Феминисттик диалогтор: Биз болбосок ким?

Page 1




Мазмуну Кириш сөз

Зиндин маанилүү терминдери Ыраазычылык Өзүбүздүн көз карашыбыз аркылуу — биз эмне үчүн зинди жасадык Зинди жазуу процесси жана эмне үчүн бул маанилүү?

4

4 5 6 8

Активизимге биздин жол

10

Кыргызстандагы аялдардын укугу. Тарых

24

Сен кызсын Сен келинсиң Зомбулукка жол жок Өзүңө өзүң жана башкаларга жардамаш Коопусуздук жана пикирдештердер Укук коргоо

Кыргызстандагы кыздардын жана аялдардын жалпы абалы — тарыхый жана саясий көз караш

11 13 16 18 19 21

25

Аялдардын өзүн өзү уюштуруусу жана активизм

30

Аялдардын өзүн өзү уюштуруусу

38

Жумуш кантип түзүлөт Өзүнө өзү ишенүү

Эрте күйөгө чыгуу жана ала качуу менен күрөшүү Зомбулукка жол жок

33 36

39 40


Адвокация Кыздардын жана аялдардын билим алуусу Активисттердин кызыкчылыктарынын кеңейүүсү Мыйзамдардын жана коомдун реакциясынын өзгүрүлүшү

41 42 43 44

Бишкек Феминисттик Демилгелеринин ички кухнясы

45

Феминисттик Демилгелер кантип пайда болгон Уюм кантип иштеген Эмоционалдык күйүү жана активизм Өзүңө өзү батуу жана радикалдык практика катары коллективдүү камкордук 8 март маршы – сахнанын артында/эмес

46 48 53 60 62

Кыймыл көтөргөн темалар жана регионалдык өзгөчөлүктөр

65

Кыргызстандагы феминисттик келечек

71

Талаа рефлексиясы Региондордогу аялдардын укуктук көйгөйлөрү

Кыялданууларды айтып же өткөн нерселер жөнүндө ностальгия жана алар биздин келечекти кантип түзөт

Орто 2000 жылдардын мыйзамдарын жана феминисттик жана аялдар кыймылынын демилгелерин тизмеси

66 68

72

76


Зиндин маанилүү терминдери Өзүн өзү кыз жана аял катары идентификациялаган жана баардык коомдошкондор — аялдар жана кыздар; БФД — “Бишкек Феминисттик Демилгелер” коомдук уюму; Феминизм — бул аялдарга карата жана коомдо аз көрсөтүлгөн жамааттарга карата жасалган кемсинтүү, зомбулук жана дискриминациянын баардык формаларын жойуу кыймылы; Феминисттик жана аялдар кыймылынын айырмасы бул — аялдар кыймылынын дайыма өзүн феминист катары билдирбегени болуп эсептелинет. Биз кыймылдын өзүн өзү идентификациялоосун сыйлайбыз жана кыймыл колдонгон терминдерди киргиздик.

4


Ыраазычылык Феминисттик жана аялдар кыймылынын активисттерине өздөрүнүн бош эместигине карабай, биздин интервьюда катышып беришкенине чоң ыраазычылык билдиребиз. Биз сиздердин аялдарды жана кыздарды коргоо боюнча күн сайын жасап жаткан талыкпас эмгегиңерди баалайбыз. Өзгөчө ыраазычылыкты биздин донорлорго Мамакэш жана Орто Азиялык Группага (САG), бул зинди жасоодо ой толгообузду биз менен кошо бөлүшкөн жана себеп болгон, БФИнин (2012-2018 ж)

жумушчу командасына, техникалык жардам үчүн Жамааттык Демилгелер жана Орто Азия — изилдөө фонддоруна жана БФДга билгизебиз. Зиндин дизайнер — Карина Толмачевага, котормочулар — Нурзат Султаналиева менен Касмамытова Жыргалга, англотилдүү которуунун редакторуна — Джессика Линн Уитбредге ыраазычылык билдиребиз.

Саадат Менин өмүрүмдүн бир бөлүгү болгон жана азыр да болуп келе жаткан баардык аялдар бул — менин феминисттик курбуларым, кесиптештерим, апам жана тайэнем! Мен сиздерди абдан жакшы көрөм жана чын жүрөктөн менин бала чагымдагы, өспүрүм кезимдеги жана бойго жеткен кездеги колдооорго чын жүрөктөн рахматымды айткым келет. Мен сүйүнүп турган кездерде же тескерисинче жаш аял катары, баштан көп нерсе өткөрүп зомбулук көрүп травма алган кезимдеги, колдоонорго рахмат айткым келет. Сиздер мага ишенип, мени колдоп жана өзүмө өзүм ишенгенди үйрөткөн адамдар так силер болдунар.

Мен менин өзүнүн даанышмандыгы менен мени колдоп мүмкүндүк берген ар бир аялга, кызга, артыкча феминисттик курбуларыма ыраазычылыгымды билдирем. Силердин камкоордугуңар, критикаңар, мотивацияңар, күлкүңөр, көз жашыңар, берилүүңөр жок болгон дүйнөнү мен элесте албайм. Андан тышкары менин жанымда көп жылдардан бери менин турмушумдагы сүйүнүчтөрдүн жана кыйын мезгилдерде мени колдогон партнёрума ырызаачылыгымды билдирем. Мен силерди абдан жакшы көрөм. Жакшы көрүү менен жана тилектештигим менен, Саадат 5


Өзүмдүн көзүм менен — зин эмне жөнүндө?

Бул зинде активисттердин ар кандай муундардагы дилбаяндары, эмоциялары, ойлору жана тарыхтары жыйналды. Мындан тышкары БФД, активисттик мамилелер жана биздин активизмге карата рефлексиябыз (ой толгообуз). Биз Кыргызстандын түрдүү булун бурчтарынан болгон Каракол, Ош, Джалал-Абад, Чүй, Бишкек кыздарынын жана активист аялдарынын тарыхтарын чогултууну чечтик. Биздин тарыхтарды документациялоо, биздин кыймылдын муктаждыктарын түшүнүүгө жана биз эмне үчүн активизм менен алектенип, коомдо кандай ролду ойноп, кайдабыз жана каяка жылып бара жатабыз деген суроолорго жооп берүүгө жардам берет. Негизги фокус БФДнын 2012-2019 жылга чейинки төмөнкү тажрыйбаларына багышталды. Бизге даталарды белгилөө маанилүү болду анткени так ушул кезде биз жумушчу топтун- аткаруу орган (мындан ары ЖО) ишмердүүлүгүнө кошулганбыз.

6

ЖОнун составы жана негизинен БФДнын составы 2019 жылдын апрелинен баштап алмашылып келе жатат. Публикация биздин тажрыйбабызды көрсөтүп, арийне биздин активисттик ишмердүүлүгүбуздүн учурурундагы пикирлерди жана окуяларды көрсөтө албайт. Биз сүйлөшкөн ар бир aдам зордук зомбулугу жок турмуш жөнүндө өзүнүн көз карашы бар экенин билдирген. Алардын баардыгы зомбулугу жок турмуш курууга баардык аракеттерин жасайт жана ар башка мамилелерди колдонот. Кимдир бирөөгө укук жана эркиндик издөөдө улуттук каадалар жардам берсе, башкалар өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн дин аркылуу көргөн, ал эми дагы башкалар өзүнүн ишенимдүүлүгүн рухий дөөлөттөрдөн тапкан, дагы бирөөлөрдү реалдуу каармандар — феминисттик жазуучулар, феминисттик кыймыл алардын көз карашына таасир эткен.


Бул жерде кыймылдын же бул процесстин бир бөлүгү болгондордун баардыгы айтылган жок. Биз өзүбүздүн активизмге кошулуу мезгилинен баштап алынган тажрыйбабыздын негизинде пайда болгон бул публикация балким кийин алмашылып толуктанып тураар. Коопсуздук максатында активисттердин бир бөлүгү анонимдүү калышын кааалашкан. Өзүбүздүн активисттик иш аракеттерерибиздин тажрыйбасын документтештирүү биз үчүн саясий туура чечим болду — бул нерсе башка кишилер биздин тарыхты айтып берип жатканда бурмаланып, туура эмес айтылып калыштан сактап калат эле.

Мисалы, өнөкөткө айланган стереотиптерден улам бизди жана биздин өлкөнү колониялдыктан, советтиктең кийинки, бир режимден башка режимге өткөн элдер деп таанышат. Биз үчүн башкалар, саясатчылар, улутчулпатиархалдар, түрдүү басылмалар жана академиялык документтер биздин оордубузга бирдейлигибиз жөнүндө айтып келишет. Бул зинде биз өзүбүздүн жана феминист — активистердин тажрыйбасы менен бөлүшөбүз.

7


Зинди жазуу процесси жана эмне үчүн бул маанилүү? Саадат Мени бул зинди жазууга БФДнын жана көптөгөн феминисттик аялдар демилгелеринин иштеринин түшүмү түрткү берди. Тайманбас өзүнүн укуктары үчүн болгон феминисттик жана аялдар күрөшүнүн натыйжасында, аялдардын жеке өзүн өзү көрсөтүүсү жана коомдук чөйрө көбүрөөк болгонун көрүп атам. Мен аялдар кыймылынын жасаган иштеринин таасири башка аялдардын өзүн эркин сезүүсүнө, өздөрү каалагандай болушуна түрткү болгонун көрдүм. Кыздар жана аялдар менен маектешип атып, алардын зомбулук жашоодон (үй бүлөдө, карьерада ж.б.)баш тарткандарын, өзүнүн турмушун кайра жаңыча баштап аткандарын угуп аттым. Булардын көпчүлүгү феминисттик активизмге, өздөрүнүн баштарынан өткөн зордук зомбулук менен күрөшүү үчүн, азыркыга чейин ушундай нерсеге кезигип аткан аялдарга жардам берүү, колдоо көрсөтүү үчүн келген. Ошол эле учурда ачык мизогиния, феминизмге болгон терс реакция бар экени билинип турат. 8

Бизге «Силерге эч ким келбейт жана силерди эч ким колдобойт», «Силердин ишкердүүлүгүңөр эч кимге кереги жок, Кыргызстанда феминизм жок жана болбойт», «Силердин колуңардан эмне келет эле, керек болсо аялдар укуктары үчүн аялдарга караганда эркектер көп нерсе кылып берген» дешет. Аялдардын күрөшүнүн баалуулугу кайтып бара жаткандай сезилет, ага маани да беришпейт, жана ардактабайт. Мен кыздар жана аялдар өзүн өзү көрсөтүүсүн музыка, чыгармачылык, спорт, кесипкой өнүүгү аркылуу өзүнүн жолун өзү табу аркылуу, демилгени өз колуна алуусу менен феминисттик демилгелердин пайда болушун жана көбөйүүшүн көрүп турам. Бул зинди жазуу — мен үчүн, “бул эмне болгон жана эмне болуп жатат” дегенди көрсөтүү мүмкүнчүлүктөн тышкары, аялдар жана феминисттик кыймыл аркылуу жасалган баардык эмгектердин баалуулугун көрсөтүү. Канткенде да бул эмгек кээде гана бааланарын баарыбыз жакшы билебиз. Акыры, биз болбосок коллективдүү эмгекти ким документтештирет жана баалайт?


Кыргызстандагы феминисттик жана аялдар кыймылын, БФДнын ишмердүүлүгүн документациялоо проектисин биз 2015 жылы эле талкуулаганбыз. Биз бул идея жөнүндө, изилдөөнүн үстүндө иштегенге кызыккан кыймылдын башка өкүлдөрү менен бөлүшкөнбүз. Изилдөөнүн үстүндөгү

координациялоо иштерин жасоодо көп убакыт талап кылынды, анткени убакыттын, кызыкчылыктардан, кетүүлөрдөн, келише албастыктан жана башка себептерден келип чыккан адамдардын такай алмашуусу себеп болду.

Эсимде, биринчи түзүлгөн команданын катышучууларынын арасындагы бир нече ички конфликтерден жана келишпестиктерден кийин мен катышуудан баштарткам, жана бул нерсеге абдан капа болгом. Бир жолу мен Саадат менен жолугуп ал мага — мен өзүм жалгыз жазсам дагы токтотпойм деп ишенимдүү айтканы — мага чоң таасир калтырды. Мага бул сөз дем берди. Мындай чоң эмгекке өзүм эмоционалдуу даяр болбогонум менен документациялоону БФДнын эки маанилүү

адамдарын бул ишке тартуусуз мүмкүн эмес деп мен ишенгем. 2018 жылдын аягында активисттердин эң сонун татаал жана башталгыч феминисттик аялдардын активизми түрдүү процессинин тарыхын камтыган команда түзүлдү. Зинди жазуу процессинде мен өзүмдүн эстөөлөрүмө кайрылууга туруштук берип жаттым, балким өткөн мамилелерден калган жаралар кете электен болушу мүмкүн эле. БФДге тартылуу тарыхымды карап жатып мен координациялаган иш чаралардын формасына уялып жаттым.

Коом тарабынан колдоо көрсөтүлгөн аялдарга тиешелүү жумшактык, күлүмсүрөө жана ушул сыяктуу нерселер гана эмес, бул зинде өзүмдүн тажрыйбамды жазып атып мен өзүм менен реалдуу эмоцияларымды билдирип өзүм менен өзүм калгым келет. Назиктик жана ачык айкындык сага каршы колдонулган жана көпчүлүк учурда жазалаган коомдо, мен өзүмө өзүм: күчтүү жана аярлуу болууга өзүмө өзүм мүмкүнчүлүк бергим келет. Башкалардын үстүнө, зордук зомбулук үстөмдүк көрсөтпөй

өзүмдүн эмоцияларымды көрсөтөм. Аялдардын алдында коюлган көптөгөн чектөөлөрдөн, так ушул эмоциялар бошотту. Турмушумду жаңыча өзүм каалагандай курууга, аялдардын алдына койгон түрдүү чектелөөрдөн кетүү — мени зордук зомбулуктан коркпой кетүүмө эмоциялар түрткү берди.

Айзат

Саадат

9


Активизимге биздин жол

Сен кызсың; Сен келинсиң; Зомбулукка жол жок; Өзүнө өзүн жана башкаларга жардамаш; Коопусуздук жана пикирдештик; Укук коргоо.

Аялдардын өзүн өзү уюштуруусунун көптөгөн тамырлары бар. Активизимге түрдүү тажрыйба (бэкграунд) аркылуу жана түрдүү мезгилдерде келишет — баштан өткөн зомбулуктан кийин жумушсуздукка кабылгандан кийин, мектепте же университетте окуганда жана башка мезгилдерде. Бирок бул тарыхтарды аялдардын өзүнүн тагдырын өздөрү колго алып, өздөрүнүн проблемаларын өз алдынча чечүүсү, өзүнүн тилектерин, ойлорун, ишке ашыруусу жана өсүүсү бириктирет. Көп кездерде үй бүлөнүн жергиликтүү коомчулуктун колдосу жоктугуна карабай кездешет. 10


Сен кызсың

Айгүл БФД, 2019 — азыркыга чейин, Бишкек Мен өмүр бою “Сен кызсың да, эстүүрөк болушун керек” деген нерселерди угуп келе жатам. Менин эркек бир тууганым бар, экөөбүз эгизбиз, мага болгон үй окатты сен кыз баласын деп оодара салышат. Кыз киши күйөгөө чыкканда “чийден тышкары” болот деп апам айтып койчу. Ал эми эркек бала үйдүн ээси уйдө калат деп айтчу. Мен апам менен дайыма бул боюнча айтышуума туура келчү жана мага бул нерсе абдан адилетсиздиктей

сезилчү. Албетте биз дежурство сыяктуу нерселерди уюштурчубуз, бирок апам баары бир бизди бөлүп турчу. Эркек бир тууган — мусорду эле чыгарат, а кыз киши идиш аяк жууп, шыпырып, пылесос менен чанды сордуруп туруш керек деп айтчу. Кийин мен универститетте окуп жүргөн кезимде, феминизм жөнүндө угуп, кичинекей кезимден феминист экенимди түшүндүм.

Гуляим БФД, 2019 — азыркыга чейин, Бишкек

Мен феминизмге кантип келдим? Адилеттүүлүктү сезгенден, баардык нерсе тең болуу керектигин сезүүмдөн деп ойлойм. Эркек, кыз, улутуна карабай. Дайыма сезимталдыктын деңгеелинде болгон. Бир эркек төрт кыз болчубуз, бирок мындай нерселер менин үй бүлөмдө койгой жараткан эмес. Эркек бир туганым эч качан, муну жасап бергиле, тамак бышырып бергиле деп күтүп отурчу эмес, үйдө биз эмне кылсак кошо жасашчу, тышка чыкса тыштагы оокаттарды да

жасоочу, анткени бизде короо бар эле. Мен, үйдөн тышкары башкача болоорун өспүрүм кезимде көрдүм. Артыкча мен муну, өзүмдүн аталаш бир туугандарыма барганда байкадым. Алардын үй бүлөсүндө кыздарга башка мамиле жасашчу. Кыздарын эч жакка кое бербегенин байкадым. Менин эсимде бир эпизод калды-менин бир жездем, кыздарына кандай кийинүүгө болот жана болбойт экенин айтып жатты. Мен үчүн бул нерсе таң калаарлык болду. 11


Надира «Кыргыз Индиго», Бишкек

Мен жаш чагымдан баштап мектепте, университете, баардык жерде бир нерсени өзгөрткөнгө умтулгам. Кандайдыр бир дүрбөлөн чыгарганыман, мени көп жактырышчу эмес. Айылда жашаганыманбы же этникалык тиеше үчүнбү (мен дунганмын), мен басмырлоого жана кысымга алууга көп дуушар болдум. Бирок ар убакытта жана дайыма мен дуушар болгон жана басмырланган нерсе бул — менин кыз болушум , бул нерсе дайыма мени фон сыяктуу куугунтуктап келген. Кичинекей чагымда балдар менен көп ойночумун, бирок аларга : «Силер эмне үчүн кыз менен ойнойсуңар?» деп айтышчу. Бир кезде алар уялып, мени кууп ийишти. Эмне үчүн мен башкачамын деп, мен чындап эле түшүнчү эмесмин. Башка балдарга же улуу адамдарга караганда азыраак алышым керек деп. Кийин акырындап түрдүү уюмдардын иштерине кошула баштадым. Башында волонтер болуп, кийин уюмда калдым.

ИНИМДИ СЕН БИЗДИ БАГАСЫН ДЕП АЙТЫШЧУ ЭЛЕ, АЗЫР ТЕСКЕРИСИНЧЕ — МЕН БАГУУЧУ БОЛУП КАЛДЫМ.

12

Көп кишилер басмырлоо жана зомбулук курмандыгы болуп, атасы жокто болот деп айтышат. Мен муну макул көрдүм, анткени мен атасы жок өскөнүмө карабай ал жок чоңойгонума сүйүнүчтөмүн. Мени дайым «катын», «мен каржылоодон көз карандымын» деген сөздөр абдан кыжырлантчу. Мага дайым — «Сен башка үйдүн бүлөсүсүн» дегенде «мен башка үй бүлө болбойм, мен өзүмдун үй бүлөмдүн бөлүгүмүн» деп айтчумун. Мен гендердик тендикти изилдегенимде, бул меники экенин, мен тендикти кааларымды түшүндүм. Инимди сен бизди багасын деп айтышчу эле, азыр тескерисинче — мен багуучу болуп калдым.

