткени Охна – малинанын мекени катары даӊкталат. Ар бир үйдө эшик алдындагы участокто бир бурчун ага арнап коюшат. Андыктан, базардан коӊшу Өзбекстандан алып келингендерди сатып алышып, дээрлик жашылча өстүрүшчү эмес. Анткен менен базарда малинанын баасы кымбат болгонуна карабастан, Бүсайда келерки жылы андан баш тартып, жашылча гана айдамай болду. Муну ал малина өстүрүү аялдардын ден соолугуна терс таасир тийгизээри менен түшүндүрөт, себеби бадалды күн сайын мол сугарып туруу зарыл болгондуктан, буттарыӊ суудан чыкпайт, ал эми жашылчаларды бат-бат сугарып турбайсыӊ, ошондой эле көп киреше берет. ӨЖТнын бардык мүчөлөрүн “гүлкарамдын” түшүмү кубантат, аялдар жергиликтүү тилде түстүү капустаны ушинтип атап коюшат. Көрсө, бул аймакта экзотикалык болуп саналган жашылчаны мурда өстүрмөк турсун, даамдап да көрүшпөптүр. Ушул себептен адегенде аялдар гүлкарамды базарда сата албай калабызбы деп чочулашкан: “Алгач аны сатып алышчу эмес, тек гана “А бул эмне? Аны кантип даярдаса болот?”- деп сурашчу. Бир жолу биз тренингде үйрөткөндөй клярда капустаны бышырып, чоӊ табакка салып, базарга алып келдим. Баарына ооз тийип көрүүгө берип, анын пайдалуу касиеттери тууралуу айтып, жасоо сыры менен бөлүштүм. Билесизби, бул аябай таасир берди, кишилерге жагып, суроо-талап башталды, биз алардын даанасын 70-80 сомдон сата баштадык”, - дейт Бүсайда Усенова өзүнүн маркетингдик сырын бөлүшүп. Аялдар келерки жылга чоӊ үмүт байлап жатышат, анткени долбоор боюнча окуудан өтүшүп, тажрыйбага да ээ болушуп, алда канча даярдыкта болуп калышты. Мындан сырткары ӨЖТнын өздөрүнүн Айылдык фондуна салышкан долбоордун алкагында алышкан жардамдын 30 пайыз өлчөмүндөгү финансылык каражат эртеӊки күнгө ишеним берет. Гүлбара Нажиеванын айтуусунда фонддун каражаты жаӊы түшүм үчүн үрөн сатып алууга гана эмес, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалмакчы: “Биздин эӊ чоӊ кыял-тилегибиз – бул бала бакча. Бизде көп балалуу үй-бүлөлөр болсо аялдар иштеп, муну менен алар жашоолорун оӊдоп алышмак. Ал эми биздин фонддо топтолгон каражат аркылуу долбоордук сунуштарды гана иштеп чыкпастан, ошондой эле өздүк салымыбызды кошо алабыз. Мындан башка да жүндү, жашылчаларды кайра иштеп чыгуу боюнча башка пландарыбыз бар, анда жергиликтүү тургундар иштешмек. Өзү туулуп өскөн айылда алар үчүн
10
2
жумуш орду пайда болсо, мигранттарыбыз кайрылып келерине ишенебиз”. А Гүлбара Нажиева элеттик аялдар айылдын турмушуна жигердүү катышышы керек, анткени аялдардын маселесин алардан башка эч ким тереӊден билбейт деген пикирде. Мына ошондуктан долбоордон тажрыйба алып, Гүлбара жакынкы шайлоодо жергиликтүү кеӊештин депутаттыгына ат салышууну чечти: “Аялдардын өкүлү жергиликтүү бийлик органдарында аз”. Айыл өкмөттөрүндө, жергиликтүү кеӊештерде негизинен эркектер иштешет жана алар жергиликтүү деӊгээлде чечим кабыл алышат. Мен биздин кызыкчылыгыбызды – айылыбызга биздин турмушубузду, биздин балдарыбыздын турмушун жакшыртууга жардам берген сиздердики сыяктуу долбоорлорду болушунча көп тартуу үчүн, элеттик аялдардын кызыкчылыгын алдыга жылдыруу үчүн депутат болгум келет”.
2
БАТКЕН
Долбоордун алкагында ӨЖТнын мүчөлөрүнүн консервалоо жана жашылчаларды сактоо боюнча тренингдер өткөрүлгөн.
11
Элеттик аялдар
Элеттик аялдар
! СDA
12
13
Элеттик аялдар Сейдикумдагы Умай-эне
Элеттик аялдар Сейдикумдагы Умай-эне
СЕЙДИКУМДАГЫ Базар-Коргон районунун Сейдикум айылынын тургуну Адина Абдрахмановага келгенибизде бизди эшик алдынан күлүпжайнаган топ балдар тосуп алды, көрсө алар анын неберелери экен. Адина болсо короодогу бастырманын алдында бадыраӊдарды жууп, консервалаганга камданып жатыптыр. Биз кийинки бөлмөгө баш багып, тегиз тизилип турган көптөгөн банкаларга көзүбүз түштү. “Бул жылы менин алты балам жана неберем жазга чейин витаминдер менен толук камсыз болушту. Эмнени сата албай калсак, баарын банкага салдым, - Адина колу менен жаӊсай көрсөтө шаӊкылдай күлдү. – Ал турсун болгар калемпирин да салып койдум, биз мурда аны эч качан консервалачу эмеспиз, долбоордо тренингде үйрөткөндүн пайдасы тийди”. Бизди жарык маанай менен үйгө чакырып, үйдүн кожойкеси кубанычтуу күлгөнүн тыйбай, долбоорго өзүнүн катышуусун берилүү менен айтып берип жатты, муну менен бирге көп колдуу индия кудайы Мариамман сыяктуу бир эле маалда бир нече иштерди да жасап жатты. Биздин кой дегенибизге болбой, бөлмөдөн верандага, андан кайра бөлмөгө чуркап, тапчандын үстүнө бизге төшөк салып, дасторкон жайып, кайдан-жайдандыр үстүн бекитип койгон банкаларын алып чыгып, өзүнүн консерваларынын ар түрдүүлүгүн бизге көрсөтө, ошол эле кезде чарба боюнча балдары менен неберелерине тапшырма берип жатты. Бул “чимирикте” анын сөздөрүн блокнотко түшүргөнгө араӊ үлгүрүп жаттым. Бир азга тиричилигин токтото туруп, биздин жаныбызда жөн эле отуруп турганга андан суранууга туура келди. Адина макул болуп, бирок болбой эле колунан чыгарбаган уюлдук телефонун чыдамсыздык менен карап жатты. “Эртеӊ менен кызымды төрөтканага алып кетишкен, мына эми бүлөбүздүн көбөйгөнү тууралу жаӊылыкты күтүп жатам, сүйүнчү” үчүн чөнтөгүмдө акча камдап турам”, - деп кайрадан шаӊкылдап күлөт эже. Ушул энергиясы ашып-ташкан жана шайыр аялды карап туруп, анын үлүшүнө далай сыноо туш келгенине араӊ ишенесиӊ. Жети жыл мурун, күйөөсү каза болгондон кийин ал алты баласы жана неберелери менен жалгыз калат. Күйөөсүнүн көзү тирүү
3
Кудай-эне, айылды жана адамдардын бакубат турмушун, айбанаттарды жана табиятты коргогон теӊири.
кезинде, ал инженер болуп иштеп турганда деле алар бай жашашчу эмес, жесир калган соӊ андан да кыйын болду. Адина эптеп-септеп жашаганын мойнуна алат. “Кандай гана жумуш болбосун илинип, пахтада иштедим, таӊдан-кечке талаада жана жеримди иштетип, огороддон башым чыкпады, карызга баттым – атасынын жоктугу балдарга билинбесин деп болгон аракетимди жасадым”. Бирок баардык күч-аракетимди жумшаганыма карабай жылданжылга жердин түшүмү азая берди, жашаганга араӊданзорго жетип жатты. “Мурда ар бир совхоз менен колхоздо агрономдор болуп, жердин асылдуулугуна көз салышчу, азыр ар бири өзүнүн оюна келгендей жерин иштетишет, ошонун айынан жер тосуп кетти”, - дейт Адина. Ошондуктан Сейдикумга CDAнын кызматкерлери келишип, БУУ ФАО/БАП жана ООН Женщины долбоору жөнүндө айтып беришкенде ал эч кандай олку-солку болбой туруп ага катышууга макул болгондордун алгачкыларынын бири болду. Ал аз келгенсип ал ӨЖТны түзүү үчүн айылдан 40 аялды өзү уюштурууга даярдыгын айтып чыкты. Баарынан мурда долбоордо аны кызыктырганы түзүлгөн топторго үрөн гана беришпестен, ал көптөн бери үйрөнүүгө ынтызарланып жүргөн заманбап агротехнологияларга окутаары эле: “Биздин элде “Көктөн издегени жерден табылды” деген макал бар, мен дагы көптөн бери издегенимди долбоордон таптым, жер бизди баккандай болуш үчүн аны иштетүүнү үйрөтүүгө жардам беришүүдө. Бул долбоор эл үчүн, жөнөкөй адамдар үчүн, анткени мен сыяктууларды кедейликтен чыгууга окутат. Мына жакында бизге долбоордо иштегенибиз үчүн ун жана май таратышты - бизге, айылдын түпкүрүндө жашаган аялдарга колхоз жоюлгандан бери мындай камкордукту эч ким жасаган эмес”. Балким бул кимдир бирөөгө аӊкоолук жана күлкүлүү сезилээр, бирок үйдөн бир карыш алыс чыкпай жашаган, ал турсун коӊшу Ноокен районуна тажрыйба алмашууга баруу Адинанын турмушунда чоӊ окуя болду:” Мен алыскы ЫсыкКөлгө барып келгендей болдум, - дейт ал, - мен башка адамдар кандай жашап жатканын көрдүм, жаӊы көп нерселерди билдим, менин турмушум аларга кайдыгер болбогон долбоорлор боюнча адамдар менен тааныштым, мага жана менин үй-бүлөмө жардам бергиси келгендикти сезүү, көӊүлүмдү көккө көтөрүп, алдыга жетелейт”. Адина дагы ӨЖТда иштөө духту гана көтөрбөй, улуттар аралык достукту чыӊдаарын айтат: “Биз өз тобубузду “Ынтымак” деп атадык. Бизде өзбек жана кыргыз аялдар бирге иштешет. Мурда, долбоорго чейин көчөдөн жолукканда баш ийкешип учурашып келсек, азыр
4
жолукканда бир туугандардай кучакташып, иши кандай жүрүп жатканын сурайбыз, жаӊылыктар менен бөлүшөбүз. Себеби долбоор баардыгыбызды бириктирди, бизде жалпы кызыкчылык пайда болду. Мен биргелешкен эмгек адамдарды туугандаштырыш үчүн айыл жериндеги бардык калкты ӨЖТга бириктирүү керек деп эсептейм, анда алардын ортосунда жаӊжал болбойт!” Биз жаӊы эле меймандос Адинанын үйүнөн узап баратканда, ага акыры төрөтканадан чалышып, небере кыз төрөлгөнүн сүйүнчүлөштү. Анын кубанычында чек жок эле, а биз анын бактылуу көз ирмемине ортоктош болгонубузга кубандык. Анын үстүнө ал менин урматыма небересинин ысымын Алмахан деп коем деп калды: “Мейли ал дагы элге жакшы долбоорлор жөнүндө айтып бериш үчүн сен сыяктуу журналист болсун. Биздин балдарыбыз жана неберелерибиз бизден жакшы жашасын, биздин жерде тынчтык жана гүлдөп-өсүү болсун”, - кетип баратып Адина Абдрахманованын, эмгекчил аялдын жана чоӊ жана бактылуу үй-бүлөнүн Умай-энесинин энелик батасын уктук.
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын «Иши үчүн азык-түлүк» программасы боюнча ӨЖТнын мүчөлөрүнө активдүү иши үчүн 200 кг.дан ун, 16 литрден май бөлүнгөн.
Элеттик аялдар
Элеттик аялдар
17
Элеттик аялдар Сыноого салган сел
Элеттик аялдар Сыноого салган сел
СЫНООГО Табият Базар-Коргон районунун Абдураимов атындагы айылындагы беш өз ара жардамдашуу топторунун мүчөлөрүнүн мүнөзүнүн бекемдигин бир же эки эмес, а жети жолу сынап көрдү, ушунча жолу сел жолундагы айдалган жерлерди, ошондой эле үйлөрдү шыпыра буркан-шаркан түшкөн толкундары менен айылды каптап кетип жатты. Ошого карабастан аялдар багынып беришпей, табияттын каардуу кырсыгына тике турушуп, өздөрүнүн түшүмдөрүн сактап калууга жетишишти. Бул жөнүндө бир көчөдө жашашкан эки бир туугандын аялдары Бүзайна жана Сувранса Маматовалар айтып беришти. “Жаӊы гана бүчүрлөр баш багып келатканда кир агынды бүчүрлөрдү да, топурактын кыртыштуу катмарын да жууп кетет. Бардыгын кайрадан отургузабыз. Селдин азабынан бизде сугат суусу да болгон жок, аны алыстан кудуктан ташып, суу сепкич менен сугарууга туура келди. Эмне үчүн колду шилтеп таштап салган жокпуз? Долбоорду колго алгандан кийин акыр аягына – жеӊишке жеткенге чейин баруу керек эле, ансыз адамдардын, өзгөчө долбоорго ишенбегендердин алдында уят болмокпуз”, - дейт “Береке” ӨЖТнын лидери Бүзайна Маматова. Бул айылда социалдык мобилизациялоо өтө кыйындык менен жүрдү. Жыйындарда айтылган сөздөргө адамдар ишенкиребей турушту, анткени буга чейин райондо кызыктырган келечеги бар схемаларга адамдарды азгырып, анан алдап кетишкен алдамчылык учурлары белгилүү болчу. Бүзайна моюндагандай ал өзү да дароо макул болгон эмес: “Долбоорго чейин айылдагы көпчүлүк адамдардай мен да огороддо иштеген эмесмин, жашылча өстүрбөгөм, кол өнөрчүлүк менен алектенчүмүн. Долбоор жөнүндө Айнура Атабекова айтып берди, аны Кеӊеш айылдык округу боюнча мен ячейканын лидери болуп
18