Гулиза «Жаңы Ритм», Ош


Сен келинсиң Айзат БФД, 2014-2019 Жыл сайын 2-декабрда эл аралык кулчулукту жойуу күнүн белгилешет. Бул күндү бизде Кыргызстанда, келинизациялоого кулга айлантууга каршы күрөш күнү катары өткөзүш керек. Менин колума кишен менен чынжыр салынбаса да, мен өзүмдү камактагыдай сезип жаттым, менин үйдөн тышкары ар бир кадамым үй бүлөнүн бир нече мүчөсүнүн уруксааты менен гана ишке ашчу. Менден 24\7 саат жумуш кылуумду талап кылышчу. Мен мындай нерсе менен аргасыз алектеңе баштадым, анткени келин болуп — өз каалоом менен жана акы төлөнбөгөн эмгек эксплуатациясына макул болгом. Мындан тышкары мен бат эле боюма бүтүп, төрөп, андан ары жумуштарды кылып ошол эле

кезде сулуу жана бактылуу болуп жүрө беришим керек эле. Бирок баламдын төрөлүшү мени эсиме келтирди. Мен кайын журтуман, эмне иш кылаарымды билбей, баламды жана өзүмдү кандай багаарымды да билбей кеткенмин. Бирок ал кезде мен үчүн бул суроолор эң акыркылардан болуп турган. Мен эркиндикти каалагам. Бара бара мен журналисттик иштер аркылуу саясый- социалдык турмушка катыша баштадым. Көп өтпөй эле БФДнын интернет интервенцияларынан кийин мен феминизм жөнүндө көбүрөөк биле баштадым. Эркиндиктин жолу түптөлө баштады, ал азыр дагы уланып келе жатат.

Гүлсана «Аялдардын тынчтык банкы», Ош областынын Ноокат району Айыл аялынын жумушу толтура болот. Мен да айылда туулуп, бирок центрде турчумун, андыктан алма эле жыйначумун. Мал кармачу эмеспиз, башка кыздардай болуп тамеки жыйнаган жокмун. Мен бойго жеткен кезимде, айылдык аял экинимдин биринчи сезимим, менин кайынжуртум «Чай куй» деп орой айткандарынан пайда болду. Мен келген үй бүлө билимдүү жана

интеллигенттүү экенине карабастан, бул талап мага катуу тийди. Менин жолдошум Эл аралык уюмда иштейт, бирок баары бир келинге үй бүлөдөгү төмөнкү нерсесиндей мамиле кылынчу. Короодо баскан турганын жана башка ушул сыяктуу нерселер катуу тартипке салынганы мага абдан жаккан жок. 13


«Алга», Кант, Чүй облусту

Мен үчүн активизм кайра жаралуудай болду, үйдө психологиялык жактан өзүмдү ушунчалык басынкы сезип жүрдүм эле. Буга чейин менин кызыктуу жумушум бар эле, илим менен, тагыраак айтканда перспективалуу социология багытында иштечүмүн.Биз өлкөнү кыдырып, изилдөө жасачубуз.

жесирлердин, жалгызбой эне, көп балалуу үй бүлөлөрдүн жерлерин толук бербей жатышканын биз байкап калдык. Ал кезде арыздашуу, датташуу адатта эмес болчу. Биринчи 11 аялдын кейсин чогултуп, биз жергиликтүү бийликтерге, районго, кийин улуттук жана чоңдорго да кайрылдык. Бул узун тарых.

БИР ЗАМАТТА ЭЛЕ БИР ДА ЖАРЫКЧЫЛЫК ЖОКТОЙ БОЛУП, БААРЫ ЭЛЕ YЙ ООКАТ БОЛУП КАЛДЫ.

Бир заматта эле бир да жарыкчылык жоктой болуп, баары эле үй оокат болуп калды. Менин баардык умтулуумду, карьерамды таштап, огороддо иштеген, нан жапкан, балдарды тосуп алган айылдык аял болуп калдым. Кийин форумдан, дүйнөдө аялдардын кыймылы бар экенин билдим, бул нерсе мени абдан кызыктырды. Африкадагы аялдар кедейлигине карабай уюшуп пайда алып келчү ишмердүүлүктүн аркасы менен, өздөрүнүн чөйрөсүн өзгөртүп жатышыптыр деп окудум. Мен бул тууралуу өздөрүмдүн айылдаш аялдарыма айтып бердим, ал кез 94-95 жылдары эле, агрардык жер реформасы жүрүп жаткан. Мурунку колхоз – совхоздорду жашочулардын арасында бүлүштүрүп, кедей үй бүлөдөгү аялдардын,

Эң башкысы, ушул таарынган аялдардын баардыгына — бөлүнүп берилген жерлеринин баардыгы берилди. Бул биз үчүн көңүлергиткен ийгилик болду, биз тоону төмкөрүп коммунизм курабыз деп ойлогонбуз. Бирок, турмушта баары татаал болуп чыкты, көп нерсеге үйрөнүүгө туура келди.

Ольга

14

Башында биз формалдуу эмес группа болуп, бирөөнүн үйүндө, дүкөндө, почтада, жаратылышка чыкканда кездешип жүрдүк. Кийин, биздин ийгиликтең кийин, жергиликтүү газетага биз жөнүндө бизди «Кант амазонкалары» эркектерге каршы күрөшкөн, америкадан келген секта деген макала жазышыптыр. Эркектер каршы туруп, булар үй бүлөбүздү аялдарыбызды бузушат деп ойлошкон.


Атамдын сегиз бир тууганы бар, алардын арасында ал эн кичүүсү, ал эми үй бүлөдө менин апам эң кичүү келин. Менин феминизмге тарткан жолум, менин апам өткөн нерселерге каршы күрөшүүдөн башталган, үй бүлөнүн ичинен тышкары да социалдык- тууган туушкандык ролдор көбүрөөк. Бул нерсе мени дайым тынчсыздандырчу — ал жумушта иштечү, андан тышкары той — аштарга барганда ал жерден да жумуш жасачу, ал жөнүндө аз кам көрүлүп, дайым ооруй берчү. Мен да үй бүлөмдө мындай нерседен өттүм, анткени мен беш баланын улуусу болчумун. Улуу кыз. Мага үйдө калып бөбөктөрүмдү карап, үйдү жыйнап турушун керек деп айтышчу. Мен активизм менен иштеп ыктыярчылыкка барганы жатканда, биздин үй бүлөдө бир нече жолу жанжаал чыгып — сен үйдө отурушун керек деп айтышкан.

Элвира «IDEA», Бишкек

15


Зомбулукка жол жок! Нургүл «Аруужан», Каракол Биздин уюм аялдардын укугу менен, тагыраак айтканда, үйдөгү зомбулукка каршы иш аракеттер менен иштейбиз. Эмне үчүн так ушул тема? Эмне үчүн бул норма болуп эсептелинет? Мен билимдүү аялмын, мектепте көп жыл иштедим… Ошого карабай зомбулукту өзүм баштан кечирдим.. Менин жолдошум органдарда иштеди, мен аны менен 25 жыл жашадым жана баарына чыдадым. Кыргыздардын менталитети ушундай, бизде аялдардын пикирдештигибиз жок. Мисалы, мен өзүмдүн курбума, мени күйөөм уруп атат деп айтсам, мунун баары сөзсүз жайылат жана баары биле баштайт.

Бизде эч качан жабырланган аялды колдобойт. Мектепте иштеген аялдардын көпчүлүгү, мен сыяктуу эле зомбулукка кабылган. Мен күйөөм менен ажырашкадан коркчумун, анткени көп кишилердей эле материалдык жактан көз каранды болчумун. Мен мындай деп ойлочумун, мен аны менен ажырашсам , кантип балдарымды багам? Менде дайым бул коркунуч болгон. Анан кийинкисин ойлойсун: балдар чоңойсо күйөөгө чыкса, кудаларга эмне дейм? Эмнеге атасы жок? Эл эмне дейт? Бир замат акылыма кирдим да, чечим кабыл алдым — мейли, балдар чоңойсун, эмне болсо ошо болсун деп. Анан, качанка чейин аялдар чыдай берет деп ойлоно баштадым.

Нургүл жана анын коллежанкалары үчүн акыркы тамчы болуп, күйөөсү сабап салган, бирок милицияга жана эжелерине кайрылгандан уялып үйдө жатып өлүп калган биология мугалиминин окуясы болду. Ишти жаап салышты. Уюмдун активисттеринин айтуусуна караганда, активист болуу стимулу Советтер Союзу кыйрагандан кийин пайда болгон. Үчүнчү өлкөлөрдүн менталитети же мыйзамдары жайылтуу трансформациялары пайда боло баштагандан башталган. Аларга өзүнүн маданиятын, каадасалттарын, «эң жакшы» нерселерди сактап калуу маанилүү болгон. 16


Азиза (аты өзгөртүлгөн), Жалал-Абад шаарынын уюмунун өкүлү Азиза адилеттүлүктү издегенден жана ак ниет эмгеги менен акча табуу үчүн келген. Ал күйөөсү кайтыш болгодон кийин кайненесинин жана кайын журтунун көптөгөн психологиялык жана экономикалык басмырлоосунан кийин кайын журтунан кетүүгө аргасыз болду. Түштүктө күйөөгө чыксан — сөзсүз балалуу болосун, үйдө отурушун керек. Ошентип мен 8 жыл отуруптурмун. Күйөөм кайтыш болуп, мен алар менен(кайын журтум менен) чогу 2 жыл жашадым.

Провокациялар болду, мени психологиялык жактан кысымга алгандан кийин, мен чыдабай кетип калдым. Шаарга келдим, жумуш таппай кыйналдым. Иштеп, акча таап өзүмдү өзүм камсыздандырып, өзүмдүн оюмду айткан, пара бербей өзүмдү эркин сезген структура кантип болбосун деп ойлодум. Кызымды мектепке жиберип, жумушу жок отурдум эле, менин кошунам бир бейөкмөт уюму конкурс жарыялап атыптыр, алар адамдын укугун коргойт экен деп айтып калды. Мен өзүмдүн укуктарым бузулганын буга чейин эле сезчүмүн. Анткени мени психологиялык жактан кемсинтип, менин аргасыз кетүүмө түрткү болушкан. Ошол кезде мен издеп… азыр муну реабилитация деп айтат — күйөөм кайтыш болуп, стресс дегендей. Ошентип мен ыктыярчы болдум. 17


Өзүнө өзүн жана башкаларга жардамаш Мухае «Позитивдүү диалог», Ош

Бизде аялдын өзүн өзү, же баласы менен жанын кыйуу аракетери боюнча бир нече кейс бар болчу. Менин ишимде соттуу аял көнүлүндөгү жарааттарга карабай, 15 жыл зомбулукка кабылганына карабай, милиция менен сот эч көңүл бурбай, шексиз далилдерди кабыл өлтүрүүгө аракет жасагандыгы үчүн, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылганына карабай 12 жыл берип атышат. Ал бала менен терезеден секирип түшкөн, бирок тергөө суицид аракеттерин карабай жатышат, өзүн өзү өлтүрүүгө жеткизүү деген документтерди кабыл албай коюшту. Мен мындай аялдарга жардам бергим келет.

Мен дискриминациялык жагдайларга кабылып калчумун, бирок бул дискриминация, мындай болбошу керек дегенди билчү эмесмин. Жаш чакта менин насаатчым болгон эмес, андыктан өзүм өсүүмө тура келди. 20 жашка келгенде, коргоочум пайда болсо да, өзү каалагандай чечим чыгарып, мен үчүн эч ким эч нерсе чечпесин түшүндүм. Кыз катары жана аял катары өзүмдүн мутаждыктарым бар экенин ойлоп жана бул жөнүндө ойлонуга убакыт жеткендигин ойлоп, ситуацияны өз колума алууну тура таптым.

Жамал «Мутакалим», Бишкек

18

Укей «Назик Кыз», Бишкек

Мен студент кезимде, ислам университетинин аялдары эч кимге кайрыла албасын түшүндүм, анткени муфтий, директор, имамдар жана ректордун орун басарлары — баары эркек болчу. Биз эчкимге кайрыла албайт элек. Бизди эчким коргой алмак эмес, эгерде биз өзүбүздүн юридикалык уюмубузду ачып алсак, анда биз бара бара аялдардын укугун коргой алаарыбызды түшүндүк. Идея 1994 жылы келип чыккан зарылчылыктан пайда болду, ал эми 1996 жылы биз анын үстүндө иштей баштдык. Бул менин кыялымдын аткарылышы болду, анткени мен кичинекей чагыман коргоочу болгон окшойм. Мен бирөөнүн укугун жактоону жакшы көрчүмүн — бул бала чактан, мектептен келе жаткан нерсе.


Коопусуздук жана пикирдештердер

Саадат БФД, 2012-2016, Бишкек

Бул жеке окуя эмес. Мен 18 жашыман баштап социалдык адилеттүүлүк кыймылдарда болдум. Башында мен балдардын укугу жана майып адамдардын укугун коргогон кыймылдарга катышып келдим, ал жерде уюмдун иштөөсүн коллективдүү да жалгыз да алып кетчү, пикирдештерди тартуу жана өздөрүнүн уюмдарынын кызыкчылыгын алдыга жылдыра турган, башкаларды таасирлентчү аялдар менен иштедим.

МЕН ОЗYМДY OЗYМ ЖАНА БАШЫМАН OТКOРГOН ТРАВМАЛАРЫМДЫ ФЕМИНИЗМ АРКЫЛУУ ЖАКШЫ ТYШYНO БАШТАДЫМ...

Менин бойго жетип, аң сезимим өскөн сайын, зомбулук тааныш эмес жана мас, адекваттуу эмес адамдардан пайда болот деп айтышчу. Мен апам менен тайэнемди түшүнүшүм мүмкүн — буларды айтып жатканда алар өздөрү алган тарбиясына жараша мени коопсуздуу болушума аракет кылышкан, тилекке каршы бул абайлатуу менин ситуациямдан сактай алган жок. Мен зордуктоону баштан өткөргөндөн кийин, өзүмө өзүм айтууга, жакындарым менен бөлүшүүгө, укук

коргоо органдарына барууга мага абдан оор болду. Зордуктоо тааныш адамдан болгондон кийин менде когнитивдик диссонанс — (айтылган нерселер менен болуп өткөн окуядан шок болуу туш келбестиги) пайда болду. Бул менин турмушумдагы бурулуш учурум болчу, мүмкүн калган жашоомду мен эчкимге ишенбейм деп сезгем … Бул окуя, мени колдогон ушул нерселер менен, мен кандай болсом ошондой кабыл алган коллективди табууга түрткү берди. Мени менен болгон окуя үчүн мени күңөөлбөй турган чөйрөнү табуу эң башкысы болду. Бактыма жараша, ошол кезде феминисттик коллективди издеп таптым. Башка аялдар, кыздар, өспүрүмдөр менен сүйлөшүп, бул бир эле жеке / өзүмдүк окуя эмес, көп учурда коомдун аркасы менен акталып жана адилеттүүлүккө сейрек жетишкен зордук — зомбулуктун көп окуяларынын бирөө экенин түшүндүм. Мен өзүмдү өзүм жана башыман өткөргөн травмаларымды феминизм аркылуу жакшы түшүнө баштадым, бул травмалар эч кайда кетпесин, менин тажрыйбамдын бир бөлүгү болоорун түшүндүм жана менин колуман келчү нерсе бул — өзүмдү өзүм бүтүндөй кабыл алып, зордук-зомбулугу жок принципинде өзүмдүн турмушумду мен каалагандай куруу. 19


Жанна БФД, 2015-2019, Бишкек

20

Ал кезде (активизмге келген кезде) — бул балким өтүү мезгили болгондур, зомбулук жана адилетсиздик менен күн сайын кезигүүшүдөн, үйдө отурбай, бир жактарга качып кетүүгө аракет кылчумун. Мен өзүмдү бир нерсеге жумшашым керек эле, мен толугум менен БФДга берилдим.


Укук коргоо Каныкей кызы трансгендер кыз, активисти, Бишкек Активизмге мен жеке тажрыйбам аркылуу келдим. Мен активист болуп калам же активист болом деп пландаштырган эмесмин. Мен транзишн (өтүү) жасай баштаган кезде — түрдүү стигмаларды, көндүмдөрдү, басмырлоолорду баштан өткөрдүм. Мен мындай нерсенин баардыгына каршы аракеттерди жасай баштадым. Бул коомдо аял болуу жана аял болуп жашоо кандай экенин, өтүүдөн кийин түшүндүм. Өтүүгө чейин кээ бир патриархалдык нерселерди байкабай

жүрсөм, өтүүдөн кийин мен мунун бүт баардыгын баштан кечирдим. Мен өзүмдүн өмүрүм үчүн күрөшө баштадым жана транскыз катары — мен каалагандай жашоого мүмкүндүк үчүн күрөшө баштадым. Ошол үчүн мени башкалар активист деп айта башташты. Мен макул болдум — окей, мен активистмин.

Белла Балдарга жардам берүү борбору, Каракол

Бала чагымда мен зомбулуктун курмандыгы болдум деп эсептесем, анча деле тура болбостур. Бирок биздин муундагы балдар, жанында атаэнелеринин жоктугунан куса болуп азап чегишти, анткени ал кездеги ата-энелер бүт өмүрүн өкмөт менен партия үчүн беришкен жана көп балдар, анын ичинде мен дагы, ата -эненин көңүл буруусунун жетишсиздигинде жашаганбыз. Бул өзүнүн ролун ойноду деп мен ойлойм.

Эмнеге бул тема мага жакын, эмне үчүн мен мага келген балдарды түшүнө алам, деген суроолор менин бул жакта болуума себеп болуп отурат. Мындан тышкары — мен күйөөдө жүргөн жылдарым, күйөөм зомбулук көрсөтпөсө да — кандайдыр бир бүркөө сезилип атты. Негизинен 90 жылдар абдан коркунучтуу жана кооптуу болду. Биз ал кезде жаш болуп коомдогу турмушка, кесиптерге адаптацияланалбай калдык.

21


Бизде эл аралык уюмдардын саясаты — мамлекетибиздин саясаты менен бирге жүрөт, биз гендердик милдеттерди (аты өзгөртүлгөн) аткаруудагы өлкөбүздүн күч аракетин колдойбуз. Бирок эл аралык уюм аялдардын маалыматтарын карасак, бул саясат. Күчтүү саясат, анын үстүнө, ресурстар үчүн күрөш. Бул абдан татаал. Гендерист болуп ошол эле учурда саясый нейтралдыкты кармоо — бул эч мүмкүн эмес,

Канайым

Команданын катышуучулары үчүн активизмге келүү себеби бул ВИЧ статус, бангизат колдонуу жана гендердик далдалдашуу негизинде басмырлоо тажрыйбасы болгон. Ички сезим бир нерсени алмаштырууну каалайт.