саналган Тынчтыктын Аялдар Комитеттеринин ишмердиги боюнча билер элем. Ал мага социалдык мобилизацияга катышып көрүүнү сунуштады. Чынын айтсам өз күчүмө ишене албай турдум, жыйынга адамдарды топтой аламбы, иш жүрөбү, айтор көп нерсени ойлондум. Акыр аягында макул болдум. Баарынан татаалы адамдарды ӨЖТга кирүүгө көндүрүү абдан оор болду, кээ бирөөнө төрт жолу барууга туура келди. Бирок биздин күч-аракеттерибиз өзүн актады, сыноолорго жана кыйынчылыктарга карабай эч кимиси ӨЖТнын жана Айылдык фонддун катарынан чыгышкан жок. Муну менен бирге аялдар дурус түшүм алышты, ага жараша үй-бүлөлүк кирешелери толуктала түштү”. “Достук” ӨЖТнын мүчөсү Саврунса Маматова долбоор муктаж үй-бүлөлөлөрдүн жашоосун жеӊилдеткенин айтат, долбоорго киргендер жайында эле накталай акчалуу болуп калышкан: “Мурда бардыгы талаадан түшүм тапшырчу күздү күтүшчү, ага чейин капчыкта ашыкча тыйын болбойт. А мында июнда эле күнүнө 20 кг. чейин өздөрү өстүргөн жашылчаларын сата башташты. Электр жарыгынын акысын убагында төлөйбүз, этти көбүрөөк сатып ала баштадык, албетте жай бою бир грамм да тамакка кошчу чөп-чар сатып алган жокпуз, 10 сотук жерден бадыраӊ жана помидор столубуздун үстүндө турду”. Саврунса долбоорго катышуу ден соолугуна да оӊ таасир бергенин айтып берди. Жай сайын саламаттыгы начар болуп жүрсө, топтогу курбулары менен түшүм боюнча мелдешке аябай берилип кеткендиктен, өзүнүн “кеселдери” такыр эстен чыгып калды: “Таӊ атпай туруп, участокко көз салам, ар бир кылтыйып чыгып келаткан бүчүргө жаш баланы баккандай аяр камкордук жасайм. Тренингде окуткандардын бардыгын колдонгонго аракет кылдым. Бизди Тойчу Мамытов деген абдан кыйын тренер окутту. Анын парникти кантип куруу, жер семирткичтерди кантип пайдалануу керектиги тууралуу айткан бардык кеӊештеринин пайдасы абдан тийди. Кечээ дагы бир тренингде болдук, ФАО линиясы боюнча ар бир топко зыянкечтерге каршы күрөшүү үчүн чачкычтарды беришти, кантип пайдаланышты үйрөтүштү”. Аялдардын айтуусунда долбоор ар бир алакандай жерди барктоонү үйрөттү жана өзүнүн мисалдары менен айылдыктардын эски адаттарын өзгөрттү. Эгерде мурда адамдар огород менен иштөөгө анча деле маани беришпей, өзүнүн талаасында гана иштеп, жашылчаларды базарда сатып алышса, азыр ӨЖТнын кандай ийгиликтерге жетишип жатышканын көрүшүп, айылдаштары ушундай үрөндү каяктан сатып алса болот, жергиликтүү сорттон айырмаланган жашылчаларды кантип өстүрсө болот деп
кызыга башташты. Андан дагы ӨЖТнын мүчөлөрүнө 200 кг. дан ун жана 16 литрден өсүмдүк майы таратылганда “Эмнеге силерге беришти?”, - деп адамдар аӊ-таӊ калышты. Аялдар “А долбоор айылга келгенде биз силер сыяктуу отуруп алган жокпуз. Биз бирге иштеш үчүн топторго бириктик. Мына эми эмгегибиз үчүн сый акы алып жатабыз!”- дешти баштарын бийик көтөрүшө. Долбоордун кандай иштеп жатышканын түшүнүшүп жана анын артыкчылыктарын сезгенден кийин “Береке” ӨЖТнын мүчөлөрү кийинки жылы өздөрүнүн айдоо аянттарын кеӊейтмей болушту. Огород – жакшы, а талаа – мыкты деп эсептешет аялдар, андыктан ӨЖТ бир гектардан ашык жерди ижарага алууну болжоодо. Анан дагы айылда жаӊы топторду түзүүнү пландаштырып жатышат, анын үстүнө эч кимди көндүрүүнүн зарылдыгы жок, айылдаштары мындай долбоорлорго катышуу кандай пайда алып келерин өз көздөрү менен көрүшүүдө.
19
Элеттик аялдар
Элеттик аялдар
! СDA
20
21
Элеттик аялдар
Элеттик аялдар
ЫНТЫМАК-ЫРАШКЕРЛИК
УИ-БҮЛОГО БАИЛЫК “Чынын айтсам мен Зарипанын долбоорго катышышына каршы болчумун. Биз ата-бабаларыбыз сыяктуу эле салттуу түрдө пахта жана арпа өстүрүп, ошону менен күн көрчүбүз. Бизде аялы күйөөсүнүн сөзүнөн чыкпасы кабылданып калганына карабай, анын аябай каалоосун көрүп туруп каршы болгон жокмун, анткени үй-бүлөдөгү жыргалчылык жуптардын көз караштарынын жалпылыгынан жана бирин-бири колдоосунан көз каранды болот эмеспи, - дейт Ноокен районунун Бирдик айылынын тургуну Шарип Мамырасулов “Примога” ӨЖТнын мүчөсү жубайы Зарипа Нурдинова жөнүндө. Шарип балдакка таянып алып бизди Зарипа долбоордон жардамга алган жашылчалардын үрөнүн отургузган участокко алып келди. Биз таӊ атпай пахта жыйноого кеткен кожойкени күткүчө ал долбоордогу аялынын ийгилигин жана да андан алышкан башкы сабакты айтып отурду: “Биз бир гектар пахтага караганда 10 сотук жердеги жашылча көп киреше берерин түшүндүк – анткени чыгым алда канча аз кетет экен. Ал эми биздин пахта талаабызга сезондо 30-40 миӊ сом чыгымдалат, көбүнчө күзгү түшүм бул чыгымды актабай калат, андыктан кирешенин ордуна карызга батып каласыӊ. А карызга балдарды чоӊойто албайсыӊ да”. Зарипа менен Шариптин төрт баласы бар. Улуу кызы жакында турмушка чыгып, биз барардын алдында үй-бүлөлүк той өткөзүшүптүр. Кызына башкалардан кем калбагандай, айылда кандай болсо ошондой сеп беришиптир. Чоӊ тойду көп жагынан
22
жашылчаларды сатуудан түшкөн акчага өткөрүшкөн, себеби пахтаны жаӊы гана жыйнай башташты: “Өзгөчө бадыраӊдар жакшы чыкты, помидорлор деле жаман болгон жок, жыйнаганда анысын да, мунусун да саттык, түстүү капуста бышып келатат, эми биздин үйбүлөлүк капчык эч качан бош болбойт”, - деп жылмаят Шарип. Ушул убакта талаадан Зарипанын өзү келип калды. Биз аны менен эшик алдындагы тапчанда баарлашканча 10 жашар кызы Алтынай кудуктан суу ташып, столго дасторкон жайып үй тиричилиги менен алектенип жатты. “Менин биринчи жардамчым, - деп күлөт Зарипа кызына карап. – Биз аны Койчу деп коебуз, анткени мен талаада, участокто иштеп жатканда өзү эле кой-козуларды карай берет”. Долбоорго катышууга эмне түрткү берди деген сурообузга Зарипа балдарына, тагыраак айтканда ата-эне балдарына эмне берүүгө тийиш болсо, ошол нерселердин баарын берүү үчүн барганын айтты. А бул көп күчаракетти жана каражатты талап кылат, борборго жакын башка жерге эле барышпаса, айылда жумуш табуу кыйын. Чындыгында эле Бирдик айылы райондун борборунан алыс экенине биз бул жактан айылдын талкаланган көчөсү менен жеткиче ынандык. Такси жөнүндө айтпай эле коелу, айылга дээрлик маршруткалар да жүрбөйт. Ошол себептен райондон кандайдыр бир иш таап, күн сайын каттап туруу жөнүндө сөз кылууга да жарабайт. Шарип сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга иш табуу андан беш бетер кыйын. Мына ошондуктан Зарипага акча табуунун жолун издөөгө, балдарын бутунан тургузуп, аларга билим берүүгө туура келет. Талаа – болгон-толгон ишибиз дейт ал. Көрсө, Зарипанын турмушунда бул долбоор биринчи экен, ошондуктан бардыгы дароо эле ойдогудай боло койгон эмес. “Ар бир жаӊы иш дайыма татаал, - дейт ал моюнга ала. –Мына ушунусу менен долбоор баалуу, ӨЖТда иштеп, аялдар дайыма бирине бири кол кабыш кыла алышат, анткени ар биринин салымынан бардык топтун түпкү натыйжасы көз каранды. Мындай жамааттык жоопкерчилик аялдарды бириктирип, биринчи тажрыйбадагы кыйынчылыкты жеӊил жеӊүүгө мүмкүндүк берет”. Ал эми бул тажрыйба Зарипа жана башка ӨЖТнын мүчөлөрү үчүн мурда эч бир билбеген мүмкүнчүлүктү ачканы менен өтө маанилүү болду. Анын айтуусунда топто өзү сыяктуу аялдар менен иштешүү өз күчүнө
ишеним тартуулады, а тренингдерден окуудан алган ыкма сатылган түшүмдөн жакшы киреше алууда пайдасы тийди. Бирок ӨЖТда иштөө акча табууга гана мүмкүндүк бербейт. Дагы бир аялдарга маанилүү жагы биргелешкен иш аларды жакындатып, күндөлүк турмуштарында жардам берет, топтогу курбулары менен тиричилик масалелерин бөлүшүү мүмкүндүгү жана баалуу кеӊеш алуу өзүнчө эле психологиялык жардам сыӊары болот. Мындан сырткары ӨЖТ зарыл учурда финансылык да колдоо көрсөтөт. Дал мына ушул үчүн ар бир ӨЖТда ички фонд бар, финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өлчөмүн өздөрү чечишет. Топтун мүчөлөрүнө ссуда пайызы жок негизде берилет, мына ошентип анын жардамы менен өздөрүнүн майда-барат тиричилик маселелерин чечишет. “Мен жалгыз эмесмин, мага бардыгы жардам беришет”бул ӨЖТда иштөө мезгилинде аялдар чыгарган башкы жыйынтык.
23
Элеттик аялдар
Элеттик аялдар
! СDA
25
Элеттик аялдар Меш эмес, талаа багат
МЕШ ЭМЕС,
ТАЛАА БАГАТ
Ноокен районунун Аримжан айылынан Айжан Маражапова үчүн “Меш эмес, талаа багат” деген орус макалындай болду. Долбоорго катышканга чейин ал бир нече жыл токоч жасап, аны Кочкор-Атадагы базарда сатчу. Айжандын өзүнүн айтуусунда бул эмгекти жеӊил деп айтууга болбойт, анда ал кечтен тарта камыр жууруп, таӊында нан жаап, суткасына 2-3 сааттан гана уктачу. Баары бир көп акча таба албайт эле. Оор күч эмгеги жана дандырдан чыккан көздү ачыштырган ачуу түтүн аялдын ден соолугун, өзгөчө көзүн начарлатты. Мына ушул кичинекей бизнес да транспортко акыны көтөргөндөн кийин Айжан үчүн пайдалуу болбой калды. Күйөөсү кокустан табыла калган иштен акча таап, балдарынын улуулары иштегени Россияга кетүүгө аргасыз болушту, алардын салган анча-мынча каражаты жашоого араӊ жетип жатты. Айылга долбоор келгенче ушинтип жашап жатышты, долбоор өзү менен оӊ өзгөрүүлөрдү ала келди: “Оор жумушка көнгөн мен үчүн ӨЖТда иштөө оор эместей көрүнөт. Тескерисинче долбоордон улам бош убактым көп болуп калды, аны менен бирге үй-бүлөлүк бюджетке зыяны тийген жок. Күн чыккыча таӊында же күн батаарда кечинде талаага
26
Элеттик аялдар Меш эмес, талаа багат
чыгып, калган күн бою башка иштер менен алек болом. Бадыраӊдарды саткыча помидорлор бышып калат, анан помидордун соӊунан сабиз жетилет, жыйнап үлгүр да сата бер”. Эки ӨЖТ - “Ак-Ниет” жана “Нооруздун” аялдарынын бардыгы үчүн чоӊ талааны ижарага алышып, аны долбоордун шартынын талабындай ар бир аялга 10 сотуктан тийгендей бөлүштүргөндүктүн дагы жардамы тийүүдө. Ошентип, участоктор жанаша болуп, бардык ишти бирге гана жасашпастан, зарыл учурда бирин бири алмаштырышат. Эгерде сугара турган болушса өздөрүнүн участогун эмес, бардык талааны сугарышат, чөптү отоо керек болсо, ал деле маселе эмес, бири бири үчүн кезеги менен отошот. “Бир аары көп бал ташыбайт” дегендей, аялдар ӨЖТда уюктагы аарыдай ынтымактуу жана бир кылка иштешет, мындан ар бири жана бардыгы утушка гана ээ. Дал ушул бири-бирине болгон ишеним жана таяныч сезими бул ӨЖТга долбоорду ишке ашыруу маалында коштогон кыйынчылыктарды жеӊүүгө жардам берди. Түшүм оӊой менен алынбаганын аялдар эстешет: айдоону мөндүр уруп, сел жууп, куйкалап тийген күндөн арыктар какшып, сууну талаадан бир нече километр аралыктагы скважинадан ташууга мажбур болушкан. Бирок эӊсегенине жетишишти – тренингде үйрөткөндөй жөөктөр жашылданып, план боюнча кызарды. Бардыгын эстеп, агрономдордун сунушун так аткаруу үчүн ӨЖТнын бардык мүчөлөрү долбоордун алкагында берилген атайын китепчеде эсеп жүргүзүшөт, анда долбоор боюнча бардык маалыматтар – айдап-себүүнүн графиги, сугаруу, биринчи гүлдөө мезгили, чыгымдар, албетте алынган киреше дыкаттык менен катталат. Бул бардык статистика аларга келерки жылы керек болот жана мындан да көп түшүм алууга мүмкүндүк берет, анын үстүнө аялдар өздөрүнүн талаасынан бир жолу эмес, эки жолу түшүм алууну көздөшүүдө. Муну менен бирге бул айылда түзүлгөн бардык ӨЖТ бир гектардай кошумча айдоо жер алууга камданып жатышат. Ал эми иш жүрсүн үчүн аялдар өз ара жардамдашуу тобунун мыктысы наамына ат салышууну жарыя кылышты. Дегеле долбоор жашылчачылык агротехнологияны туура колдонгон жана сорттордун жакшы түрү болгон шартта бул жерде салттуу өстүрүлүп келген пахтага караганда көп түшүм алып келерин көрсөттү. ӨЖТнын мүчөлөрү сезондо 10 сотуктан 30 миӊ сомдон кем эмес алууга болот дешет, а сатып алуу баасы төмөн жана