Мадина Мен баштаганда, активизм жөнүндө ойлогон да эмесмин, мындай сөздөрдү да билген эмес элем. Мен жөн эле жашагым келген мага жана менин досторума толеранттуу мамиле жасаарын, менин укутарым бузулбоосун каалайт элем. Мен бангизат колдонсом дагы, башка адамдар сыяктуу эле укуктарым бар деп түшүнчүмүн.

22

өзүндүн принциптеринди карманып, ошол эле учурда саясатка синип кетпөөгө, аракет кылышын керек. Бул абдан татаал. Бир кезде эл аралык уюмда иштеп өзүндүн саясый функцияларыңды аягына чейин аткара албай турганынды түшүнө баштайсын. Мисалы, ак үйдүн жанына «менин денем, менин ишим» деген плакат менен чыкканда.

Алла

Мадина

Света

Татьяна

«Зыянды азайтуу тармагы», Бишкек Мен кайсы бир стандарттарга туура келбесем, бул дүйнөдө жашоого укугум жок деп коомго сезилет. Бул бир нерсени өзгөртүүгө ички сезимим түрткү болду окшойт. Биринчи учурда өзүмө жардам керек болуп андан кийин, башкаларга жардам берүүдөн гана келип чыкпайт болуш керек.


Света

Башка адамдар бир нерселерди өзгөртүүгө аракет кылып жаткандыгын көрүп, мен дагы аларга кошулгум келди. Эгерде биз 1 % эле өзгөртө алсак, бул олутту жетишкендик болот эле. Мен өзүмдүн ойум бар экенин, башкалар каалагандай жашай албасымды мен билем. Балким, мен системага эмне үчүн каршы турушум керектигинин бир себеби ушул нерсе болушу мүмкүн.

Мен бир жыл мурда наркофеминист болдум. Феминизм деген түшүнүк, баардыгыбыз үчүн жаңы нерсе эле. Бул популярдуу эмес болчу. Билбейм, эмне болгонун (эмне үчүн феминист болдум) … балким эки кызым бар экениненби? Азыр бангизат жөнүндө гана айтпай, мен жана башкалар, ар бирибиз өткөн зомбулук, харрасмент (асылуу) темасын айтып берүүгө азыр даярмын.

Татьяна

Алла

Мен жардамга муктаж аялдарга жардам берүүгө келдим. Бул жеке позициям, аны адамга жабыштыра албайсын. Мен өзүм сыяктуу эле адамдарга — аялдарга жардам берүүгө келдим. Жардам берип жаткан кезде сен ресурстар — чексиз эместигин түшүнөсүн. Активизм пландашылган эмес, сен жөн эле укуктар жөнүндө сүйлөй баштайсын. Мен өзүмдү эч качан активист деп эсептеген эмесмин, мен жөн гана болгонун болгондой айтып атам. Мен коомдогу аялдарга болгон мамилени өзгөрткүм келет.

23


Кыргызстандагы аялдардын укугу. Тарых

Кыргызстандагы кыздардын жана аялдардын жалпы абалы — тарыхый жана саясий көз караш 24


Сыйнат Кыргызстандагы аялдардын укугунун маселеси, өлкөнүн жакындагы тарыхына жараша, Советтер Союзунун бир бөлүгү болуп турганда, эң олуттуу социалдык проблемалардын бири катары дайыма дискуссиянын борборунда болуп келген. Аялдардын эмансипациясы — социологиялык разрезинде караганда Советтер Союзунун регионго тийгизген эң чоң таасири болгон, бул нерсе региондун эркектер контингенти жактан кабыл алынган эмес. Бул жактан Орто Азияда Советтер Союзун колониалдык держава катары көрсөк болот, анткени анын негизги максаты болуп ошол жерлерде өзүн өзү бекитүү жана мурунку ар кандай империялык жерлердин калкын өзүнө тартуу болгон. (Kandioti, 2007) Мусулман контекстиндеги жыныстык маселеси ислам менен замандын карама каршылык өз ара аракетттешүүсү көрүнгөнү менен, советтик Орто Азиянын мисалында бул территориялык келишүүнүн жаңылануусунун жана жалпы союздук идеологиялык лоялдуулугунун маселеси болгон. Биринчиси дүйнө аренасындагы капиталисттик демократиялык өлкөлөр менен болгон атаандаштыкта маанилүү болду, ошондон улам мурдагы падышалык мезгилдин этнографиялык изилдөө мурастарын ээрчип, «артта калган» деп кабыл алынган, Орто Азиядагы прогрессти камсыздоо жана модернизациялоо умтулуусу көрүндү. Ал эми ортоазиялык эркектердин партиялык лоялдуулугу,

аялдарга жана алардын жаңы бошотулган социалдык статусуна болгон мамилеси аркылуу бааланып турду. Биринчи жылдары Орто Азиядагы Советтер Союзунун чара көргөн, эң талаштуу — кеңири таралган социалдык үрп адаттарга: аялдардын бетин жабууга, обочолонтууга, балдарды үйлөнтүүгө, калым алып — берүүгө, аялдарды ала качууга кеңири масштабтуу чабуул койуу проектиси — худжум (чабуул) болду. Советтик жаңылануу аркылуу ондоого муктаж болгон региондун артта калуу символу — «чумбот» болду, ошондуктан советтик Орто Азиядагы аялдардын эмансипациясы, Орто Азиядагы советке чейин эң эксплуатацияланган жана басмырланган жергиликтүү жумушчу класстын жоктугуна байланыштуу, аялдарды «суррогаттуу пролетариат» катары көргөн большевиктердин эң негизги максаттарынын бири болуп калды. Кандиойоти( 2007) Советтер Союзу региондогу эң туруксуз абалды түзүүнүн фактору болду деп эсептейт: Падышалык режим аргасыздан тынч калтырган жактарды мамлекеттик чөйрөнү кеңейтип, Советтер жергиликтүү каада салттарга негизделген жазыктардын категорияларын куугунтуктап жана криминалдаштырып «үрп — адаттарга» активдүү кийлигишип келишкен (турмуштук кылмыш). 25


Худжум менен айкалыштырып ал кезде уят деп эсептелинген жана Орто Азиядагы советке чейинки мезгилде укмуштуудай көрүнгөн, эркектер менен тең аялдардын окуп жана иштөөсүнө мүмкүнчүлүктөр сунуш кылынган. Кыздардын билими жана аргасыз бет ачуусу, көп учурда аялдарды өлтүрүү натыйжаларына алып келген. Ошентип, Орто Азиядагы аялдардын эмансипациясы, региондогу Советтер Союзунун флагманы болуп калган, бул нерсе өз учурунда аялдарды саясатташтыруу жана жумуш күчтөрүнө катышуусун кеңейтүү максатында формалдуу жана формалдуу эмес институттарды түзүүсүнө мүмкүндүк берилген. Бул бүт союздагы аялдарга социалдык камсыздандыруу: акысыз яслилер, бала бакчалар, кухнялар, билим жана саламаттыкты сактоо достук системасынын жаралышына шарт түзүлдү. Аялдар оор жана женил өңөр жайларда, айыл чарбада, билим берүү, медицина, искусство жана илимде азын оолак көрсөтүлгөн.

ОРТО АЗИЯДАГЫ АЯЛДАРДЫН ЭМАНСИПАЦИЯСЫ, РЕГИОНДОГУ СОВЕТТЕР СОЮЗУНУН ФЛАГМАНЫ БОЛУП КАЛГАН... Региондогу, анын ичинде Кыргызстандагы абал Союздун жойулушу менен кескин өзгөрдү. Ал кездеги көптөгөн Советтер 26

Союзунун башка өлкөлөрүнүн идеология издеп кайрылуусуна түрткү берген мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы бар болсо, Кыргызстандын андай ашкере байлыгы болгон эмес жана өлкө өзүн өзү ойлоп тапканга мажбур болгон — бирок бул «колониалдуу» деп азыр айтышкандай советтик режимди токтоткон «кол тийгис улуттук каада салттарга кайтып келүү гана болгон жок, бирок жаңы идеологиялык максаттардын кызматында маданий өзүнчөлүктүн түшүнүктөрүн стратегиялык жактан кайра карап чыгуусу болду. Советтик каада салттардын мурастоочулугу, улутчулдуктун негизи болгон улутчулдук саясат менен камсыздалып турду. Элиталар ачыктан ачык эле, өзүнүн тарыхын мактап жана өткөн нерселерди ойлоп таап, илгерки адамдардын аттарын таап чыгып аларга жаңы маани берип, элдерге тануулап, тааныш структураларды жана инструментарийлерди эксплуатациалай башташты. Заманбап саясый лидерлерге жана элиталарга советтик улутчулдук — коомдук мобилизациянын, марксизм ленинизмдин маскарадын колдоо зарылдыгы жок эле, тааныш идеологиялык инструментин колдонуушуна шарт түзүп берген. Ошентип, өлкө жаңы президенттеринде (Акаев 1991-2005, Бакиев 2005-2010, Отунбаева 2010-2011, Атамбаев 20112017) негизинен тарых китептеринине, мектептеги «адам жана коом» сабактарына, символикалуу болгон мамлекеттик майрам жана сыйлыктарга эптеп өткөн улуттук баатыр-эркектердин парадын көргөн.


Бул каармандар эркек привелегиясынын, мурда советтик режимдин Орто Азия аялдарын бошотуудагы умтулуусу аркылуу токтотулган калыбына келтирүүсүн символдоштуруусу керек эле — азыр аялдын орду саясыйдан менчик ээлөө жагына, улуттун биологиялык жактан өндүрүүсү үчүн эле борбор бойунча калып чегиниш керек эле. Ширил Акинер белгилегендей «эркек үстөмдүгүнүн концепциясы» ( коомго карата) коомдук жана менчик турмуштун параметри болуп кайра курулган. Коомдук планда бул улуттук окшоштуктун, каада — салттарынын жана үрп — адаттарынын биротоло калыбына келтирүүсү болду. Социализм бүттү, аялдар- эне жана домохозяйка катары, көптөгөн милдеттерди ыңгайлуу өздөрүнө алышып табигый ролдоруна кайтышы керек эле. Мамлекет болсо, «табигый эмес», бузган, мамлекет жактан камсыздалган гендердик бирдейликтин жылдарынан кийин, эркектерди үй бүлө башчысы катары жана багуучу катары табигый ролун калыбына келтириши керек эле. Башында айтып кеткендей, Орто Азиядагы аялдардын эмансипациясы, көпкө болбосо да, достук жумуш күчтөрүндө аялдардын кеңири катышуусун камсыз кылган социалдык камсыздоо системасы — региондогу Советтер Союзунун флагман статусун ээлеп келген. 1991 жылдарда Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, жалпы эмгек рыногунан аялдар жуулуп кеткенде,

абал кескин өзгөрдү. Ошентип Гулнара Ибраева, Анара Молдошева жана Анара Ниязова айткандай, 1991 жылдан 2007 жылга чейин өлкөнүн экономикалык ишкердүүлүгүнө катышкан аялдардын бөлүн\гү 81.6 % 42.3% чейин төмөндөдү, айылдык райондордо абал мындан да начар эле, көптөгөн билимдүү аялдар, коомдун баардык чөйрөсүндө «эркек привилегиясын» калыбына келтирүүсүнөн кийин, Кыргызстанда чоң группа болуп пайда болуп жаткан жана өлкөгө кеңири тараган бейөкмөт уюмдарга кошулушту. Ушунун натыйжасында — бул жолу гендердик суроолор жана өнүгүү боюнча эл аралык институттардын тышкы колдоосу менен жакында түзүлгөн аялдардын бейөкмөт уюмдарынын жардамы менен көз карандысыз Кыргызстан аялдардын статусу көтөрүлө баштады. Бул мекемелер бир кезде мамлекет аркылуу жана эл аралык донор агентстволору аркылуу каржыланып Пекиндеги 1995 жылы өткөн, Кыргызстанда гана эмес бүт Орто Азиядагы аялдар кыймылынын бурулуш учуру болгон Дүйнөлүк аялдар конференциясына да катыша алышты. Аялдар биринчи жолу өтүү коомдордогу аялдардын абалы жөнүндө официалдуу жана официалдуу эмес суроолорду көтөрүп чыгышты жана өздөрү жөнүндө сүйлөп берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Пекин конференциясынан кийин, аялдардын бейөкмөт уюмдары экесе көбөйдү, мунун баардыгы жыйынтыктап айтканда Кыргызстандагы укук коргоо ишмердүүлүгүн «биринчи толкуну» болду.

27


Икрамова жана Мак Коннелге (1999) ылайык көз карандыктын биринчи жылдарында регионалдуу жана эл аралык деңгеелде спонсорлук жана грант жардамын алган бейөкмөт күчтүү уюмдарынын башында, аялдарды дискриминациялоонун баардык формаларын жойуу боюнча ООНдун конвенциясы сыяктуу, эл аралык чөйрөлөрдүн жана өкмөт аралык уюмдардын повесткасына айкалышкан ишеними чыгыш феминисттик кыймылына таасирленген, профессионалдуу жана жогорку билимдүү аялдар болгон. Алардын ишмердүүлүгүнүн спектри кенен болгону менен, алар негизинен үй бүлөдөгү зомбулук, саясый өкүлдүк жана аялдардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандагы аялдардын абалына көңүл коюп келишкен. Бул «толкундун» ишиндеги үстөмдүк кылган суроолор мына ушундай болгон. Ошол эле учурда, президент Аскар Акаев убада кылган 90 жылдын башындагы экономикалык реформалардын «шок терапиясынан» кийин экономикалык салымдар келбегенден кийин, режимге болгон элдин нааразылыгы көбөйүп, өлкөнү дестабилизациялап, 2005-2010 жылдарда эки революцияга алып келген. Акыркы революциядан кийин, чет жактан каржыланган демилгелерге жана бейөкмөт уюмдарга ишеним кескин төмөндөгөн, өлкөдө аялдардын азаттыгы советтик патернизация жана улутчулдук кабыл 28

албоо айкалышы, өлкөдөгү аялдардын маселелерин коомдун өтүү мезгилинин башка проблемалары менен кароосу мындан аркы кабыл албоосуна алып келди. Тарых өзүн өзү күттөргөн жок — 2012 жылы Кыргызстандан келген аял мигранттарга мэкендештери тарабынан бир нече, кара ниеттер аркылуу тартылып жана интернетке таратылган урой учуруучу кол салуулар болду. Алардын анонимдуу айтууларына карата тогуз эркектердин беттери видеодон көрсөтүлбөйт. Кыргыз мигранттары Орусия Федерациясында мигрантмекендеш кыздарды башка улуттагы эркектер менен болгон мамилелерге каршы, аларды «улуттун чыккынчылары» деп эсептеп «кайтадан тарбиялоо» максатында «кыргыз патриотторунун» группаларын түзүшкөн ( Ботоева, 2012, 5 б). Видеотасмаларда «кыргыз эмес» эркектер менен жолугушуптур деген имиш сөздөрдүн аркасы менен кыргыз тилдүү эркектер сексуалдуу, денелик жана айтуу аркылуу аялдарды кемсинткени көрүнүп турду. «Кыргыз тилдүү эркектердин группасы ырайымсыз суракка алып жатканда, жылаңач аял ыйлап жатканы көрүнүп турат. Алар аны буту менен тееп, чачтарын жулуп, урушуп жатышты, кээде баскынчылар жапа чеккендин кашын кырып, бычак такап коркутушкан». (Big, 2012, Rfe / RL)


Бирок канчалык видео ырайымсыз болбосун, видеого болгон элдин реакциясы, өлкөдөгү аялдарга болгон мамиленин сиптомалдуулугун көрсөтүп турат. Бул видеолорго каршы массалык нааразылык болсо дагы, кыргыз коомундагы дискурста (талкуу) «патриотттордун» пикирлери менен дал келген пикирлер көбүрөөк болду. Кыргыз аял-мигранттардын кыргыз массалык маалымат каражаттарында кыргыз аял — мигранттардын сексуалдуулугун көрсөткөн диссертацияда, Сыргак кызы (2015) массалык маалымат каражаттарды (ММК) тыкан дискурсивтүү анализдөөсүнүн негизинде, кыргыз ММКлар зомбулук үчүн өздөрүн жооптуу кылган, «патриоттордун» сексуалдык зомбулукту маргиналдаштырып жана маанисин төмөндөткөн. «Патриоттор» мындай нерсеге кезиккен кыргыз аялдарынын абалын «жазалаган» жана жашоонун «аморалдык» мүнөзү үчүн өздөрүн жооптуу кылган.

Ошол эле учурда мамлекет кайра жанданткан «салттык» эркек жана аялдын орду жана ролу жөнүндөгү дискурсунда, бул дискурска кошулбаган үндөр айкыныраак чыга баштады. 2012 жылдан баштап Бишкекте ММК да аялдарга консервативдүү таасирлерге каршы марштарды жана кампанияларды феминисттик демилгелер группасы уюштурууда. Бул аялдардын мындан аркы өздүк жана социалдык боштондугун реакциялуу чектөө аракеттерине алып келди. Мындай акыбалдын мисалы болуп жакында өткөн Бишкектеги биринчи заманбап искусствосунун Феминаллеси баяндап турат. Көрсөтүлгөн иштердин цензурасы жөнүндөгү пикирлер абдан бөлүндү. Качан гана либералдуу ММКда маалымат пайда болоору менен улутчул күчтөрдүн көпчүлүк учурда негативдүү көңүлү бурулат жана кол салууларга алып келет (Арыкбаев,2014). Феминисттик демилгелер колдонгон медиалык стратегиялардын дагы эле аз болушуна карабай, бүт өлкөдөгү кеңири онлайн- чагылдырууга мүмкүндүк алуусуна шарт түзөт. 29


Аялдардын өзүн өзү уюштуруусу жана активизм Жумуш кантип түзүлөт Өзүнө өзү ишенүү

Кыргызстандагы аялдардын өзүн өзү уюштуруусу көп кырдуу — регистрациядан өткөн формалдуу эмес демилгелер жана бейөкмөт уюумдарынан баштап, формалдуу эмес демилгелерге жана жалгыз активисттерге чейин. Алар ишмердүүлүгүнө жараша, өздүк жана саясый көз караш, жашаган жери, тили, этникалык таандыгы жана башка факторлорго жараша түрдүү формаларды алышты, жана алып жатышат. Бул главада аялдардын күндөлүк эмгегинин натыйжасында түрдүү чөйрөлөрдү камтыган укук маселелери жергиликтүү жана улуттук деңгеелде көтөрүлүп жана чечилип атканын көрүп активисттердин көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн баардык эмгегин көрсөтүүнү өзгөчө каалайт элек. Көпчүлүк учурда өзүн өзү уюштуруу өз ыктыярдуу, тышкы каржылоодон көз каранды жана иерархиялуу болот. Мисалы уюмда шеф, же атын атасынын атын атаган лидеркалар бар. Ошол эле учурда өзүнө өзү уюштуруу уюмунун структурасын кайра карап чыгып атышат жана традициялуу моделден баш тартып жатышат.