көп чыгым талап кылган пахтадан мындай каражат табуу күмөн. Аялдардын айтымында алардын бардык планы өздөрүнүн жыргалчылыгын көтөрүүгө гана багытталган эмес. Биринчи жылы долбоордон кийин ӨЖТ Айылдык фондго долбоор боюнча алган жардамдан келерки жылга үрөн сатып алыш үчүн 30 пайыз которот. Долбоорго айылдан башка аялдарды тартып, жаӊы ӨЖТды түзүп, аларга өздөрүнүн тажрыйбасын берүүнү көздөп жатышат. Ошентип, жыл сайын айылда ӨЖТдын саны көбөйө бермекчи, ага ылайык фонддун каражаты да өсөт. Анда аларды чакан ишкана ачууга, жаӊы жумуш орундарын түзүүгө багыттоого болот. Эмгекти сүйгөн аялдар алдыларына мына ушундай стратегиялык милдеттерди коюшууда. Алар бул колдорунан келерине ишенишет, анткени долбоор эӊ биринчи, эӊ оор кадамды жасоого жардам берди.
27
Элеттик аялдар
Элеттик аялдар
о
28
о
29
Элеттик аялдар
Бул жылы Ош облусунун Карасуу районунун Учкун айылынын тургуну Химия Арзиева чоӊ үй-бүлөсүнүн абдан бир маанилүү маселесин – үйдү ремонттоону чечти. Эмне дегенде алар ар жаз сайын үйүн кароосуз калтырышып, малын айдап жайлоого чыгып кетишчү, а кеч күздө көчүп келишкенде суук түшүп калчу. Анткен менен убакыттын жетишсиздиги жылдан жылга ремонтту созо бергендин себеби эмес эле. Арзиевдер үчүн бул ыксыз чыгым болчу, көп бүлөлүү үй-бүлөгө дайыма акча жетишпечү, мал чарбачылыгы менен иштөө көп киреше алып келбегендиктен, тапкан акчалары күн сайынкы керектөөгө зорго жетчү. Ошондуктан долбоорго катышуу Химия үчүн дал төбөдөн түшкөндөй болду. Биринчиден, быйыл ал айылда калган, буга күйөөсү экөө теӊ, ошондой эле беш баласы жана үч небереси да кубанычта эле. Айлап көчүп кетүү ата-энесин көбүнчө айылда калтырышкан улуу балдарынан гана обочолотпой, аларды коомчулуктун социалдык турмушунан да далдалап, бүтүндөй үйбүлөнү туугандары, айылдаштары менен баарлашкандан алыстатып салган. Экинчиден, Химияга жакшы акча тапканга ыӊгай түзүлүп, ремонттон тышкары башка тиричилик маселелерин чечип алганга мүмкүнчүлүк болду: “Мурда ремонтту кой, консервалоо иштерин жасаганга да үлгүрчү эмесмин. Талаада бардык түшүмдү жыйнап, дүӊүнөн сатып алгандарга тапшырышкан маалда малды тоодон түшүрчүбүз. Бул убакта базарда баа асмандап кетчү, андыктан кышка көбүнчө камдана албай калар элек. А бул жылы консерва жасоо мен үчүн текейден арзан болду, анткени жашылчалар өзүбүздүн огороддон эле. Муну менен бирге тренингде мурда биз жасабаган консервалоонун жаӊы түрлөрүн үйрөтүштү, эми дасторконубуздун үстү кышында түрлөп турат”, - дейт Химия. Долбоор Арзиевдердин мурда түшүнө да кирбеген дагы бир маселени жарыкка чыгарды. Алар кой багып тоодо жүргөндө коӊшулары жыл сайын алардын участкасынын чек арасын акырындап жылдыруу менен жерин ээлей башташкан. Мындай “басып” алуучулуктун натыйжасында үлүштүн аянты бир топ эле кыскарып кеткен. Химия муну ӨЖТга кирип, долбоордон алган үрөнүн сээп, жерин иштете баштаганда билип калды. Жерин
30
Элеттик аялдар
кайрадан артка кайрып алуу үчүн күрөшүүгө туура келди. Учкун айылында бардыгы болуп жети ӨЖТ түзүлүп, ага 54 аял кирген. Химия сыяктуу алардын көбү мурда мал чарбачылык менен алектенишчү, ошол себептен бири бири менен көп сүйлөшпөй, ар ким өзүнүн үй-бүлөсүнүн чегинде бекинип алышкандай эле. Бир долбоордо иштөө, өздүк ички фондду түзүү, тренингдерге бирге катышуу жана тажрыйба алмашуу боюнча турларга баруу – мунун бардыгы аялдарды өз ара жакындатты жана өзүнчө эле социум түзүп алышты, ар бир аял азыр анда өзүн керектүү жана жалпы ишке катыштыгы бардыгын сезишет: “Бул долбоордо иштегени абдан көп нерсени билдик. А бул жаӊы билгендерибиз киреше гана алып келбестен, өзүбүзгө, жалпы топко сыймыктанууну пайда кылды, дейт Химия. – Айылдаштарыбыз бизге карап, бирге иштей алышабы, же алды алдынан тал карма болуп тарап кетишеби деп жоромолдоп жатышты. Ал эми биз өзүбүздүн ишибиздин натыйжасы менен ӨЖТ – чыныгы күч экенин далилдедик. Азыр мындай топ түзүүнү каалагандар эшигибизди жыртып жатышат”. «Учкун» ӨЖТнын мүчөлөрү жетишкендиктер менен эле чектелип калышпайт. Келерки жылы алар өздөрүнүн айдоо аянтын кеӊейтүү үчүн талааны ижарага алууну болжоп жатышат. Мунун пайдалуулугу ижара акысын ар бир адамга бөлө келгенде көп деле болбойт: “Бир гектардын ижара баасы орточо алганда 8000 сом. Биз аны 7 кишиге бөлсөк, анда кымбат деле болбойт, сезондо аны оӊой эле жаап коебуз”, - дейт Химия пландары менен бөлүшүп. Азыр ӨЖТ үчүн башкы милдет – долбоордон алган жардамдан 30 пайызды Айылдык фондго тапшыруу. Бирок бул милдетти аялдар өздөрү үчүн жеӊилдетишти, күзгү түшүмдү күтүп отурушпай эле, жайдан тарта бөлүпбөлүп тапшыра башташты. Кудай жалгап жаздын аягынан тарта жашылчалар бышып жетиле башташты, жай бою аларды саткандан түшкөн каражаттан топтун мүчөлөрүндө накталай акча болуп турду. Долбоордо иштегенде кандайдыр бир тескери тажрыйба болгон жокпу деген менин суроомо Химия жооп таба алган жок: “Кайтарымсыз жардамдан кандай тескери тажрыйба болушу мүмкүн? – деп таӊ калат ал. Анын үстүнө бул кайрымдуулук да эмес, анткени бизге өзүбүз акча иштеп тапканга шарт түзүүдө, ошондой эле өзүбүзгө гана эмес, башка муктаж айылдаштарга жардам бергенге мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Биз, 45 аял биринчилерден
болуп ушул жардамды алдык – бизге жакшы үрөн беришти, ӨЖТ түзүүнү үйрөтүштү, жаӊы технологияларга окутушту, эми биздин милдет – бул тажрыйбаны башка айылдаштарыбызга үйрөтүү. Ошентип, акырындык менен тегерете бардык айылды кедейлик менен муктаждыктан сууруп чыгууга болот.” Химия дагы кийинки жылдагы пландары менен бөлүштү – ал күйөөсү менен жазында жайлоого көчүшпөстөн, айылда калышып, алар үчүн жаӊы иш болгон – жашылчачылыкты улантууну чечишти. Көчүү акча турат: үй оокатын, малдын дары-дармегин, запас азык-түлүктөрдү жана башка көптөгөн нерселерди жетирүү үчүн жүк ташыгыч машинаны ижарага алуу керек. А мында жашылчаларды сатканга өстүрсө да, ӨЖТ боюнча курбулары менен көбүрөөк баарлашканга да болот. Эӊ башкысы эми балдары менен жарым жыл айрылышпайт, ремонттон кийин жаркырап жана ыӊгайлуу болуп калган үйү ээн калбайт...
31
Элеттик аялдар
Элеттик аялдар
СDA
32
33
Элеттик аялдар Беш элдин айылы
БЕШ ЭЛДИН “Эсиӊиздердеби, совет мезгилинде колхоздордо аялдар бригадасын түзүү күч алып кеткен. Биздин Ленин атындагы колхоздо кыздардын ушундай бригадасынын ичинен эӊ жашы мен болчумун. Пахта талаасында кандай гана ынтымактуу иштечү элек, а талаадан үйгө - ыр, таӊ-тамаша менен кайтчубуз. Анда иш оордук эмес, кубаныч болчу. Ушул жакшы салтты кайра жандандыруу керек”, - дейт Ош облусунун Кызыл-Кыштак айылынын “Азаттык” ӨЖТнын лидери Саламатхан Эргешова. “Нур” ӨЖТнын лидери Кандалат Мамаева жана активист Паризат Мадазимова анын пикирин кубатташып, жамааттык эмгекте башкы артыкчылык – колдоо жана өз ара жардамдашуу деп кошумчалашты. Ошондой эле аялдар биргелешкен эмгек достукту чыӊдайт деген ишенимде. Өзгөчө көп улуттун өкүлдөрү жашашкан алардын айылы үчүн бул өтө маанилүү: “Биздин Кызыл-Кыштак – беш элдин айылы, - дейт Саламатхан. – Андыктан биздин беш ӨЖТ курамы боюнча алганда интернационалдуу. Бирге иштешебиз, тренингде бирге окуйбуз, жыйналышка чогуу барабыз, бир сөз менен айтканда долбоор бизди бекем достоштурду. Биздин достугубузду мында да чыӊдоо үчүн өз ара “шерине” уюштурууну чечтик – кезек кезеги менен бири бирибиздикинде аялдар кечесин өткөрүүгө чогулуп турмакчыбыз. Бизде ансыз да ӨЖТдагы ар бир жыйын кичинекей майрамга айланат – дасторкон чекесинде сыйлашып, чай ичебиз. Мындайча айтканда иш үчүн гана чогулбай, жан дүйнөбүзгө майрам үчүн да чогулабыз”. Анткен менен башында бардыгы эле жеӊил болбоду. Социалдык мобилизация жүргүзгөндө долбоордун жардам берерине
34
Элеттик аялдар Беш элдин айылы
ишенишкен жок, “Жазында үрөн таратып, күзүндө маӊдай тер менен өстүргөн түшүмүбүздү алып коюшат, кур кол калабыз”, - деген бекем ынанымда болушту. Улам улам жыйын өткөрүп, үйлөргө барып, долбоор чыгым эмес, жакшылык гана алып келерин айтып ынандырууга туура келди. “Азыр баягы анда ишенбегендер бул жөнүндө өкүнүшүүдө”, - деди Кандалат Мамаева. Кандалаттын өзүн муктаждык ынандырган. Өткөн жылы жесир калды, бир үйдө үч уулу, үч келини жана үч небереси менен жашашат, бир гана уулу иш таба алды. Андыктан ӨЖТны уюштурууга белсенип киришип, анын лидери болуп калды, күйөөсү каза тапкандан кийин үй-бүлөсүн багыш үчүн ойлонуп отурбай, кандай гана иш болбосун колго алып, иштөө керектигин түшүнбөскө арга жок эле. Кандалат жана Саламатхан лидерлик иш – бардык күчаракетти толук талап кылган олуттуу иш деп эсептешет. Өздөрүнүн 10 сотых жеринде иштөөгө үлгүрүү, ошондой эле ӨЖТнын калган бардык участкаларындагы ишти мониторинг жасоо, ӨЖТнын ички фондундагы акча каражатынын эсебин жүргүзүү, Айылдык фондго акча чогултуу жана тапшыруу, жыйналыш өткөрүү жана бардыгынын алдында отчет берүү, пландоо жана уюштуруу, бир сөз менен айтканда чыныгы лидер болуу керек. ӨЖТнын лидерлери үчүн БУУ ФАО/БАП жана ООН Женщины уюштурган семинарларда жана жолугушууларда алган тажрыйба бул милдеттерди аткарууга көп учурда жардам берет. Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде жүргүзүлгөн мониторингдер да чоӊ жардамга келет, ал учурда аялдар долбоордун адистеринен ар кыл консультацияларды ала алышат. Бирок, өзгөчө аялдар айылдыктар айдап көнүп калышкандан айырмаланган сапаттуу үрөн беришкени үчүн долбоорго ыраазы болушууда: “Үрөндү адатта базардан сатып алабыз, капка мышыкты катып койгондой анын сапатына ишенич жок, андан эмне өсүп чыгарын билбейсиӊ. Кээде кайра айдоого туура келет, анткени бүчүрлөрү көтөрүлбөйт же жашылчалар илбийип өсөт. А биздин долбоордон алган үрөӊдөрдөн жашылчалар ширелүү жана ири болуп өсөт дагы базарда колдон сууруп алып кетишет”. ӨЖТнын мүчөлөрүнө окуткандай, аялдардын финансылык абалын сезилерлик жакшыртканга заманбап агротехнологиялар менен бирдикте сапаттуу үрөн жардам бергени таӊ каларлык эмес. Мисалы, Кандалат Маматова балдарынын баарын иш
менен камсыз кылган, алар үй-бүлөлүк кирешени көбөйтүү менен апасы менен бирге эмгектенишет. Долбоорго катышуу үй-бүлөнүн азык-түлүк программасын чечкенге жардам берди, анткени чоӊ үй-бүлөдө бул эӊ башкы болуп саналат. 17 жөжө сатып алышса, жай бою чоӊоюп калышты, эми неберелери эт жана жумуртка менен камсыз. Мурда үй-бүлө сатып ала албаган азыктарды азыр сатып ала алышат. Бул өздөрүнүн огородунан жаӊы жашылчаларды жана кышка даярдалган запастарды айтпаганда. Азыр ӨЖТнын мүчөлөрү башка муктаж айылдаштарына жардам берүүнү каалашат: “Бизде иши да, жер үлүшү да жок үй-бүлөлөр бар. Алар дагы биригиши, жок дегенде өздөрүнүн огородуна жашылча айдашы үчүн алардын ичинен ӨЖТ түзүү идеясы бар. А биз долбоордо алган тажрыйба менен билимибизди бөлүшкөнгө даярбыз”.