30


Чолпон Нургүл Биз уюмду кантип түздүк, өзүбүз устав жазып, регистрациядан өткөздүк. Тренинг окутуу баштадык, бейөкмөт уюмдарга көп тренинг өткөрдүк. 2010 жылдан кийин БУлар сандады. Биз болсо ойгонгондой болуп, баардык нерселерди өзүбүз туюп — колубуздан келишинче устав жаздык, колубуздан келишинче — келишүү жаздык, баардык документтерди — элестетесинерби? Биз баарын интуитивдүү жасадык, түрдүү тренингтерге жазылып

Турсунай «Гүлмайдан», Ноокат, Ош облусту

«Аруужан», Каракол

аттык. Мисалы мен Тынчтык Корпусунан көп нерсени алдым. 2014-2015 жылдарда ЮСАИДден аудит өттүк. Биз кичинекей нерселерге да сүйүнөбүз, кичинекей грант алсак — сүйүнөбүз. Биз дайыма уюмдун потенциалын өстүрөбүз. Чолпон мына 57 жашка чыкты, мен 60 аштым, тренингтерге чакырса барып турабыз. Биздин көптөгөн партнерлорубуз бар, бизди баардык жерде күтүшөт.

«Гүлмайдан» уюмуна 20 жыл толду. Ишмердүүлүгүбүзгө грант алуу аракеттерибизге карабай, кызматчыларыбыз көпчүлүк учурда волонтер катары иштеп келет. Негизги ишмердүүлүктү Турсунай жана бухгалтер — активист Н. алып барат. 1990 жылдын 5 мартында биз айыл өкмөтү менен биргеликте каражат чогултуу максатында чоң марафон уюштурдук, мен анда айылдык кенештин төр айымы болуп иштеп, учурдан пайдаланып, ошондо биз 6366 сом чогулттук. Ал кезде бул сумма абдан чоң деп эсептелчү, юстицияга бир нече жолу баргандан кийин гана уюмду каттатып иштей баштадык. Глобалдык фонддон утуп алган акчага, биз килем чыгаруу цех, пекарня ачып китеп сатып алып — биринчи кадамдарыбызды баштадык. 31


Авазкан «Аялдар Демилгелери», Ош

Өзүмдү өзүм каякта көрүп атканымды аныкташым керек эле — мен коммуникация сферасын же экология менен алектеңсемби дегенмин. Бирок травма алгандыктан (мени ала качып кетишкен) мен, аялдар маселелелерин көтөрүүнү туура таптым. Ал кез 96 жыл, аялдар жылы деп аталган. Ошол жылы аялдар абдан активдешилген. Ферган өрөөнүндө чоң эл аралык конференция уюштурулган, анда Тажикистан, Өзбекистан жана Кыргызстандын аялдары катышкан, ошондо доклад убагында улутуна жана өлкөсүнө карабай, баарыбыздын проблемалар бирдей экенин түшүндүм. Бул Кыргызстанда да актуалдуу болгон жана анын үстүнөн иштеш керек эле. Ошондо демилгечи аялдардан турган группа чогулуп, бир жыл талкуулап, 1998 жылы аялдар уюму катары юридикалык статус алдык.

Мен ЛОВЗ мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарга такси жалдоо диспетчери болуп иштедим. 2011 жылы биз чогулуп, катташып, клуб ачтык. Мени колдошту, бат эле каттоодон өттүк. Карагылачы, үйдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деградация болуп, уялып, үйдө отурушат, биз болбосок ким? Биз өзүбүздүн пенсиябызды, акча каражаттарыбызды жумшайбыз, үйдө, ушул ишиңди таштачы деп айтышат! Кантип таштайм? Башка адамдар кантет?

Элмира Гендердик борбор, Каракол

32

Марина майып адамдарды колдоо боюнча «Интеграция» коомдук фондусу, Ош

Биздин уюм 2007 жылдын 22 январында Ыссык -Көлдүн аялдар чөйрөлөрүнүн ассоциациясы болуп каттоодон өткөнбүз. Андан бери бир көтөрүлүп, бир түшүп, кээде коомдо көрүнбөй калып келе жатабыз. Биздин миссия — Ыссык- Көл облустунда жана бүт республикада гендердик тендикти колдоо. Биз СООБЩА кампаниясына кирип көп окуялардын нугунда болуп, чогу бир кадам таштаганга аракет кылабыз. Мындан тышкары, аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршы 16 күндүк акцияларда катышып турабыз. Бизде шаарда зомбулукка кабылган жана балдары менен эшикте калып калган көп аялдар бар. Биз аларды каякка орноштурарыбызды билбей жатабыз.


Жумуш кантип түзүлөт

Диана ЛГБТ «Лабрис» уюму, Бишкек

Белла Балдарга жардам берүү борбору, Каракол

Бизде иерархия (даражалык) бар, мен үчүн ал маанилүү. Бул бирөөдөн коркуу жана сыйлоо маселеси эмес. Бул уюмдун бирөөсү туура эмес бир нерсе кылса, ким түрмөгө отурат деген маселеден болуп чыккан. Эгерде аутрич жумушчу өзүнүн жумушунда бир нерсе кылса, анда бул үчүн директор жооп берет. Кээ бир уюмдарда мен горизонталдуу системаны байкап жүрөм. Мен үчүн ал жерде кандайдыр бир башаламандык болуп жаткансып, мен үчүн бул коркунучтуудай көрүнчү. Биз негизинен уюмдун маселелерин теңдик принципинде чечебиз, бирок 8 март сыяктуу чоң иш чараларда бул үчүн жооптуу жана ошол иш чараларда бирөөлөрдү отургузуп же жоопкерчиликке тарткан кезде бул маселелерди чечкен жана жооптуу адам керек.

Биз мэриянын балансындабыз. Бул бизди баланска отургузган балдардын укуктарын коргоо Лигасынын фондусунун эмгеги деп ойлом. Башында чоң карама каршылыктар болуп, бирок кийин биз көздөгөн нерсебизге жете алдык. Биз азыр уюм катары катталдык жана НКОго карайбыз. Бирок менчигибиз муниципалдуу болуп эсептелинет. Биз жергиликтүү бюджетке караштуубуз, ал нерсе бизге кандайдыр бир гарантияларды берет, ошол эле учурда мамлекеттик уюмдарга караганда эркиниреекбиз. Проектилерди иштеп чыгыш үчүн биз жардам сурап бир жактарга кайрылсак болот. Бул симбиоздун эң жакшы үлгүсү деп эсептейм. 33


Элмира Гендердик борбор, Каракол

Көп учурда ПРООН бизди түрдүү иш чараларга чакырат. Бирок «Сообща» («Биргелешип») кампаниясы негедир Бишкек менен Чүй облустуна багытталган, биз бюджеттин жоктугунан ал жерге жете албай атабыз.

Биз курстар, семинарлар аркылуу аялдардын ишкердүүлүгүн жайылтып жатабыз, мындан тышкары өзүн өзү баалоосун жогорулатуусуна үйрөтөбүз. Мындайча айтканда, аялдардын өзүн өзү пас баалоосу менен байланыштуу экен. Сени баалабаганда, күйөөсүнүн көзүн карап, кайраттуулугунун жогунда. Ошондуктан бул аялдардын потеңциалын көтөрүп: күйөөсүнүн көзүн карай бербей, өзүн өзү баалай билип, мактанып тургандай кылыш керек эле. Биз акырындап, аялдар татаал кырдаалда окуп, кесип алып кийин акча тапкандай, окутуу курстары бар гендердик борборго бара жатабыз.

Алтын активист-жазуучу, Бишкек Менде эч кандай инструмент жок. Мени балдар жазуучусу болгонуман түрдүү передачаларга чакырып, өзүмдүн жомокторумду айтып берүүнү суранышат, мен болсом гендердик линиямды карманам. Мен соцтармактарга жазам, постторду өзүмдүн тынчсыздануу менен алып барам, ал эми статистиканы 34

колдонгонду жана репост жасаганды — баары кылышат. Мен тармактарга жазганда, өзүмдүн тажрыйбам аркылуу, өздүк тарыхтар аркылуу билип туруп жасайм. Фейсбукта менин баракчам бар, жана мага башка, соцтармактарда регистрацияланышымды айта башташты, алардын бар экенин мен билген да эмесмин.


«Подруга», Ош Секс-жумушчулардын укуктарын коргогон Оштогу жалгыз уюм.

Надежда

Мен талаага чыкканда секс-жумушчуларды уруп жатканын көп жолу көрдүм эле. Клиенттер, сутенершалар, милиционерлер сабашчу. Бул күндөн күнгө кайталана берчү. Алар келип, арызданышчу, ошондо алардын укугун коргоо үчүн ушундай мүмкүнчүлүк пайда болду. Биз милиция менен иштегени көп көңүл бурдук, анткени милиция акылга сыйбаган иштерди кылышчу. Күн сайын машиналарга тыгып, зордошчу, субботниктерге да алып кетишчү. Биринчи жолу секс-жумушчуну 15 эркек зордогундогу окуя болгон. Милиция анын арызын кабыл албай “Сен кимсиң? Сен сойкусуң, дагы уялбай укук жөнүндө

сүйлөйт” деп арызды кабыл албай койгон. Кечиресиз, өзүңүз күңөөлүсүз деп айтышты. Бул жылдары биздин группага болгон мамилесин өзгөртүүгө жетиштик. Азыр арыздарды кабыл алышат. Милиция кызматкерди секс-жумушчуларды кармап уруп сабаганды токтотту. Жакында эле группалык зордоо окуясы болду. Зордоочуларды бат эле таап арызды ды кабыл алып үчөөнү түрмөгө отургузушту. Эгерде мурда түрдүү тосколдуктарды жасап арыздарды кайтарып алууга аргасыз болсок, азыр ситуация көп эле жакшыраак болуп калды. “Алар — мына, сойкулардын адвокаты пайда болду”, — деп айтышат.

Элмира Балдарга жардам берүү борбору, Каракол Биздин максат — баланы толук кандуу коргоо. Биздин өлкөдө балдарды коргоо системасы бар, жакшы мыйзам чыгаруу база бар, бирок механизмдер иштелген эмес, көп учурда адам фактору тоскоолдук кылат. Биздин милдет, бул механизмдерде жер жерлерде иштетүү болуп эсептелинет, ошондуктан мамлекеттик структуралар менен диалогду көбүрөөк өркүндөтүп биз

аларды окутабыз. Биз аларга проблемалуу жерлерди көрсөтүп, мыйзамга ылайык болуушун талап кылып окутабыз. Бул проблемага мамлекеттик органдар өкүлүнүн сезимталдыгы абдан төмөн. Ар бир бала аны коргогон структуралардын көнүлүндө болуш үчүн бул сезимталдыкты өркүндөтүгө туура келет.

35


Өзүнө өзү ишенүү Өзүн өзү уюштуруучулук түрдүү себептерден пайда болгон: зордук зомбулугу жок жашоо укутарын коргоо зарылдыгынан пайда болгон жана өзүн өзү реализациялаштыруу жана өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрдү алуу зардылыгынан пайда болгон, анткени мамлекет бул маселени чече албай аялдардын муктаждыктарына көп көнүл бурбай бул нерсени колго алган эмес. Өзүн өзү уюштуручулук көптөгөн активисттердин өзгөрүсүнө жана алардын ишенимдүүлүгүнө таасир эткен. Мурда мен жасай албайм го, болбой калат го деп ойлоп, чечкиндүү эмес элем. Менин акылым, күчүм жана мүмкүнчүлүктөрүм жетиштүүбү? Бирок ушундай сен ойлогондой, ишке ашыралгандай, өзүңдүн турмушунду өзүң колуна алгыдай шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн так ушул аялдардын укуктары болду. Сен бирөөнүн көрсөтүүсүү жана бирөөнүн акыл насааты менен эмес — өзүңдүн турмушунду өзүн курасын.

Жанна БФД, Бишкек 2017-2019

«Назик Кыз», Бишкек

Бул импаурмент болгон (активизм деп түшүнсө болот) дененин, моралдык жана материалдык көз карандысыздыгы. Менин турмушум, феминизмдин баардык аспектилерин түшүнүүдөн тышкары — бул кээде кыйын болот экен, так ушул активизмден онолду.

Биз тарых кандай жасалаарын билебиз, баардык саясый технологиялар, бирок баары бир ан сезим өзгөрүп бара жатат. Пафостуу угулат, бирок реалдуу. Мен, активизм менен өзүм иштей баштасам кандай болот деп ойлодум? Ошентип кошула баштадым. Мына менин кичинекей кызым: “Мама, бул сексизмби, а тигичи, а бул расизмби? Бул эйджизмби?” деп, өзүн феминистмин деп жатат. Мен кыздарымдын менин жаш кездеги жашоомдон, жана менин ата энем, чоң — ата, чоң — энелерим жашагандай эмес, башкача жашоо турмушта жашоосун каалар элем. 36

Укей

Айгүл БФД, 2019 — азыркы учурга чейин


Саадат

БФД

Феминисттик активизмге келүү мен үчүн өзүмдүн травмаларыман сакайуу процесси болду. Менин мисалымда травмадан айыгуу — өзүмдүн көз карашымды, турмуштун өзүн, мамилелерди — артыкча жумуш мамилелелрди өзгөртүү болуп эсептелинет.

Тизме ушул сыяктуу болушу мүмкүн: Тамакты жакшы жасаш керек; Үйдү жыйнаш керек; Күйөөгө чыгыш керек; Балдарды төрөш керек; Жб.

Алдыда үстөмдүк жана зомбулугу жок негизде жумуш мамилелерди куруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн табыш керек болду. Менин жеке турмушум башкача курулуп атат, өзүмдүн партнерлорума зомбулук көрсөткөнгө мен эч качан уруксаат бербейм. Мен мамилелерди зомбулугу жок курганга аракет кылам. Мурда менин үй бүлөмдө зомбулукту колдонуу нормалдуу деп үйрөтүшкөн. БФДга келгенден баштап, бул нерсенин үрөйдү учурган жана мен эч качан зомбулукта жашай албаган, мен каалаган, мен макул болгон мамилелердин гана арасында жашай турганымды түшүндүм. Феминисттик кыймылдын колдоосу менен, менин колдоом бар. Феминизмдин аркасы менен коомду жана коомдун уюштурулганын, гендердин турмуштагы акыркы эмес роль ойношун жакшы түшүнүп келе жатам. Аялга жана эркекке коомдук ролдорго бөлүнгөн –катуу түшүнүк үстөмдүк кылган жерде, көпчүлүк учурда эки элегендер таанылган коомдо, сенин турмушундуң түзүлүшүнө жараша байланыштуу болот. Ошол эле учурда, ар бир аял милдеттүү түрдө аткаруучу так чек лист (жумуштардын тизмеси) бар.

Ошентип учу- кыйры жок. Бул тизме эч жерде жазылган эмес — биз жарык дүйнөгө келгенде өзүбүз кол койгон контракт катары дагы көрсөтүлгөн эмес. Биздин үй бүлө тарбия аркылуу бизге бергендир, бирок баардыгы эле буларды жаттап алган эмес да. Бул тизме үй бүлөсүнө, маданиятына жараша өзгөрүлүп турушу мүмкүн, бирок көпчүлүк пунктар азыркыга чейин өзгөрбөй кала берет. Патриархат аялдар менен эч качан ыраазы болбоорун түшүндүм. Мисалы мен күйөөгө чыгып, бир бала төрөсөм — экинчиси кайда, эмне үчүн үчүнчүсүн төрөбөйсүн деген талаптпар эч качан бүтпөйт. Ал эми кыз төрөсөн, эмне үчүн эркек бала — мураскорду төрөбөйсүн деп айтышат. Ошондо төрөлгөн кыздарды баалабагандык мизогония кайдан пайда болгонун жана тейлөөчү адам катары тарбиялашканын түшүнөсүң. Патриархат берген убадалар, сага пайда алып келбесин феминизм түшүндүрдү эгерде өзүндүн тандооң жана каалоң менен эмес, патриархаттын айткан дегени менен болсок, камоодо болушубуз мүмкүн экенин билип койушубуз керек. 37


Аялдардын өзүн өзү уюштуруусу Эртээ күйөөгө чыгуу жана ала качуу менен күрөшүү; Зомбулукка жол жок; Адвокация; Кыздардын жана аялдардын билим алуусу; Активисттердин кызыкчылыктарынын кеңейүүсү;

38

Мыйзамдардын жана коомдун реакциясынын өзгүрүлүшүү.


Эртээ күйөөгө чыгуу жана ала качуу менен күрөшүү

Биз мектептер менен биргелешип эрте күйөөгө чыгуу багыттары боюнча иштеп маалымат берип жүрдүк. Кыздар эрте күйөөгө чыкса эле, проблемалардын баардыгы чечиле калат деп ойлошот. Биз аялдарды нан жасоонун түркүн ыкмаларына үйрөтүп, өзүнө өзү акча таап, өзүн тын багып кеткендей кылып үйрөттүк.

Чолпон Нургүл

«Аруужан», Каракол

КЫЗДАР ЭРТЕ КYЙOOГO ЧЫКСА ЭЛЕ, ПРОБЛЕМАЛАРДЫН БААРДЫГЫ ЧЕЧИЛЕ КАЛАТ ДЕП ОЙЛОШОТ. Мунара «Ачык линия», Бишкек

Мен мурда башка уюмда иштечүмүн жана ал жакта CEDAW багыты бар болчу, мен бул темага берилип, бул эмне экенин түшүнчүмүн. Биз бөлүнгөндөн кийин жана «Ачык линия» болгонубуздан кийин, биз тандаган багыттардын бирөөсү CEDAW болду. Так ошол учурда кыздарды ала качуу боюнча көп сын айтылган, биз бул багытты алып докуметациялоону чечтик. Биз жасагандан кийин, сот адилеттиги жана маалыматка мүмкүндүк алуу проблемасынын бар экенин түшүндүк. Биз соцтасма жасап, соцкампанияларды жасоону чечтик. Коом терс гана нерселерди кабыл ала бербөөсүн мен түшүнүп, кампанияларды башкача жасаш үчүн окушка туура келди. 39


Зомбулукка жол жок!

«Аялдар демилгеси» төрт багытта иштейт: кыздарга жана аялдарга зомбулукка каршы, анын ичинде аялдардын экономикалык укуктарын, саясый укуктарын жана адамдарды сатуу чөйрөсүнө каршы да иштешет.

Авазкан «Аялдар демилгеси», Ош

Аялдар жана кыздарга карата зомбулукка каршы иштейбиз. Акыркы эки жылдары биз эрте үйлөнгөн жана регистрацияланбаган никелер менен иштейбиз. Азыр регистрацияланбаган никелердин проблемасы — бул жөн эле диний нике болуп жатат, мунун жыйынтыгында аялдар жана балдар азап чегүүдө. Никени регистрациялоо керек дегенибизде, эркектер ошол замат — “Сен эмне, менин оокатымды тартып алгын келеби?”,— дейт.

АЯЛ САЯСЫЙ ЖАКТАН ТАКШАЛГАН БОЛСО — АЛ СYЙЛOЙ БАШТАЙТ. Биз шайлоо учурунда иштебей, тескерисинче, шайлоого чейин жана шайлоодон кийин иштейбиз. Мисалы, кандидаткаларды табабыз, активдештиребиз, окутабыз, даярдайбыз, айтып беребиз. Биз көп айыл өкмөттөрүндө гендердик бюджет жасап бердик. Зомбулуктун курмандыгы болгон аялдарга, былтыр кошумча муниципалдык тейлөөнү кошуп бергенге жетиштик, жергиликтүү деңгелде стандарттарды кабыл алдык, Кыргызстандын эч жеринде жок, а бизде болсо бар. Аял саясый жактан такшалган болсо — ал сүйлөй баштайт.

40


Адвокация Диана Адамдар башка уюмдарда өздөрнүн демилгелерин өткөзүп жатканда, аларга техникалык, фискалдык, консультативдик жана демөөрчүлүк жардам керек болуп атты. Алар Лабриске кайрыла башташты, анткени бул уюм Кыргызстанда жана Орто Азияда белгилүү болчу. Бирок кийин, биз бул программадагы ишти регламенттеп жана жазып чыккан башка программа керектигин түшүндүк. Эгерде консультация керек болсо, анда — эмне жөнүндө, канчада.

Мадина

«Лабрис», Бишкек Эгерде техникалык колдоо керек болсо — талаптарга биз кантип жооп бере алабыз, жана кандай суроо талаптарга биз жооп бере алабыз. Бул программа эмнеге өнөктүктөр, Орто Азияда катталган демилгелүү группалардын коммуникациялары менен иш алып барат жана буга ички өнөктөштүктү жөндөө пайдасы кошулду.

«Зыянды азайтуу тармагы», Бишкек

Массаларды өзгөртүш керектигин биз түшүнөбүз. Анткени так ошол жерде туура эмес маалымат берилет. Аякта стереотиптер жана салттар отурат. Абдан катуу, тамырланып отурушат кеңири элдин көңүлүн тартыш үчүн, биз адвокациялык иш чараларды өткөзүүбүзгө туура келди жана алар жардамды кайдан алаарын көрсөтүш үчүн. Ар бир адам, зомбулук жана теңдиксиз көйгөй менен кезиккенде, өзүнүн ойуна өзү чөмүлүп, өзүн каза баштайт. Кеңири массаларга зомбулук учурлардын, гендердик теңдиктин өсүшүнүн коркунучун азайтуу үчүн жана жазалоонун бар экендигин, жардам бар экендигин, консультация бар экенин айтыш үчүн, адилетсиздикке кабылган адамдардын атынан туура маалымат бериш керек. Ошондуктан, эгерде биз бир нерсени өзгөрткүбүз келсе, биз башка өнөктөштөрдү тартып жана бирге аракеттеңип, бул жөнүндө өндүү, агрессивдүү эмес, кеңири ачык айкын айтышыбыз керек. Бул зарыл нерсе.

Алла

Арийне, стратегия болуш керек. Мисалы, адвокацияны алалы, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды алдыга жылдыруу үчүн биз күн сайын адвокация өткөзүшүбүз керек. Биз күн сайын, биз бар экенибизди, биз мыкты экенибизди айтышыбыз керек. Ал эми методдор жагдайга жараша, сен бараткан адамдарга жараша, ар кандай болушу мүмкүн.

Мадина Коомдун ар кандай чөйрөсүнө, ар кандай инструмент колдонобуз. Кээ бир чиновниктерге маалыматты өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды адвокациялап жеткизишибиз мүмкүн.

41


Кыздардын жана аялдардын билим алуусу Мая «Улукман Дарыгер», Каракол Аялдар эмнеге муктаж экенин, биз жакшы көрүп турабыз. Мен аймактарды өнүктүрүү программаларын окудум — жакшы жазылган, бирок реалдуулукта биз эмне болгонун көрүп жатабыз. Региондордогу жагдай жакшыраак мамилени талап кылат, биз баарын майда кадам менен жасап жатабыз. Биз илими жок, профессионалдуу машыгуусу жок, билими жок аялдарды окутуп, аялдарды социалдык ишмердүүлүккө кошобуз. Биз анкетирование же опрос өткөзбөй эле, аялдардын өздүк каалоолорун карап, аларга кандайча жардам берүүнү ойлонобуз. Биз аларды өздөрүнүн өнүгүүсүнө мотивациялайбыз. Психологиялык иштер да абдан көп.

Жамиля

«Аруужан», Каракол

Биздин ишмердүүлүк бул — шелтер менен тренингдер. Негизинен, суроо талаптар боюнча иштейбиз. Мисалы, мектеп окуучулары арасында тренинг өткөрүп берүүнү суранды. Шаарда бизди чогултушса, биз келебиз, угабыз. Айылда 42

Нургүл

болсо, элге кызыгы жок болсо, алар туруп кетип да калышат, сени кемсинтип, “Сенин көздөгөнүн эмне?”, — деп сурашат. “Сага чыгыштагылар миллиондорду төлөп берди беле?”, — деп айтышат.


Активисттердин кызыкчылыктарынын кеңейүүсү

Надира «Кыргыз Индиго», Бишкек

ЛГБТ ЧOЙРOСY ЖАНА ФЕМИНИСТТИК КЫЙМЫЛ КАНЧАЛЫК ЖАКЫН ТУРААРЫН БИЗ БИЛИП ЖАНА ТYШYНYY YЧYН БИР НЕЧЕ УБАКЫТ ТАЛАП КЫЛЫНДЫ.

Башында «Кыргыз Индиго» ГБ (гей жана бисексуалдуу эркектер) гей жана бисексуалдуу эркектер, транс эркектер катары — регистрациядан өтүшкөн. Биз ВИЧ чөйрөсүндө иштедик, кийин уюм өнүгө баштады. Адвокация бөлүмү пайда болгуча көп жыл өттү, жана бир канча убакыттан кийин уюм ЛГБТИК болду, эмне үчүн уюм профеминисттик (феминизмди жактоо) болуп калды? Анткени уюмда феминисттик кезектикти киргизип жана уюмдун ишмердүүлүгүн өнүктүргөн жана кеңейткен адамдар келе баштады. Бирок бул нерсе үчүн, ЛГБТ чөйрөсү жана феминисттик кыймыл канчалык жакын тураарын биз билип жана түшүнүү үчүн бир нече убакыт талап кылынды. Бизде жогорку орган болуп — бул коомдук жыйын, контролдой алган адамдар болуп эсептелинет. Жыйындын ичине эки орган — бул башкармачылык жана ревизиондук комиссиялары кирет. Башкармачылыктын төр агасы жана ревизиондук

комиссиянын төр агасы бар. Ревизиондук комиссия жыл сайын ревизия өткөзүп, бизде каражат маселеси кантип жумшалаарын, таза жана айкындуу иштетилүүсүн карап турат. Мындай бир момент бар, алар күтүлбөгөн убакытта келип текшериши мүмкүн жана биз баардык каражаттардын документтерин көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Бизде башкармачылык фандрайзингти тартып, уюмга жардам берет жана башкармачылык директор менен супер зарыл маселелер боюнча кеңешип турушат. Башкармачылыктан кийин аткаруу директору бар. Мындан тышкары административдик –каржылоо бөлүмү, адвокация жана укук коргоо, жана өнөктүктөр боюнча бөлүмдөр иштейт. Мындан тышкары ар бир жетекчилердин адистери, координаторлору жана аутрич жумушчулары бар. Бирок биздин органограммабыз да алмашпайт жана бизде кайрылуунун иерархиясы бар. 43


Мыйзамдардын жана коомдун реакциясынын өзгүрүлүшүү Алла «Зыянды азайтуу тармагы» 13 жыл мурун биз аялдардын абалы жөнүндө такыр айтчу эмеспиз. Эч кандай саясатчылар бир жылдын, бир күндүн ичинде өзгөрө калбайт. Биз азыр кайдабыз? Азыр биз улуттук программалардын деңгеелинде иштеп атабыз, биз менен эсептешип, улуттук программаларды пландоодо жана талкуулоодо, бизди чакырышат. Мисалы, гендердик теңдүүлүктүн планына жетишүү. Биз азыр ал жерде бангизат колдонгон же ВИЧ менен жашаган аялдардын болуусуна жетише элекпиз, бирок биз ал жерде барбыз — бизди

Надира

ал жерге чакырып турушат, анткени алар, биз менен алака-катышы болбосо пландай албасын түшүнүшөт. Сен мындай документтердин пландоосуна катышуун — бул чоң прогресс. Биз CEDAW комитетинин сунуштарын алабыз жана өкмөт аларды аткарууга тийиш. Аларга жагабы жакпайбы, алар биз менен жолугуп, өлкөнүн саясатын пландап жана талкуулашат. Менимче, бул чоң прогресс, бизди чакырып турушат, биз менен эсептешишет, бизди гендерлик структуралар гана эмес, ошондой эле башка гендерлик уюмдар чакырып турушат. Биз эмнеге умтулабыз? Биздин аялдарга карата коопсуздугун талап кылабыз, өлкөнүн саясаты бизге «жардам бергиле» көзкарашынан алыстап, бизге келип мына мындай проблема бар, аны чечүү жолдорун силер жакшы билесинер деп айткандай болуусун каалайбыз. Биз постсоветтик таасирден алысташыбыз керек.

«Кыргыз Индиго», Бишкек Азыр баардыгы ЛГБТ жөнүндө көбүрөөк билип, гомофобиялуу трансфобиялуу риториканы азыраак колдонушат. Мындан тышкары, эгер мурда уюмдар биз менен кызматташууга даяр эмес болсо, азыр болсо көпчүлүгү «акырын» кызматташууга даяр, дагы башкалар өздөрүн өнөктөш экенин ачык эле айтып кызматташып атышат. Мурда адамдар коркушчу. Азыр, марштан кийин, биз хейтке ( жек көрүүчүлүк) дуушар болуп атабыз. Бизге карата болгон 44

жек көрүүчүлүк айкын болуп бара жатат. Адамдар ойлогон нерселер, үн чыгарылып айтыла баштады. Негизинен теңденция оңолуп бара жатат. Граждандык коом, мамилелердин бир жалпы точкасын табууга даяр экендиги баамдалып турат, өздөрүнүн уюмдарына ЛГБТ адамдарды кабыл алышпаса да, дискриминация менен күрөшүү докладдарына аларды кошконго даяр.


Бишкек Феминисттик Демилгелеринин ички кухнясы Феминисттик Демилгелер кантип пайда болгон; Уюм кантип иштеген; Эмоционалдык күйүү жана активизм; Өзүнө өзү батуу жана радикалдык практика катары коллективдүү камкордук.

45


Феминисттик Демилгелер кантип пайда болгон Бишкек Феминисттик Демилгелер, демилге катары 2009 жылдан баштап талкуулана баштаган, түзүлүү жөнүндөгү идея 2010 жылы пайда болгон, 2011 жылы уюштурулуп, 2012 жылы каттооодон өткөн, ал эми мейкиндик 2013 жылы пайда болгон. БФДнин миссиясы феминисттик кыймылдын Орто Азиядагы Кыргызстандагы, Бишкектеги принциптердин, процесстин, түрдүү (квир, транс, кыздардын, аялдардын, төмөнкү жана жергиликтүү) активисттик-коомчолордун тажрыйбасын колдонуп жана документтештирип, алдыга жылдырып, жаратып, жашап, коллективдик күчтү жана тилектештикти күчөтүү болгон.

Айзат Саадат Биз шаарда, коомдордо, жарандык коомдордо, артыкча аялдар, жаштар, ЛГБТИК+ СРЗП активисттери үчүн жана Кыргызстандын дискриминацияга каршы тармактарда/ коалициялар жана Эл аралык тармактар жана платформалар үчүн интерсекционалдуу феминисттик активизм менен алектеңчүбүз. 46

Феминисттик билим менен тажрыйба алмашууну, нааразычылык жана көчө искусствосу аркылуу алга жылдырганбыз. Зомбулуктун, басмырлоонун жана жек көрүүчүлүктүн түрдүү формаларына каршы кампанияларды өткөрүп, эл арасында жана интервенциялар менен феминизмди алга жылдырганбыз.


Бизде жайлуу жана окутуу мейкиндиги бар коопсуз коомчонун жери болуп — биздин үйүбүз бар эле. Анын ичинде — китепкана уюштуруп «өзүн жаса, баарыбыз жасайбыз» узканасы, огород, офис сыяктуу, биздин муктаждыктарды колдогон демилгелер жүрүп турат эле. Бул — биз окуп, иштеп, бир нерселерди талкуулап, эс алып жана көңүл ачкан жер эле. Түрдүү убакта актуалдуу болгон, темалар жана демилгелелер: 00 Феминисттик акциялар жана кампаниялар;

00 Ачык Феминисттик Мектеп; 00 Мультимедиалык арт-демилге; 00 Үйдөгү: узканалар жана огороддор; 00 Сексуалдык жана гендердик билим; 00 Сексуалдык жана гендердик зомбулукка каршы; 00 Ата-энелердин жана балдардын демилгеси; 00 Ден соолук, спорт, активдүү эс алуу; 00 TY4JE (өспүрүмдөр жана жаштар Боктукөргөн веб-сайтын калыстык жана теңдүүлүк үчүн жасашкан); 00 Кыргызстандын Кыздар Активисттери (ДАК); 00 20.1 демилгеси.

Окуу

Окуу ДАК Негизинен иш Бишкекте жүрүп атты, мындан тышкары биз башка облустарда жана Батыш Европа, Кавказ жана Орто Азия активисттери менен тилектештүү түзүп, бирге кызматташып иш аракеттерди алып барып жаттык. Биз эмне кылдык: 00 Регионалдык жана шаар аралык, өлкөлөр аралык иш чаралар; 00 Акциялар, кампаниялар, изилдөөлөр; 00 Тажрыйба алмашуу жана резиденциялар; 00 Активисттердин кыймылдагы жана коомдогу кызыкчылыктарынын, муктаждыктарынын маселелерин көтөрүү;

20.1 демилгеси

00 Ресурс, билим, көнүгүүлөр менен бөлүшүү; • Орто Азиялык жалпы соцбарак, мектептер, конференциялар, ретриттер жана жолугушуулар Түзүм ийкемдүү болуп трансформацияланып, алмашылып турду, жана жалпы Чогулуштун мүчөлөрүнөн, жумушчу командадан, уюштуруу группасынан, тилектеш группалардан, кеңешчи жана катышуучулардан түзүлгөн. Биз колдонгон жана практикалаган горизанталдуу башкаруу жана БФДнын принциптери. Биз Феминисттик өзүн өзү уюштуруу уюмун түзүп атып кандай маселелерге жолукканыбызды төмөнүрөөк жакта баяндап беребиз. 47


Уюм кантип иштеген БИЗ ЖОК — БИЗ YЧYН ЭЧ НЕРСЕ. Бул сүйлөм, биз өзүбүздүн атыбыздан өзүбүз айтып жатканыбызды, биздин бенефициарлар жок экенин, бизде биз барбыз жана бул биздин коомчо экенин түшүндүрөт. Биз активизмди өзүбүздүн турмушту ондоо үчүн, укук жана эркиндик үчүн куруп жатабыз. Мисалы, биз ала качылган аялдардын атынан сүйлөп, алардын турмушуна тиешелүү проекттерди — арабызда алар жок болсо, башкара да албайбыз. Бирок биз активизмге тартылып, боорукердик менен бирге, бири бирибизди колдоп алар менен болгон тилектештикти курабыз. Бул маселе бирөөбүздүкү гана эмес, бир система менен басмырланган — баарыбыздыккы. Активисттик иш (30% кем эмес, орточо 70%) жумуш командасында жана уюштуруу группасында кээде (авторкаларга, уюштуруучуларга, координаторкаларга) акча төлөнгөнү менен көп учурда ыктыярчылык болот. Катышуучулар жоопкерчиликти, ийкемдүүлүктү, отчеттуулукту, бирин бири колдоочулукту карманыш керек болчу, бирок көп учурда

адамдар ошол эле отчетторду тоготпой коюшчу, өзүбүздө үйдө иштөөгө, жол акыга, байланышка, даарылоонууга, калыбына келтирүүгө, эвакуацияга жана б.у. с. нерселерге гана минималдык ресурстар (кезектеги финансылык мүмкүнчүлүктөргө жараша) болгон. БФД катышуучуларынын мүмкүнчүлүктөрү — бул өздөрүнүн демилгелерин/ группаларын түзүү, тажрыйба алмашуу, тилектештик жана фандрейзинг куруу, түрдүү тармактарда институционалдык мүчөлүк, конференцияларда жана семинарларда/ мектептерде, резиденцияларда, насаатчы, алмашуу программаларында катышуу. Биздин ишти адаттагыдай иштелип чыккан баалоо жана мониторингдин жыйынтык жана индикаторлор ыкмалары менен өлчөөгө татаал болот, ал ыкмалар биз жасаган жана күн сайын жасап келе жаткан, көрүнгөн жана көрүнбөгөн таасирди чанда эле көрсөтө алат.

Баардык Жумушчу Команда менен чечимдердин кабыл алуусу Эгер чогулушта кее бир себептер менен бир эле киши катыша албаса, анда анын катышуусу жок бир да акыркы чечим чыгарылбайт. Эмгек кодексиндеги согуш берүү, жумуштан бошотуу сыяктуу кемсинткен 48

саясаттар колдонулбайт. Төмөндө БФДги мааниилүүлүк жана приоритеттик көз караштан эмес, биз авторкалар азыраак катышкан демилгелерге караганда, өзүбүз координациялаган демилгелерди туура так көз караш менен көрсөтүлгөн бир нече демилгелер баяндалган.


Саадат «Жаштар активисттуулук» демилгеси катарында координатор болгом жана эмне үчүн бул демилге мага жакын экенин айтып бергим келет. Биринчиден, мындан баштагым келди: 1. Бизсиз — биз жөнүндө эч нерсе! чөйрөдөгү адамдар өзүнүн кызыкчылыктарын өздөрү көрсөткөн көпчүлүк кыймылдарда колдонгон ураан. Мындан тышкары бул жерде өздөрүнүн кызыкчылыктарын көрсөткөн жаштар да бар. 2. Жаштар — бул, жаштар арасындагы түрдүү артыкчылыктары жана аярлуу катмары бар түрдүү группа. Биз баарыбыз ар түрдүүбүз жана бизди бириктирген бир нерсе бул жашыбыздын категориясы.