Элеттик аялдар
Элеттик аялдар
37
Элеттик аялдар Капустадагы йод
“Бул жер ага жагат, тамыр алып кетти”. “Салкынды жакшы көрөт, мына ошондуктан Алайды жактырып калды – ысык мезгилге караганда суук мезгил бизде арбыныраак. Эгерде ысык болуп кетсе, биз ал “назикти” жалбырак менен жаап коебуз”. “Биздин аймак үчүн ал чыныгы таӊ каларлык окуя болуп калды – адамдар анын даамын козу карындай, балыктай кабыл алышып, жашылча экенине ишенишкен жок”. Ош облусунун Алай районунун Арпа-Тектир айылынан “Жаштык” ӨЖТнын мүчөсү Күлүйпа Пайзиевадан жана айылдын активисткасы Канышай Акматовадан түстүү капуста жөнүндө ушундай кызыктуу мүнөздөмө уктум. Тургундардын таӊ калуусу жана кубануусу түшүнүктүү, анткени өмүр бою алыскы айылда малчылык менен алектенишкен адамдар үчүн ал турсун помидорлорду жана бадыраӊдарды өстүрүү адаттан тыш көрүнүш, ал эми алар үчүн экзотикалык болгон жашылчаны айтпай эле коелу. Ошого карабастан Арпа-Тектирдеги беш пилоттук ӨЖТнын биринчи жылдагы тажрыйбасы ийгиликтүү болду. Аялдардын айтуусунда муну менен бирге ал киреше гана алып келбей, ден соолукка да пайдалуу: “Биздин түштүк аймагыбызда аялдар менен балдардын 70 пайызында йод таӊсыктыгы табылганын билесизби?” – деп мага суроолуу карайт Күлүйпа. – А бул богок, эске тутуунун начарлашы жана балдардын бат чарчашы. Мисалы, менин классымда окуучулар сабакта үлдүрөп отурушат, эс алууга чыккыча араӊ чыдашат. Анан кантип сабакка жетишүү болсун. Андыктан түстүү капустада йод көп болорун билгенден тарта ата-энелерге тамак рационуна бул баалуу жашылчаны сөзсүз кошууну аябай сурандым. Анын үстүнө долбоордон улам башка пайдалуу жашылчалар менен бирге түстүү капустаны биздин өз ара жардамдашуу тобунун мүчөлөрү өстүрө башташкан. Ушундан улам пайдалуу витаминдер айылдыктар үчүн жеткиликтүү болуп калды”. Күлүйпанын өзүнүн төрт баласы бар, улуусу студент, калгандары мектеп окуучулары. Арпа-Тектирде үй-бүлө туугандарынын үйүндө жашашат, ал иштеген мектеп кошуна айылдан алыс. Айылдагы көп эркектердей эле күйөөсү жумушсуз. Эмне үчүн ӨЖТда мугалимдер иштешет, анткени долбоор аялуу аялдарга багытталган да десек, ал алар дагы ушул категорияга киришерин айтат: “Мугалимдер айлык алса эле, ал каражат менен жашап кетет дегендикти билдирбейт. Айлыгыбыз аз болгону аз келгенсип, аны да
38
Элеттик аялдар Капустадагы йод
өз убагында беришпейт. Талаада иштеп же малдын артынан жүрө албайбыз, анда балдарды ким окутат? А бул долбоордо негизги иш жайкы эс алуу мезгилине туура келет. Мындан сырткары мугалимдер өз кесибине ылайык, эӊ жоопкерчиликтүү жана активдүү болушат, андыктан өздөрү да жакшы иштешет, башкаларды да артынан ээрчитишет”. Күлүйпа мектепте гана мугалим болуп иштебестен, өзүнүн ӨЖТнын курамында долбоорго катышуу менен окутуучулукту да аткарат, ал айылдын Айылдык фондунун казначейи да. Канышай Акматова бул милдеттерди аткарууда Күлүйпага ар кыл бейөкмөт уюмдарында иштөөдө алган тажрыйбасы жана анын жигердүү жарандык позициясы жардам берет деген пикирде. Пайзиеваны бекеринен Кыргызстандан аялдар курамына тандап алышпады, ал “Ачык дүйнө” лидерлик программасына жана 2010-жылы АКШда өткөн “Тоо аялдары” эл аралык конференциясына катышкан. “Күлүйпа сыяктуу активдүү аялдар менен биздин айыл кармалып турат”, - деген ынанымда Канышай. Күлүйпанын өзү болсо айылдык коомчулуктун өнүгүшүнө өкмөттүк эмес уюмдар чоӊ роль ойнойт деп эсептейт. Андыктан айылга жергиликтүү бийлик менен жолугушуп, алардын айылында долбоорду баштоо сунушун талкуулоо үчүн проект кызматкерлери келгенде Күлүйпа бул идеяны колдоп чыккандардын алгачкылары болду: “Мен биздин айыл үчүн бул долбоорду ишке ашыруу кандай пайда алып келерин дароо түшүндүм. Анткени, бул долбоордун негизги принциби салыштырмалуу айтканда мындай: “Мен сага 100 сом берем, а сен 1 сом кошуп, 1000 сом иштеп тап”. Бул учурда айыл өкмөтүндө эч ким болбой калды, ошого карабастан проект кызматкерлерин кетирбегенге катуу турдум, мектептин бир классында жергиликтүү тургундар менен чогулуш уюштуруп, мен муну мен жергиликтүү кеӊештин депутаты болуп саналам, андыктан мен дагы жергиликтүү бийликти билгизем деп түшүндүрдүм”. Бирок айылда бардыгы эле Күлүйпанын долбоорго ишеничин теӊ бөлүшүп кетишпеди, ошол себептен социалдык мобилизациялоо кыйындык менен жүрүп, түшүнбөстүктөр да, таарынычтар да болду. Жамааттык жоопкерчиликтин талаптарына чыдай алышпай, ӨЖТнын курамынан чыгып кеткендер да болбой койгон жок: “Бизден ӨЖТдан экөө чыгып кетишти. Мүчөлүк акыларды өз убагында төлөгөндү каалабагандар, жалпы милдеттен качкандар, жыйналышка келбегендер да болушту. Бирок жөжөнү күздө санайт деп бекеринен айтышпайт, ӨЖТ
биринчи түшүмдү жыйнап, биринчи кирешени алганда баары жайына келди. Азыр баягы чыгып кеткендер кайра кирүүнү суранып жатышат, а ак ниети менен такай иштебегендерден өзүбүз кутулалы деп жатабыз, жалпы чечим менен аларды топтун курамынан чыгарып, чыныгы иштей тургандарды кабыл алабыз”. Мындай катуу туруу толугу менен өзүн актайт деп эсептешет аялдар. Себеби Арпа-Тектирдеги Айылдык фонддун стратегиясында айылда өз ара жардамдашуу топторунун күчтүү тармагын түзүү үй-бүлөлөрдүн гана жыргалчылыгын камсыз кылбай, айылдын муктаждыгын да чечкендикте жатат. Фонддун планында сугат сууну камсыз кылуу үчүн кубаттуу мотор сатып алуу, ээн калган имаратты калыбына келтирүү жана анын базасында балдар бакчасын ачуу, ж.б. бар. Бул пландардын толук ишке ашарына ишеним бар. Буга оӊой ынанса болот, анткени бул пландардын артында активдүү жарандык позицияга ээ Күлүйпа Пайзиева сыяктуу адамдар турат.