3. Жаштар — бул келечек гана эмес, азыркы кез. Негизги багыт болуп жаштар активисттик кыймылынын адам укуктары, адилеттүүлүк жана теңдүүлүк үчүн болгон жаштар адвокациясын күчтөнтүп жана куруу болду. Демилге ЛПР менен теңдүү өнөктөштүк курууну жана түрдүү жаштар группаларынын активисттеринин баардык деңгеелде граждандык жана мамлекеттик секторлорлорунда чечим кабыл алуу процесстеринин көрсөтүлүшүн алдыга жылдырды. Биз патриархалдык иерархиядан жана ырым-жырымдан бош түзүмдөрдө, айлана чөйрөдө, институттарда жана топтордо өзүбүздү өзүбүз көргүбүз келет. Ошол үчүн биз өзүбүздүн тажрыйбабызды, оюбузду жана көз карашыбызды «Активисттик Курултай» публикациясында жазууну чечтик. «Активисттик Курултай» (кыргызча)

Окуу «Активистский Курултай» (орусча)

Окуу 49


Өзүбүзгө музыканы кайтаралы Дагы бир музыканы сүйгөн адам катары, мага жакын болгон демилге бул — музыкалык демилге. Биздин өлкөнүн музыка чөйрөсүндө патриархалдык ырлар, группалар, коллективдер жана продюссерлер басымдуулук кылат, көпчүлүк учурда өзүбүздүн чыгармачылыгыбызды өркүндөтүүгө, өзүбүздүн карьерабызды курууга жана музыкалык мейкиндиктин бир бөлүгү болушубузга сексизм жана кемсинтүү тоскоолдук кылат. Ал аз келгенсип, биздин музыкалык продукция, патриархалдуу (артыкча мейнстримдүү) коомчолорду басмырлаган жана жэк көргөн, зомбулукту жана жэк көрүүнү мактаган музыка болуп калды. Кыргызстандагы популярдуу ырлардын тексттери аялдардын денесин басмырлап, ойлоп табылган сулуулук стандарттарына эптештиришип, аялдын образын көбүрөөк контролдоо үчүн жана аял бул — улут менчиги сыяктуу түшүнүктөрдү которуу үчүн колдонулат, көп ырлар аялды алсыз, назик, эркектин коргоосуна муктаж болгондой кылып буюм сымалдаштырып койгон. Мындан тышкары, өздүк тажрыйбамдын баамында, музыкалык чөйрө эркектер менен бирге болгон аялдардын салымын жана кошулуусун көп барктаган эмес, бул чөйрө аялдардын өнүгүүсүнө жол бербей жана уулуу болуп, аларды музыкалык чөйрөдөн чыгарышкан. Ошого карабастан феминисттик ырларды ырдаган жана теңдикти жана аялдардын көрүнүүсүн алга жылдырып өзүн пөзициялаган ырчылар жана ырлар (Зеренин мисалында) пайда болуп жатканына мен абдан сүйүнөм. Музыкалык демилгелердин бир идеясы болуп — музыка жаратканды, жазганды, аткарганды жана өзүн өзү көрсөткөндү баары жасай алат.

50

Саадат Бул негизинен тажрыйбасы түрдүү болгон угулбаган жана көрүнбөгөндөрдүн музыкасынын жоктугунда маанилүү болуп эсептелинет. Бишкектин жашоочуларынын жана активисттеринин өзүн өзү көрсөтүп, ой жүгүртүп, өзүбүздүн тажрыйбабызды баяндап, түрдүү тексттер аркылуу мамилебизди көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болду. 8-мартта феммарштарда, маршка темп берген колго жасалган музыкалык инструменттерде катышуучулар ойноп, каршылык музыкананын феминисттик түрлөрү болду. 2016 жылы биз өзүбүздүн аялдардын, кыздардын, жана Т* коомчолордун (текст боюнча- биздин коомчолор) максаты болуп бул — биригүү, эмансипация, боштондук болгондуктан, феминисттик музыка жаратуу аркылуу, видео-клиптерди жасоо менен, «Музыканы өзүбүзгө кайтарабыз!» пөзициясынан жана өздүк саясый позициябызды түшүнүү аркылуу, трансфеминисттик музыкалык лагерибизди түзүүнү чечтик. Публикацияга транс — феминисттик музыкалык кэмптен видео жана публикацияларды киргиздик.

Окуу

Көрүү


Айзат ОЙЛООСУ, МАМИЛЕСИ, БААЛУУЛУКТАРЫ ЖАНА ТАРТИБИ БАШКАЛАРДАН АЙЫРМАЛАНЫП, ТУУРА ЭМЕС ДЕП ЭСЕПТЕЛИНГЕН АТА-ЭНЕЛЕРДЕН БАЛДАРДЫН БАШ ТАРТПООСУНА КАНДАЙ АРАКЕТ КЫЛЫШ КЕРЕК ЖАНА ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК.

Ата-энелер жана балдар демилгеси Бул демилгени мен координацияладым, анткени ата-эне катары феминисттик ата-энеликтин суроолорун көтөрүп, биздин балдар окуп жаткан жерлердеги балдарды тарбиялоо же институттар менен өз ара аракеттешүү учурунда кезиккен талаптарды талкуулоо зарылдыгын көрүп аттык. Бул демилге активист-энелер үчүн, БФДнын катышуучулары жана алардын балдары үчүн феминисттик подходу бар балдарга альтернативдүү билим берүү катарында даярдалган. Бул биздин башка иштерибиз болгон кезде, же активизм менен алектеңип жатканда, биздин балдардын аркасынан көз салуу мейкиндиги болду. Тилектештик жана бир бирин колдоо, гендердик чектерден жана кызыксыз сабактардан эркин болгон мейкиндик. Бизде ата-энелердин сексуалдык билим берүү, зомбулукту профилактикалоо, гендердик көндүмдөр жөнүндө талкуулоо группалары бар еле. Ойлоосу, мамилеси, баалуулуктары жана тартиби башкалардан айырмаланып, туура эмес деп эсептелинген ата-энелерден балдардын баш тартпоосуна кандай аракет кылыш керек жана эмне кылыш керек. Бул тема жөнүндө сүйлөш үчүн, артыкча “жок” деп айтып,

сөздүн тилин табуу керек, анткени балдарга чоңдордун тилин уккула жана каяша айтпагыла дегенинен аларга ыңгайсыз болоорун түшүндүрүш керек. Балдардын жана чоң кишилердин тегерегиндеги биздин маектердин натыйжасында, БФДнын ата-энелери, балдары, өспүрүмдөр жана жаштар 2018 жылдын апрелинде, балдар адисинин жардамы менен алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон ички мамилелешүү саясатын иштеп чыгышкан. Бул демилге мага эне катары кайра тарбиялануума жардам берген, өзүмдүн балам менен мен иерархиялык мамилелерди түзгүм келбейт. Мен баламдын кызыкчылыгында иш алып баруу үчүн, аны коргоо үчүн бир кырды таап, анын коопсуздугунун жана ден соолугунун маселеси, демек менин да энелик жоопкерчилигим турганда, өзүмдүн үстүмөн иштеп жатам, адилеттүүлүк жана ачыктык, эркиндик жана чектүүлүк арасындагы кыр.

51


Ислам жана феминизм

Айзат

Феминисттик активизм менен алектеңип атып, практикалаган мусулман катары мен өзүмдү күнөөлүү сезчү эмесмин, же бул өзүмө карама каршы турган же кесилишкен идеологиялар деп эсептечү эмесмин. Мен үчүн ислам, бул — ишеним (дин эмес), баардыгы, интерсекционалдуу феминизмдей, тынчтык жана сүйүү үчүн жасалат . Тескерисинче мен көп окшош принциптерди көрүп атам. Феминизм жана ислам — карама каршылыкта эмес, феминизм жана светтик коом бирдей эмес. Талкууларда жооп таппай, көп суроо жараткан, жарыбаган адабият менен чектелчик эле. Бул демилгени мен координациялагам. Негизинен ислам жана феминизм жөнүндөгү адабият англис тилинде экен. Группаларда, биз социалдык адилеттүүлүк, Куранды патриархалдуулук принцибинде түшүнүү, ар түрдүүлүк маселелерин, СРЗПни (Сексуалдуу жана Репродуктивдүү Денсоолук жана Укуктар) талкуулап жаттык. Мен үчүн, дүйнө боюнча ислам менен ар түрдүүлүктү камтыган группалар жана кыймылдар бар экени ачылуу болду. Мен, намазга жыгылган, орозо кармаган жана феминист болгон жалгыз эле «нормалдуу эмес» адам экеним, мен үчүн өзүмө ачылуу болду. 2015 жылы CSBRдын (Мусулман чөйрөсүндөгү денелик жана сексуалдык

Көрүү

52

укуктарынын коалициясы) ишмердүүлүгү жөнүндө БФД аркылуу билдим. Биз Коалициянын иш чара чегиндеги «Бир күн-бир күрөш» эл аралык кампанияга арналган, түрдүү интернет — акцияларды өткөрдук. Кампания СРЗП жана мусулман чөйрөлөрүндөгү: Менин ойумду бил, «мени чулгаба»( 2013), Өздөрүнүн сексуалдуу жана дене укутары үчүн биригүү, 2015), Хиджаб же кыска шортабы, 2017 сыяктуу маселелерди көтөрүп чыккан. 2017 жылдын июлунда, Кыргызстан феминисттик тарыхында биринчи жолу БФД менен биргеликте, 17 өлкөдөн келген активисттер катышып, CSBRдын ар жылдык Институту болуп өттү. Аялдарды, биздин денелерибизди, биздин түрдүү сфералардагы турмушбузду контролдогон ортодоксалдуу исламдан бошоткон, бул демилге жөнүндө көпкө ойлондум. Биз, жекече принциптерди, ишенүү жана руханийликти эмес, институционалдык түзүмдөрдүн патриархалдуулугун, светтик болушун жана динийлигин сындап жаттык. Биз өзүбүздүн ишенүү эркиндигинин талкуулап жаттык. Мага мени жазалабаган, эркин жана көз карандысыздыгымды кабыл алган ишенүүлүгүм керек эле, мен аны таптым.

Көрүү


Активисттик мамилелер жана эмоционалдуу күйүү тууралуу ачык маек БФДдеги феминисттик активизм мен үчүн өздүк — ой толгоонун, патриархалдык коом аркылуу мага үйрөтүлгөн, ачуу өнөкөттөрдөн өзүмдү алыстатуум, ошол эле кезде өзүмдү өзүм уюштуруучулугумдагы жашоонун феминисттик альтернативаларын издөөм, ар дайым болгон практика болуп калды.

КАНТИП МУРДАТАН КЕЛЕ ЖАТКАН: БАСКЫНЧЫ, КУРМАНДЫК, КУТКАРУУЧУ, ДРАМАЛЫК YЧ БУРЧТУКТА КАЛЫП КАЛБАШ КЕРЕК ЖАНА УШУЛ YЧ РОЛДУН ИЧИНДЕ OЗYМДYН ТУРМУШУМДУ ТЕГЕРЕТПООМ КЕРЕК? Феминисттик активизмге келүү мен үчүн жумуш процесстер жана кайра ойлонуу процесси болду. Контрол, басымдуулук жана зомбулук циклдуу мүнөздө болушун билип, менин өзүмө зомбулук көрсөтпөгөндөй, зомбулуксуз жана басмырлоосуз: достук, романтикалык, жумуш мамилелеримди куруу суроолору толкундантты. Кантип мурдатан келе жаткан: баскынчы, курмандык, куткаруучу, драмалык үч бурчтукта калып калбаш керек жана ушул үч ролдун ичинде өзүмдүн турмушумду тегеретпоом керек? Бул суроолорго мен феминисттик активизм аркылуу жана жумушчу өз ара аракеттеңүүнүн альтернативдүү

Саадат жолдорун издегенге мени шыктандырган, жана өз тажрыйбасын документтештирген феминисттик активисттердин тажрыйбасы аркылуу жоопту алганга аракет кылганмын. Башынан эле аялдардын эмгеги боюнча түшүнүктөргө чоң суроо коюш керек болду. Аялдардын эмгеги канчалык бааланбай жана этибар алынбагандыгы жөнүндөгү түшүнүктөр, менин практикамда бул түшүнүктөргө көңүл бурулбай жана бааланбай, мен да баамдачу эмес экенмин. Арийне эркектер үйдөгү оокаттарды, артыкча тышкы оокаттарды да жасашкан, бирок бул эмгек көрүнүктүү болуп, макталып, кээде акча да төлөнчү эле. Мага үй жыйноо, тамак жасоо жана башка үй жумуштарды аялдар жасайт аттуу түшүнүктөр айтылып, бул үй жумуштарын ролдор менен алмашуу керектигин же үй бүлө мүчөлөрү арасында бөлүштүрүү жөнүндө суроо койсоң, чоң ызычуу болмок жана бул дайыма ушундай болуп келе жаткан нерсе-сыяктуу айтышчу. Бул салт менин эсимде, менин турмушума салымын кошкон башка аялдардын эмгеги бааланбаган, анткени мен алардын аттарын атабай же тескерисинче мен башка аялдарга жана кыздарга өзүмдүн энергиямды бергенимде, бул эмгектер көрүнбөй да айтылбай да кала берген. 53


Биздин коомдо, мен дагы бир «трендди» аялдар укугун алга жылдыруу, аялдар жана феминисттик кыймылынын салымы көп учурда баасы төмөндөлүп жатканын баамдадым, мындан тышкары мунун баары биз эмес, биз үчүн эркектер жасады сыяктуу мифтерди угуп таң калдым. Бизден башкасынын баары жасаптыр, ошентип аялдардын эмгеги баягы эле бойдон көрүнбөй кала берди. Аялдардын эмгегин ушул патриархалдык бааланбоосуна, өзүбүздүн феминисттик альтернативаларды куруу процессинде биздин эмгекти көрсөтүш үчүн — аялдардын көрүнбөгөн иштерин коомдук мейкиндикке чыгарып, өзүбүздүн тажрыйбаны документациялап (Зиндин мисалы) — биздин эмгекти көрсөтө алдык. Артыкча өзүмдүн кыялдануум жана баалуулуктарым аркылуу, өзүмдүн ички процесстеримди куруу өтө маанилүү болду. Горизонталдык структура болгон нерсеге мамилебизди көрсөтүп эле койбой, биз ал аркылуу жашап, альтернативаларды жана болгон нерселерди куруу маанилүүлүгүн эстетет. Кее бир группалардын басымдуулук тоталдык бийлигин четке кагып жана теңдүүлүккө жетиш үчүн, адамдардын баардык сферадагы өз ара аракеттеңиши,альтернативдүү ыкмаларды түзүшү — азыркы иерархиялык үрпадаттардын болушуна чоң суроо жаратат 54

эле. БФДде так ушундай мамиле көпчүлүккө жакчу, коллективдин бир бөлүгү болуп, менин ан сезимимдин өсүүсү аркылуу структура куруп, ал жерде биринин үстүнөн бири үстөмдүк кылбай, чечүүлөрдү кабыл алуу жана жоопкерчиликти тең бөлүштүрүү процессии болуп, аракеттеңүүгө үйрөнгөм. Мындай мамиле мен үчүн тилек болуп көрүнгөн нерсеге кошулуп, өзүмдүн күчүм менен курганга жана өзүмдүн күчүм менен колдогонго шарт түзгөн. Мында мен бийликти, чечүүлөрдү, эмгектерди, ресурстарды бөлүштүрүүгө бүгүнкү реалийлерди практикалап жана эстеп, эң акырында келгим келген.


Мен БФДга ишмердүүлүк кандай болуш керек жана коллективден иш кандай болушу мүмкүн түшүнүгүм менен келгенмин, көпчүлүк учурда жоопкерчилиги көбүрөөк жана көп чечимдерди өзү кабыл алган жетекчинин образы менин көз алдымда болоор эле. Менин «практикалык тарбиямдын» бөлүгү катары менин коллежанкаларга карата үстөмдүк жана барктабаган мамиле болгон. Мен бир моделди билүү менен эле мурунку адаттарыман кол үзгөнгө аракет кылдым. Менин күтүүлөрүм бироолор бизге тапшырма берип, мен аткара албай калышымдын күтүүсү: горизонталдык хаос менен аз жоопкерчиликти алып келет деген жаңылышууман; адамдар өздөрүнүн проблемаларын өздөрү чечкендей анчалык акылдуу эмес жаңылышууман, эксперттүүлүк жана ким эксперт боло алат түшүнүүнүн күтүүсү болду.

МЕН YЧYН БФД- АР ДАЙЫМ OРКYНДOГOН, ЖАHЫЛААНУУНУ, YЙРOOНYYНY ЖАНА АЛДЫГА ЖЫЛУУНУ КОРКПОГОН ЭКСПЕРИМЕНТАЛДУУ ПРОЕКТ.

БФДде биз ар бирөнүн өздөрүнө тиешелүү өзү кызыккан темаларды

көтөрүп ишмердүүлүгүнө мүмкүндүк берген структураны практикалап жаттык. Ошол эле кезде чечим кабыл алууда, өзүнүн добушун берүүгө мүмкүнчүлүк болду. Менин жеке тажрыйбам — дайым эле жеке өз ишим болбостугун, менин тажрыйбам — азыраак көрсөтүлгөн группалардын системдүү басмырланышын уландысы катары, жеке бул — саясый болушу мүмкүн дегенге алып келет. Горизонталдык структураны курууда, ишти дайым координациялап турган адамдын ролу маанилүү болот, көпкө чейин сакталып келе жаткан — жыл сайын, же эки жылда бир жолу координаторлордун алмашуусу, команданын башка өкүлдөрүнө лидерлик позицияда өзүн өзү сынап көрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү практикаларынан келип чыккан. Бул практика негизинен кыймылдын турууктуулугуна таасир этип коллективдин динамикалуу структура болушуна жардам берди. Мен үчүн БФД — ар дайым өркүндөгөн, жаңылаанууну, үйрөөнүүнү жана алдыга жылууну коркпогон эксперименталдуу проект. Феминисттик мурасты улантып азыркыны жана алдыдагыны ушул жерде жана азыр шыктандырган үлгү болуп кала берет. 55


Бейөкмөт уюмдарынын моделдеринин үстөмдүктөрүнө каршы турган горизонталдуу жана иерархиялык эмес түзүмдүн практикасынын аракети болду, өлкөдөгү граждандык коом жана анын ишмердүүлүгү негизинен бейөкмөт уюмдары менен көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда, катталган жак катары коллективдин, иерархиясы так болгон мамлекеттин алдында милдеттери бар. Бул ички структуранын түзүлүшүнө жана адамдардын өз аралык мамилелерине таасирин тийгизбей койгон жок. БФДде горизонталдуу тажрыйба жана иерархиялыктын балансын таап, ишмердүүлүктүн башка үлгүсүн байккап көрүүнү эңсегенбиз. Башка түрдүү процесстердегидей эле сыяктуу, адамдардын өзүн өзү уюштуруучулугунда ички зарылдыктар пайда болду, өзүн өзү башкаруучулук жандуу жана туруктуу болуу үчүн процесске катышкан адамдардын активдүү катышуусун жана жоопкерчилигин талап кылууну, горизонталдык практика 56

түшүндүргөн. Кээде адамдар мурунку иерархиялык системадагы сценарийди карманып, процесстеги чоң жоопкерчиликти албай, акырында жоопкерчиликтин бир бөлүгү кагаздарга кол койгон координаторканын мойнуна жүктөлчү. Ал эми кээде болсо отчетко жооптуу адамдар, чечимдерди кабыл алууга мажбур болушчу, бул нерсе конфликтерге алып келип, бир кишинин үстөмдүгү жана авторитеттүүлүгүнө алып келүү жөнүндө маселе көтөрүлчү. Коммуникациянын жана өз ара байланыштын жоктугу, жумуш мамилелерге гана эмес достук мамилелерге да өз таасирин тийгизчү. Эгерде бул нерселер айтылбай жана талкууланбай калса, биз команда жана коллектив сыяктуу эмес, иштеше албаган жекече адамдардын чогулушу сыяктуу көрүнчүбүз. Ички ой толгоолор, айтуу, коммуникация жана келишимдер коллективдүү иштин тосколдугу болуп калчу жана кийин мамилелердин эмоционалдуу деңгеелине таасирин тийгизчү.


Бири бири бизге көңүл кош мамилелерибиз, коллежанкаларыбызды укпай, бири бири бизди оор абалга калтырган күндөргө алып келди. Келишпестик менен жеке кабыл албоо өздүк принциптерди колдонбоо, дагы бир жолу буларга кайра кайрылуумдун мааниилүүлүгүн жана бир бирибизге жардам берүүнү унутпообузду эскертет. Аябагандай зор күч менен алып келинген феминисттик ресурстарга шалакы мамиле жасалган. жергиликтүү, улуттук жана глобалдык деңгеелдеги феминисттик кыймыл көбүрөөк ресурстарды талап кылган. Бул көп жылдардан бери келе жаткан туруктуу феминисттик активистеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу ишмердүүлүгү, көп учурда кыймылдын ичинде кээде бааланган эмес жана көңүл бурулбай да калган. Кээде төмөнкү

феминисттик жана аялдар уюмдарына ресурстар жетпей калып, грантты өздөштүрүү инфраструктурасы бар чоң уюмдарга өтүп кеткен учурлар да болду. Ошол эле учурда тышкы жана жергиликтүү абал биздин ишмердүүлүгүбүзгө таасирин тийгизбей койгон жок. Феминизмге каршы иштер жана айтылган сөздөр, кол салуу коркунучу — өздүк цензурага алып келди.

57


Айзат Аялдар социализациясы бул — бала чагыбыздан бизди өзүбүз жөнүндө жаман ойлообузду үйрөткөн. Бул биз бирөөгө бир нерсе берүү жана курмандык болуу күнөөлүү сезимден болгон. Эгерде бизди жолубуз болуп үйдө травмалабай калсак дагы, баары бир бала бакчада, мектепте жана башка билим берүү жана социалдык институттар аркылуу патриархат бизге жете алат. Активизмге адамдар өз травмалары аркылуу келет. Мен өз травмаларымды айыктыруу үчүн келдим. Менин БФДеги дос — кесиптештер менен болгон мамилебиз бара бара уулуу болуп калды. Мен, биз жана мен өзүм, үй бүлөдөгү мамилелер моделин өзүбүзгө проекциялап жатканыбызды көрүп аттым. Мисалы, мындай нерсе өспүрүмдөр арасында көбүрөөк байкалып атты. Алар, ата-энесине айта албаган нерселерди бизге айтып берип жатышты. Алмашуу көп болду. Мисалы, кээ бирөөсүн мен синдим катары көргүм келсе ( өзүмдүн эже — синдилерим менен мен толук кандуу 58

мамилелерди түзө албай жатам) кээ бирөөсү мени «апа» ролунда көрөт.

ЭМОЦИОНАЛДУУ КYЙYY — БУЛ АР КИМИБИЗ БАШТАН OТКOРГOН НЕРСЕ.

Мен акыркы үч жылы уюмдун ишин координациялаган кезде, менде көп жоопкерчилик болгон. Ошого жараша талапка ылайык, бул акча да, биз бири — бирибиздин жана мамлекетке отчеттуулугубузду биздин система талап кылып, мен суранып жана талап кылганмын, биз макул болгонбуз, бири бирибиз менен сүйлөшүп, кол койгонбуз, бирок аткарган эмеспиз. Бизде сонун жазылган бирок аткарылбаган, эскертмелер жана саясаттар болгон. Кээде мен өзүмдү лидерлик пөзицияда сезип-БФДнин «башкармалыгынын тораймындай» сезчүмүн, анткени адамдар көп учурда мени инсан экенимди байкабай, кагаздарга жана акчага жооптуу адам катары көрүшчү. Бул зор жоопкерчиликтин жугу жалгыз өзүмдө болуп, менин көп күчүмдү жана энергиямды талап кылып атты.


Акырында биздин жумуш командабыз ички мамилелердин каршылыгынан улам чарчап, акыры баарыбыз туш тушка тарадык. БФДнин ишмердүүлүгүн онлайн аркылуу колдоо татаал болду. Ар бирибиздин өздүк жолубуз болду, БФД ошол составда дайыма калчудай болуп, мага бул нерсени мойнума алуума кыйын болду. Мен биздин феминизмди же командабызды романтикалаштыргам. Кээде мен, эгерде биз психологиялых жактан жакшы ден соолукта болсок, урушпай, тоону төмкөрүп коймокпуз деп ойлойм. Чыныгы революция качандыр бир убакта болмок да. Баары эле өзүнүн проблемасы менен алек болсо, революцияны ким жасайт?

Эмоционалдуу күйүү — бул ар кимибиз баштан өткөргөн нерсе. Бул адам бааланбагандыгы сезимдер, кемсинтилип калган сезимдер болот. Жөнөкөй эле почтаны текшерип, маалыматтардын курсунда болуу үчүн, мурункудай эле активизмге кошулуп энтузиазм менен, мурунку ишеним болгонго — ресурс жок болду. Бир кезде акыркылардан болуп — мен да кетүүнү чечтим. Мен уюмдун өткөрүү процессин колго алып, 2018 жылы башка группаларга өткөрүп бердим. 2019 жылы бир тууган болуп калган БФДнин активизмге тартылган башка адамдары менен жаңы тарыхы башталды.

тош с о д ик т т с еме ини г м ң е а Ф уу л а р ту

У У Ш О Т Ш О К Окуу

59


Өздүк кетүү жана радикалдуу практика катары коллективдүү камкордук Айзат БФД мени эмнеге үйрөттү? Өзгөртүлгөн процесстерге, өзүмө өзүм жана башкаларга радикалдуу түрдө камкордук көрүү.

феминизмге жана адамзаттын башка мыкты өзгөрүүлөрүнүн көз карашында сонун болушу мүмкүн.

Мен бир эсимде абдан Өзүнө өзүн жакшы мамиле калып калган мисал менен кылуу, кийин башкаларга бөлүшкүм келет. Бир да мындай мамиле жасоого жолу биз коллежанкалар алып келет — бул саясый менен чогулуп, сүйлөшүп абдан мааниилүү. Коом калдык, биздин арабызда эмоционалдуулук, биздин талаш башталып, бул сезимдер жана билүүлөрүбүз ситуацияга мен чыдай албай жөнүндө чанда гана маселе коллежанкаларымды тилдеп көтөрө алат. Бул биздин ар салдым. Мен бул жөнүндө бир секундадагы турпатыбыз. абдан өкүнүп калдым, Бирок бул эч качан бүтпөгөн анткени мурда мындай узак жолдуу процесс. нерселерди жумушумда колдончу эмесмин жана Биз конфликтерге көп бул үчүн мени жумуштан учурда жаман нерседей, кетирет деп ойлогом. Бирок катастрофага алып келчү командадан, менин эс нерсе сыяктуу мамиле алуума рекомендация берген кылабыз. Конфликтер камкордук катын алдым. Мен жөнүндө айтууну, эскергенди шок болдум жана өзүмдүн каалашпайт. Биз аларды ыраазычылыгымды кандайча кабыл алууну жана бар айтаарымды билбей калдым. экенин билгибиз келбейт, биз Бизди туура эмес тартип зомбулугу жок коммуникация жана эмоция үчүн жазалоого эмне экенин билбейбиз. көнгөнбүз. БФД эч кимди эч Ошондой эле биздин качан жумуштан бошоткон каарыбыз, кыжырлануубуз эмес, жазалаган да эмес. 60

OЗYНO OЗYН ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛУУ, КИЙИН БАШКАЛАРГА ДА МЫНДАЙ МАМИЛЕ ЖАСООГО АЛЫП КЕЛЕТ — БУЛ САЯСЫЙ АБДАН МААНИИЛYY.


Саадат Менин коллективдүү тажрыйбамда, менин ишмердүүлүгүмдү коргоо кепилдигин активизм берген эмес. Активисттердин ишмердүүлүгү — бул өзүмдүн турмушумду түшүнүп, баамдап, өзүмдүн куруум, аялдарга патриархаттан болгон талаптарга каршы туруу. Активисттерге жана укук коргоочуларга кол салуу жана коркутуу дайыма жана көп масштабта болуп турат. Менин мисалымда 8 мартта агрессивдүү топ мага жана менин коллежанкаларыма кол салган, бирок мен коллежанкаларымдын өмүрү үчүн корксом дагы, мен токтогон эмесмин, анткени эркиндиктен башка эч нерсе жоготпойт элем. Бул окуя феминисттик кыймылдын бөлүгү болушума жана башка аялдарды коргошума менин кааломду бекитти.

61


8 март маршы — сахнанын артында/эмес Айзат Сыйнат

8 март- Тилектештик жана Бирдей Укуктуулук Эл аралык аялдар күрөшүнүн күнү жана феминисттик календарынын эң бир маанилүү күндөрдүн бири болуп эсептелинет. 2016 жылы БФДнин биринчи жолу партнердук (эже- синдилик) ЛГБТ уюмдарын, активисттерди чакырып тынчтык маршын өткөрдүк. (Буга чейин чакан, маалымат жана каршылык акцияларды өткөрчүбүз). Ар бир марштын артында толтура логистикалык, чыгармачыл, эмоционалдуу иш турат. Биринчи маршыбыз чай ичип атып жөнөкөй эле маектешүүлөрдөн башталган. Жыл сайын биз жумуш командасын чогултуп, милдеттеди жана ресурстарды бөлүштүрөбүз, бул ишти 1-2 киши координациялайт Даярдоо процесси: плакаттарды тартып, пресс-релиз жөнөтүп, текст менен ураандарды которуп, музыкалык инструмент менен техниканы даярдап, хейтерлер тарабынан кол салуу жана провокациясына коопсуздук планын түзүп 62

бүткүчөктү, түн ортосу болуп калчу. Биз ан сезимдин өсүү группаларын уюштуруп, актуалдуу фемтасмаларды, көргөзмөлөрдү көрсөтүп, башка фем жана аялдар уюмдарынын жана группаларынын иш чарасына катышчубуз. Мунун баары бири бирибиздин эмпатиябызды, күчүбүздү, демилгебизди феминизмге алып келген, өзүбүздүн муңайлуу тарыхыбызга каршы, биригүүбүзгө алып келди. Ар бир маршта, биз марш учурунда жана андан кийин, түрдүү провокациялар менен кезигебиз. Көп кезде — коркутуу, булинг жана асылуулар онлайн түрүндө өтөт. Былтыркы жылы марш учурунда, ЛГБТ кыймылынын желегин жулуп алууга аракеттер болду


КЫРГЫЗСТАН ЖАРАНДЫК КООМ КЫЙМЫЛЫНЫН ПАРАДОКСУ БУЛ — КЭЭ БИР АДАМДАРДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫН ЖАНА БОШТОНДУГУН ЖЫЛДЫРЫП, ОШОЛ ЭЛЕ КЕЗДЕ БАШКАЛАРДЫКЫН КЕМСИНТYY БОЛГОН. критикалык талдоо жүргүзбөйбүз) пропагандасы деп, «марштын анык максаттарын» билген эмеспиз дегендери таң калтырды жана мындан тышкары, күтпөгөн жерден Бишкек шаарынын мэриясынын жана башка уюмдардын активисттеринин «бут тосуу» маселесин коюшканы, аялдар укук коргоо Кыймыл ичиндеги мамилелер жөнүндө сөз кыймылынын бөлүнүүсүнө алып келген. кылсак, 2019 жыл баарын оордуна койду деп Социалдык тармактардагы көтөрүлгөн баш айтсак болот, 8 марттын маршына карата аламандык, бирин бири түшүнүү жагдайы аялдардын укук коргоо коомдоштугунун жөнүндө сөз бөлүшү мүмкүн эместигин ичиндеги бирдиктин бузулушу, тилектештик айкындады. көп учурда иллюзия боюнча калганын көрсөткөн. Интерсекционалдуу феминизм аз көрсөтүлгөн группалардын укугу менен Так ушул жылдагы марш, коомдогу тыгыз байланыштуу. Кыргызстан жарандык терс резонансты жараткан. Биз менен коом кыймылынын парадоксу бул — кээ чогу келе жаткан гендеристкалардын, бир адамдардын кызыкчылыктарын жана эксперткалардын, укук коргоочулардын — боштондугун жылдырып, ошол эле кезде «кыргыз баалуулуктарына каршы», башкалардыкын кемсинтүү болгон. «чыгыш баалулуктардын» (бул эмнени түшүндүрбөсүн, азыр «кыргыз» жана «чыгыш баалуулуктары» түшүнүктөрүн 63


8 март бул — тарыхый жана саясый мааниси бар бир эле күн экенин баардык коомго эстетебиз. Бул биз үчүн көрүнүү мүмкүнчүлүгү жана биз каалаган өзгөрүүлөр жөнүндө кыйкыруу мүмкүнчүлүгү. Бул — көптөн бери көрүшө элек дос, курбу, курдаштар менен кучакташуу мүмкүндүгү. Бул — жөнөкөй жашоодо тилектеш болбосок дагы, тилектешүү — анткени алар маршка келип, биздин арабыздагы ажырымга караганда биргелик бар экенин көрсөтөт. Бул кээде гана кездешүүчү, ошол эле кезде жергиликтүү бийликтен жана жалган патриоттордон коргонуп өзүбүздүн укуктарыбызды алдыга жылдырган калктык мейкиндик.

8 МАРТ БУЛ — OЗYБYЗ ЖOНYНДO СЫЙМЫК МЕНЕН АЙТА АЛГАН, БИРОК КOПЧYЛYК ЭНЕРГИЯ ЖАНА РЕСУРСТАРЫБЫЗДЫ БИЛДИРYY БОШТОНДУГУН АЛУУ YЧYН САРПТАГАН СЕЙРЕК КЕЗ.

Көрүү

Көрүү

Көрүү

Көрүү

64


Регионалдуу өзгөчөлүктөр жана кыймыл көтөргөн темалар

Талаа рефлексиясы (ой толгоо); Региондордогу аялдардын укуктук проблемалары 65


Талаа рефлексиясы

Айзат Сыйнат

66

Биздин шаарларга жана айылдарга болгон талаалык сапарларыбызда, Бишкек менен региондордун арасындагы ажырымдар жөнүндө ойлондук. Шаардан тышкары жашаган активисттер үй жумуштары менен үй бүлөнү багуу менен көбүрөөк алек болушаарын жана кайынэне — келин иерархиялык мамилелери жөнүндө да ойго баттык. Көпчүлүк аялдар өзүн тажрыйбалуу мусулман катары — намаз окуп, орозо кармап, көрсө да — суралгандардын дээрлик баардыгы бүгүнкү күндүн татаал маселелеринин бири катары — исламдын радикалдашуусуна тынчсызданганын айтышкан. Алардын айтканына карата аялдардын акыбалы катуу төмөндөп бара жатат.

Аялдар өзүн эркин жана коопсуз сезе алышпайт. Түштүктөгү 2010 жылы өткөн этника аралык конфликт, арийне өзүнүн таасирин тийгизип, бул тема кээде чыга калганда активисттер аны көргөзбөгөнгө аракет кылып атышты. Түштүктөгү 1990-2010 жылдардын жанжаалы такыр талкууланган эмес, активисттер психологиялык жактан реабилитацияланган эмес. Бишкек активисттери катары, биз өзүбүздүн привилегиябызды баардык тараптан көрүп жаттык — салыштырмалуу боштондугубуз, жакшыраак жашоо шарттарга мүмкүндүк алуу жана б. у. с. Биздин маектер психологиялык консультация сыяктуу болду — активисттер сүйлөп, айтып алганды каалашты.Түштүктөгү аялдар активизми, коопсуздук максатында — партизандуу болуп бара жатканын байкадык. Биз, өздөрүнө караганда башкаларга көбүрөөк жардам берген, аты чыкпай калган каармандарды көрдүк. Бул жерде биз аялдар активизминин башкалар айтпаган, же такыр көңүл бурулбаган жагын белгилеп кеткибиз келет.


Академиялык адабиятта «патриорхалдык келишим»1 деген түшүнүк бар, мында аялдар патриархалдык коомдордо аман калуу үчүн аялдардын укугун кемсинткен, гендердик эрежелерди кабыл алып, колдогону жөнүндө айтылат. Бирок мындай нерсе көпчүлүк учурда бийликтин бир бөлүгү болуп, бийликтин системасында бир даража ( привилегия) алуу үчүн жаралат. Ошондуктан биринчи нерсеге претеңзия жок болсо, экинчисине аялдар активизминин максаттарынын чыккынчылыгы катары эсептейбиз.

орундарда, түрдүү аялдардын бейөкмөт уюмдарынын, проектилеринин жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аялдар кеңешинин өкүлдөрү.