39
Элеттик аялдар
40
Элеттик аялдар
41
Элеттик аялдар Айылды кармап турган аялдар
АЙЫЛДЫ Гүлмира Чомуева Ош шаарына тренингге үч жашар небереси менен келгенде долбоордун кызматкерлери аӊ-таӊ калышты, алардын практикасында мурда мындай болгон эмес. Гүлмира алыскы Алайдан келип жаткандан кийин уруксат берүүгө туура келди. Ошентип, тренингде Айылдык фонддун жетекчилиги үчүн зарыл болгон билимди жана ыкманы алган чоӊ энеси менен бир партада отуруп, кичинекей үч жашар Эмир да “окуп калды”. “Неберемди таштаар эч ким жок, а келбей кое албайт элем, анда айылда ишти кантип уюштура алмакмын?” – өзүнүн бул жоругунун себебин Гүлмира ушинтип түшүндүрөт. Чомуеванын айтуусунда Ош облусунун Алай районунун боордош Жар-Кыштак айылында неберелерин тарбиялап жатышкан чоӊ энелер абдан көп. Жаштар, негизинен эркектер балдарын ата-энесине, балдарынын апасына же жаш аялдарына бакканга калтырышып, Россияга иштеп акча тапканы кетишет. Мына ошондуктан үй чарбасын аялдар жетектеп, өз алдынча чарба жүргүзүп, балдарды тарбиялоого муктаж. “Биздин айылды кармап турган аялдар, - дейт Гүлмира. – Дегеле бул аймактагы бардык айылдарда ушундай”. Ал жетектеген “Даанышман” айылдык фонду “кедейлик пирамидасы” боюнча тандалып алынган жана 6 өз ара жардамдашуу тобуна бириккен дал ушундай 40 аялдан турат. Алардын эӊ жашы 21де, эӊ улуусу 56да. “Жаш аялдарга абдан кыйын. Белгилүү болгондой жаш үй-бүлөлөрдүн өз үйү, иши, биринчи тушуккан кыйынчылыктарды жеӊип
42
Элеттик аялдар Айылды кармап турган аялдар
кеткидей турмуштук тажрыйбалары жок. ӨЖТда алар иш гана таппастан, улууларынан жардам да алышат, бекеринен аларды өз ара жардамдашуу топтору деп атабайт да”, - дейт Гүлмира Чомуева. Беш баланын энеси жана беш неберенин чоӊ энеси болгон Гүлмиранын Бишкекте үйү, иши бар эле, ошондой болсо да салт талап кылгандай карыган кайненесин багуу үчүн бир тууган айылына кайтып келди. Буга өкүнбөйт, анткени бир тууган жеринде жеӊил дем аласыӊ, анан да анда жашап, иштегенден кийин айылды көтөрүү керек. А Айылдык фонд – айылдын турмушун жакшыртуунун биринчи кадамы, Чомуеванын пикири ушундай: “Мындай долбоорлор айылда көп болсо, биз көп нерсеге жетишер элек. ӨЖТнын мүчөлөрү болгон бардык аялдар өздөрүнүн экономикалык жыргалчылыгын жакшырта алышты, тренингдерде тажрыйбага жана жаӊы билимге ээ болушту. Алар товар өндүрүп гана чыгарбастан, аны сатканды да билишти. Тапкан акчага эт, сүт алыш үчүн уй, кой сатып алышат, үйлөрүн оӊдоп, жылуулашып, балдарынын окуусу үчүн төлөшөт. Эӊ башкысы мындан да өздөрүнүн жана жаӊы ӨЖТлардын бекемдигин жана туруктуулугун камсыз кылыш үчүн Айылдык фондго каражат салышат”. Гүлмиранын айтуусунда долбоордогу аялдар бир нерсени бат кабыл алышып, өстүргөн жашылчаларын пайдалуу саткандай базарды изилдешүүдө. Мисалы, сатып алуучуларды табуу үчүн Ошко барышып, базарларды кыдырышып, түстүү капустаны алып келүүгө келишим түзүп келишти. Ушунун аркасында алар сатып өткөрүүнүн туруктуу каналын жөнгө сала алышты. Анын үстүнө алай капустасы өзүнүн жаӊылыгы жана жакшы көрүнүшү менен Өзбекстандан жана Бишкектен Ош базарына алынып келингендерден өтүмдүү боло айырмаланып турат. Гүлмира менен андан ары сүйлөшкөнүбүздө ал Айылдык фонддун жетекчиси болуп туруп, ӨЖТнын мүчөлөрүнө берилчү үрөндү да, башка нерсени да албай, фонддун ишин уюштурганы үчүн сый акы гана алчу экенин билдик. Менин анда эмнеге бул долбоорго кызыгып катышып жатасыӊ деген суроомо “Биздин ӨЖТдагы эмгек – бул менин эмгегим, алардын эмгегинин жемиши – бул менин ийгилигим. ӨЖТга айылдагы эӊ кедейлер кирген, алар биргелешкен эмгек жана өз ара кол кабыш кылуу аркылуу өздөрүнүн материалдык абалын жакшыртып жатышат. Айылдык фондго биригишип, бул ӨЖТлар башка топторду түзүшүүдө жана өздөрү долбоордон алышкан жардамды кайтарып беришет. Мына ушинтип бул жардам көбөйө
берет да, биринен бирине берилет. Эгерде ар ким өзү жөнүндө ойлой берсе, өзү менен өзү боло берсе, айылда эч ким жардылыктан эч качан чыга алышпайт...”
43
Элеттик аялдар
Элеттик аялдар