Алар абдан боорукер болушат, биз алардын кабинетине сүйлөшүүгө барсак, сөзсүз чай менен печенька беришет, бирок мындай маектешүүнүн жыйынтыгы бирдей болот. Качан баардыгы «өлкөнү эркин аял гана алга жылдыра алат» дегенди түшүнүшөт? Ал эне, жубай, күйөөгө чыга элек кыз, эч качан төрөбөгөн же төрөөнү пландабаган аял, трансгендерлүү аял, жесир болгон аял, лесбиянка, бисексуалка, Кээ бир мекемелердин жетекчи- аялдары, бангизат кабыл алган же бул нерсе менен Кыргызстанда аялдарды басмырлап, өнүгүүгө жашаганга аракет кылган, өзүнүн үй-бүлөсүн мүмкүнчүлүк берилбейт деп айтышат, ошол багуу үчүн секс — жумуштар менен алектенген эле кезде, аялдардын эн негизгиси бул, аял, радикалдуу көз карашы бар жана жок «үй-бүлөлүк бакыт, эркектердин аркасында феминист, активист, чачы кыска кыркылган же болуу, анткени биз назик болобуз да» деп узун чачтуу, толук же арык, күлүмсүрөгөн же күлүмсүрөп айтышат. Сен саясат, бизнес, кабагы бүркөк, нейропаттуу же нейро-түрдүү, активизм менен алектеңесинби — маанисиз. маанайлуу жана өзүнө ишенген адам болушу Эң башкысы үйүң ирээттүү болуш керек, мүмкүн. ушул нерсе менен гана сен авторитет аласын жана сыйлоого жете аласын. Күйөөң менен Ошондо гана биз жана биздин өлкө өнүгүүгө балдарын болбосо сен лидер боло албайсын мүмкүнчүлүгү бар деп айта алабыз. Ага чейин деп. бизди патриархалдуу күчтөр өздөрүнүн патриархат агенттери аркылуу башкарып Активист- сактоочулар активизмдин өтө жаткан кезде, биз өзүбүздүн күрөшүбүздү радикалдашып кетпесине, таралбай улантып — башкача болуубузду, «жаман», туура калбашына, өйдө тараптардагы эмес — «жаман кыз болуубузду» уланта беребиз. байкешкалардын жана акелердин жинине тийибешине көз салышат. 1 «Аялдардын жалпы майрамы», Кызыл Казахстан гезитиндеги Бул жерде аман калуу муктаждыгы менен жамына албайсын — бул аялдар бийик кызмат

макала, 1923ж., № 15 ссылка боюнча: http://feminita.kz/2018/03/ свободная-женщина-сможет-продвинуть/

67


Региондордогу аялдардын укуктук проблемалары Гүлнур Жалал-Абад облустунун толеранттуулук фондусунун директору, облусттагы кыздардын абалы, Жалал- Абад шаарынын кыздарынын абалынан айырмаланат деп айтат. Кыздар өздөрүнүн укуктарын өздөрү билбейт. Ата-энелер айтса — моюн сунуп беришет. Кыздардын жазылбаган эрежеси бар, эң абройлуу болуш үчүн бул күйөөгө чыгуу болуп эсептелинет. Эгерде кыз окууга кетсе, аны кудалоо мүмкүндүгү азыраак болот. Кыздар аларды кудалап, күйөөгө алып кетип аткандыгын мактанышып, өздөрүн өйдө сезишет. Балким алар көргөндөй башка үлгү жок болгондуктандыр. Ата эне жак, эркек балага көбүрөөк көңүл бөлүшөт. Эгерде бир баланы окутуу мүмкүнчүлүгү болсо, анда эркек баланы окутушат. Коом тарабынан, эгерде кыз шаарда окуса, ал бузулуп кетет деген пикирлер бар. Аялдардын жана кыздардын мыйзамда жазылган өз укуктары бар. Тилекке каршы, кыздар жана аялдар, ушундай укуктар бар экенин билишпейт, алар укуктарын коргой алышпайт жана көргүсү келбейт, анткени алардын билими жок. Динди туура эмес чечмелөө, көнүмүштөр жана адаттар бул нерсеге таасир этишет. Биз аларды депутат болоорун жактап, өздөрүнүн укуктарын коргоп, өздөрүнүн пикирин жактоого окутабыз жана аракет кылабыз. Биз бул жактан артта калып жатканыбызды көрүп турабыз. Алар тигүүчү кесибин гана окубай, 68

АТА-ЭНЕЛЕР АЙТСА — МОЮН СУНУП БЕРИШЕТ.

Жамал

«Мутакалим», Бишкек

нанотехнологияларга, машиналардын электрофикациясына, уюлдук телефондорду ондоого үйрөнүүсүнө кеңеш берип, кайсы кесиптерди алуу пайдалуу экенин көрсөтөбүз. Кыздарды физикага үйрөтүү, эмне үчүн болбостур? Бул жакшы эмгек акы. Биз аялдар момундай нерселерди окуп, билим алып, өзүн материалдуу камсыздай алуусуна түрткү берип, стереотиптерди талкалайбыз. Мен бүт өлкөнү кыдырып келдим. Аялдар — биз өзүбүзгө өзүбүз нан тапкандай иш таба албасак, кантип укук жөнүндө сүйлөй алат элек деп баары айтышат.


Авазкан «Аялдар Демилгелери», Ош Биздин ишке дин абдан таасир этет, анткени үйдөн, коомдон тыйуу салынат, айыл жашоочулары каршы чыгышат. Биз да азыр, бул ситуациядан кантип чыгышты ойлонуп жатабыз. Эгерде мамлекет жана башка жооптуу органдар аялдардын абалына терс

таасирин тийгизген диндин өсүшүнө чара колдонбосо, анда 10 жылдан кийин светтик статусун Конституциядан жөн эле алып койсо болот, ал эми 20 жылдан кийин, диний өлкө болуп калбасак экенбиз деп корком….Мунун баары бизге таасирин тийгизип, биз мындай коомдо коопсуз жашай албайбыз деп мен корком. Мисалы мен Бишкекте турсам, менин турмушум башкача болот эле, бирок мен Карасууда жашайм да. Мени күн сайын башка адамдардын, башка ойлордун, башка үрп адаттардын тегерегиндемин.

Мухаббат (аты өзгөртүлгөн), Оштун активисти, ВИЧ позитивдуу аялдар жана балдар, майып балдар менен жана күйөөлөрү жана партнерлору бангизат колдонгон, жалгыз бой энелер менен, күйөөлөрү түрмөдө отурган аялдар менен иштейт.

Мухаббат

Бизде медресе ачылып, ал жердеги молдо бирөөнү гана зордобой, ал жерде системалуу түрдө зордук болуп турат. Биздин балдар коркутулган, кыздар да балдар да — баары коркушат. Бизде исламдашуу абдан өнүгүп атат. Анткени биз күн сайын мындай нерсе менен кезигип атабыз — мага, чүмкөн деп айтып жатышат. Түз эле өзүмө, кайнатам аркылуу, күйөөм аркылуу. Эркек балдар 100% мечитке барышат. Бир жолу карасам кичинекей 4 жашар кыз чүмкөнүп, чүпүрөктөрдөн жыгылып кетчүдөй болуп бара жатыптыр. Менин бешинчи класста окуган кызымды велосипед минесин деп, сабап кое жаздашты. Гимнастикага барып жатат деп, колдору менен көрсөтүп жатышат.

Аялдар муну норма катары кабыл алышат. Экинчи, үчүнчү аял алуу нормалуу болуп калган. Никени регистрациялабайт, эгерде регистрациялабаса — түртүп ыргытып ийишет. Аялдар ушунчалык аярлуу болуп жатышат, кыздарга жашоого жери жок тууралуу менде толтура кейстер бар. Атаэнелер аларга сүйүнбөйт, балдары менен келген ашка жүк аларга да кереги жок. Биз алиментти дооласак, алар же башка жакка кетип калышат, же кенедей эмгек акы тууралуу справка алып келип берип коюшат. Биздин студенттер башка жакка кетип ислам университеттеринде окуп жаткандыгы да жакшы эмес жаңы жылды тоспой, ёлканы кооздобой, туулган күндөрдү белгилебей калдык. Зомбулук жүрүп жатат жана бул нерсе тыштан келип жатат. 69


Региондун, белгисиз калууну каалаган, башка активисти, көпчүлүк активисттер жана укук коргоочулар 2010 жылы Кыргызстандын түштүгүндө өткөн этника аралык конфликтеги алган травмалары тарай электерин айтышат. Мен 2010 жылы баштан өткөргөнүм, азыркыга чейин түшүмө кирет. 2010 жылы конфликтер учурунда мен сабалган болчумун. Комендант сааты болуп, шаарга эч ким чыкчу эмес, биз жабык эшиктин

артында иштедик. Чет жакка чыгуу коркунучтуу болчу, анткени кимди көрүп, кимге жолугаарынды, эмне болоорунду билчү эмессин.

Нарын активисттеринин «Үмүт» уюмунун мүчөлөрүн ала — качуу жана өзүн өзү ишке ашыруу суроолору көбүрөөк тынчсыздантат.

Кызжибек Мен 11 класста окуп жүргөн кезимде, менин классымда ала-качуудан көп кыздар күйөөгө чыгышка мажбур болушкан. Мен университетке өткөндө да көп кыздарды алакачып кетип, күйөөгө чыгышкан. Мен бир нерсе жасаш керек деп ойлодум.

Биз кыздарды ала-качуу учурунда коркпой өзүн кандай алып жүрүш керек, мындай нерсе болуп жатканда өздөрүнүн укуктарын кантип коргой алышат жөнүндөгү маалымдоону чечтик.

Нарындагы «Теңир-тоо» жана «Тынчтык» аттуу уюмдар өздөрүнүн чөйрөлөрүнүн маселелери менен 20 жылга жакын алектенишип келе жатышат. Мектептеги балдардын тамактануусу боюнча, бак дарак отургузуу, өзгөчө кырдаалдарды болтуртпоо, адамдардын укугун жана кызыкчылыктарын алга жылдыруу, жергиликтүү инфраструктураны өркүндөтүү жана башка социалдык маселелер менен иштешет. Азыр эки уюмга тең ВИЧти прфилактикалоо сферасында иштөө актуалдуу.

Анаркүл Азыр биз 42 уюмду камтыган, СПИД боюнча иштеген Альянста мүчөбүз. Аны биз кантип алдын алалабыз? Биз алдын албай аракет жасап атабыз, ал эми СПИД көбөйгөндөн 70

көбөйүп эле баратат. Биз Нарында өзүбүздүн ишмердүлүгүбүздү баштап жааткан кезде, мындай проблема жок болчу. Азыр мигранттар көбөйүп, СПИД дагы көбөйүп атат.


Кыргызстандын феминисттик келечеги: Кыялданууларды айтуу же өткөн нерселерге ностальгия же алар биздин келечегибизди кантип түзө алат.

71


Кыялданууларды айтуу же өткөн нерселерге ностальгия же алар биздин келечегибизди кантип түзө алат Феминисттик келечек тууралуу Кыргызстандагы аялдардын идеалдуу акыбалы жөнүндө суроо салганыбызда, көпчүлүк үчүн бул суроо күтүүсүз болуп, көпкө ойлондурду. Улуу муундагы активисттер, совет убагындагы кез — стабилдүү болгондугун сүрөттөп берип атышты. Жумуш бар болчу, азыр башаламандык деп, ошол кезди сагынышты. Союзда культивация болгон — көз карандысыз, эркин кыймыл аракети бар, партнердукта анын теңдүүлүгү бар деп, ага жараан катары кулак салышчу, репродуктивдүү функцияларга мамлекет жардам берет деген образды элестетип жатышты. Ясли, бакча, мектеп, медицинага мүмкүндүк алуу, бирок ошол эле кезде «жаратылышын» бузбай — үй-бүлөлүктү жана очокту сактоо деп айтылды. Кее бир жаш жана анча консервативдүү эмес активисткалар матриархат жана абсолюттук теңдикти элестетип, аялдарды эркектерден айырмаланбай калуу мүмкүндүгүн, гендердик бирдейликтер, жыныстык багыт болбоорун жана башка нерселерди элестетип атышты.

Турсунай

Мухае

«Гүлмайдан», Ноокат

«Позитивдүү диалог», Ош

Баардык аялдар өздөрүнүн укуктарын билип, өздөрүнүн үй бүлөлөрү менен ынтымактуу жана бактылуу жашашат, баардыгынын жумушу бар, иштеген көп өндүрүш ишканалар бар, проблемалар болбой, бакчалар жана мектептер иштешет. 72

Өзүнө ишенген, өзүнүн аракеттенүүсүндөгү бактылуу болгон кыздар, карьера, билим болот, көпчүлүк кыздарда жок болгон нерселери пайда болот, анткени күйөөгө чыкканга чейин ата-энеси үчүн жашайт, күйөөгө чыккандан кийин күйөөсү үчүн жашайт эмес, анын өзүнүн жашоосу болот.


Канайым (аты өзгөртүлгөн), эл аралык уюм Президент — аял, парламентте 50/50 аялдар жана эркектер, министрлик корпус да 50/50. Билим берүү башкача түзүлүп, китептер, бала бакчаларда баардыгы башкача ылайыкталат. Кайда экенин эстей албай турам, Ирландия, Норвегияда беле, бирок алар баланын жынысын аныктабайт экен жана теңдүү Мен аялдар коалициясын каалар элем. Ар бир облусттан 10 аял болсун. Чындыгында бир нерселерди алмаштыргысы келген лидеркалар. Аялдар — аялдар үчүн добуш берүүсүн каалар элем. Бирок аялдар бийликке келгенде өзгөрүлөт, алар аялдар кыймылынын жардамы менен келгендигин унутушат. Ал бийликке бара жатканда кайтарым байланышты, колдоону унутат. Биз мусулман-лидеркаларды окутабыз. Биз мына биз аялдар — жоолукчан, жоолукчан эмес болсок дагы — бир бирибизди колдойбуз дегенге үйрөтөбүз. Эгерде биз аялдар тилектештүү болбосок, биз эч нерсеге келе албайбыз.

Марина «Интеграция», Ош

эмгек акы төлөшөт экен, теңдүүлүк идеясы женип келе жатыптыр. Мен, аялдар жакка жакшы нерселер көбүрөөк болсо каршы эмесмин. Анткени алар деле өзүн көпчүлүк ролунда байкап көрүшсүн да, анткени бул кандай экенин биз эч качан билген эмеспиз. 30% квота дегенде биз эмне үчүндүр аялдар квотасын түшүнөбүз. Ал жерде антип жазылган эмес. Ал жерде бир жыныстын деп жазылган, эмне үчүн биз аялдар деп ойлойбуз? Эмне үчүн эркектер эмес, эмне үчүн 70% аялдар боло албайт экен? Боло алат. Керек болсо мыйзамда да де-юре жазылган.

Жамал «Мутакалим», Бишкек

Баары жакшы болгондо, баардык тараптан инсандын гармонизациясы болгондо, экономикабыз бийик денгээлде болгондо, саясатта акылдуу кишилер иштегенде, президенттер көнтөрүш жана революция аркылуу келбей, цивилдүү келгенде. 73


Мухаббат (аты өзгөртүлгөн), туштук региону

Улууларга урмат, көп улуттуулук, биздин салттарыбызды жакшы, бай, маданияттуу мурас катары сактап калуу. Биздин балдар, неберелер жыргаганда. Ар бир аялдын артында бир же жыйрма эмес, жүз, мин бул жерде көрсөтүлгөн аялдар турса жана ар бири аялдарга гана эмес, башкаларга таасир этиши. Биз аялды билимдүү кылсак, биз эмки муунду билимдүү кылганыбыз болот. Балдар чоңойгон, жазалоосу жок толук үй бүлөлөрдү көргүбүз келет. Бала төрөлгөндө ал кааланган, жакшы көрүлгөн, арийне үй бүлө бейпил болсо, коом да ошондой болот. Ошондуктан, канткенде да, биз үйбүлөбүзгө жана жакшы мамлекетке кайтып келебиз.

Мен радикалдуу феминисткалар менен тил табышып алам. Ар кандай кылган жана түрдүү көрүнгөн адамдар болот болуш керек баардык бирдейликтер өчүрүлөт болуш керек, мен жалаң эле ЛГБТ бирдейлик жөнүндө эмес, мен раса жөнүндө, этникалуулук жөнүндө, анткени азыр бөлүнүүлөр болуп атпайбы. Бир кезде мунун баардыгы жок болот, адамдар каалаганын жасашат. Планетабыз таштанды болбойт. Калк көбөйүп кетпейт.

Диана «Лабрис», Бишкек

74

Надира «Кыргыз Индиго», Бишкек

ЛГБТ- түрдүү нерселер менен алектенген, жөн эле адамдар болот. Ооба, биз баарыбыз адам болобуз, сонун лифчик кийип бургерди рекламалаган сулуу аялдар эмес — адам болушат. Кийин болсо адамдар өздөрү ойлоноор, ресурстар үчүн теңдүү күрөшөбүзбү же жокпу деп.


Теңдүүлүк бул — баардык тейлөөлөргө мүмкүндүк алуу. Дүйнө өркүндөгөн сайын маселелер болот. Жаңы тобокелдиктерге каршы туруш үчүн, биз өзүбүздүн күчүбүздү чыңдашыбыз керек. Элестеткиле, аялдардын чыгармачылыгына канча ресурс ачылат? Канча жаңы сүрөтчү, жазуучу, акын, музыкант, кулинар аялдар болот. Адам өзүнүн баардык көрүнбөгөн таланттарын таап өркүндөтүп жашоо менен ыракаттанса болот, башкаларга бакыт алып келип жана ушунун баардыгын өзүбүздүн балдарыбызга берсек болот.

Элмира Гендердик борбор, Каракол

Ольга «Алга», Кант

Мен, эркектер менен аялдардын ортосундагы тең укуктуулук жөнүндө кайчылаш дискуссия өткөзүш керек, бул сөзсүз керек экен деп ойлочумун. Мен кээде алсыз аял болгум келет, эркек киши жанымда болуп мени коргоп, кам көрүп, мени бактылуу кылса. Ушундай нерселерди кээде каалайт экенсин. Ошол үчүн мен ойлойм, аялдын күчү анын алсыздыгында. Бул мурунку ылакап, бирок эгерде ал абдан күчтүү болсо, абдан активдүү болсо, мындай аялдардан эркектер коркуп турушат деп ойлойм. Мен ойлойм, аялдардын бактысы баары бир сөзсүз болуш керек деп… Баардык аялдарда.

75


Феминисттик аялдар кыймылынын демилгелеринин жана мыйзамдарынын тизмеси (2000 ж ортолору)

Бул бөлүктө 2000 жылдардын ортолорунан баштап феминисттик жана аялдар кыймылынын аракети менен кабыл алынган мыйзамдардын жана демилгелердин тизмесин чогултууга аракет кылдык. 76


Жергиликтүү кеңештердеги аялдардын милдеттүү түрүндөгү 30% квотасы;

Жашы жетпегендер менен нике кыйуу;

2012 жылы, аялдар уюмдарынын жана «155» Улуттук кампаниясынын системдүү иштеринин аркасы менен Кыргызстанда аялдарды өзүнүн ыктыяры жок ала-качууга, 7 жылга эркинен ажыратуу жазалоосун катаалдатты. (Гендердик энциклопедия). 2019 жылы күчүнө кирген жаңы кылмыш — жаза кодексине ылайыктуу, адамды үйлөнүү максатында ала-качуу үчүн 5-10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган 154-155 статьялар алмашылды;

Кыргыз республикасынын ЦРТсинин тездетүү структурасынын таасир этүү негизги обьектиси болуп, жетишүү жактан абдан төмөн ситуациялуу болгон, 5 ЦРТнин «Энеликти коргоо жакшыртуусу» болду. Бул демилге Кыргыз республикасынын саламаттыкты сактоо 2012-2016 «Ден соолук» реформалоо системасынын улуттук программасына алып келди;

Үй бүлөлүк зомбулук боюнча Мыйзам (2017 жылдын апрель айы);

Активисттердин чара көрүү аракеттери аркылуу гендердик теңдиктин Улуттук иш аракет планынын жана Кыргызстандагы гендердик теңдүүлүккө жетүү сферасындагы узак мөөнөттүү биринчи документ болуп, өкмөттүн 2012 жылдын 27-июнунда №443 бекитилген токтому болду.

Эл аралык уюмдардын жардамы менен жана өздүк каражаттары менен биринчи демилгечилерден болуп, Чүй областында жана Бишкек шаарында Айылдык аялдар күнүн КУ «Алга» өткөрүштү;

77


Зиндин авторкалардын контакттары: Айзат Шакиева: aizat.shakieva@gmail.com Саадат Салиева: urkuyaca@gmail.com Сыйнат Султаналиева: sultanalievas@gmail.com


Turn static files into dynamic content formats.

Create a flipbook
Issuu converts static files into: digital portfolios, online yearbooks, online catalogs, digital photo albums and more. Sign up and create your flipbook.